Адеп Башаты » Илим-билим » Илим жөнүндө аяттар жана хадистер.

Илим жөнүндө аяттар жана хадистер.

Бакара/120. «Диндерине баш иймейиңерче, жөөттөр да, христиандар да силерге такыр ыраазы болбойт. Дегин: «Туура жол – бир гана Алланын жолу. Сага келген илимден кийин алардын арзууларына баш ийе турган болсоң, ант болсун, Алладан сага дос да, жардамчы да болбойт!»
Бакара/251. «Акырында Алланын уруксаты менен жеңишти. Давуд болсо Жалутту өлтүрдү. Алла ага өкүмдарлык менен хикмет берди, каалаган илимдерден ага үйрөттү. Эгер Алланын адамдардан кээ биринин жамандыгын айрымдары менен кайтарып турбаганда, албетте, жер жүзү бузулуп кетмек. Бирок Алла бардык адазмзатка лутуф жана жоомартчылык кылат.»


Бакара/120. «Диндерине баш иймейиңерче, жөөттөр да, христиандар да силерге такыр ыраазы болбойт. Дегин: «Туура жол – бир гана Алланын жолу. Сага келген илимден кийин алардын арзууларына баш ийе турган болсоң, ант болсун, Алладан сага дос да, жардамчы да болбойт!»
Бакара/251. «Акырында Алланын уруксаты менен жеңишти. Давуд болсо Жалутту өлтүрдү. Алла ага өкүмдарлык менен хикмет берди, каалаган илимдерден ага үйрөттү. Эгер Алланын адамдардан кээ биринин жамандыгын айрымдары менен кайтарып турбаганда, албетте, жер жүзү бузулуп кетмек. Бирок Алла бардык адазмзатка лутуф жана жоомартчылык кылат.»
Аали Имран/7. «Сага китепти түшүргөн – Ал. Анын кээ бир аяттары бекем болот, булар – Китептин негизи. Калгандары болсо муташабих (өтмө мааниде). Жүрөктөрүндө бузукулук болгондор фитна чыгаруу жана аны тавил (түшүндүрмө берүү) кылуу үчүн андагы муташабих аяттарды ээрчишет. А чынында алардын тавилин бир гана Алла билет. илимде бийик даражага жеткендер болсо: «Ага ишендик, бардыгы Раббибизден келген.» - дешет. (Бул кылдаттыкты) бир гана акыл ээлери түшүнөт.»
Ниса/162. «Бирок ичтеринен илимде тереңдегендер жана момундар сага түшүрүлгөнгө жана сенден мурун түшүрүлгөнгө ыйман келтиргендер, намаз окугандар, зекет бергендер, Аллага жана акырет күнүнө ишенгендер бар го, мына ошолорго абдан жакында чоң сыйлык беребиз.»
Исра/107. «Дегин: «Силер ага кааласаңар, ишенгиле, кааласаңар ишенбегиле, бирок чындык болгон нерсе ушул: мындан мурун өздөрүнө илим берилгендерге ал окулганда дароо жүзтөмөн саждага жыгылышат.»
Хажж/54. «Өздөрүнө илим берилгендер анын чындап Раббиң тарабынан келген чындык экенин билишсин жана ага ишенишсин, бул аркылуу жүрөктөрү жай алып, каниет алсын. Калетсиз Алла ыйман келтиргендерди сөзсүз түрдө туура жолго багыштайт.»

ХАДИС

* Абу Умама (Алла ага ыраазы болсун) баяндайт: «Расулаллага (алейхиссалату вассалам) бири аабид, бири аалым болгон эки киши тууралуу айтылганда: «Аалымдын аабидге болгон үстөмдүгү менин силердин эң жөнөкөйүңөргө болгон үстөмдүгүм сыяктуу.» - деди.
* Тирмизинин бир риваятында мындай делет: «...Пайгамбарыбыз мындай деди: «Алла Таала, Анын периштелери, асман ээлери, курт-кумурскадан деңиздеги балыктарга чейин жерде жашагандардын бардыгы элге жакшылыкты үйрөткөнгө магфират (кечирим) дубасын кылышат.»
* Ибни Аббас (Алла ага ыраазы болсун) баяндайт: «Расулалла алейхиссалату вассалам мындай деди: «Бир эле факих шайтан үчүн миң аабидден жаман.»
* Азирети Али (Алла ага ыраазы болсун) баяндайт: «Расулалла алейхиссалату вассалам мындай деди: «Динде факих (билимдүү) болгон киши кандай жакшы киши! Ага муктаж болгонда пайдалуу болот. Муктаж болбогондо илимин арттырат.»
* Абуд-Дардаа (Алла ага ыраазы болсун) баяндайт: «Расулалланын (алейхиссалату вассалам) мындай дегенин уктум: «Ким илим үйрөнүш үчүн бир жолго түшкөн болсо, Алла аны бейишке барган жолдордун бирине киргизген болот. Периштелер илимди талап кылуучуга ыраазы болуп, канаттарын алардын үстүнө калкалайт. Асман менен жерде болгондор, атүгүл деңиздеги балыктар аалым үчүн кечирим тилешет. Аалымдын аабидге болгон үстөмдүгү ай толгон түнү айдын жылдыздарга болгон үстөмдүгү сыяктуу. Аалымдар – пайгамбарлардын мураскорлору. Пайгамбарлар не динар, не дирхем мурас ташташпайт, бирок илим калтырышат. Ким илимге ээ болсо, ал чоң насипке ээ болгон.»
* Азирети Анас (Алла ага ыраазы болсун) баяндайт: «Расулалла алейхиссалату вассалам мындай деди: «Илим талабы үчүн жолго чыккан киши кайтканга чейин Алла жолунда.»
* Тирмизинин Сахбарадан (Алла ага ыраазы болсун) жазганына караганда Пайгамбарыбыз алейхиссалату вассалам: «Ким илим талап кылса, анда бул иши анын өткөн күнөөлөрүнө каффарат болот.» - деген.»
* Ибни Амр ибнил Аббас (Алла ага ыраазы болсун) баяндайт: «Расулалла алейхиссалату вассалам мындай деди: «Илим үч түрдүү. Булардын артыкчасы жакшылык. Мухкам (бекем) аят, каим сүннөт жана адилеттүү бөлүштүрүү.»
* Азирети Абу Хурайра (Алла ага ыраазы болсун) баяндайт: «Расулалла алейхиссалату вассалам мындай деди: «Ким бир илимден суралып, ал муну кемсинтип, айтпай койсо, кыямат күнү оттон алкакка оролот.»
* Муаз ибну Анастын атасы баяндайт: «Расулалла алейхиссалату вассалам мындай деди: «Ким илим үйрөтсө, ага бул илим менен амал кылгандардын сообу бар. Бул амал кылгандын сообун (сыйлыгын) кемитпейт.»
* Абу Катада атасынан баяндайт: «Расулалла алейхиссалату вассалам мындай деди: «Киши (өлгөндөн кийин) аркада калтырган нерселеринин эң жакшыраагы – мобул үч нерсе: «Өзүнө дуба кылган салих уул, сообу өзүнө жеткен садакайи жария жана өзүнөн кийин амал кылынган илим.»
* Абу Хурайра (Алла ага ыраазы болсун) баяндайт: «Расулалла алейхиссалату вассалам мындай деди: «Момун кишиге тирүү кезинде кылган амал жана жакшылыктарынан кийин жеткендер, үйрөтүп жайган илими, артына калтырган салих уул, мурас калтырган мусхаф (китеп), салдырган мечити, жолоочулар үчүн салдырган имараты, агызган суусу, тирүү жана ден-соолугу чың кезинде берген садакасы. Өлүмдөн кийин кишиге мына ушулар жетет.»
* Азирети Абу Хурайра (Алла ага ыраазы болсун) мындай деди: «Садаканын эң үстөмү – кишинин илим үйрөнүп, аны мусулман боордошуна үйрөтүшү.»
* Хузайфа (Алла ага ыраазы болсун) баяндайт: «Расулалланын (алейхиссалату вассалам) мындай дегенин уктум: «Илимди аалымдарга мактануу үчүн же жахилдер (сабатсыздар, караңгы-түркөйлөр) менен талашып-тартышуу үчүн же адамдардын назарын өзүңөргө тартуу үчүн үйрөнбөгүлө. Ким ушундай кылса, анын орду – от (тозок).»
* Азирети Абу Хурайра (Алла ага ыраазы болсун) баяндайт: «Расулалла алейхиссалату вассалам мындай деди: «Ким аалымдарга каршы мактануу, караңгы-түркөйлөр менен талашып-тартышуу жана калктын көңүлүн өзүнө тартуу үчүн илим үйрөнсө, Алла аны тозокко салат.»
* Ибни Амр Ибнил Аас (Алла ага ыраазы болсун) баяндайт: «Расулалла алейхиссалату вассалам мындай деди: «Алла илимди (бергенден кийин), адамдардын (жүрөгүнөн) зордоп алып салбайт. Бирок илимди аалымдардын жанын алуу аркылуу алат. Аалымдардын жаны алынат: бир да аалым калбайт. Калк болсо сабатсыздарды өздөрүнө башчы кылышат. Булардан маселелер суралат, алар болсо илимге таянбастан, өз пикирлери менен фатваа беришет, ушинтип, өздөрүн да, башкаларды да туура жолдон тайдырышат.»
* Абуд-Дардаа (Алла ага ыраазы болсун) баяндайт: «Расулалла алейхиссалату вассалам менен бирге элек. Ал асманды тигилип карады. Анан: «Бул убактар илимдин адамдардан качырылган убактары. Бул боюнча адамдар эч бир нерсеге күчү жетпейт!» - деди. Зияд ибни Лебид аль-Ансарий сөзүнө аралжы болуп: «Биз Куран окуп жатканда илим бизден кантип качырылат? Валлахи, биз аны ары окуйбуз, ары балдарыбызга, аялдарыбызга окутабыз!» - деди. Расулалла ага: «Эй, Зияд, мен сени Мадина факихтеринен деп билчүмүн. Карачы, мына Тоорат менен Инжил жөөттөр менен христиандардын колунда, аларга кандай пайдасы тийип жатат (алар ошол китептер менен амал кылып жатат дейсиңби)? – деди. Жубайр мындай дейт: «Убада ибну Самитке (Алла ага ыраазы болсун) жолуктум. Тууганың Абуд-Дардаа эмне деди, уктуңбу?» - деп сурап, ага Абуд-Дардаанын айтканын айтып бердим. Мага: «Абуд-Дардаа туура айткан, кааласаң, алып салына турган илимдердин алгачкысын эмне экенин сага айтайын: адамдардан биринчи болуп алып салына турган илим – хушуу. Чоң мечитке кирип хушуулуу болгон бир да кишини көрбөй турган убакыт жакын!» - деди.»
*Абу Муса аль-Ашарийден (Алла ага ыраазы болсун) баян кылынат:
«Пайгамбар саллаллоху алейхи васаллам мындай деген: «Алла мен аркылуу жиберген хидаяты менен илими мол жааган жамгырга окшош. Бул жамгыр топракка түшүп, анын бир бөлүгү сууну кабыл кылат жана от дүркүрөп өсүп чыгат. Кээ бири кургак болуп, сууну үстүнө кармайт жана Алла калкты ошондон пайдаландырат. Ал суудан ары өздөрү ичет, ары айбанаттарын сугарышат, ары эгин эгишет. Дагы бир жамгыр түрү топуракка түшөт, бирок үстүнө да кармабай, чөп да өстүрбөйт. Алланын динин түшүнүп, Алланын мен аркылуу жөнөткөн хидаяты менен илиминден пайдаланып, муну башкаларга үйрөткөн киши менен текбердиктен улам менин Алланын мен аркылуу берген хидаятын кабыл кылбаган киши ушундай.»
* Анас бин Малик (Алла ага ыраазы болсун) риваят кылат:
«Силерге ушундай бир сөз айтамын: менден кийин эч ким аны айта албайт, Расулалладан (саллаллоху алейхи васаллам) уктум, ал мындай деди: «Кыяматтын белгилеринин бири – илим азаят, караңгы-түркөйлүк жайылат, зынакордук ачыктан ачык болуп калат. Аялзатынын саны көбөйөт, эркектердики азаят. Ушундай болот: элүү аялдын бир эле кароочусу болуп калат.»
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны