Адеп Башаты » Хадис » Хадистер

Хадистер

Аййуб бин Муса атасы аркылуу чоң атасынан бул хадисти баяндаган: Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деп айтты: "Эч бир ата, балага жакшы тарбиядан дагы баалуу белек бере албайт”. (Тирмизий.)


Сахабалардан Абу Сайид ал-Худрий бул хадисти баяндаган: Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деп айтты: "Ким, үч кыз чоңойтуп, жакшы тарбиялап, күйөөгө узаткан болсо, ал үчүн бейиш бар”.
(Абу Дауд.)

Айша энебиз бул хадисти баяндаган: Чөлдө жашаган бир араб пайгамбарыбызга (САВ) келип мындай деп айтты: "Силер балдарыңарды өбөсүңөрбү? Биз болсо өппөйбүз. Пайгамбарыбыз (САВ): ”Аллах сенин жүрөгүңөн мээримдүүлүктү алып койсо, мен эмне кылайын? (мен сенин жүрөгүңө мээрим бере албайм) деген”.
(Бухарий жана Муслим.)

Сахабалардан Зарбий бул хадисти баяндаган: Анас бин Малик мындай дегенин уктум: "Карыган бир адам пайгамбарыбызды (САВ) көрүү үчүн келди. Ал жердегилер тосуп алып, кары адамга жер бошотууда кечигишет. Пайгамбарыбыз (САВ): "Кичүүлөрүнө ырайым кылбаган, улууларына урмат көрсөтпөгөн бизден эмес (мусулман эмес)” деп айтты”.
(Тирмизий.)

Абу Хурайра бул хадисти баяндаган: Пайгамбарыбыз (САВ) айтты: "Ырыскысынын кенен, өмүрүнүн узун болуусун каалаган адам (тууган-уруктарына каралашсын) алар менен болгон байланышын үзбөсүн”.
(Бухарий, Муслим жана Абу Дауд.)

Абу Хурайра бул хадисти баяндаган: Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деп айтты: "Адамдын бейиште даражасы көтөрүлгөн болот. Ага таң калган адам: ” Бул кайдан чыкты?” деп сурады. Ага: ”Балаң сенин күнөөлөрүң кечирилүүсү үчүн дуба кылуудан улам” деп айтылат”.
(Ибн Маажа.)

Абу Хурайра бул хадисти баяндаган: Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деп айтты: "Ким Аллахка жана кыямат күнүнө ыйман келтирген болсо, мейманын сыйласын. Ким Аллахка жана кыямат күнүнө ыйман келтирген болсо, тууган-уруктары менен карым-катнашта болсун (аларга каралашсын). Ким Аллахка жана кыямат күнүнө ыйман келтирген болсо, жакшы сөз сүйлөсүн, же унчукпасын”.
(Бухарий жана Муслим.)

Айша энебиз бул хадисти баяндаган: Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деп айтты: "Сообуна эң тез жете турган кайырдуу иштер, жакшылык кылуу жана тууган-уруктар менен карым-катнашта болуу. Жазасы эң тез келе турган жамандыктар, чектен чыгуу жана тууган-уруктар менен болгон карым-катнашты үзүү”.
(Ибн Маажа.)

Кимде ким бир жакшылыкка себепкер болсо, аны аткаргандай сооп табат.
(Муслим, Имаара -133; Абу Дауд, Адаб-115)

Кимде ким бирөөнүн кемчилигин көрүп айыптаса, ал нерсе өзүнүн башына келмейин өлбөйт.
(Тирмизий, Кыяма-53)

Мусулмандын пайдасыз сөз-аракеттен алыс болуусу – анын мусулманчылыгынын жакшы жышааны.
(Тирмизий, Зухд-11; Ибн Маажа, Фитан-12)

Аллах сулуу, сулуулукту сүйөт.
(Муслим, Иман-147; Ибн Маажа, Дуа-10)

Аллах кулдарына жумшак мамиле кылат, бардык иштерде жумшактыкты сүйөт.
(Бухарий, Иститаба-4; Муслим, Бирр-47)

Чыныгы сабырдуулук – кыйынчылыктын алгачкы учурунда.
(Бухарий, Жанаиз-43; Муслим, Жанаиз-14-15)

Адамдарга ырайым кылбаганга, Аллах да ырайым кылбайт.
(Бухарий, Таухид-2; Муслим, Фазаил-66)

Үнөмчүл болгон жакыр болбойт, кеңешкен адам өкүнбөйт.
(Табараний, Мужамул-Кабиир-10/108; Ажлуний, Кашфулхафа-2/246)

Аллах шыпаасын жаратпаган бир да оору жок.
(Бухарий, Тыбб-1; Ибн Маажа, Тыбб-1)

Досуң менен өтө эзилишпе, бир күн кас болорсуң;
Касың менен өтө кесилишпе, бир күн дос болорсуң.
(Тирмизий, Бирр-64)

Арактан сактангыла, анткени арак бардык жамандыктын башаты.
(Насаий, Ашриба-44)

Иштеген адамдын акысын тери кургай электе бергиле.
(Ибн Маажа, Рухуун-4)

Шектүү нерселерден кач, шексиз нерселерге жанаш.
(Бухарий, Буйуу-3; Тирмизий, Кыяма-60)

Кайда болсоң да Аллахтан корк. Жаман ишиңдин артынан жакшы иш жаса, ал жамандыкты өчүрсүн. Адамдарга адептүү мамиле кыл.
(Тирмизий, Бирр-55)

Бири-бириңерге белек бергиле, сүйүүңөр артсын.
(Ибн Малик, Хуснул-Хулк-16)

Мусулмандардын көпчүлүгү баркына жетпеген эки нерсе бар: ден соолук жана бош убакыт.
(Бухарий, Рикак-1; Тирмизий, Зухд-1)

Чыныгы мусулман – тилинен, колунан башка мусулмандарга зыяны тийбеген адам.
(Бухарий, Иман-4)

Тозок отун көрбөөчү эки көз бар:
Аллахтан коркуп ыйлаган көз жана Кудай жолунда мекенин коргогон жоокердин көзү.
(Тирмизий, Фазаилул-Жихад-12)

Адам досунун дининде болот. Ошондуктан ким менен достошконуңарга көңүл бургула.
(Абу Дауд, Адаб-16; Тирмизий, Зухд-45)

Суу отту өчүргөндөй садака да күнөө-каталарды өчүрөт.
(Тирмизий, Иман-8; Ибн Маажа, Зухд-22)

Мусулман мусулмандардын бир тууганы, ага зулумдук кылбайт, кыйынчылыкта жалгыз таштабайт.
(Бухарий, Мазалим-3; Муслим, Бирр-58)

Акылдуу адам өзүн-өзү суракка тартып, өлүмдөн кийинкиси үчүн кам көрөт. Алсыз, акмак адам напсиси каалаганды ээрчип, Аллахтан курулай үмүткөр болот.
(Тирмизий, Кыяма-25; Ибн Маажа, Зухд-31)

Үч киши болсоңор, экөөңөр досуңардан четтеп шыбырашпагыла (бул анын көңүлүн оорутат).
(Бухарий, Истизан-47; Муслим, Салам-37)

Аллахка жаккан иш – аз болсо да уланып турган иш.
(Муслим, Салатул-Мусафирин-218)

Элге ишеничтүү, чынчыл, туура-так жүргөн соодагер кыяматта шейиттер менен бирге болот.
(Тирмизий, Буйуу-4; Ибн Маажа, Тижарат-1)
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны