Адеп Башаты » Илим-билим » Чыныгы илим

Чыныгы илим

Илим үзгүлтүксүз өнүгүп турат. Ушул себептен азыркы күндө илим менен чындыкты акыркы точкасына жеттик деп айта албайбыз . Чындык катары эсептелип, көрүнгөн көп нерсе – чындык эмес балким анын көлөкөсү болушу мүмкүн. Эртеңки күнү эмне боло тургандыгын азыртадан билүү мүмкүн болбогон сыяктуу, адам баласы ой жүгүртүп, изилдеген сайын жаңылыктарга жетет жана дүйнө жүзү тургуча бул улана берет.

Илим үзгүлтүксүз өнүгүп турат. Ушул себептен азыркы күндө илим менен чындыкты акыркы точкасына жеттик деп айта албайбыз . Чындык катары эсептелип, көрүнгөн көп нерсе – чындык эмес балким анын көлөкөсү болушу мүмкүн. Эртеңки күнү эмне боло тургандыгын азыртадан билүү мүмкүн болбогон сыяктуу, адам баласы ой жүгүртүп, изилдеген сайын жаңылыктарга жетет жана дүйнө жүзү тургуча бул улана берет.

Эми бул маселени башкача көз караш менен карап чыгалы: Алгачкы коомдо жашаган адам менен табигый жана техникалык илимдер өркүндөп, туу чокусуна жеткен мезгилдеги адамды элестетели. Экөөндө тең чеги жок каалоо-тилек, бирдей мамиле... Экөөнүн тең аң сезимине отурукташып калган текебердик, каардуулук, карасанатайлык, ич күйдүлүк, кызганыч сыяктуу сезимдер. Сүйүү, жек көрүү, коркуу, үмүт, өлбөстүккө болгон ышкыбоздук... Экөөнүн тең оюнда “Мен киммин? Каяктан келдим? Каяка барам? Эмне үчүн жашайм? Эмне кылышым керек? Кайсы иштер жакшы, кайсылары жаман?” деген суроолор бар.

Демек, адам баласынын маданий деңгээли кандай болсо болсун, барынын тең бирдей жана жалпы маселелери жана окшош жактары болот. Илим бул суроолорго жооп бере албаган сыяктуу эле, багыт да бере албаган, адамдардын ортосундагы байланышты жөнгө салып кумардуу үмүттөрүбүз менен ач көздүгүбүздү токтото албайт. Ал дайыма калыптануу жана өнүгүү жолунда болот. Ал эми дин бардык адамдардын башын бириктирип, алардын жаратуучусу жана ээси ким экендигин айтып, рухий балансын теңдейт, аң сезимин оңдоп, коркунучтуу кумардуу үмүттөрүн токтотот, коомдук түзүлүштүн жашоосун улантуусуна жардам берет.

Гумандаштырылбаган табигый илимдер менен техника курулай эле маалымат топтомунан түзүлүп, тизгини жок жапайы ат сыяктуу адам баласы үчүн ар кандай балекеттерге жол ачышы мүмкүн. Буга карата дин илимге түрткү берет, ачылыштарды каалоо жана кумардуулуктун колунан алып, жакшы жана жүйөлүү акылга берип, анан болсо бүтүндөй адамзатка тартуулайт. Динге ишенген адам кандайдыр бир маселени бир гана себеп жана натыйжа аркылуу бири-бири менен байланышкан фактор катары эсептебей, ар бир окуяда ырахат жана жыргалчылык ичинде кудайга таандык улуулукту тамаша кылат.

Илим ар бир окуянын кандай шарттарга байланыштуу чыккандыгын аныктоого умтулса, дин бул окуянын эмне себептен болгондугуна жооп берет, андагы акылмандыкты түшүндүрүп берет. Илим бизди себеп-натыйжа байланышына көбүрөөк багыттай турган болсо, дин – максатка көбүрөөк токтолот. Ал бизди туура жолго багыттап, рухий прогресс жана (рухий)эволюцияны камсыздайт. Адам баласына гуманизмдин маанисин жана баалуулугун түшүндүрөт, жарык дүйнөгө келип-кетүүбүздүн максатын айтып берет. Бизди рухий ачарчылыктан куткарып, ички ырахатка жеткирет...

Куран ар дайым илимди колдогон. Ошол эле учурда илим да аны ырастап келген. Орто кылымдарда схоластикалык түшүнүк менен уламыштар көп болгон. Ар кайсы мезгилде илим менен диндин ортосунда кандайдыр бир күрөш бар экендиги тууралуу айтылып келсе да, мусулмандарга мындай сөздөрдүн эч кандай тиешеси жок. Мындай сөздөр христиан дүйнөсүндө айтылган. Жер жүзүнүн айланып тургандыгын айтып жана түшүндүрүп берген Галилео поптордун фанатизминин таасирине кабылып, илимий түшүнүктөрүнөн улам чиркөөдө соттолгон. Буга каршы көрсөтүлгөн реакция натыйжасында Ренессанс (доору) пайда болгон.

Азыркы күндө болсо, илим менен диндин байланышы мындайча түшүндүрүлөт: илим жана билимдин эч кандай мааниге ээ болбогондугун айтып, ырастоо – бул караңгылык жана фанатизм, билимден сырткары калган нерселерди кабыл албай, четке кагуу болсо – кадимки эле одонолук. Ал эми үйрөнгөн ар бир жаңы нерсе менен биле элек көп нерсе бар экендигин кабылдоо – бул илимий аң сезим жана акыл-ой багыты.
Илим менен техника адамга кызмат кылат. Мындан коркуш үчүн эч кандай себеп жок. Негизги коркунуч билимдүүлүк жана илимдин негизинде дүйнөнү курууда эмес. Чыныгы коркунуч – сабатсыздыкта, акылсыздыкта жана ошондой эле жоопкерчилик алуудан качууда.

Исламды Христийан динине салыштыруу туура эмес салыштыруу болот.Анткени Европа диндерин карманышкан кездерде маданийаттуу эмес эле,качан гана фанаттыкты ташташканда маданияттуу болушкан

Ошондой эле дин алардын ичинде үч жүз жыл, ич согушууларды натыйжаландырган. Деспот заалымдардын колунда кедейлерди, карапайым элди жана илимпоздорду эзип кыйноолорго себеп болгондугунан,алардын көпчүлүгүндө динге каршы убактылуу таарыныч пайда болгон. Исламда болсо тарых күбө бир жолкудан башка ич ара согушуу болгон эмес.

Ошондой эле мусулмандар качан динге карманышканда , ошондо өнүгүп өсүшкөн. Буга далил Европанын эң улуу устазы Андалусия Ислам мамлекети. Ал эми мусулмандар качан динден алысташканда, артта калып,бүгүнкүдөй абалга түшүшкөн.

Ошондой эле Ислам дини зекетти милдет сүткорлукту арам кылгандай миңдеген мээрдүү маселелер менен кедей- кембагалдарды коргогон сыйактуу “Акыл жүргүзбөйсүнөрбү ? Ой – пикир жүргүзбөйсүнөрбү ? Жакшылып ойлонбойсуңарбы ? сыйактуу сөздөрү менен акылды жана илимди күбө кылып илим жолундагыларды коргоо менен дайыма кедей кембагалдардын жана илим жолундагылардын чеби жана сактануучу жери болуп келген. Ошон үчүн Исламга таарына турган эч бир себеп жок.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны