Адеп Башаты » Рамазанды татыктуу тосуп алуу үчүн кандай амалдарды аткарыш керек?

Рамазанды татыктуу тосуп алуу үчүн кандай амалдарды аткарыш керек?

Рамазанды татыктуу тосуп алуу үчүн кандай амалдарды аткарыш керек?

Рамазанды татыктуу тосуп алуу үчүн кандай амалдарды аткарыш керек?

1. «Буюрса, Рамазанда орозо кармаймын!» - деп, бекем ниет кылуу.
Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) мындай деген: «Амалдар ниетке жараша болот. Ар бир адамга ниет кылганы болот...» (Сахих Бухари, 1/1)
Адам баласына акылы менен кошо эрк да берилген. Ал эми эрктүү адамдар өз эркин башкара алат. Б.а напсисин каалоосун четке кагып салганга кудурети жетет. Күн сайын жылсанактын (календардын) барагын карап, «Рамазан батыраак келсе экен. Рамазанда орозо кармайт элем», - деп ниетин бекемдей берсе, ал адам психология жактан орозо кармоого даяр болуп калат. Мына ошондо орозо жакындап калганда ал адамга « Орозо кармасамбы? Же кармабай эле койсомбу?..- деген сыяктуу эки анжы ойлор келбейт.»


2. Орозо тууралуу китептерди окуп, орозо тууралуу айтылган баяндарга көбүрөөк кулак салуу керек.
Анткени, орозонун пайдаларын уккан сайын ага кызыгуу пайда болот жана өзү кызыккан ишти аткаруу ал адамга жеңил болуп калат.
3. Ар бир адам буга чейин жасаган күнөөлөрүн баштан-аяк бир эстеп, өзүнө-өзү эсеп –кысап бериши керек.
Албетте, мындай, т.а., өз күнөөлөрүн эсептеп чыккан адам, аябай эле көп күнөө жасаганына өзү күбө болот. Күнөөлөрүнүн көптүгүн көргөн адам, ал күнөөлөрүнөн тазалоочу, агарылтуучу Рамазан айын текке кетирүүдөн коркуп, орозо кармаганга кайраттанат.
4. Акыретти, Алла Тааланын алдында эч кандай сообу жок турган сурак күнүн көбүрөөк эстеш керек.
Эгер биз жасап жаткан амалдарыбыздын аздыгын биле турган болсок, анда Рамазанды сөзсүз пайдаланып калмакпыз. Анткени, Рамазан айында биздин бүтүндөй өмүрүбүз да жетпей турган улуу «Кадыр кечеси» бар.
5. Алла Тааланы көп-көп эстөө, зикр кылуу.
Айрыкча эртең мененки жана кечиндеги зикрде айтыла турган келмелерди көп айтыш керек. Себеби, зикр чалуу адамды шайтандын азгырыгынан сактайт. Анткени, көптөгөн адамдар шайтандын азгырыгына алданып, орозо кармабай калышат.
6. Шаабан айынын жарымына чейин нафил орозолорду кармап напсини көндүрүш керек.
Нафил орозо кармаганга көнгөн напси парз орозону кармоого мурдатан эле даяр болуп, көнүп, үйрөнүп калат. Орозо кармоого көнүп-үйрөнүп калгандан кийин Рамазан айындагы орозону кармоо ал адамга жеңил болуп калат.
7. «Рамазан айынын орозосун кармоону насип кылгын!» - деп, Алла Таалага көп дуа кылыш керек.
Анткени, ар бир иш Алла Тааланын каалоосу жана буйругу менен болоору шексиз. Алла таала насип кылбаса ал адамдын Рамазан айына жетпей калышы же жетсе да орозо кармабай калышы айдан ачык. Буга баарыбыз эле күбө болуп келебиз. Бирок, кээ бирибиз байкасак, кай бирибиз капарыбызга да албай келебиз.
(Багыт китеби, 35-37 бет)
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны