Адеп Башаты » Бара ибн Азиб ( Алла ага ыраазы болсун)

Бара ибн Азиб ( Алла ага ыраазы болсун)

Бара ибн Азиб ( Алла ага ыраазы болсун)
Бара ибн Азиб
( Алла ага ыраазы болсун)


Ансарлардан болгон сахабалардан. Атасы Азиб, Хариса уулдарынан эле. Негизинен аты Аммара болгон. Ата теги: Бара бин Азиб бин Адий бин Жашм бин Маждиа бин Хариса бин Хажраж бин Амр бин Малик бин Авс.

Хижраттан кийин мусулман болгон. Ухуд согушунан кийин көптөгөн согуштарга катышкан. Сыффын окуясында Азирети Алиге тараптар болгон. Расулаллахдын (с.а.в.) сахабаларынын арасынан Мадинага алгач келгендер Мусаб бин Умейр менен Ибни Умми Мактум эле. Аталган эки сахаба Бара жашаган Мадина шаарына келип анда жашаган инсандарга Куран окушкан. Бара Пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен бирге согушка катышкан. Коштошуу ажылыгында Бара, Азирети Халид бин Валид менен бирге Йеменге кетишкен. Андан мурда жиберилген Азирети Али менен бирге кайра кайтып келген. Азирети Али халифа болуп турганда Куфада жашаган. Хижраттын 73-жылында ошол жерде дүйнөдөн кайткан. Мухаммед бин Малик анын манжасында алтын шакек тагып жүргөнүн айтып, аны менен сүйлөшкөнүн төмөнкүчө түшүндүргөн: «Баары каршы чыгышып манжасына эмне үчүн алтын шакек тагынганын сурашканда, Бара: «Бир күн Расулаллах олжо таратканда колундагы алтын шакегин мага берип, «Ал Алла таала менен Расулунун сага таккан ушул шакекти манжаңа тагып алып жүр», деп айткан»,- деп жооп берет. Бара Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) үч жүздөн ашуун хадис риваят кылган. Алардан жыйырма экиси Бухарий жана Муслим тарабынан риваят кылынып, кеңешип жазышкан.
Баранын риваят кылган хадистеринен кээ бирлери төмөнкүлөр:
1. Расулаллах Мадинада он алты, он жети ай Байтул Макдиске карап намаз окуду. Андан кийин бир асыр намазында Каабага бурулду.
2. Ушул төрт нерсени аткар: Жаназаны мазарга чейин көр, ооруну зыярат кыл, дааватты кабыл кыл, ишенимди кабыл кыл, саламга жооп бер.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны