Адеп Башаты » Хадис » Сүннөт түшүнүгү » Азирети Мухаммад (сав) – эң улуу өрнөк

Азирети Мухаммад (сав) – эң улуу өрнөк

Азирети Мухаммад (сав) – эң улуу өрнөк

Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) жарык дүйнөгө келген учурдан тарта, бүткүл аалам кайгы-капаларын унутуп, ченемсиз кубанычка бөлөндү. Каран түндөр заматта нурга бөлөнгөндөй болду.Чоң атасы Абдулмутталиб: «Аллах жана адамдар аны даңазаласын» – деп, наристенин атын Мухаммад койду. Чынында, пайгамбырыз (САВ) -– Алла Тааланын, адамдардын жана периштелердин теңдешсиз мактоо-даңазаларына арзыган дүйнө жүзүндөгү жападан жалгыз инсан.

Анткени ал мындай даңазалоого, кадыр-баркка жана сый-урматка татыктуу эле. Бул мактоолор менен сүйүүгө ал теңдешсиз ыйманы, илими, ибадаты, ыкыласы, такыбалыгы, жана эң көркөм адеп-ахлагы аркылуу ээ болгон. Ошондуктан анын сыйлуу, даңазалуу бийиктигине бул дүйнөдө эч ким жете алган эмес, жете да албайт.
Адамзатка жөнөтүлгөн мээрим пайгамбары (САВ), илахий кабардын акыркы ээси, бүткүл ааламдарга жөнөтүлгөн куттуу пайгамбар азирети Мухаммад (САВ) Алла Тааланын бизге болгон ырайымы болуп эсептелет.

Куран Каримде: «Албетте, Аллах момундарга өздөрүнөн болгон, аларга Аллахтын аяттарын окуп бере турган, (күнөөлөрүнөн) арылта турган, ошондой эле аларга Китеп жана Даанышмандыкты үйрөтө турган пайгамбарларды жиберүү менен жакшылык кылды. Анткени алар илгери апачык адашууда жүрүшкөн эле» – деп баяндалат. (Аали Имран сүрөсү, 164-аят) .

Ал – Алла Тааланын тарбиясында жетилип, бүткүл адамзатты жакшылыкка үгүттөгөн өрнөктүү инсан. Анын ысмы акылмандыктын, илимдин, адеп-ахлактуулуктун, сабырдуулуктун жана сөзгө бек туруунун, сыпаалыктын, адилетсиздикке, акыл-эс жана ыймандын тоскоолдуктарына каршы тайманбастан күрөш жүргүзүүнүн өчпөс үлгүсү болгон улуу инсандын ысмы. Ал жарык дүйнөгө келгенде ыймансыздыктын караңгылыгында мүңкүрөп жашап жаткан бүткүл адамзат кайрадан ойгонду.

Көптөгөн кылымдар бою элибиздин жүрөгүндө ал улуу пайгамбарга (САВ) болгон сүйүү алоолоп жанып келет. Ага болгон чексиз сүйүүнүн негизинде жаралган ырлар, адабий чыгармалар жана өткөрүлгөн мавлюддар жалпы журтка маалым. Мечиттерде, үйлөрүбүздө жана иштеген мекеме-жайларыбызда да ал улуу пайгамбардын (САВ) аты жазылган көркөм жазуулар илинип турат.

Азирети Мухаммаддын (САВ) аты тилибизден түшпөйт жана дилибизде дагы ага болгон бекем сүйүү орун алган. Күнүгө беш убак намаздан алдын айтылган азанда: « ... Ашхаду анна Мухаммадан-расуулуллаах … » – деп дүйнөнүн төрт бурчунда анын аты көккө жаңырып турат. Пайгамбарыбыздын (САВ) аты аталганда ага Алла Тааланын мээрим жана тынчтыгын жолдоп салават айтабыз. Ар бир момундун жүрөгүндө ага болгон сүйүү эбегейсиз чоң орунду ээлейт.

Ал жарык дүйнөгө келген рабиул-аввал айын «Куттуу ай» деп билип, бул айда ар бирибиз азирети пайгамбарыбыздын (САВ) үлгүлүү жашоосунан жана адеп-ахлагынан өрнөк алууга аракет жасасак. Анткени, бул Куттуу айда жарык дүйнөгө келген Аллахтын эң сүйүктүү пайгамбары (САВ) жалпы адамзат суусаган булак сыяктуу экендиги калетсиз.

Адамзат коому түркөйлүктүн баткагына белчесинен баткан мезгилде, ал бул ааламга куткаруучу катары жөнөтүлгөн эле. «(Эй, Мухаммад), Биз сени ааламдарга мээрим кылуудан башка максатта жөнөткөн эмеспиз.» (Анбия сүрөсү, 107-аят) деп Алла Таала акыр заман пайгамбарын (САВ) жөнөтүү максатын ачык билдирген. Азыркы учурда да адам баласы анын руханий жетектөөсүнө, аны таанып билүү аркылуу жетүүчү жандүйнө жана жарык дүйнө бейпилдигине өтө муктаж болуп турат. Өзүнүн Мекке доорундагы пайгамбарлык жашоосунда ар кандай жамандыктарды тамыры менен жок кылууну көздөгөн, ошол мезгилде айлана-чөйрөсүндө өкүм сүргөн ар түрдүү ыплас нерселерге жолобостон улуу пайгамбар (САВ) жана карапайым адам катары өткөргөн жашоо тилимин жакшылап таанышыбыз абзел.

Абу Кубайс тоосунда айткан чакыруусун, ошол доордун Алла Таалага жана анын акыркы пайгамбарына (САВ) ыйман келтирбеген караңгы коому менен күрөшүүсүн, Ибн Аркамдын үйүндө өткөрүлгөн дааватынан улам куугунтукка алынуусун, Мадинаны издөөсүн, Таиф шаарында ташбараңга алынып, катуу жараланган убагында да: «Аллахым, аларды кечир, анткени, алар эч нерсе билишпейт» – деп суранып Жаратканга дуба кылуусун эч качан унутпайбыз.

Көптөгөн жылдардан бери келе жаткан аус жана хазраж урууларынын ортосундагы чыр-чатакты чечкендигин, ансар менен мухажирлерди бири-бирине боордош кылгандыгын терең түшүнүүбүз зарыл. Анын тарбиясын алган, ар бири көктөгү жылдыз сыңары жанган сахабаларын жакындан таанып билүү да бизге милдет. Азирети Абу Бакрдын достугу менен берешендүүлүгү, азирети Умардын акылмандыгы менен адилеттүүлүгү, азирети Усмандын намыстуулугу менен такыбалуулугу, азирети Алинин илимдүүлүгү менен эр жүрөктүүлүгү – мусулмандарга түбөлүк үлгү.

Ар бири дастанга айланган Бадр, Ухуд, Хандак, Хайбар жана Табук согуштарын терең изилдеп, таанып билүүбүз шарт. Жөөттөрдү да ичине камтыган Мадина келишими, нажрандык христиандарга «Пайгамбар мечитинен» ибадат кылууга жер бөлүп берүүсү, Худайбияда тынчтык үчүн жасаган аракеттери, Меккени каратып алган учурда Абу Суфянды, Хиндди жана авасы Хамзаны шейит кылган Вахшинин кылган жамандыктарына карабастан, аларга кечиримдүүлүк кылуусу, Хунайнда алган олжолорду кембагалдарга таркатып берүүсү анын артынан ээрчиген үммөтү үчүн өчпөс өрнөк болуп саналат.

Адамзаттын тарыхында эбегейсиз зор мааниге ээ болгон «Коштошуу ажылыгында» Пайгамбарыбыздын (САВ) жалпы мусулмандарга коштошуу хутбасында: «Адамдар тарактын тиштериндей, баары тең бирдей, бардыгыңар Адам атадан тарадыңар, Адам ата болсо топурактан жаралды» – деп кайрылуусун жана 63 жылдык жаркын өмүрүнүн соңунда: «Мына эми мен Улуу Досума бара жатам» – деп бул дүйнө менен коштошуусун, акыркы осуяттарынын бири катары: «Көздүн нуру болгон намазды эч убакта таштабагыла» – деген сөзүн аңдай билели.

Бул улуу пайгамбарга (САВ) миң мертебе ыраазыбыз, ал бизге чыныгы маданиятты үйрөттү. Ал бизге улуу Жараткан Аллахтын бар жана бир экендигин, түбөлүктүү дүйнөгө кандай даярдык көрүү керек экендигин үйрөттү, ошондой эле адамдык асыл сапаттарды да таанытты. Инсандын жеке өзүн таанып билүүдөгү сырды ачып берди. Пайгамбарыбыз (САВ) өз жашоосу менен Куранды чагылдырды, ал эми Куран болсо пайгамбарыбызды (САВ) бизге «эң сонун үлгү» катары сүрөттөдү. Ал Аллахтан келген вахий нурун дилибизге орнотту, чындык менен жалганды, жакшылык менен жамандыкты айырмалап билүүбүзгө түрткү болду. «Ошондой эле Аллахтын уруксат-каалоосу менен Ал Затка (Анын динине) чакыруучу жана (акыйкат жолду көрсөтүүчү) нурлуу чырак кылып жибергенбиз» (Ахзаб сүрөсү, 46-аят) – деп баяндайт кереметтүү Куран Карим.

Адамзаттын башына келген кырсыктар бул куттуу пайгамбардын (САВ) мээриминен алыстап жашаганыбыздан улам келип чыгууда. Табиятка жырткычтай мамиле жасалып жаткан доорубузда, алдыбызда азирети пайгамбарыбыздын (САВ) дүйнө таанымын жана табиятка жасаган аяр мамилесин таанып билүү зарылчылыгы турат. Күн өткөн сайын коомубуз бузулуп, башаламандык өкүм сүрүп жаткан бүгүнкү күндө, акыйкатты издеген ар бир инсан ал курган бакыт коомун изилдеп үйрөнсүн. Анткени, изденгенде гана көптөгөн суроолорубуздун жообун табабыз.

Сүйүктүү жубайы Хадича энебиз менен биргеликте кол кармашып курган бактылуу үй-бүлөсүнөн өрнөк алып, анын: «Аялдарыңарга жакшы мамиле кылгыла, эркектердин аялдарында акылары бар болгондой эле, аялдардын дагы эркектеринде белгилүү акылары бар» – деген осуятын эсибизден чыгарбайлы. Айрыкча, дос-жарына, коңшу-колоңуна жана туугандарына жасаган мамилесин үлгү кылып жашай билсек, кандай сонун болор эле.

Ааламдашуунун арааны жүрүп жаткан азыркы мезгилде, илимге, маданиятка жана салт-санаабызга терс таасирин тийгизип жаткан кинофильмдердин, гезит-журналдардын, интернет баракчалардын таасиринен жаштарыбызды коргоо үчүн, аларды доорубуздун мындай баткак-сазынан алып чыгуу үчүн, азирети пайгамбарыбыздын (САВ) жетекчилиги керек.

Дүйнөнүн ар тарабында жайгашкан шаарларда инсандык жылмаюга, боорукердик менен сунулган колго зар болгон, жүрөктөрүнө кайгы-муң толгон, балдай таттуу балалык чагын жоготуп, көчөдө кароосуз калган балдарды көргөндө: «Жетим балдарды өз кепилдигине алган бейиште мени менен бирге болот» – деген пайгамбарыбыздын (САВ) осуятын эстейли. Күн сайын жер жүзүнүн бир бурчунда кан төгүлүп жаткан учурда, адамзат пайгамбарыбыздын (САВ) мээрим толгон осуяттарын таанып билүүгө абага жана сууга муктаж болгондой эле муктаж экендиги шексиз.

Эмгек акыга өтө маани берген пайгамбарыбыз (САВ): «Кол алдыңарда иштегендер силердин боордошторуңар, жеген ашыңардан аларга да жедиргиле, кийген кийимиңерден аларга да кийдиргиле. Жумушчулардын иш акысын тери кургай электе төлөгүлө» – деген баалуу осуятын жашообуздагы эң негизги принцип катары кабыл алалы.
Пайгамбарыбызды (САВ) сүйүү, аны эскерүү, анын айткандарын түшүнүү жана анын сүннөтүн аткаруу, эң башкысы, ал үйрөткөн баалуулуктарды өмүрүбүздө туу тутуп жашоо – ар бир мусулмандын милдети.

Дүйнөдөгү бүткүл жетишкендиктер үчүн ага карыздарбыз. Азирети пайгамбарыбыз (САВ) чыныгы дүйнөгө жол тартканына 14 кылым толсо да, анын бүткүл дүйнөгө тийгизген таасири эбегейсиз зор болуп келет.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны