Адеп Башаты » Хадис » Хадис илими » Хадис илими

Хадис илими

Араб тилинде «хадис» сөзүнүн түз мааниси «кабар, сөз» - деген маанилерди түшүндүрөт. Бул сөздүн көптүк түрү «ахаадис» деп айтылат. Байыркы араб тилинде «хадис» өзгөчө маанилүү кабарларга жана асыл сөздөргө карата колдонулган. Арабдар Исламга чейин өзгөчө майрам күндөрүнө карата «ахаадис» - деген сөздү колдонушса, ал эми эл арасында макал-лакапка айланып калган сөздөрдү же (ооздон оозго өтчү сөз болду) – дешкен.

«Хадис» сөзү «өзгөчө сөз» - деген мааниде Ыйык Куранда төмөнкүчө маалымдалган: «... Андай болсо, Куран сыяктуу «сөз» алып келишсин?!», «Аллах сөздөрдүн эң сулуусун түшүрдү». Бул аяттарда эскерилген «хадис» сөзү «өзгөчө маанилүү сөз, аят» - деген мааниде колдонулган. Ал эми хадистин экинчи «кабар» - деген мааниси боюнча, Тооха сүрөсүндө: «Сага Мусанын (башынан өткөргөн окуянын) кабары жеткен жокпу?» - деп айтылган.

«Хадис» - деген сөздүн өзү Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) куттуу хадистеринде да эскерилген. Күндөрдүн биринде илим алууга эң дилгир кутман сахабалардан Абу Хурайра сүйүктүү Пайгамбарына барып, кыямат күнү шапаатына туш боло турган эң бактылуу адам ким болоорун сураган кезде Пайгамбарыбыз: «Хадис үйрөнүүгө болгон дилгирлигиңден улам бул хадисти (б.а., бул сөздү) сенден мурда эч ким сурабай тургандыгын билгем...» - деген экен. Пайгамбарыбыз өз сөзүн «хадис» - деп аташы жалпы кутман сахабаларына үлгү болгон. Ошентип убакыттын өтүшү менен Пайгамбарыбыздын сөздөрү «хадис», ал эми хадистерди иликтеп-изилдеген илим «илмул-хадис» (хадис илими) – деп аталып калган.

Хадис илими «хадис усулу» - деп да айтылат. Хадис илимин терең өздөштүргөн аалымдар Аллах Элчисинин сөздөрүн жана ал жөнүндө айтылган кутман сахабалардын сөздөрүн өзгөртүп-бурмалабастан дал өзүндөй кийинки муундарга жеткирүү үчүн белгилүү эреже-тартиптерди коюп, белгилүү бир усул иштеп чыгышкан. Мына ушул усулдар жөнүндө кеңири маалымат берген илим «хадис усулу» - деп аталган. Хадис усулунун темалары убакыттын өтүшү менен маани-маңызы, мазмуну жагынан кеңейип, ошол темалардын ар бири өз-өзүнчө илим тармагы сыяктуу абалга жеткен. Бул илим тармактары боюнча терең изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Хадистердин дал өзүндөй бурмаланбастан сакталышы үчүн кеңейтилген бул илим тармактарынын баарына жалпысынан «Улуумул-хадис» (Хадис илимдери) - деген ат коюлган.

Алгачкы мезгилдерде «илим» - делген кезде маанилүүлүгүнөн улам хадис илими айтылган. Хадистерди ар кайсы өңүттөрдөн алып караган илим тармактары пайда болгон кезде булардын баары «Улуумул-хадис» - деп айтылып калган. Хадис илимдери боюнча эң алгачкы эмгектердин бирөөсүн жазган Хаким ан-Нисабури (хижри 405-ж./б.з., 1014-ж. көз жумган) хадис илимдерин иликтеген эмгегин «Маарифату улуумул-хадис» - деп атаган. Хадис илимин тереңден изилдеген Ибнус-Салах (хижри 643-ж./б.з., 1245-ж. көз жумган)бул жаатта өзгөчө маанилүү «Улуумул-хадис» - деген китебин жазган. Бул эмгектерде хадис илиминин «сахих хадис», «хасан хадис» сыяктуу темаларынын ар бири өз-өзүнчө илим катары каралган. Себеби ар бир тема боюнча көптөгөн эмгектер жазылган.

«Хадис» сөзүнүн терминологиялык мааниси
Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) сөздөрү да, ал жөнүндө сахабалар айтып калтырган окуялар да, анын кыймыл-аракети жөнүндө айтылган кутман сахабалардын сөздөрү да «хадис» - деп аталат. Ошондой эле анын кыймыл-аракеттери, такрирлери, ал-абалы, адеп-ахлагы жөнүндө айтылган сөздөр да «хадис» - деп айтылган.

Маселен, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): «Даарат албай туруп окулган намаз кабыл кылынбайт» - деген. Бул сөздү Абдуллах ибн Умар (Аллах ага ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздан угуп, айтып калтырган. Алинин (Аллах ага ыраазы болсун): «Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) даарат алган мүчөлөрүн үч жолудан жуур эле» - деген сөзү да Пайгамбарыбызга таандык хадис болуп эсептелет. Анткени Алинин бул сөзү Аллах Элчисинин кыймыл-аракети жөнүндөгү кабар.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны