Адеп Башаты » Илим-билим » Балдын керемети.

Балдын керемети.

Балдын керемети.
Алла Таала кичинекей бир жандыктын ортомчулугу менен инсандарга тартуулаган балдын кандай баалуу азык экендигин билесиңерби? Алла Таала Курани Каримде : (Эй Мухаммед), Жаратканы бал аарыга аян - кабар буйрук кылды: Тоолорго, дарактарга жана (адамдар) кура турган ийиндерге уя салгын. Андан соң түрдүү мөмөлөрдөн жеп, Жаратканың (сен үчүн) жеңил - ыңгайлуу кылып койгон жолдордон жүргүн" Анын кардынан адамдар үчүн шыпаа болгон түркүн - түстүү ичимдик - бал чыгат. Албетте, бул иште ой жүгүртө билген коом үчүн аят - үлгү бар" (Бал аары сүрөсү, 68,69 - аяттар)

Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) мындай деп айткан: Силерге эки гана шыпаа жетиштүү: бал жана Куран."

Бал, фруктоза жана глюкоза сыяктуу шекерлер менен кошо магний, калций, содий, хлор , күкүрт, темиржана фосфор сыяктуу минералдарга ээ.Нектар жана полен булактарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша өзгөрүү менен бирге, балда B1,B2,C,B6,B5 жана B3 витаминдери бар. Айрыкча,жез,иод,темир жана калай да аз өлчөмдө бар. Балдын составында булардан башка кээ бир гормондор бар. Курани Каримде баяндалгандай, бал адам баласына шыпаа болуу өзгөчөлүгүнө ээ. Кытайда өткөрүлгөн Дүйнө Аарычылык Конгрессинде илимпоздордун бал жөнүндөгү көз караштары да муну тастыктоодо: Конгрессте, аары иштеп чыгарган заттар менен даарылануу маселеси басымдуулук кылды.

Өзгөчө АКШ окумуштуулары бал, аарынын сүтү, полен жана прополис бир топ ооруларга шыпаа экендигин кабарлашты. Румыниялык бир доктор балды катаракт (көз оорусу) оорусу менен ооруган оорулууларына тажрыйба жүргүзгөндүгүн жана 2094 оорулуудан 2002синин (95%) бал ортомчулугу менен толук айыккандыгын баяндады. Полшалык докторлор болсо, прополистин геморой, тери оорулары, аялдардын оорулары сыяктуу бир топ ооруларга жакшы таасирлери болгондугун кабарлаган .

Балдын башка пайдалары төмөндөгүлөр: Оңой сиңирилет:составындагы шекерлердин башка түрдөгү шекерге (фруктозанын глюкозага) айлануу өзгөчөлүгүнүн негизинде бал, чоң өлчөмдө кислота камтуусуна карабастан эң сезимтал ашказан тарабынан дагы оңой сиңирилет. О.э. ичегилердин жана бөйрөктөрдүн дагы жакшы иштөөсүнө жардамчы болот. Калориясынын аздыгы: бирдей өлчөмдөгү шекер менен салыштырылганда андан
да таттуураак болуусуна карабастан организмге 40%ке жакын азыраак калорий берет. Денеге чоң өлчөмдөгү энергия бергендигине карабастан, семиртпөөсү, балдын жогорку өзгөчөлүктөгү азык болгондугуна ачык далил.

Канга тез аралашуусу: Бал жылуу сууга аралашканда канга 7 минута ичинде аралашат. Составындагы шекерлердин бар болуу себебинен мээнин иштөөсүнө жеңилдик түзүлөт. Кан пайда болуусуна жардам берет: Бал, кан пайда болуусунда организм муктаж болгон энергиянын маанилүү бөлүгүн түзөт. Айрыкча, кандын тазалануусуна да жардам берет. Кан айлануусун жөнгө салат. Тамыр катып калуусуна каршы негизги коргоочу болуп саналат. Ичинде бактерия жашай албайт: Жүргүзүлгөн тажрыйбалар суюлтулган балдын бактерия өлтүрүүчүлүк өзгөчөлүгү таза балга караганда эки эсе көбөйгөндүгүн көрсөткөн. Таң калыштуу нерсе, аары тобуна жаңыдан кошулган личинкалардын суюлтулган бал менен азыктандыруулары суюлтулган балдын бул өзгөчөлүгүн билишкендей бул кызмат менен милдеттендирилген аарылардын бул операцияны аткарууулары!

Аары сүтү : Аары сүтү ,бал челектеги жумушчу аарылар өндүргөн бир элемент. Өтө калориялуу болуп саналган аары сүтүндө шекер, протеин, май жана бир канча витамин бар. Организм алсыз болгон учурларда колдонулат. Аарылардын муктаждыктарынан ашыкча чыгарган балы, инсандар үчүн жасагандыктары айкын. Бул укмуштуудай милдетти өз алдыларынча" аткара алышпагандыктары ...! албетте, Алла Таала бизге тартуулаган эсепсиз тартууларынын бирөө жөнүндө гана сөз кылдык, демек Улуу Жаратуучубузга канчалык шүгүр кылсак аздык кылаар.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны