Адеп Башаты » Илим-билим » Тоолордун кызматы

Тоолордун кызматы

Тоолордун кызматы

Куранда тоолордун маанилүү бир геологиялык ролуна көңүл бурдурууда:
«Биз, жер (адамдардын) анда чайпалбасын үчүн анда тоолорду (пайда) кылдык жана адашпасы үчүн анда кең капчыгай, жолдорду кылдык». (Анбия сүрөсү, 31-аят).

Көңүл буруп карап көрсөк, жер жүзүндөгү термелүүлөргө тоскоол болуучу өзгөчөлүгүнүн бар экендигин кабар берип жатат.

Курани Карим түшүрүлгөн учурда эч бир адам баласы белгилүү болбогон бул чындык, бүгүнкү күнүбүздөгү геологиялык ачуулардын натыйжасында маалым болду. Бул ачылыштарга караганда, тоолор жер жүзүнүн үстүңкү катмарын түзгөн чоң бөлүктөрдүн кагылышууларынан пайда болгон.

Эки чоң бөлүкчөлөр кагылышканда кату бөлүкчө тигинисинин алдына кирет. Үстүндө калган бөлүкчө түрүлүп көтөрүлөт жана тоолорду пайда кылат. Алдында калган бөлүкчө болсо, жердин астын көздөй өтө тереңдеп кирет. Б.а., тоолордун жер үстүндө көрүп турганчалык өлчөмдө жер алдында да ошончолук бөлүгү жатат. Илимий бир ачылыштын биринде тоолордун бул түзүлүшү төмөндөгүдөй баяндалат: «Тоолуу аймактарда тоонун жер алдындагы бөлүгү жердин мантиясына чейин кирип турат».

Куранда тоолордун бул ролу үчүн казыкка окшотот: «Биз жерди (бардык жандар турак-жай тутуп жашоолору үчүн) бир төшөк, тоолорду болсо (ошол Жерди кармап туруучу) казыктар кылып койбодукпу». (Наба сүрөсү, 6-7-аяттар).

Бул өзгөчөлүгү менен тоолор, жердин катмарларын бири-бирине байлап бекемдейт. Ушундайча жердин үстүңкү катмарын бекемдеп, магма катмарынын үстүндө же бири-биринин ортосунда жылышууларына тоскоол болот. Кыскасы, тоолорду тактайларды бириктирип кармап турган мыктарга окшото алабыз.

Жогоруда баяндалгандай, күнүбүздөгү изилдөөлөрдүн натыйжасында ачылган тоолордун бул кызматы, кылымдар мурда түшүрүлгөн Курани Каримде Алла Тааланын жаратуусундагы бир даанышмандык катары баяндалган.
Куранда башка бир аятта мындай деп айтылат: «Ал асмандарды силер көрө турган тирөөчтөрсүз жаратып, силерди силкиндирбестиги үчүн Жерде тоолорду орнотту жана ар түрдүү жаныбарларды таркатып, жайып жиберди. Ошондой эле биз асмандан суу, жамгыр жаадырып, (жерде) ар түрдүү пайдалуу (өсүмдүктүрдү) өстүрүп койдук». (Лукман сүрөсү, 10-аят).

Тоолордун кыймылдуу болушу


Куранда тоолор сыртынан көрүнгөндөй кыймылсыз эмес, ар дайым кыймылда экендигин айтат: «Сен тоолорду көрүп тек гана катып турат деп ойлоорсуң. Акыйкатта алар кадимки булуттар жүргөндөй жүрүшөт. (Бул) – баардыгын мыкты кылып жараткан Алланын буйругу. Албетте, Ал – силер кылып жаткан (бардык) иштерден кабардар». (Намл сүрөсү, 88-аят).

Тоолордун бул кыймылы, алар үстүндө турган жердин үстүңкү катмарынын кыймылы себептүү. Жердин үстүңкү катмары, андан дагы калыңыраак болгон мантия катмарынын үстүндө сүзүп жүргөндөй абалда кыймылда болот. Эң алгач XX кылымдын баш чендеринде Алфред Вегенер аттуу немис окумуштуусу, жер жүзүндөгү материктер жер жүзүнүн жаралышынын алгачкы учурларында бир гана бөлүктөн тургандыгы жана андан кийинки учурларда жылышып бири-биринен ажырап алыстагандыгын айткан.

Бирок геологдор, Вегенердин бул ачуулары туура экендигин ал өлгөндөн кийин 50 жылдан кийин 1980-жылдары гана биле алышты. Вегенердин 1915-жылкы бир макаласында жазылгандай жер жүзүндөгү кургактыктар 500 миллион жылча мурда бири-бири менен биригип турган жана Пангая деген ат менен белгилүү болгон бул чоң континент Түштүк уюлда жайгашкан болчу.

180 миллион жылча мурда Пангая экиге бөлүнгөн. Түрдүү багытты карай жылышкан бул эки чоң континенттердин биринчиси Африка, Австралия, Антарктика жана Индияны камтыган Гондвана эле. Экинчиси болсо, Европа, Түндүк Америка жана Индиясыз Азия материктерин камтыган Лаурасия болчу. Андан кийин 150 миллион жылдын ичинде түрдүү убакытта Гондвана жана Лаурасия дагы башка майда бөлүктөргө бөлүнүштү. Пангаянын бөлүнүүсүнөн пайда болгон континенттер жылына бир канча сантиметр ылдамдык менен түрдүү багыттарды карай жылышууда.

XX кылымдын баш чендеринде жүргүзүлгөн геологиялык изилдөөлөрдүн негизинде ачылган жер жүзүнүн үстүңкү катмарынын бул кыймылы илимий булактарда мындайча баяндалат: «…Жер жүзүнүн үстүңкү катмары жана мантия 10000 метр калыңдыгындагы бөлүкчөлөрдөн турат. Жер жүзүн түзүп турган алты чоң жана сан жеткис майда катмарлар бар. «Катмар тектоникасы» деп аталган теория боюнча бул катмарлар материктерди жана деңиз түптөрүн бирге алып жылып жүрүшөт. Континенттик жылышуулар жылына 1-5 сантиметрге жакын боло тургандыгы эсептелип чыгарылган.

Катмарлардын ушундай жылышууларынын натыйжасында жер жүзүнүн географиясында өзгөрүүлөр болот. Мисалы, Атлантика океаны жылына бираздан кеңейүүдө…».
Бул жерде баса белгилеп кетүүчү нерсе, Алла Таала тоолордун кыймылын «жылып жүрүү» деген сөз менен баяндаган. Бүгүңкү күнүбүздөгү окумуштуулардын термини «Continennal Drift» «Континенттик жылышуу» деген мааниге келет.

Илим жаңы гана ачып жаткан бул чындык, Курани Каримде баяндалуусу Курандын кереметтеринен бири экендиги шексиз.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны