Адеп Башаты » Кадыр түндү кантип өткөрүү керек?

Кадыр түндү кантип өткөрүү керек?

Кадыр түндү кантип өткөрүү керек?
Анткени дуба адамды Жараткан Алла Таалага жакындаштырган эң жакшы себеп болуп саналат. Пайгамбарыбыз (САВ) ушул түнү «Аллахумма иннака афуввун, тухиббул афва фаьфу анни» (Аллахым! Сен кечиримдүүсүң, кечиргенди сүйөсүң, мени да кечире көр) деп дуба кылганы баяндалат.


Кадыр түндү кантип өткөрүү керек?
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (САВ): «Ким кадыр түндү сообуна ишенип ыкылас менен өткөрсө, мурунку күнөөлөрү кечирилет» деген эле.
Бул ыйык түндү ыйыктыгына ылайыктуу түрдө маанилүү өткөрүүгө жардам берер деген жакшы санаа менен окурмандарга бир нече нерсени эскертүүнү туура көрдүк:
1. Бул түнү Алла Таала үчүн ибадат кылуу керек. Жаратканга кулдук кылуу сезимин өнүктүрүү керек.
2. Бул түнү Курани Каримди окуу, окулганын угуу, маанилерин үйрөнүп ой жүгүртүү зарыл. Курани Каримге болгон сүйүү менен жакын ымала күчөтүлүүсү, жаңыртылуусу керек.
3. Пайгамбарыбызга (САВ) салават-саламдарды айтуу, анын шапаатынан үмүттөнүү, анын үммөтүнүн катарында болуунун бактылуу маанайын сезип, ага болгон ак ниеттүүлүктү, берилгендикти ого бетер күчөтүү керек.
4. Үгүт-насааттарды, динибизди тааныткан маектерди жакшылап угуу, күнүмдүк жашоонун оор түйшүктөрүнөн улам, жүрөккө чарпылган кайдыгерлик, бейкапарлык илдетинин кирлерин жууп салуу зарыл.
5. Бул түндүн маани-маңызы жөнүндө, же болбосо ушул ыйык түн негизги мазмун кылынган актуалдуу диний темаларда илимпоздор-аалымдар жагынан уюштурулган жыйналыштарга катышуу керек. Анткени мындай актуалдуу темалар адамдын өзүн-өзү сындан өткөрүп, жаңылыштык, каталыктарды кайрадан таанууга, кемчилдиктерди жоюуга, айрыкча боордоштук карым-катышты, достукту, ынтымак-ырашкерчиликти күчөтүүгө өбөлгө түзөт.
6. Тообо, истигфар кылынууга тийиш. Олуттуу түрдө өзүн-өзү текшерип, каталыктардан кайтууга кайраттануу керек. Жакшылыкка жол тартуу багытында бекем ишеним тургузуу тийиш.
7. Зикир-тасбихтерди айтып, ой жүгүртүү зарыл. Себеби Алла Тааланы эстөө аркылуу жүрөктөр бейпилдикке ээ болот. Алла Тааланын чексиз күч-кудурети менен жоктон жараткан бул ааламдын терең сырлары жөнүндө ой жүгүртүү аркылуу дилдеги ыйман күч алат.
8. Дуба-тилектерди көп кылуу керек. Анткени дуба адамды Жараткан Алла Таалага жакындаштырган эң жакшы себеп болуп саналат. Пайгамбарыбыз (САВ) ушул түнү «Аллахумма иннака афуввун, тухиббул афва фаьфу анни» (Аллахым! Сен кечиримдүүсүң, кечиргенди сүйөсүң, мени да кечире көр) деп дуба кылганы баяндалат.
9. Кадыр түндүн күндүзүн да кудум түнүндөгүдөй өткөрүү чоң сооптуу иш. Мындай кылганда касиеттүү түндүн рухтарга тараткан нурунун жаркыны мусулмандардын жүрөгүндө терең сезилет.
10. Бул түндүн урматына, Жараткандан бүткүл мусулмандардын биз менен бирдикте күнөөлөрүнүн кечирилишин тилөөбүз керек. Кадыр түндүн жакшылыктарга себепкер болуусун, достук, бир туугандык жана биримдик ымаласынын күчөшүн, мусулман дүйнөсүнүн ынтымагына жана бүткүл адамзатка түрдүү балээ-кырсыктардан алыс болуусуна багыштап дуба-тилек кылуубуз керек.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны