Адеп Башаты » Хадис » 40 Хадис » Хадистер

Хадистер

1-хадис. АНДАЙ КЫЛБАГЫН, КАЙЛА!

Анмар уулдарынын энеси Кайла (р.а.) мындай деп баяндайт:
«Аллахтын элчисинин (САВ) бир жолку умрасында Марва аймагында алдынан чыгып, мындай дедим: «Ээ, Аллахтын элчиси, мен соода-сатык менен алектенген аялмын. Бир нерсе сатып алууну каалаганымда, өзүм каалаган баадан арзан бааны сунуштаймын. Андан кийин өзүм каалаган баага жеткенге чейин аз-аздан көбөйтө берем. Бир буюмду сатууну каалаган учурда болсо, өзүм каалаган баадан көбүрөөк бааны сунуштаймын. Андан кийин өзүм каалаган баага түшкөнгө чейин бааны акырындан арзандатамын».
Муну уккан Аллахтын элчиси (САВ) мындай деди: «Андай кылбагын, Кайла! Сен бир нерсени сатып алууну каалаганыңда, ошол баага берсе-бербесе да ала турган бааңды айткын». Андан кийин Аллахтын элчиси (САВ) сөзүн мындайча улады: «Бир буюмду сатууну каалаганын болсоң, алуучунун айткан баасына сатсаң да, сатпасаң да өзүң каалаган бааны айткын». (Ибну Маажа, Тижарат-29)




2-хадис. Карызын төлөмөйүнчө бейишке кире албайт.

Мухаммед бин Жахш (р.а.) пайгамбарыбыздан (САВ) мындай деп баяндайт:
«Напсимди кудурети менен кармап турган Аллахка ант ичемин, карызы болгон бирөө Аллах жолунда шейит болсо, кайра тирилтилип кайрадан шейит болсо, кийин кайра тирилтилип кайра дагы шейит болсо да, карызы төлөнмөйүнчө бейишке кире албайт».

(Насаи, Буйуу-98; Муснад-5:290)

3-хадис. Колунда бар адамдын алган карызын төлөө мөөнөтүн кечиктирүүсү

Абу Хурайра (р.а.) пайгамбарыбыздын (САВ) мындай дегенин баяндайт:
«Колунда бар (алган карызын төлөөгө мүмкүнчүлүгү жеткен) бирөөнүн өз карызын төлөбөй, мөөнөтүн узартуусу – зулумдук».

(Бухарий, Истикра-12; Муслим,Мусаакат-33; Абу Дауд, Буйуу-10; Тирмизий, Буйуу-68)

4-хадис. Пайгамбарыбыз (САВ) карызын кандайча төлөдү

Жаабир бин Абдуллах (р.а.) мындай деп баяндайт:
«Пайгамбарыбыздын (САВ) мага карызы бар эле. Аны убагы келгенде, мен каалабасам да, мага бере турган карызынан бираз көбүрөөк өлчөмдө төлөдү».

(Фатхур-Раббаани-15:85)

5-хадис. Карыздар бойдон дүйнөдөн кайткан адамдын абалы

Ибну Умар (р.а.) пайгамбарыбыздын (САВ) мындай дегенин баяндайт:
«Карыздар бойдон дүйнөдөн кайткан адам Акырет күнү алган карыздарын динар же дирхам түрүндө төлөөсү мүмкүн эмес. Бирок, өзүнүн соопторун карыз берген адамга берүү менен, анысы да жок болсо, карыз берген адамдын күнөөлөрүнөн өз мойнуна жүктөнүү менен төлөйт».

(Фатхур-Раббаани-15:87)

6-хадис. Монополия кылууУ

Ибну Умар (р.а.) пайгамбарыбыздан (САВ) мындай деп баяндайт:
«Кимде-ким кырк күн азык-түлүктү жашырып (монополия кылса), Алла Таала андан, ал да Аллахтан алыс болот».

(Фатхур-Раббаани-15:62)

7-хадис. Пайызга берүү жана паракорчулук кеңири жайылган коомдор
Амр бин Аас (р.а.) пайгамбарыбыздын (САВ) мындай дегенин баяндайт:
«Пайызга берүү жана алуу кеңири тараган жерде жакырчылыкка туш болбогон эч бир коом жок. Ошондой эле, паракорчулук кеңири жайылган жерде коркунучка, тынчсызданууга туш келбеген эч бир коом жок».

(Фатхур-Раббаани-15:70)

8-хадис. Соода сатыкта көп ант ичүүдөн сактангыла
Абу Катада ал-Ансарий (р.а.) пайгамбарыбыздын (САВ) мындай дегенин баяндайт:
«Соода-сатыкта көп ант ичүүдөн сактангын. Аткени, ант ичүү буюмдун сатылуусун камсыз кылса да, берекесин жоготот».

(Муслим, Мусаакат-132)

9-хадис. Ким сатып алып кайра кайтарылган буюмду ала турган болсо..

Абу Хурайра (р.а.) пайгамбарыбыздын (САВ) мындай дегенин баяндайт:
«Кимде-ким саткан буюмун сатып алган адам кайра кайтарганда кабыл алса, Алла Таала кыямат күнү анын күнөөлөрүн кечирет».
(Абу Дауд, Буйуу-52; Ибну Маажа, Тижарат-26)

10-хадис. Сен да, мал-мүлкүң да атаңа таандык
Жаабир бин Абдуллах (р.а.) мындайча баяндаган:
«Бир адам пайгамбарыбызга (САВ) келип: «Ээ, Аллахтын элчиси, менин мал-мүлкүм да, бала-бакырам да бар. Атамдын дагы менин мал-мүлкүмө муктаждыгы бар. Эмне кылайын?» - деп сурайт.
Аллахтын элчиси (САВ) ал адамга мындай деди: «Сен да, мал-мүлкүң дагы атаңа таандык».

(Ибну Маажа, Тижарат-64)

11-хадис. Кимде ким кыйналып жаткан карыздар адамга карызын төлөөгө мөөнөт берсе, же ...
Абу Хурайра (р.а.) пайгамбарыбыздын (САВ) мындай дегенин баяндайт:
«Кимде-ким кыйналып жаткан карыздар адамга карызын төлөө үчүн мөөнөт берсе, же аны алуудан баш тартса, Аллах кыямат күнү ал адамды Аршынын көлөкөсүнөн башка көлөкө болбогон күндө көлөкөгө алат».

(Бухарий, Буйуу-18; Тирмизий, Буйуу-65; Ибну Маажа, Садакат-14)

12-хадис. Эртең менен эрте иш баштоо
Сахрал-Гамидий (р.а.) мындайча баяндаган:
«Аллахтын элчиси (САВ): «Оо, Жараткан, үммөтүмдүн эртең менен эрте жасаган иштерин куттуу жана берекелүү кыл» деп дуба кылар эле.
Пайгамбарыбыз (САВ), жоокерлер тобу болсун, аскер болсун, бир жерге жөнөтө турган болсо, эртең менен эрте жөнөтчү.
Сахр соода-сатык менен алектенчү. Бир жерге соодагерчилик үчүн буюм жөнөтө турган болсо, эртең менен эрте жөнөтөр эле. Ушундан улам анын мал-мүлкү көбөйгөн жана аябай байыган».

(Абу Дауд, Жихад-78; Тирмизий, Буйуу-6; Ибну Маажа, Тижарат-41)

13-хадис. Тамак ашыңызды алып сатууда өлчөңүз
Микдам бин Мадийакриб (р.а.) пайгамбарыбыздын (САВ) мындай дегенин баяндайт:
«Берекелүү болуусу үчүн тамак-ашыңызды алып-сатууда өлчөңүз».

(Бухарий, Буйуу-53; Ибну Маажа, Тижарат-39)

14-хадис. Алдагандар менден эмес
Абу Хурайра (р.а.) мындай баяндайт:
«Аллахтын элчиси (САВ) азык-түлүк саткан бирөөнүн жанына барып, соодасынын кандай болуп жатканын сурайт. Ошол учурда пайгамбарыбызга (САВ) колун азык-түлүктөргө салып көрүүсүн буюрган ыйык кабар (вахий) түшөт. Аллахтын элчиси (САВ) колун салганда, колунун нымдалганын байкайт. Мындан улам пайгамбырыбыз (САВ): «Эй, соодагер, бул эмне?!» - деп сурайт.
Сатуучу: «Жамгыр жаады эле, ошондон улам ушундай болуп калды» деп жооп берет.
Аллахтын элчиси (САВ): «Адамдар көрө ала тургандай нымдуу бөлүгүн үстүнө койсоң болмок», - деди да, сөзүн улантты: «Алдагандар менден эмес».

(Муслим, Иман-164; Абу Дауд, Буйуу-72; Ибну Маажа, Тижарат-36)

15-хадис. Мен адамдарга карыз берип ....
Хузайфа (р.а.) пайгамбарыбыздын (САВ) мындай дегенин баяндайт:
«Периштелер силерден мурунку үммөттөрдөн бирөөсүнүн жаны чыккандан кийин, андан «жакшылык иш кылдың беле?» деп сурашат.
- Жок, - деп жооп берет ал адам.
Периштелер: - Эстегенге аракет кылып көр, - дешти.
Ал адам: - Мен адамдарга карыз берип, андан кийин карыздарды топтогон кишилериме оор абалда болгондордун карыздарын кийинкиге калтырууну, узак мөөнөтү барларга дагы жеңилдик берүүлөрүн буюрчумун, - деди.
Улуу жана Улук болгон Аллах «Ал кулумдун күнөөлөрүн кечиргиле» деп буюрду».

(Бухарий, Буйуу-17; Муслим, Мусаакат-26)

16-хадис. Бир нерсени сатууда жеңилдик бер!
Жаабир бин Абдуллах (р.а.) пайгамбарыбыздын (САВ) мындай дегенин баяндайт:
«Бир нерсе сатууда, сатып алууда жана алууну каалаганында (талап кылганда) жеңилдик берген пендеге Аллах ырайым кылсын».

(Бухарий, Буйуу-16; Ибну Маажа, Тижарат-28)

17-хадис. Аллахтын убадасын жана антын аз акчага саткандар!..
Абдуллах бин Абу Авфа (р.а.) мындайча баяндайт:
«Бир адам бир нерсесин базарга сатууга алып чыгып, мусулмандардан бирөөсүн аны алууга үндөп, сатып жаткан баага сатып алганына ант ичет. Мындан улам Алла Тааладан пайгамбарыбызга (САВ) төмөнкүдөй маанидеги аят түшөт: «Аллахтын убадасын жана антын аз акчага саткандар бар го! Мына ошолор акыретте эч нерседен насиби жок...».

(Бухарий, Тафсирул-Куран-8)

18-хадис. Маңдай тер менен табылгандан дагы даамду тамак аш жок
Микдам (р.а.) пайгамбарыбыздын (САВ) мындай дегенин баяндайт:
«Эч ким маңдай тери менен тапкан (мээнет кылып иштеп тапкан) тамак-аштан дагы даамдуу эч нерсе жеген эмес. Дауд пайгамбар да өзүнүн иштеп тапканынан жеген ».

(Бухарий, Буйуу-15)

19-хадис. Акысын белгилебей туруп жумушчу алуу

Абу Саид ал-Худрий (р.а.) мындайча баяндайт:
«Аллахтын элчиси (САВ) акысын белгилебестен жумушчу алып иштетүүгө жана бааны көтөрүп-түшүрүүгө тыюу салды».

(Фатхур-Раббаани-15:52)
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны