Адеп Башаты » Биз тууралуу » Саамалыктар » Симпозиум

Симпозиум

Симпозиум

“Адеп Башаты” коомдук прогрессивдүү фонду Кыргызстан Ислам университети менен биргеликте, 17-декабрь, 2014-жылы “Исламда Орто Жол” (ахлу сунна вал-жамаа жана Ханафий мазхабы үлгүсү) аттуу илимий-практикалык симпозиум өткөрөт.

Симпозиумдун тематикалык багыттары :

1. Исламда Орто Жол түшүнүгү;
2. Шарият жана ишеним маселесинде Орто жолдун ролу;
3. Мазхабдын маанилүүлүгү;
4. Экстремизм жана терроризмдин алдын алууда Исламдын орду;
5. Орто азия тарыхында Орто Жол өрнөгү;

Баяндамалар 5-декабрга чейин кабыл алынат. Баяндама кыргыз жана орус тилдеринде жазылат. Times New Roman шрифтинин 12-көлөмүндө, 1,5 интервал, А4 форматында, 10 беттен ашпашы керек.

Баяндамачынын аты-жөнү, кызматы, дареги жана байланыш телефону, e-mail дареги толук жазылуу керек.
Симпозиумда баяндама окулушу боюнча баяндама ээсине уюштуруу тобу тарабынан алдын ала кабар берилет. Келип түшкөн баяндамалар редакциялык кеңештин чечими менен кийинчерээк жыйнакталып китеп абалында чыгарылат.
Симпозиумдун аягында резолюция кабыл алынат.

Симпозиумдун уюштуруучулары: “Адеп Башаты” коомдук прогрессивдүү фонду, Кыргызстан Ислам университети.
Байланыш:
e-mail: adepbashaty@gmail.com
Тел. : +996 559 774481, +996 312 340265
Башталышы: саат: 9:30 17-декабрь 2014-ж. Вефа соода борбору 4-кабат, конференция залы.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны