Адеп Башаты » АДАБИЯТТЫН КҮЧҮ

АДАБИЯТТЫН КҮЧҮ

АДАБИЯТТЫН КҮЧҮ
АДАБИЯТТЫН КҮЧҮ

Ыр жана кара сөз түрүндө абалга жараша айтылган же жазылган акылман, орундуу, тил эрежелерине ылайык сөздөр же ушундай сөздөр тууралуу изилдеген илим деп биз айта ала турган адабият; негизинде тарбия, сылыктык же калыпка салынуу, бышып, жетилүү деген маанилерге келе турган “адеп” уңгусунан келип чыгат. Бирок, көбүнчөсү, инсандын жашоо көрүнүшү, жашоо абалы, өмүр жолу менен байланышкан жана анын руханий жашоосунунун таанылып, билинишине себепчи болгон бир иш-аракет деген аныктама дагы берилип келген. Бул маанидеги адептин талкуулана турган орду болсо, же жүрүм-турум, тарбиялык темаларды камтыган же тасаввуф (суфизм) тууралуу китептер. Терминологиялык маанидеги адабияттын, жогорку маанидеги адеп менен түздөн-түз эмес, кыйыр түрдө байланышы бар.
Биз бул жерде ал байланышка токтолбостон, адабият деген сөздүн маанисине кириш жасоого аракет кылсак. Талдап-изилдөөгө кудуретибиз жетпеген бул темага киришибизде биздин бул теманы баяндай алуу күчүбүзгө эмес, ниеттерибизге каралышы керек. Биз сыяктуу пикири тайыз адамдар, өз тармактарында дагы бир нерсени толук жана туура ойлоно албагандай эле, туура ой жүгүртө алган нерселерин дагы жеткире баяндап бериши өтө кыйын экендигин мойнума алам. Мындай ойду жалпылаштырууга дагы болот деп ойлойм. Имам Шаафиъий, “Ал-Умм” аттуу китебин, өзү жана башкалар бир канча ирээт тактап, тууралагандан кийин, дагы эле көңүлү тойбогон кээ бир маселелерде, алакан жайып, Аллага жүздөнүп, Анын нурдуу баяндарынын сыртындагы эч бир китеп жана жазуулардын кемчиликсиз болбой тургандыгын ырастайт. Ооба, Анын баянына негизделбеген жана Анын нурунун шооласы менен жарыбаган чоң жазуучулардын көркөм чыгармаларына, жеткиликтүү баяндарына, укмуштуудай сүрөттөөлөрүнө камтылган жан эргиткен нерселер дагы эч нерсеге арзыбайт жана Ага таандык сулуулуктардын чагылуусу, үнүнүн жаңырыгы болгондуктан кандайдыр бир деңгеелде баалуулуктарга ээ болсо дагы, бирок эч убакта, түздөн-түз өздөрүнө таандык баалуулуктарга ээ болгондугун айтууга болбойт.

Мунун мындай болуусу эч бир убакта биздин маанайыбызды чөктүрүп, иш-аракетибизге тоскоол болбошу керек. Биз эч нерсеге карабастан ар дайым ой жүгүртүп, баяндап, пландап, пландагандарыбызды жүзөгө ашырууга аракет кылып жана бүтүндөй бул иштерди аткарууда дагы кээде жаңылыштык жана кемчиликтерди кетире тургандыгыбызды оюбуздан чыгарбашыбыз зарыл. Ооба, албетте, инсан болгондубуздан жаңылыштыктарыбыз болуп турат; буларды түшүнгөнүбүздө дароо оңдоого аракет кылып, аныктамаларыбыз туура болсо дагы, болбосо дагы, Алланын алдында инсандык ой жүгүртүү жана изденүүнүн чегине чейинки тереңдикке жетүүгө аракет кылабыз...
Бул кемчиликтүү баянга дагы ушул ой менен баа берилиши шарт. Андай болбосо, адабиятты толук талдап-изилдей алуубуз мүмкүн эмес. Мындан мурда “Баян” деген темада сөздүн, адам баласы менен башталып, адам баласы менен өсүп-өнүккөндүгүн жана анын өтө маанилүү жагын түзүп тураарын баяндоого аракет кылган элем... Ооба, баян, тарых бою ой элегинен кайра-кайра өтүп, кызыл тил чечендердин колунда калыптан-калыпка салынып отуруп, азыркы учурдагы абалына келип жетти жана бүгүнкү күндө адабият деп аталган илим тармагына айланды. Ушул себептен, адабияттын учурдагы абалы кечээги күнкү абалынан дурус болгондой эле, эртеңкиси бүгүнкүдөн дагы жакшыраак болушу керек. Ооба, бир нерсеге байланыштуу Устат Бадиуззаман баяндагандай, адамзат акыр аягында барып, толугу менен илим-билимге жүздөнөт жана басымдуу күчүн илимден алат. Ошол учур келгенде өкүм илимдин колуна өтүшү ыктымал... Илим ошондой бийик деңгээлге келип жеткенде, чечендик, адабият улуу баага жана даражага ээ болот. Мына ушундай доордо инсандар ойлорун, көз-караштарын бири-бирине кабыл алдырууда көбүнчөсү тил куралын колдонот, сөз байлыгынын тереңдиги менен алардын көңулдөрүнүн түпкүрүнөн түнөк табууга аракет кылат жана адабияттын сыйкырдуу күчү манан көкүрөктөр ачылат.
Азирети Адамда жалпысынан пайда болгон илим жана баян, Курандын арты менне Азирети Мухаммед (С.А.В.) менен талданып, жемишин берген жана өкүмүн толук жүргүзгөн. Бул дүйнөдөгү жашоо дагы улана турган болсо, кийинки жылдарда илимдин ылдамдыгы менен жарыша тил, адабият, эн күчтүү адабиятчылар сөзгө бай баяндары менен ага тилмеч болуу деңгээлине көтөрүлөт.
Ооба, ар дайым, муктаждык жана зарылчылыкка жараша өнүккөн баян, ошол аймакта дагы бир жолу өкүмдарлыгын жарыя кылат, сөзүн баардык инсандарга жана жалпы жаратылышка угузуп, дагы бир жолу өз күчүн көрсөтөт. Силер аны акыйкат ышкы менен илим ышкысынын, түшүнүүгө аракет кылуу менен түшүндүрүүгө умтулуунун, инсандык баалуулуктар менен аларды баалай билүүнүн бирге жашалган Куран Доорунун жаңыдан жашалуусу деп дагы айта аласыңар. Бул жерде дагы бир нерсени баса белгилеп кетүүнү туура таптык; келечектин ойчулдары, тилчилери кандай болбосун, биздин жеткиликсиз абалыбызга калган баянды колго алып, анын тилиндеги мөөрдү өчүрүп өздүк көз-карашыбыздын пайдасына ага, өзү тууралуу баяндап берүү мүмкүнчүлүгүн даярдашы керек. Андай болбосо, дагы узак убакытка чейин булбулдун сайраганын күткөн жерибизде сагызгандын шакылыктаганын угуп жана гүл жолунда тикендерден жапаа чеге берээрибиз анык.
Адам баласындагы сөзмөрлүк жана чечендик ушул күнгө чейин адабият чөйрөсүндө жана адабий ой жүгүртүүнүн негизинде өсүп-өнүгүп, бышып жетилген жана нукка түшкөн. Бирок, адабий ой жүгүртүү жана адабият деп айтып жатканда бул создон эмне түшүнгөндүгүбүз жана эмне түшүнүшүбүз зарыл экендиги дагы өтө маанилүү. Адам баласы, кечээги күндөн бүгүнкү күнгө чейин, сезим, ой жүгүртүү жана көңүлүнөн чыккан маанини оозеки жана жазуу түрүндө билдирүүнүн жанында кино тасма, театр жана символикалык сүрөттөр менен билдирип келген. Айтылган ой, сөз жана жазуунун чегине сыйбай калган учурда сөздөрдүн, сүйлөмдөрдүн ордун кыймыл-аракеттер, ишаараттар же ар кандай абалды түшүндүргөн үндөр жана башка аспаптар ээлеген. Бирок, булар эч бир убакта сөз жана жазуунун ордун толтура алган эмес. Себеби, бир улуттун, өз адабиятын өзүнө таандык өзгөчөлүгү менен өнүгүүгө ачык абалда сактоосунун жана аны ар дайым улут мүчөлөрү пайдалана ала турган булакка айлантуу андан кийин мүмкүнчулүктөргө жараша ал булакты жайылтып жалпы коомдун улуттук образы, орток байлыгы, келечек муундардын, адабиятчылардын сөз майданы катары элдик маданиятка мурас калтырып, өз нукуралыгы менен улантып кетүүсүнүн эң жакшы жолу жазуу түрүндө сактоо болсо керек.
Бул жагынан алып караганда, адабият деп айтып жатканда, биз анын ар дайым жазуу жана оозеки сөздөрдүн жана сүйлөмдөрдүн сыйкырдуу дүйнөсүндө издеп жана аны менен таанышып, сурашууну ар дайым китептердин, жыйнактардын барактарынын арасында жүзөгө ашырдык. Баяндала турган ар кандай бир маселеде белгилүү бир образ колдонулса же колдонулбаса дагы; колго алынган чыгарма өзгөчө көркөмдөлсө же жөнөкөй жол менен баяндалса дагы; же белгилүү бир топ тууралуу баяндалса; же чоң бир коомго карай айтылса дагы адабият дегенде биринчи ойго келген нерсе жазуу түрүндөгү адабият болуп саналат.
Адабий катары талданып изилденген маселе бир дин, бир көз караш же бир философия болуусунун арасында айырма жок. Адабият адам баласынын тарых бою ээ болгон маалымат жыйнагын муундан-муунга өткөрүп берүүнүн, өткөндү баардык маани-маңызы менен учурда дагы сезе алуунун, өткөн менен азыркы учурду бир нерсенин эки тарабы, келечекти ага кошумча баалап, ылаззат алуунун эң маанилүү жолдорунан.
Албетте бир коом, оболу өзүнүн улуттук жана диний булактарын негиз тутуп, бат-бат аларга кайрылуу менен өздүк улуттук маалымат казынасынын маани-маңызын алдыга коюп, аны негизги элемент катары кабыл алуу зарыл. Ошондой эле буларды, адабий ой жүгүртүүлөрүн жана көркөм өнөрүн негиздөөдө маанилүү нерсе катары колдонушу керек. Себеби муну менен өз адабиятын кыйроого учуратпастан сактап калат жана илхамдарын күүгө салууда бөтөн адамдардын аспаптарына муктаж болбойт. Ал ушундайча өз маданиятынын баалуулуктарын негиз катары колдонсо, доорундагы маданияттарды дагы кошумча нерсе катары кабыл алып колдонуусу жаңылыштык болбосо керек.
Негизинде, элдин маданий уюткусу негиз тутулуп, бизге таандык булактар ачык-айкын көрүнүштө билдирилип, жаңылуу жолдору алдын алынгандан кийин, жалпы дүйнөлүк баалуулуктарга кайдыгер мамиле кылуу, кеңди тарытуу, өнүгүүнү токтотуу, жандууну өлтүрүп, башкаларды суктандыруу деңгээлинен, башкаларга суктануу деңгээлине кулоо болуп саналат. Азыркы учурдагы үчүнчү сорттогу мамлекеттердин абалы буга ачык мисал боло алат.
Бул өлкөлөрдө кээде адат-салттарды гана карманып калуу, кээде жергиликтүү түшүнүктөрдүн таасири астында калуу, кээде жатташуудан коркуп, башка адабияттардан оолак болуунун негизинде токтолуу болуп келген жана өнүгүү, алга жылуу аракеттери дээрлик токтоп, артта калып;ал гана эмес адабиятты байытуу аракеттери куру кыял катары бааланып, көптөгөн өтө маанилүү булактар соолутулган. Андан дагы жаманы, кээ бир учурларда , адабият чөйрөсү тарытылып, бир аймак, бир чөлкөм жана бир диалектикага чектелүү менен өнүгүүгө карай жайылган бутактары, адабияттын тамыры кесилген. Ушундайча улуттук адабияттын өнүгүшү токтотулуп, чет жакалардагы кайсыл бир адамдын түшүнүгү жандандырылып дүйнөдө таанылган жана бааланган тилге айлануунун ордуна, кичинекей бир аймактын тили болуп кала берип, өзүбүздү унутулган коом абалына алып келүү деп дагы айтсак болот.
Негизинде, токтолгон, бир ордунда туруп калган нерсе, жашоо активдүүлүгүн жоготот;өнүгүү үчүн аракет кылбаган, болгон абалында өзгөрбөй калган нерсе убакыттын өтүшү менен кыйрайт... мөмө бербеген куурайт. Бул ойлор бир гана адабият менен байланыштуу эмес. Бул нерсе дин, өнөр, философия жана башка баардык нерселерге тиешелүү.
Албетте, адабият, бир гана инсандар арасында жазуу жана көркөм сүйлөп, чечендик кылуу эмес. Ал риторика, стилистика менен окуяны баяндоо өнөрүн жагымдуу абалга алып келүү менен күнүмдүк колдонулган тилди кооздоп, байытуунун колдонуп, сарптаган сайын толуп-ташкан казынасы болуп эсептелет.
Адабий ой жүгүртүүлөр менен көз караштарын ыр жана кара сөз, сөз байлыгы, сөз уйкаштыктары менен ар дайым бир мазмун туурасында сөздөрдү колдонуп, алардан сөз айкелин тургузууну максат кылат. Бул максатты көздөгөн учурда, тандап, ылайык ордуна койгон бир сөз же сүйлөмдү, жалпы максаттын нотага карата акорддолгон кайрыктары сыяктуу үн бере тургандай кылып жайгаштырылат. Бул үндөр, бул кайрыктар бир жагынан алып караганда колго алынган негизги маселени баяндап, экинчи жагынан жазуучунун көз-карашынын абалын, жалпы каалаган нерсесин чагылдырат. Ооба, мыкты бир адабиятчы жазган лирикалык бир поезияда, сөздөр анын жан дүйнөсүнүн толкундоосун чагылдыруу менен үнгө келип, сыздагандай сезилет. Улуу сезимдер менен толкунданган адабиятчынын жүрөгүнөн чыккан ар бир сөз, сүйлөмдөр кулагыбызга оркестрдин үнү сыяктуу жаңырат. Адабиятчы адам айланасында болуп жаткан окуяларды жана абалды катардагы башка адамдардан өзгөчө талдайт, өзгөчө ачыктайт жана келечек муундарга, кубануу менен кабыл ала турган мурас калтырууга аракет кылат. Мына ушул жагынан алып караганда ал ар дайым мугалим, калган инсандар окуучулары, ал уста калган инсандар катардагы жумушчу болуп эсептелет.
Негизинде, күнүмдүк турмушта колдонулган жана адабий тилдин озүнө жараша көркөмдүгү, жагымдуу бир өзүнө тартуучу күчү жана табигый көрүнүшү бар. Адабий тилдеги уйкаштык, ыргак, маанилердин айкаштыгы сыяктуу өзгөчөлүктөрү жана ар дайым жалпы тема менен сүйлөм жана сөздөрдүн ортосундагы байланышка көңүл буруу сыяктуу сөз сүйлөө чебердиги менен айырмаланып турат, ал жөндөмгө ээ болбогон инсандардын буларды сезе билиши, мындай турсун аны түшүнүүлөрү дагы кыйын.
Муну менен бирге, адабий сүйлөөнү, аксөөк адамдардын тили деп билүү дагы туура эмес. Тескерисинче аны ар кандай деңгээлдеги инсандар түшүнө алышып, андан белгилүү өлчөмдө пайдалана алышы керек. Ушундай көрүнүштө, алар дагы убакыттын өтүшү менен сезимдерин, ой-максаттарын дагы эркин түшүндүрө алуу деңгээлине көтөрүлөт жана сөз байлыктарын тереңдетишет. Албетте, ошол эле учурда, алар дагы тил тууралуу билген маалыматтарын аныктап, тактап, колдон келишинче эрежесине ылайык көрүнүштө кошумчалап, тилдерин байытат жана ой жүгүртүүлөрүн дагы тереңдетишет.
Канчалык деңгээлде болсо дагы, бүгүнкү күндө баарыбыздын сүйлөгөн тилибиз, акырындык менен биздин зээндерибизден орун алган, жан дүйнөбүз кабылдаган улуу акын, жазуучу адабиятчыларыбыздын эмгектеринин жемиши. Ушул убакытка чейин ал адабиятчыларыбыз тилге аяр мамиле кылып, канчалаган баалуу баяндарды, алтын сөздөрдү бизге мурас кылып калтырып кеткендиги бизге маалым болбосо дагы, биз өзүбүздү ошолор калтырып кеткен баалуу тил мурастары менен таанытып келебиз. Адамдардын баары эле алар түзгөн ыйык тил маданиятындагы алтын сөз жана баяндарды түшүнө алышпаса дагы, биз баарыбыз аларды ар дайым сүйүп, барктап, урматтап, жактырып жана “Дагы жокпу?” деп ар дайым жаңы өнүгүүлөрдү күтүп келгенбиз. Албетте, бул нерсени баалай алуу үчүн, адабиятчынын адабий өнөрүн, күчүн жана бул багытта ойлонуп-толгонууларын, бул иштеги ийгилигин билүүнүн кажети жок.
Ооба, адабиятчыларга элдер ар дайым ишеним көрсөткөн, алардын эмгегин алкыштаган, чыгармаларын баалаган жана бул барктап баалагандыктарын аларды тууроо менен көрсөтүшкөн. Демек, адабиятчылардын милдети, болгон чечендигин, бул өнөрдөгү жөндөмдүүлүгүн ар дайым акыйкат үчүн, жакшылык үчүн жумшап, окуучулары болгон жалпы калайык журттун көкүрөгүн жаман, негизсиз нерселер менен жаралабасын, алардын тунук ойлорун булганыч кыялдар менен кирдетпесин жана напсинин бузуку, жаман каалоолорун, дене кумарынын арзууларын сүрөттөө менен аларды дене бойдун кумарынын кутулбас, эркиндикке чыга албаган кулдарына айлантпасын. Доордун улуу ойчулу адабиятчылардын адептүү болуулары керектигин, Куран сунуштаган адептин чегинде иш алып барууларын баса белгилейт жана биздин инсандыгыбыздын эң маанилүү жагы болуп саналган баянга карата сый мамиледе болуубузду кеңеш берет.
Айрыкча, илимий жолдо акыл, ой жүгүртүү, сезимдин жаңылыштыктарына жол бербей турганчалык туура ой-жүгүртүү, туура көз караш жана туура баяндоо зарыл. Баяндоодо далилдерге маани берүү, маселени жандуу айтып берүү, керектүү жерлерде кайталап, баса белгилеп кетүү, зарыл болгон жерде маселени бир маанилүү синоним сөздөр менен көркөмдөлүшү... сыяктуу нерселер негиз тутулса, адабиятта создордүн жандуулугу тил эрежелерине туура келүү, көркөмдөлүшү, кыялдануу байлыгы; аша чаап кетпөөгө көңүл буруу менен салыштырууларга, тамсилдерге, кыйыр маанилерге, ишаараттарга орун берилиши.. жана сөздүн табигыйлыгын бузбоого көңүл буруу менен аллегория...сыяктуу адабий эрежелерди колдонуу жакшы кабыл алынган.
Бирок, баардык нерседе болгондой эле, буларда дагы аша чаап кетүү сөздүн табигыйлыгын бузуп, баян булагын булгагандыгынан, көбүнчө тунук сезим ээлери тарабынан сынга алынат. Ооба, Бадиуззаман дагы баяндап кеткендей; “Сөз маанинин табияты жол бергенинчелик гана көркөмдөлүп, көрүнүш, мазмунга ылайык сүрөттөлүп, бирок, негизги максат кайдыгер калтырылбашы керек.. кыялданууга жол берилип, бирок эч качан акыйкаттан четтеп кетпөө шарт”.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны