Адеп Башаты » Бараат түнү тууралуу

Бараат түнү тууралуу

Бараат түнү тууралуу
Бараат түнү тууралуу
Касиеттүү үч айдын бири болгон Шаабан айынын он бешинчи түнүнүн жыл сайын биз мусулмандар руханий толкундоолор, эргүүлөр менен тосуп келүүдөбүз. Таң атканча уктабастан Алла Таалага сыйынып, ибадат кыла турган түн. Анткени бул түн – камтып турган ички маани-маңызы жана кадыр-баркы бийик, ары терең куттуу Бараат түнү болуп эсептелет.
«Бараат» деген сөздүн мааниси – «арылуу, тазаруу, айыгуу» дегендик. Анткени бул түндү жакшы баалап, ибадат, дуба - зикир менен өткөрүүдөн улам Алла Тааланын мээримине жетип, күнөөлөрдөн арылып, каталыктардан тазаруу мүмкүнчүлүгү мусулманга ыйгарылат. Ылайыктуу даражада, терең маңыздуулугуна бап түрдө сезгирлик менен бул түндү баалап-барктай алган мусулмандар Алла Тааланын сый-берекелерине арзыганы үчүн, бул түн «Мубарак», «Рахмат» деген аттар менен да аталып келген.


Бул түндүн мани- маңызы эмнеде?
Улуу Алла Таала Куран Каримде «Духан» сүрөсүнүн 1-4- аяттарында мындай деген:
«Айкын китепке ант болсун, Биз ал Куранды кут-берекелүү бир түндө түшүрдүк.Чындыгында биз (Куран менен) эскертүүчүбүз. Ал түндө ар бир маанилүү иш бизден болгон буйрукка ылайык анык ажыратылат». Бул аяттарда айтылган «кут-берекелүү түндү» кээ бир аалымдар «Кадыр түн» деп, кээ бирлери «Бараат түнү» деп түшүндүргөн. Дагы башка айрым аалымдар болсо бул эки түрдүү пикирди мындайча айкалыштырган: «Аталган түндүн кут-берекелүү болуусу – Куран Каримдин ошол түнү түшүрүлүшүнөн улам болгон. Куран Карим Шаабан айынын он бешинчи түнүндө (Бараат түнүндө) бир жолу толук бойдон дүйнөнүн биринчи асманына түшүрүлгөн да, анан кадыр түнүндө милдеттүү жазмакер периштелер тарабынан көчүрүлүп, азирети Мухаммедке (САВ) Жебрейил периште аркылуу бөлүм-бөлүм түрүндө түшүрүлө баштаган. Ушул себептен улам, аталган кут-берекелүү түн аркылуу Бараат түнү көрсөтүлгөндүгү Куран Каримдин Кадыр түнүндө түшүрүлө баштаганына кайчы келбейт». Бул түндөгү беш түрдүү касиет жана шапаат жөнүндө Исламдык булактарда көрсөтүлгөндөй, бул түндө беш түрдүү касиет камтылган:
Ар бир орчундуу иш ошол түнү Алла Тааланын даанышмандыгына ылайыктуу түрдө ажыратылып тандалат. Ошол түнү кылынган ибадаттардын, күндүзү кармалган орозолордун жана жакшы иштердин сооптору эбегейсиз зор. Бул, Алла Тааланын мээримине, кут-берекесине, жакшылыктарына толуп турган бир түн. Күнөө-каталар кечирилчү касиеттүү түн.
Сүйүктүү Пайгамбарыбызга (САВ) ушул түнү толук шапаат маанайы тартууланган. Тагыраак айтканда, азирети Пайгамбар (САВ) Шаабан айынын он үчүнчү түнү улуу Аллахтан үммөттөрүнө карата шапаат кылууну суранган, үчтөн бири берилген; Он төртүнчө түнү дагы сураган, дагы үчтөн бири берилген; Он бешинчи түнү-Бараат түнү кайрадан сураганда, ушул түнү толук түрдө шапаат кылуу укугу ыйгарылган. Шаабан айынын он бешинчи түнү жөнүндөгү мына бул хадис көп нерсени туюнтууда: Пайгамбарыбыз (САВ) мындай дейт: «Шаабан айынын жарымы болгондо ошол түндү жандуу маанайда ибадат менен өткөргүлө. Күндүзүндө орозо кармагыла. Анткени Алла Таала ошол түнү күн батаар маалда дүйнөнүн асманына улуулугун түшүрүп: «Кечирим – истигфар сурагандар жокбу? Кечирейин, ырыскы тилеген жокпу? Ырыскы берейин; Оору-сыркоого чалдыккан жокпу? Саламаттык берейин; Дагы…дагы…жокпу?...» деп, таң атканга чейин улантат». Маселенин орчундуулугун туюнткан дагы бир хадисте айтылганы боюнча, Пайгамбарыбыз (САВ) Шаабан айынын ортосунда орозо кармабагандыгын билген кээ бир сахабаларга Рамазан айы чыккан соң, Шаабандын ортосунда кармай албай калган орозонун ордуна 1-2 күн орозо кармоону буйруган.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны