Адеп Башаты » Биз тууралуу » «АДЕП БАШАТЫ» коомдук прогрессивдүү фонду

«АДЕП БАШАТЫ» коомдук прогрессивдүү фонду

«АДЕП БАШАТЫ» коомдук прогрессивдүү фонду

Биздин иш-аракетибиз:
АДЕП БАШАТЫ - коомдук прогрессивдүү фонду Исламдын руханий баалулуктарына негизделип, кыргыз элинин, айрыкча жаштардын, жашоо жолун өнүктүрүү жана үгүттөө максатында Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүп жаткан коомдук фонду.

Биздин максаттар:
  • Кыргыз элинин акылмандуулукка, чынчылдыкка, абийирдүүлүккө, адептүүлүккө чакырган каада-салттарына, бай мурастарына үгүттөө;
  • Коомдо кайрымдуулукту, гуманизмди бекемдөө, Кыргызстандын жарандарынын жашоо шарттарына, ден соолуктарына кам көрүүнү күчөтүү;
  • Ислам маданиятын жана Ислам өлкөлөрүнүн тарыхын үйрөнүү, котормочулук ишмердүүлүк;
  • Маалымат-агартуучулук, илимий-популярдуу иштерди өткөрүү (лекциялар, семинарлар, дискуccиялар, тегерек столдор, теле-радио берүүлөр, тематикалык жолугуушулар ж.б.);
  • кайрымдуулук жана гуманитардык мүнөздөгү акцияларды өткөрүү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жетимдерге, майыптарга жардам берүү ;
  • өсүп келе жаткан жаш муундардын билим алуусуна, азыркы учурдун технологиясын үйрөнүүсүнө, компьютердик билим алуусуна жардам берүү, курстарды уюштуруу;
  • Майып, жетим балдардын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын мектептерде, интернаттарда, институттарда, курстарда окуусун уюштуруу, аларга стипендия бөлүп берүү, билим алуусун финансылык жактан каржылоо ;
  • Кыргыз Республикасынын жана Ислам өлкөлөрүнүн ортосундагы коомдук байланыштардын гармониялуу өнүгүүсүнө, маданий, коомдук, экономикалык карым-катнаштарды жакшыртууга көмөк көрсөтүү;

Фонддун ФИЛИАЛДАРы:
  • "Адеп Башаты”, Ош областы;
  • "Адеп Башаты-Жалал-Абад”, Жалал-Абад областы;
  • "Адеп Башаты-Баткен”, Баткен областы областы;
  • "Адеп Башаты”, Талас областы;
  • "Адеп Башаты”, Ысык-Көл областы;
  • "Адеп Башаты”, Нарын областы;

Биздин иш-аракеттерибиз:
  • Билим берүү;
  • Басма иштери жана медиа;
  • Студенттерди колдоо;
  • Кайрымдуулук;
  • Диний,маданий иш-чаралар;
    Спорттук иш-чаралар;


Билим берүү

Учурда фондубузга караштуу Бишкекте үч, Карколдо бир, Таласта бир медресе бар.

Басма иштери жана медиа
Фондубуз тарабынан ислам билимдерин туура багытта жеткирүү максатында учурдун талабына ылайык китептер, журналдар даярдалып окурмандарыбызга сунулууда. Ыймандуулукка, адеп-ахлакка үндөгөн ар кыл темадагы аудио жана видео түрүндөгү компакт дисктерди даярдоо да фондубуздун негизги иш-аракеттеринин бири болуп саналат.

Басылып чыккан китептер
  • Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васалламдын) өмүр баяны
  • Ислам негиздери-2
  • Мусулмандын жашоосунда Куран жана Намаз
  • Ибадаттын пайдалары
  • Чындыкка кайтуу
  • Касиеттүү убакыттар жана Рамазан
  • Сахабалар баяны
  • Басылып чыккан китептер жана брошюралар
  • Намаз окуйбуз
  • Өзүн издеген адам
  • Куттуу Рамазан
  • Берекелүү Рамазан айы
  • Куран алиппеси
  • Адамзаттын асыл таажысы, Пайгамбарыбыз Мухаммедден (САВ) улуу өрнөктөр
  • Мухаммед (САВ) адамзат сени даңазаласын!
  • 40 хадис

Басылып чыккан журналдар жана компакт дисктер
  • Баш ийүүнүн жана кайрымдуулуктун символу КУРМАНДЫК
  • Боорукерликтин жана кечиримдүүлүктүн айы РАМАЗАН
  • Адамзаттын асыл сыймыгы МУХАММЕД
  • Акын Жеңишбек Жумакадырдын чыгармалары
  • Акын Аалы Туткучовдун чыгармалары
  • Курани Карим кассеталары
  • Кабырдан кат
  • Акыреттен кат

Студенттерди колдоо

Фондубуз өлкөбүздүн бардык областарындагы жогорку окуу жайларда жакшы ийгиликке жетишкен жана жардамга муктаж болгон студенттерди колдоп, ай сайын стипендия берүү, ыймандуулукка, патриоттуулукка үндөгөн апталык сабак-семинарларды өтүү жана коомдук иш-чараларды уюштуруп келүүдө.

Бул жылы фонд тарабынан жалпы 305 студентке стипендиа берилүүдө
  • Бишкек шаары- 70 (жетимиш)
  • Ош шаары- 75 (жетимиш беш)
  • Талас шаары- 60 (алтымыш)
  • Нарын шаары- 35 (отуз беш)
  • Баткен шаары- 25 (жыйырма беш)
  • Каракол шаары- 20 (жыйырма)
  • Жалал-Абад шаары- 20 (жыйырма)

Кайрымдуулук

Пайгамбарыбыздын "Мусулман бир тууганынын дарты менен дарттанбаган бизден эмес” деген куттуу хадисин туу тутуп, өлкөбүздүн бардык аймактарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жетимдерге, майыптарга, карылар үйлөрүнө жана муктаж болгон оорулууларга колдон келген жардам берип келүүдө.

Ошону менен катар, өлкөбүздө орун алып келген табият кырсыктарында жабыркаган аймактарга, каргашалуу коогалаңдуу окуяларда жапа чеккен мекендештерибизге моралдык жана материалдык жактан жардамдар көрсөтүлүп келүүдө.

"Жаратуучуң үчүн курмандык чал” деген Алла Тааланын буйругуна баш ийип, бул чакырыкты жоопсуз калтырбаган мекендештерибиздин жардамы менен курмандыктар чалынып, курмандык эттери студенттерге, жетимдер, карылар үйлөрүнө, муктаж үй-бүлөлөргө таратылып келүүдө. Алла Тааланын коомдогу бир туугандыкты, өз ара жардамдашууну алып келген буйругуна баш ийип, курмандыктарын чалгандардын саны жылдан жылга көбөйүүдө.

Диний, маданий иш-чаралар

Фондубуз расмий ачылган күндөн бери жыл сайын Бишкек шаарында жана облустук филиалдарда Пайгамбарыбыздын (САВ) туулган айына карата Куттуу жумалык мавлид маарекеси өткөрүлүп келүүдө.

Мавлид майрамынын урматына фондубуз алгачкы жолу жергиликтүү демөөрчүлөрүбүздүн колдоосу менен 2010-жылдан бери республикалык деңгээлде Курани-Карим жарышын өткөрүп келүүдө.

Ыйык Рамазан айында муфтият менен биргеликте өлкөбүздүн бардык областарында мамлекеттик жетекчилерге, коомдук, маданий ишмерлерге, элчиликтерге жана жалпы коомчулукка ооз ачыруу аземи уюштурулуп келүүдө.

23-июнь, 2012-жылы фондубуз КИУ менен биргеликте "ИСЛАМДА ИЛИМ ЖАНА БИЛИМ” аттуу илимий симпозиум өткөрдү.
Ошону менен бирге ар түрдүү темаларда конференция жана тегерек үстөлдөр уюштурулууда.

Спорттук иш-чаралар

Мекендештерибиздин өз ара таанышуусун, бир туугандыктарын бекемдөө, ден соолуктарын чыңдоо максатында студенттердин, фондубуздун стипендиянттарынын жана жергиликтүү демөөрчүлөрүбүздүн арасында футбол, волейбол жана кичи футбол боюнча мелдештерди такай өткөрүп туруу да фондубуздун салтка айланып калган иш-аракеттеринин бири.

"Адеп Башаты” коомдук прогрессивдүү фонду тарабынан уюштурулуп келе жаткан бардык программаларда чоң салымдарын кошуп келгендер жергиликтүү, мекен сүйөр байкелерибиз жана эжелерибиз экендигин сыймыктана баса белгилейбиз. Аларга терең ыраазычылык билдирип, Алла Таала алардан эки дүйнөдө тең ыраазы болсун демекчибиз.

Биздин укуктар :
  • өзүнүн басма сөз органдарын, башка массалык маалымат каражаттарын, электрондук маалыматтарын түзүүгө;
  • өзүнүн максаттарын, милдеттерин эркин үгүттөөгө;
  • туристтик компанияларды жана сапарларды уюштуруу;
  • медициналык, ден-соолукту чыңдоо борборлорун уюштуруу;
  • араб, англис ж.б. тилдерди үйрөнүү жана компьютердик сабатсыздыкты жоюу үчүн окутуучулук составды тандоого, даярдоого;
  • китептерди, методикалык колдонмолорду, билим берүү программаларын даярдоого катышууга;
  • окутуунун жаңы методикаларын колдонуу менен ушул дисциплиналар боюнча окутуу жүргүзүүгө;
  • фонддун коомдук экендигин массалык-маалымат каражаттары аркылуу маалымдоого;
  • рекламалык-басма иштерин жүргүзүүгө;
  • фонддун алдына койгон максаттарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык база түзүү максатында өндүрүштүк жана соода ишканаларын уюштуруу;
  • көргөзмө, жарманке, фестиваль, кароо-сынак, аукцион, конференцияларга катышуу, аларды өткөрүү;

Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны