Адеп Башаты » АММАР БИН ЯСИР (Алла ага ыраазы болсун)

АММАР БИН ЯСИР (Алла ага ыраазы болсун)

АММАР БИН ЯСИР (Алла ага ыраазы болсун)
АММАР БИН ЯСИР
(Алла ага ыраазы болсун)


Мушриктердин оор азаптарына душар болгон алгачкы сахабалардан. Азирети Аммардын негизинен аты Абуяказан болгон. Атасы Ясир энеси Сумаййа. Тарыхый булактарда ата теги төмөнкүдөй санжырада берилген: Аммар бин Ясир бин Амир бин Малик бин Кинана бин Кайс бин Хасан бин ал-Вадим бин Салаба бин Авф бин Хариса бин Амир ал-Акбар бин Ямг бин Анас бин Малик ал-Анаси ал-Кахтаний (Ибнул-Асир, Усдул-Гааба, IV-I, 44).

Аммардын атасы негизинен Кахтан жергесинен болгон. Өзүнүн ата-журту Йемен эле. Ясир Йеменден Меккеге келген. Жанына Харис менен Малик аттуу уулдарын ала келген. Ал жерде Сумаййа менен үйлөнгөн. Ошентип, Аммар дүйнөгө келген. Абу Хузайфа Аммарды аябай сүйгөн. Экөөбү чоң ата жана небере сыяктуу эле (Ибн Саад, Табакатул-Кубра, III, 247). Абу Хузайфанын өлүмүнөн кийин Меккеде Исламга үндөө иши башталган. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Абил-Аркамдын үйүндө болгон учурларда Сухайб-и Руми Пайгамбарыбызга (с.а.в.) барып мусулман болот. Сухайб бир тууганы Аммарды да алып барып, анын да мусулман болуусуна себепкер болгон. Аммар үйүнө келип ата-энесине Ислам дини жөнүндө кеңири маалымат берип түшүндүрөт. Ошол күнү аларда мусулман болушуп Исламды кабыл кылышат. Бухаринин риваятына караганда Аммар мындай деген: «Расулаллахты көргөнү барганымда жанында беш кул, эки аял жана Абубакир бар эле». Негизинен Аммар Исламга кирген мезгилде алардын саны андан көбүрөөк эле. Алар мусулманчылыкты ачык айтпагандыктан, Аммар алардын санын так билген эмес. Ошол учурда мусулмандар мушриктердин зулумдугунан коркушкандыктан мусулман болгондуктарын ачык айта алышкан эмес (Ибнул-Асир, Усдул-Гааба, IV, 44).
Аммар Меккеде чет элдик адам катарында эсептелген. Энеси күң, атасы да курайш уруусунан эмес эле. Мындан улам, анын Меккеде мал-мүлкү болбогондой эле бийликте да үлүшү жок эле. Ал мусулман болгондо кожоюндары түрдүү-түрдүү азаптар менен жазалашкан. Бирок, ыйман түшүнүгү алгачкы мусулмандардын жүрөгүнө терең жайгашкандыктан, алар ыймандарынын кубаттуулугу менен ар түрдүү кыйынчылыктарга жан азаптарга дуушар болушсаларда Алланын сыноосу деп эсептешкен. Ыйман, Аллага болгон терең ишеним алардын жүрөгүнө толук орногондуктан Ислам дини үчүн эч нерседен коркушкан эмес. Ислам тарыхында алгачкы шейит болгон Аммардын энеси Сумаййа болгон. Сумаййа менен күйөөсү Ясир Меккенин башкаруучулары болгон мушриктер тарабынан бир күндө шейит болушкан. Аммар бир күн Пайгамбарыбызга (с.а.в.) өзүнүн жана үй-бүлөсү дуушар болгон азаптан сөз кылат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ага: «Сабыр кыл, сабыр кыл, силер Алланын мээримине жетесиңер»,- деп буюрат. Башка бир күн Аммардын үй-бүлөсүн жаннат менен сүйүнчүлөгөн.
Бир күн мушриктер ырайымсыздык менен азапташат. Азирети Али коркунучтан жана чыдай алгыс азаптан кутулуу үчүн, алардын көңүлүн көтөрө турган сөздөрдү айтууга аргасыз болот. Каапырлар коргоосуз калган Азирети Аммарды азапташат. Акырында мушриктердин көңүлүнө жаккан сөздөрдү айтып кутулат. Ал сөздөрдү дагы ата-энеси үчүн айткан. Азирети Аммар алардын колунан бошоп дароо Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жанына барат. Кызыган ыссык кумга жаткыргандарын, кудукка башын салаңдатып кокуткандарын, эгер Лат жана Уззаны мактоосун, Расулаллахты жактаса кудукка таштап өлтүрө турандарын, бул абалда алардын купулуна толгон, көңүлдөрүнө жаккан кээ бир сөздөрдү айтууга аргасыз болгонун айтат. Айтып жатып көздөрүнөн жаш төгүлөт. Бул абалды түшүнгөн Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Аммар, жүрөгүңдөн сура, жүрөгүң ал айткандарыңды кандай сезип жатат»,- дейт. Аммар: «Эй Расулаллах, жүрөгүм ыймандын таттуу даамы менен толтура»,- деп жооп берет. Ошондо, Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Аммар, эгер алар кайрадан ушундай мамиле кылышса алар эмне дешсе ошону аткар»,- дейт (Насаий, Ыйман, 17). Пайгамбарыбыз (с.а.в.) уруксат бергенден кийин төмөнкүдөй аят түшкөн болот: «Кимде ким Аллага ыйман келтиргенден кийин (дагы кайра) каапыр болсо (Алланын каар-азабына дуушар болот). Бирок, ким дили (жүрөгү) ыйман менен ырахат алган абалда (күпүр келмесин айтууга) мажбур кылынса, (анын ыйманына зыян жетпейт). А Бирок, кимдин көңүлү күпүр менен (тактап айтканда, динден чыгып каапыр болуу менен) ачыла турган болсо, демек андай адамдарга Алла тарабынан казап жана улуу азап бар» (Нахл сүрөсү, 16/106-аят).
Мына ошентип,, момундар азапка дуушар болгондо тили менен Алладан баш тарткандай түр көрсөтүүгө руксат берилет (Ибн Саад, Табакат, III, 248). Аммардын ата-энеси Ислам дини үчүн алгачкы шейит болгондордон. Мындан улам, кадыр-барктуулугу жана ар-намыстуулугу менен белгилүү болгон Аммардын жана анын үй-бүлөсүнүн Ислам тарыхында орду чоң. Азирети Аммардын ыйманы ата-энесинин Ислам дини үчүн шейит болгонун көрүп абдан кубатталган. Мушриктердин ар түрдүү азаптарына көкүрөк керип турган. Бардык сахабалар анын мындай жанын берүүчүлүгүн, баары үчүн бир ибарат, үлгүсү болгон абалдарын эскеришкен. Саид бин ЗУбейр менен Абдуллах бин Аббас Аммардын өтө оор чыдай алгыс азаптарга дуушар болгондо мушриктердин колунан бошоп чыгуу үчүн бир канча алардын көңүлүнө жаккан сөздөрдү айткандыгын сөздөрүнө кошуп баяндашкан. Азирети Аммар мушриктердин мындай ырайымсыз азаптарына сабыр кылып, жүрөгүнө жайгашкан тавхид ишеними кыпындай да жоготууга учураган эмес. Чөлдүн кызыган кумдары, таштары денесин көкүрөгүн күйгүзсө да, суулар ичине толуп бууСаада баардык учурда жүрөгү тавхид келимеси менен согуп турган.
Аммар бин Ясирдин Хабашистан көчүнө катышкандыгы жөнүндө так маалымат жок. Кээ бир тарыхчы Хабашистанга жасалган эки хижратка тең катышканын айтышкан. Аммар Мадинага хижрат кылгандардын эң алгачкыларынан. Ал Мадинада Азирети Мунзир бин Абдул Мубешширдин үйүндө конок болот. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Мадинага келгенден кийин аны Азирети Хузайфа бин Йемен ал-Ансари менен бир тууган кылат. Аммар ушул дин бир тууганы бөлүп берген жерде иштеген (Ибн Саад, Табакат, III, 249). Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Мадинага келгенден кийин алгачкы жумуш мечит куруу болуп, сахабалар менен бирге ишке киришкен. Аммарда бар күчүн жумшап, баары бирден таш алып келсе ал экиден таш алып келип, дайыма: «Биз мусулмандар дайыма мечиттерди курабыз!...», деген сөздөрдү кайталаган. Абу Саид ал-Худри: “Баарыбыз мечит үчүн бирден таш алып келсек, Аммар экиден таш ташыган. Ошондо, Расулаллах мындай деген: «Ах, Аммар, ах, сени адашкан коом өлтүрөт беле. Сен аларды Аллага даават кылсаң, алар сени тозокко чакырышат»,- деп эскерет. Ошондой эле, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мындай деген: «Аттиң, Сумаййанын уулун адашкан коом өлтүрөт беле» (Ибн Саад, Табакат, III, 252).
Аммар бин Ясир Бадир согушунан баштап, Табук согушуна чейин Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) бардык дин үчүн болгон согуштарга катышкан. Ар бир согушта кайраттуулугу менен өзүн көрсөткөн. Эч качан Расулаллахдын (с.а.в.) казаттарына катышуудан кечиккен эмес. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дүйнөдөн кайткандан кийин Азирети Абубакирдин доорун да согуштарга ошондой кайраттуулук менен дин үчүн катышкан. Азирети Абдуллах ибн Умар мындай деген: «Йеменде Исламдан баш тарткандарга каршы согушуп атып ушундай бир баатыр көрдүм, душмандардын аскерлерин жер менен жексен кылып, айланасындагы дин бир туугандарына «Жаннат алды жакта»,- деп кыйкырып баратты. Кийинчерээк анын Аммар экенин билдим». Мына ошол баатыр Йемен согушунда бир кулагынан ажыраган. Расулаллах (с.а.в.) Аммарды абдан сүйгөн жана коргогон. Бир күн Аммар Халид бин Валид менен талашып, бул абал Пайгамбарыбызга (с.а.в.) жетет. Халид бин Валид Аммар тууралуу жаман сөздөрдү айтып, Пайгамбарыбызга (с.а.в.) арызданат. Аны уккан Аммар токтоно албай ыйлап жиберет. Мындан улам, Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Ким Аммарга душмандык кылган болсо, Аллага душмандык кылган болот. Аммарга душман болгондун душманы Алла таала»,- деп буюрат (Ахмад бин Ханбел, IV, 89-90). Халид бин Валид бул окуянын уландысын төмөнкүдөй баяндаган: «Расулаллахтын жанынан чыктым. Аммарга жакшы сөз айтып көңүлүн алуудан башка аргам калбады. Жолдо баратып Аммарга жолуктум. Андан кечирим сурадым».
Азирети Аммар, Азирети Умар доорунда Куфа акимчилигине дайындалган. Азирети Умар аны дайындоо үчүн жазган катында мындай деген: «Силерге Аммар бин Ясирди башчы, Абдуллах бин Масудду үйрөтүүчү катарында дайындадым. Экөө тең Бадир согушуна катышкандардан. Алардын айткандарын уккула жана итаат кылгыла. Ибн Масудду жанына алып калууну кааласамда, силерди өзүмдүн напсиме караганда аларды силерге жибердим. Осмон бин Хинифти болсо, Иракка жибердим. Алардын күндөлүк айлыктары бирден кой. Анын жарымын Аммарга бергиле калганын берки экөөнө бергиле, бөлүштүргүлө” (Ибн Саад, Табакат, III, 252). Азирети Аммар бир жыл тогуз ай Куфаны адилеттүүлүк менен башкарган. Бирок, аталган убакыттан кийин Куфа байларынын, кадыр барктуу адамдарынын каалоолоруна баш ийбей, келишпестикке туш болгон. Азирети Аммарды жүрүм турумунан арызданышып Куфалыктар арыздарын Азирети Умарга билдирип турушкан. Анын буйруктарына итаат кылбай тургандарын айтышат. Ошондо, Азирети Умар Азирети Аммардын ордуна Абу Мусал-Амарини дайындайт. Куфалыктардын Аммар жөнүндө айткандары саясат жүргүзө албагандыгы, башчылык жоопкерчиликгин камсыз кылалбагандыгы сыяктуу нерселер эле. Азирети Умар Азирети Аммарды акимчиликтен бошоткондон кийин: «Жумушуңдан бошотулганыңа кайгырдыңбы»,- деп сурайт. Азирети Аммар: «Акимчиликке дайындалганыма ыраазы болбодум эле. Бирок, бошотулганыма таасирлендим»,- деп жооп берет.
Азирети Осмон доорунда келишпестиктер башталганда момундардын башчысы Азирети Осмон бул келишпестиктердин себебин аныктоо үчүн облустарга эң ишенимдүү сахабаларды текшерүүгө милдеттендирген. Ошол учурда Азирети Аммарды Египетке жиберген. Азирети Аммар Егпеттеги окуяларды аныктап, жыйынтыгын халифага билдирген. Басра, Куфа, Шам сыяктуу маанилүү борборлорго жиберилгендер, милдеттерин орундатышып сүйүнүчтүү кабарлар менен кайтышса Азирети Аммар өтө кечиккен. Жадагалса, Мадинада ал жөнүндө күмөндүү кабарлар да жеткен. Акырында Египеттин акими Абдулла бин Абис-Сарх жазган катында халифага абалды билдип, мындай деген: «Аммар бин Ясирди Египетте бир жамаат киши курчоого алып айланасына топтолду». Жамал окуясынан кийин Азирети Али Муавияга каршы аттанганда эки тарап Сыффын кызматында бетме-бет келген. Азирети Аммар халифа Азирети Алинин аскерлеринин арасында орун алган. Бул согушта эң көп кайраттанган, баш оту менен кирип согушкан Азирети Аммар эле. Амр бин ал-Ас Муавиянын аскерлеринин арасынла эле. Согуштун эң кызуу мезгилинде Аммар алдыга умтулуп олтуруп Амр ал-Астын жанына барат, жана ал экөөнүн ортосунда төмөнкүдөй сүйлөшүүлөр болот: Аммар, «Амр! Египеттин акими болуу үчүн диниңди саттың:» Амр! «Жок андай эмес, Бирок, мен Осмондун канкорлордон өч алууну уюштуруусун каалайм»,- дейт. Аммар: «Мен сени кандай тааныган болсом сен жөнүндө дал Ошондой күбөлүк берем. Сен Алла үчүн мындай нерсени жасабайсың. Балким бүгүн өлбөсөң, эртең өлөсүң. Ар кимге ниетине жараша акы берилген учурда сага эмне берилерин ойлон. Сен бүгүн Ислам байрагын көтөргөн адамга каршы, Расулаллахтын жашоосунда да үч жолу согушка катыштың. Бул төртүнчүсү. Сенин бул жолку аракетиң мындан мурункулурдан дагы жакшы жана туура эмес!...» (Ибн Саад, Табакат, III, 259).
Амр бин ал-Ас Бадир, Ухуд жана Хандак согуштарында мушриктердин аскерлеринин арасында эле. Өзү Хандак согушунан кийин мусулман болгон. Сыффын күндөрүнүн биринде күн батарда согуш өтө кызуу жүрүп аткан. Күгүм кирген мезгилде орозо кармаган Аммар айланасындагыларга: «Мага бул дүйнөдөгү акыркы ырыскымды бергиле»,- дейт. Ага бир аз сүт алып келишет. Аммар сүттү ичкенден кийин: «Бүгүн доторума жолугам, Мухаммедиме, досторума барам”,- дейт. Бир күнү Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ага: «Аммар сенин бул дүйнөдөгү эң акыркы ырыскың сүт болот»,- деген эле. Мына ошону Аммар эстеген. Болгон күчү менен Муавия тарапка чабуулга өтөт. Ошол учурда ибни Жадийе аттуу бирөө жаралап жерге кулатат: Ошентип, Аммар шейит болот. Аммар шейит болгондо баары тынчсызданышып эмне кылууларын билбей туруп калышат. Ошол мезгилде караңгы киргендиктен согушта токтойт (Ибнул-Асир, Усдул-Гааба, III, 134).
Абдуррахман ас-Сулеми, Аммар шейит болгон түнү Муавиянын аскер турагына барат. Негизинен кечинде согуш бүткөндөн кийин эки тараптын аскерлери бири-бири менен сүйлөшүүнү адатка айландырып алышкан эле. Муавия, Амр бин ал-Ас, Абул-Авар жана Абдуллах бин Амр ал-Ас бир арада олтуруп сүйлөшүп калышат. Амр бин ал-Астын уулу Абдуллах атасына: «Аммарды эмнеге өлтүрдүңүз? Расулаллахтын ал жөнүндө эмне дегенин билбейт белеңиз?»,- дейт. Амр бин ал-Ас: «Эмне деген эле?»,- дейт. Абдуллах: «Мадина мечитин курулуп атканда абдан көп иштеген жана таш ташыган. Расулаллах Аммарды сыйлап, жүзүндөгү чаңдарды арчып мындай деген: «Эй, Сумаййанын уулу, башкалар бирден таш алып келсе сен көбүрөөк сыйлык алуу үчүн экиден алып келип атасың. Ошондой эле, сени адашкан бир коом өлтүрмөк экен». Уулунун айткандарын уккан Амр бин ал-Ас таң калат. Муавия сөзгө кошулуп: «Аммарды биз өлтүрбөдүк, аны бул жерге алып келген жана баарын чакыргандар, үйүнөн чыгарып бул жакка жибергендер өлтүрүштү»,- дейт. Ошентип, Муавия өзүн сооротууну каалаган (Ибн Саад, Табакат, III, 252: Ибнул-Асир ал-Камил фит-Тарих, III, 311: Ибн Хажар ал-Исаба, II, 513).
Азирети Али, Аз Аммардын шейит болгонун укканда аябай кайгырат: «Алла Аммарга рахмат кылсын! Ал Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) эң алгач динди жайылта баштаганда, тактап айтканда, беш-алты киши ыйман келтиришкен мезгилде мусулман болгон. Ал да, ата-энеси да Алланын кечиримдүүлүгүнө жетишээр. Анткени, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Аммардын үй-бүлөсүн Алланын кечиргенин сүйүнчүлөгөн эле»,- дейт. Ж.о.э: «Аммарды өлтүргөн киши Албетте, тозокко барат»,- деген. Аммарды кепиндешип Куфа мазарына көмүшөт. Шейит болгондо 91 жашында эле.
Азирети Аммар жогорку адеп-ахлак ээси болгон. Жашоодо эч бир шаан-шөкөткө жана абийирсиздикке моюн сунган эмес. Зүхд жана такыбаа ээси эле. Фитна-фасаттан алыстоо менен бирге, анын ар кандай Алланын сыноосуна туш болгон. Ал өтө жөнөкөй жашагандыктан баары жакшы көргөн. Жайбаракат төшөккө жатуудан жерге жатууну каалаган. Ал Азирети Алинин тараптары болуп анын бардык кеңешмелерине катышкан. Бул тууралуу андан сурашканда, ал өзүнүн пикирин жактабастан бир гана акыйкатты айткан. Убад, Аммардан мындай деп сураган: «Эй Аба Йаказан! Сенин бул аракетиң, мамилең өзүңдүн кудуреттүүлүгүңдүн мөмөсүбү, жыйынтыгыбы? Же болбосо, Расулаллахтын бул жөнүндө сага айткан өзгөчө керээзи бар беле?». Аммар дурустук менен: «Расулулах баарына кандай керээз айткан болсо, бизге да Ошондой керээз айткан. Азыркы мамиле, жасап аткан иш аракеттерим өзүмдүн кайраттуулугум»,- деп жооп берет (Ахмад бин Ханбал, Муснад, IV, 263). Аммар мындай жоопту берүү менен өзүнүн бир тарапка кошулганын, ал тарапка кызмат кылып атканын жана Азирети Алинин саясий жактан душман деп эсептегендерге каршы согушка даяр экенин, ошону менен бирге өзүнүн пикирин жана кайраттуулугун көрсөткөн. Акыйкатта, Азирети Алинин жана Азирети Аммардын сөздөрүндөгү биримдикти, чын жүрөктүүлүктү жана Ислам мамлекетин коргоого көрсөткөн кайраттуулуктарын жогору да айтылгандар тастыктап турат. Экөө тең акыйкат жолдо бараткандарына чын жүрөктөн ишенишкен жана туруктуу болушкан. Ислам мамлекетинин жеке кызыкчылыгын Али менен чогуу бөлүшүп улгайганына карабастан, ага арка-жөлөк болуудан тартынган эмес. Акырында согуш майданында жан берип, Ислам дини үчүн жанын берүүгө да даяр экенин, туруктуулулугун көрсөткөн. Жогоруда ыйман үчүн мушриктерден кандай азап тартканын жана ал азаптарга көкүрөк керип кандай чыдаганын, көз алдында ата-энесин мушриктер кандай шейит кылып, өлтүргөнүн айтып өттүк. Аммар бул терең, кубаттуу ыйманын, Ислам дининдеги парздарды аткаруу, күнү-түнү ибадат кылуу менен алектенип кубаттаган. Ибн Аббас ал жөнүндө мындай деп эскерет: “Төмөнкү аят Аммар үчүн түшкөн : “Же кечтерде сажда кылган жана ар дайым тикесинен тик туруп таат-ибадат кылган Акыреттен корко турган жана Раббисинин ырайым алкоосунан үмүт кыла турган киши (менен күпүр-күнөөгө чөккөн кимсе барабар болобу?!») Айткын: «Биле турган заттар менен билбей тургандар тең болобу?!» Акыйкатта, жалаң акыл ээлери гана үгүт насаат алышат» (Зумар сүрөөсү, 39\ 9-аят).
Чындыгында, Азирети Аммар көңүлү тынч жана Алла мени дайым көрүп турат деген ишенимде жашаган, намаз окуганда бул абалынан жазган эмес. Абу Ваил мындай деп эскерет: «Бир күн Аммар бизге өтө таамай жана чечендик менен баян кылды. Андан кийин минбардан түштү. Ага: «Йа Аба Йаказан! Өтө чечендик жана таамай айтуу менен акыйкатты баяндадың. Бир аз дагы баян кылууну улантсаң болбойт беле?»,- деп суроо беришет. Ал: Расулаллахтын ушундай деп айтканын уктум: «Бир адамдын көп убакытка намаз окуусу, кыска убакытка кутба жасоосу анын фыкыхтагы аалымдыгын көрсөтөт. Ошондуктан намазды көп убакытка окугула, кыска убакытта кутба окугула. Баянда угармандарды өзүнө тартуучу бир өзгөчөлүк бар»,- деп жооп берет (Ахмад бин Ханбал, Муснад, IV, 264).
Азирети Аммар эч бир намазын каза кылган эмес. Ал бир жолу суу жок жерде гусул алууга муктаж болот. Ал таямум алып намазга турат. Көп өтпөй бул абалын Расулаллахга (с.а.в.) айтат. Ал да Аммарга таямум алууну үйрөтөт. Аммар Куфада аким болуп турганда жума намазында Ясин сүрөөсүн окучу. Өзү кутба жасоодо өтө кыска убакытта маанилүү жана таамай айтуу менен Расулаллахдын (с.а.в.) сүннөтүнө баш ийген. Аммар бин Ясир узун бойлуу, ак жүздүү өтө келишимдүү эле. Ислам динин өнүгүүсүнө, жер жүзүнө таралуусунда өтө чоң салымын кошуп, «Ислам мамлекетине көлөкө түшпөсүн, оор күндөр, кыйынчылыктар келбесин, Ислам коомунун биримдиги таралбасын, бузулбасын»,- деген. Сыффын окуясына катышып шейит болуу менен өзүнөн кийинки урпактарга үлгү болгон.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны