Адеп Башаты » Илим-билим » Дин жана илим

Дин жана илим

Дин эмне ? Дин – адамдын өз милдеттерин, эч бир нерсенин жана эч кимдин укугун тепсебестен, зыйан келтирбестен аткарып жашагандык. Дин акыл эстүү болгон адамдарды,өз эрк ыктыярлары менен туурага , жакшылыкка үндөөчү,кудайдан келген бир закондор жыйнагы.

Дин пайгамбарлардын вахий илхамга таянып айткан кабары жана улуулукка, асылдыкка алпарчу эң тууру жол.

Диндин- чыныгы ээси Кудай.Ага эч бир адам жадакалса пайгамбар да ээ чыгып аны ортого чыгаруучу боло албайт.

Дин- адамга өзүнү ,кайдан келип кайда бараарын, жаратылышындагы максатты ,жаратуучу менен жаратылышка болгон милдет вазыйпаларын үйрөтөт.

Жакшылык жамандыкты ,уят сыйды ,кооз кополду өз ыктыяры менен үйрөтөт.

Дин – бул бизди жогорку адеп-ахлакка жана кулк-мүнөздүн асылдыгына үйрөткөн бардык мектептердин ичинен эң мыктысы жана берекелүүсү. Чоң-кичинесине карабай, бардык адамдар бул улуу мектептин окуучулары болуп саналат. Жашоосун бул мектепке каттаган ар ким эртели-кечпи тынчтыкка, коопсуздукка жана бейпилдикке жетет. Анын сыртында калгандар болсо, акырындык менен өздөрүн кошо, бүт нерселерин жоготот.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны