Адеп Башаты » Хадис » Сүннөт түшүнүгү » Сүннөт

Сүннөт

«Сүннөт» сөзүнүн лексикалык мааниси. Араб тилинде кандайдыр бир нерсенин маңдайдан көрүнгөн бети, сүрөт, жол, өмүр таржымал, табият сыяктуу маанилерди түшүндүргөн сүннөт Ислам илимдеринде Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын ар бир кыймыл-аракетин, адамдарга болгон мамилесин, айтоор, бүт жашоосун камтыган жол, багыт – деген мааниде колдонулган. Бул сөз Пайгамбарыбыздын жасаган иштерин да, адамдык асыл сапаттарын да өз ичине камтыйт. Ал бар-жогу менен бүткүл адамзатынын кайталангыс үлгүсү. Анын ар бир кыймыл-аракети адам баласын түбөлүк бакытка жеткирүүчү өз-өзүнчө көпүрө сыяктуу.

Сүннөт сөзүнүн «адамдар кабыл алган жол, бир нерсени айырмалап турган өзгөчөлүк» - деген түпкү маанилери анын терминологиялык маанисинде да бар. Пайгамбарыбыздын сөзү, кыймыл-аракети жана асыл сапаттарынын баары адамдар үчүн кынтыксыз үлгү болуп, Исламдын сырткы жана ички өзгөчөлүктөрү сүннөт менен билинген.
Сүннөт – бул, Аллах Элчисинин сөзү, кыймыл-аракети жана кайсыдыр бир ишти же сөздү тастыктоосу, ал эми хадис – бул, Пайгамбарыбыздын ошол сөзүн, кыймыл-аракетин жана тастыктоосун билдирген, усулуна ылайык айтылып калтырылган кабар. Сүннөт хадистер менен аныкталып, кагаз бетине түшүрүлгөн. Сүннөттү бүгүнкү күнү да так, даана жана ачык-айкын түрдө хадистер аркылуу гана билүүгө болот. Башкача айтканда, сүннөт мухаддистердин риваяты менен билинет. Ошондуктан Пайгамбарыбыздын учурунан кийинки учурларда сүннөт менен хадис негизинен бир мааниде колдонулган.
«Сүннөт» сөзүнө карама-каршы мааниде «бидат» сөзү колдонулат. Бидаттын мааниси «кийин пайда болгон, Исламга туура келбеген нерсе» - дегенди түшүндүрөт. «Сүннөт» сөзү убакыттын өтүшү менен социологиялык жактан да өзүнчө мааниге ээ болуп, Пайгамбарыбыздын жолун жолдогондор «ахлу суннат» (сүннөттү кармангандар), ал эми буларга каршы жүргөндөр «ахлу бидат» - деп айтылган.

«Сүннөт» сөзүнүн терминологиялык мааниси
«Сүннөт» сөзү Ислам илимдеринде жалпы жолунан бирдей маанини түшүндүрүү менен бирге ар биринде ар түрдүүчө маанилерге ээ болгон. Себеби ар бир исламий илим «сүннөт» түшүнүгүн өзүнүн методологиясына ылайык мааниде колдонгон. Маселен, факихтер бул сөздү «бидатка карама-каршы келген жана шарият өкүмдөрүнө далил боло турган кабар» - деген мааниде колдонушкан. Алардын пикиринде, хадис менен сүннөт бир маанини түшүндүрөт. Фыкх илими жөнүндө жазылган китептерде «сүннөт» - момун-мусулмандарга милдеттүү болуп эсептелген парз жана важиб амалдардан (ибадаттардан) сырткаркы диний буйруктар – деген мааниде каралган.
Фыкх усулунда сүннөт Пайгамбарыбыздан (саллаллаху алейхи васаллам) калган, Курандан кийинки далил катары кабыл алынган кабарларга карата айтылган. Бул илимде сүннөткө төмөнкүчө аныктама берилген: «Курандан сырткары Аллахтын Элчисинен айтылып, жазылып калган бүт нерсе».
Ошондой эле сахабалардын кыймыл-аракеттери да сүннөт катары каралган. Себеби сахабалардын кыймыл-аракеттери бизге хадис катары жетпеген бир сүннөттү билдириши мүмкүн. Ошондуктан сахабалардын сөздөрү мухаддистер тарабынан хадистер сыяктуу кадимкидей иснады менен риваят кылынган. Анткени сахабалар ар бир кадамын сүннөткө ылайык таштоого жан үрөп, сүннөткө өтө бекем болушкан. Бул багытта Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): «Силерге сүннөтүмдү жана туура жолдо болгон халифалардын сүннөтүн сунуш кылам. Буга бекем болгула!» - деп айтуу менен үммөтүн өзүнүн сүннөт жолун бекем кармап, Исламдан карыш тайбаган, халифалыкка дайындалган сахабаларынын да жолун жолдоого чакырган.

Кудси хадиси
Пайгамбарыбызга түшүрүлгөн, сөзү менен ибадат кылынбаган вахийге тиешелүү Аллахтын сөздөрү бар. Пайгамбарыбыз бул сөздөрдү Жараткан Аллахтан риваят кылып, бизге айтып калтырган. Мына ушул хадистер «кудси хадис», «раббани хадис» же «илахи хадис» - деп айтылат. Маселен, Аллахтын Элчиси: «Аллах Таала минтип айтты: «Ырайымым каарымды басып өттү» - деген. Бул сөз түздөн-түз Аллах Тааланын сөзү. Бирок Пайгамбарыбызга Куран катары вахий кылынбагандыгы үчүн аят эмес. Кудси хадис вахий менен билдирилбегендиктен сөз жагынан да мужиза эмес. Ошондуктан аларды намаздарда Курандын ордуна окууга болбойт.
Аллах Тааланын сөзү катары Пайгамбарыбыз риваят кылган бул сөздөр өкүмү жагынан хадистин өкүмүнө тиешелүү. Аллах Таала Пайгамбарынын сөздөрүнө Өзүнүн кээ бир сөздөрүн аралаштыруу менен анын жана анын сүннөтүнүн кадыр-баркын, маанилүүлүгүн баса көрсөткөн.

Сүннөт менен жашоонун маанилүүлүгү
Сүннөттүн кадыр-баркын эң жакшы түшүнгөн адамдар – булар, кутман сахабалар болгон. Алар сүннөт менен жашоону бүт нерседен артык көрүшкөн. Абу Бакир халифа болгон кезде Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) кызы Фатима атасынын мурасын талап кылган. Абу Бакир Пайгамбарыбыздын туугандарын өз туугандарынан алда канча жакшы көрсө да, Пайгамбарыбыздан (саллаллаху алейхи васаллам) уккан «Биз пайгамбарлар мурас таштабайбыз. Биз болгону садага таштайбыз» - деген хадисин эскертип, Фатиманын талабын аткарган эмес. Бул жерден Абу Бакирдин хадис-сүннөттү эч нерсеге алмаштырбай тургандыгын таасын байкоого болот.
Кутман сахабалар кандайдыр бир маселе боюнча хадис бар болсо, дароо ошол хадистин негизинде кадам ташташкан. Ошондой эле билбеген кандайдыр бир маселеге тиешелүү хадисти кайсыдыр бир сахабадан уккан кезде дароо өз пикирлеринен кайтып, хадиске моюн сунушкан. Умар халифалыгы учурунда Сирия аймагындагы кошуундарды көзөмөлдөө үчүн сапарга чыккан эле. «Амвас» - делген жерде чума оорусу пайда болгонун угаары менен «артка кайтсамбы-кайтпасамбы» - деп арсар абалда калат. Ошол учурда Абдуррахман бин Авф: «Мен Аллах Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) мындай дегенин уккам: «Бир жерде чума оорусу пайда болгонун уксаңар, ал жерге жакын жолобогула! Ал эми силер турган жерде чума оорусу пайда болсо, анда ал жерден эч жакка кетпегиле!» - дегенде Умар эч ойлонбостон дароо артка кайткан.
Зээндүүлүгү жана илими менен атагы чыккан Али маасыга масх тартуу маселеси боюнча «Аллахтын Элчисин (саллаллаху алейхи васаллам) маасынын үстүнө масх тартканын көрбөгөнүмдө, менин оюмча масхты маасынын таманына тартуу алда канча туура болмок» - деген. Али бул сөзү менен Исламды чектелүү акылыбыз менен толук түшүнүү мүмкүн болбогондугуна жана акыл менен аңдап-түшүнүүгө мүмкүн болбогон мындай маселелерде сүннөткө баш ийүүнүн маанилүүлүгүнө басым жасаган.
Ырас, пайгамбарлар күнөөсүз. Себеби Аллах Таала аларды өз карамагына алган. Аларга береке-кутун жаадырып, мээримин төккөн. Ошондой эле Аллах Таала момун-мусулмандарды «Чындыгында Аллах Таала жана периштелер пайгамбарга салават айтышат. Эй, ыйман келтиргендер! Силер да ага салават жана салам айткыла!» - деп, Пайгамбарыбызга салават айтып дуба кылууга буюрган. Бул аяттагы буйрукту өзүнчө диний милдет катары кабыл алган аалымдар пайгамбарлардын аты эскерилген кезде «алейхис-салам» (Ага Аллахтын саламы болсун) – деп, ал эми Мухаммад Пайгамбарыбыздын аты эскерилген кезде «саллаллаху алейхи васаллам» (Ага Аллахтын дубасы жана саламы болсун) –деп дуба кылу керектигин айтышкан.

Пайгамбарыбыздын аты биринчи эскерилген учурда салават айтуу - важиб, ал эми экинчи жолу эскерилгенде салават айтуу - мустахаб болуп эсептелет. Пайгамбарыбыздын аты аталган учурда дайыма «ардактуу» - деген сыяктуу сөздөрдү кошуп айтуу – бул, Ага болгон урмат-сыйыбыздын белгиси.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны