Адеп Башаты » Азирети Умар

Азирети Умар

Азирети Умар

Умар бин Хаттаб

Умар ибну Хаттаб (Абу́ Хафс ’Умар ибну ал-Хатта́б ал-’Адавий ал-Курайши. Мухаммед пайгамбарыбыздын жакын досу жана сахабасы, чыгаан коомдук жана саясий ишмер, экинчи Адил халиф. Болжол менен 585-жылы Меккеде төрөлгөн. Атасы Хаттаб ибну Нуфайл болгон, энеси – Хантама.


Өмүр баяны
Исламга чейин
Анын Исламды кабыл алганга чейинки жашоосу тууралуу кабарлар аз. Белгилүү болгону, ал башында малчы болгон, кийин соода менен алекетенген. Акырындап Меккедеги таасирлүү адамдардан боло баштаган. Аны уруулар аралык ар кайсы талаштарды чечүү үчүн көп чакырып турушкан.
Умар катаал мүнөздүү болгон жана башында мусулмандарга карата болгон мамиледе келишпес тарапты ээлеген. Иш ушуга чейин барган, ал Мухаммед пайгамбарыбызды (с.а.в) элди ата-бабасынын бутпарастык ишенимдеринен баш тартуусуна чакыргандыгы үчүн өлтүрүүнү чечкен. Бирок, ага бара жаткан жеринен ал Нуайм ибну Абдулланы жолуктуруп, андан өзүнүн карындашы менен күйөбаласы да Исламды кабыл алгандыгы тууралуу кабар угат. Муну укканда Умар ого бетер каарданып, үйүнө жөнөгөн. Андан карындашы менен күйөбаласынын Куран окуп жатышкандыгын байкайт. Ачуусу менен күйөбаласын уруп баштайт, алтургай карындашына да колу тийет, бирок анан кайра жумшарып, Курандын аяттарына кызыгы туулат. Китептин кагаздарындагы маани-мазмун менен таанышкандан соң, ал ынаным көрсөтүп, Исламды кабыл алган. Ошондон кийин Умар Мухаммед пайгамбарыбызга (с.а.в) мусулмандар чогулуп олтурган Аркамдын үйүнө жөнөдү жана алардын алдында ишенимине күбөлүк келтирди. Бул окуя Мухаммеддин (с.а.в) пайгамбарлык ишмердигинин башталышынан алты жыл өткөндө болгон.

Алгачкы мусулмандардын катарында
Умар (р.а) чечкиндүү, өжөр жана тайманбас адам болгон. Исламды кабыл алары менен ал өзүнүн диндештери менен, бутпарастардын каршылыгына карабастан, күч менен Каабага өтөт, анан андан мусулмандар алгач ирет жамаат менен намаз окушкан. Ал ишенимин жашыруудан баш тарткан. Умардын (р.а) Исламды кабыл кылышы, жана анын Исламдын тараптарын Меккеде орнотуу ишиндеги чечкиндүүлүгү мусулмандардын көңүл-көөнүнө абдан жаккан. Өзү болсо, ушундан тарта пайгамбарыбыздын (с.а.в) жанында болуп, анын коопсуздугуна кам көрө баштаган.
Умар (р.а) Меккедеги мусулмандарга карата болгон катаал куугунтуктардын учурунда да өзүнүн тайманбастыгы жана кайраттуулугу менен айырмаланган. Качан Мухаммед пайгамбарыбыз (с.а.в) мусулмандарды Мадинага көчүүгө буюрганда, көбүнчөсү шаардан жашыруун көчүп чыгышкан эле. Бирок Умар (р.а) мында да жашырынуудан баш тартып, душмандарынын эч бирисинен коркпостон, хижраны (көчүүнү) элдин көзүнчө жасаган.
Мадинадагы жашоосу
Мухаммед пайгамбарыбыздын (с.а.в) жашоосунун мадиналык мезгили бою Умар (р.а) жаш мусулман мамлекетинин бардык маанилүү иштерине катышкан. Ал Бадрдагы, Ухуддагы, Хандактагы, Хайбардагы жана башка салгылаштарга катышып, тобокелдиктин жана баатырдыктын укмуштуу үлгүлөрүн көрсөткөн. Мунун натыйжасында ал мусулман мамлекетинин эмгеги сиңген башчыларынан бири болуп чыккан.Мухаммед пайгамбарыбыздын (с.а.в) өлүмүнөн кийин Умар (р.а) Халифаттын кийинки тарыхында чоң роль ойногон. Анын чечкиндүүлүгүнүн аркасынан Бану Саиддин сакифиндеги чогулушта Абу Бакр халиф болуп шайланган. Анын башкаруу мезгилинде Умар (р.а) анын башкы жардамчысы болгон. Өлүмү алдында Абу Бакр (р.а) Халифатты Умарга (р.а) тапшырган. Ошентип, 13/634-жылы Умар (р.а) экинчи Адил халиф болгон. Бардык мусулмандар аны бир ооздон колдоп кетишкен.

Умар — экинчи халиф
Халиф болуу менен Умар (р.а) Мухаммед пайгамбарыбыз (с.а.в) менен биринчи халиф Абу Бакрдын (р.а) иштеринин улантуучусу болгон. Сейрек кездешүүчү сапаттары, таланты, мамлекетти жөндүү башкара билүүсү Халифаттын улуу ийгиликтерине алып келген, Халифаттын аскерлери Византия жана Иран сыяктуу айбаттуу атаандаштарды талкалай алышкан. Халифаттын аскерлери Йармукта, Кадиссияда, Нехавендде укмуштуу жеңиштерге жетишкен. Халифаттын бийлиги Жакынкы Чыгышка, Иранга, Мисирге жана алтургай Түндүк Африканын айрым бөлүктөрүнө чейин жеткен. Бул жеңиштер аркылуу бүт бул региондордун калктары Ислам менен жана мусулмандар менен таанышышкан. Убакыт өтүп, бул элдердин көбүнчөсү Исламды кабыл алышкан. Исламды жайылтууда жана аны дүйнөлүк динге айлантууда Умар артыкча роль ойноду.
Өлүмү
Чынында эле улуу болгон бул адамдын өмүрү чыккынчылыктын (заговор) натыйжасында үзүлгөн, аны болсо, Умардын (с.а.в) жасаган Ирандын Халифаттын армиясынан толук талкаланып калышындай чечкиндүү саясаты үчүн өч алуу максатында персиялык кул Фируз (Абу Лу`лу) 23/644-жылы Зулхижа айында ишке ашырган. Фируз багымдат намазында имамдыкта турган халифке капысынан кол салып, ага бычак менен алты оор жаракат келтирген.
Оор жараланган Умар өлүмдү эркекче кабыл алган, бирок мунун алдында ал Мухаммед пайгамбарыбыздын (с.а.в) алты таанымал сахабасынан: Усман ибну Аффан, Али ибну Абуталиб, Талха ибну Убайдулла, Зубайр ибну ал-Аввам, Абд ар-Рахман ибну Ауф жана Саад ибну Абуваккастардан (р.а.а) турган Кеңешмени уюштурууга буйрук берүүгө жетишкен эле. Аларга үч күндүн ичинде бир ынтымакка келишип, өздөрүнүн арасынан бирөөсүн жаңы халиф кылып тандоолору буюурулат. Натыйжада, үчүнчү Адил халиф Усман ибну Аффан (р.а) болгон.
Печаттоо

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны