Адеп Башаты » Биз тууралуу » Саамалыктар » Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча VI-Курани Карим боюнча жарышы

Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча VI-Курани Карим боюнча жарышы

Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча VI-Курани Карим боюнча жарышы
“Адеп башаты” коомдук прогрессивдүү фонду 3-апрель күнү Чүй облусу жана Бишкек шаары аймагында 6-Курани Карим боюнча тандап алуу турун өткөрдү


“Адеп башаты” коомдук прогрессивдүү фонду 3-апрель күнү Чүй облусу жана Бишкек шаары аймагында 6-Курани Карим боюнча тандап алуу турун өткөрдү. Анда катышуучулар 3 категория; 10,20 жана 30 пара боюнча жарышышты. Аталган жарышка 90дон ашуун катышуучу катышып, баарына кызыктыруучу белектер берилди. Ошондой эле ар бир категория боюнча эң мыкты 5 катышуучуга 3000-7000 сомдон акчалай сыйлык ыйгарылды. Алгачкы 3 орунга кирген катышуучулар финалга катышуу укугуна ээ болушту. Аталган иш-чарага Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү Замир Ракыев, Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматов, Ислам университетинин ректору Марс Ибраев жана бир канча дин таануучулар катышты.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
10 пара боюнча 1-орунду Зарипов Усман, 2-орунду Саттаров Инаятулла ал эми 3-орунду Анарбек уулу Хуснуддин.
20 пара боюнча 1-орунду Газаев Салман, 2-орунду Закиров Абдулла, 3-орунду Карибов Асхаб.
30-пара боюнча 1-орунда Закиров Абдурахман, 2-орунду Тойчубаев Абдурахман ал эми 3-орунду Аяз уулу Асадулла утуп алды.
Печаттоо

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны