Адеп Башаты » Илим-билим » Көзүңүздү сактай билиңиз

Көзүңүздү сактай билиңиз

Көзүңүздү сактай билиңиз
Көзүңүздү сактай билиңиз

Адам баласынын саламаттыгынын эң маанилүү элементтеринин бири болуп - анын көзү эсептелет эмеспи. Сиз айлана-чөйрөнү, жакын адамдарыңызды, жарык дүйнөнү көрө албаганыңызды элестетип көрүңүз. Ошондуктан, көздү өзгөчө кастарлап, аны "көздүн карегиндей сактоо керек" Тилекке каршы, жыл сайын көз оорулуулардын саны өсүп, эмгекке жараксыздардын катарын толуктап жатат. Ош шаарындагы медициналык социалдык эксперттик комиссиясынын төрагасы Үсөн Матисаков көз оорууну чакырган жагдайлар, анын алдын тууралуу
төмөнкүлөрдү билдирди.

- Акыркы убактарда көз оорусу менен жабыркаган бейтаптардын саны кескин көбөйдү. Бир жылдын ичинде эле көз оорунун айынан эмгеккке жараксыз болгондордун саны эки миңге жетти. Ал эми жаш балдардын саны 500гө чейин катталды. Бул илдеттин жайылып баратышынын негизги себеби көз ооруларын алдын алуучу жана дарылоочу мекемелердин материалдык базасынын өтө начардыгы эсептелет. Мурда дарыгерлер квалификациясын жогорулатуу үчүн чет өлкөлөргө барып окуп келишчү. Азыр мындай нерсе таптакыр жок. Бейтаптар да дары-дармектердин кымбаттыгынан улам врач жазып берген дарыны толук бойдон албайт. Көпчүлүк аймактарда көз дарыгери жетишсиз. Бул ооруну башка адистер дарылаганы менен тиешелүү деңгээлде жардам көрсөткөнгө мүмкүнчүлүгү жок. Мунун кесепетинен көпчүлүгү өнөкөт ооруга айланып, акырында сокур болгонго алып келет. Ошол себептүү жыл сайын көз майыптарынын саны өсүп баратат.
Көз оорунун айынан эмгекке жараксыз болуп калгандардын саны бир жылда эле эки миңге жетет. Ал эми жаш балдардын саны 500гө чейин жетет. Булардын санын азайтуу үчүн биринчи кезекте медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты жогору болушу керек. Ооруканаларда жатып дарыланганга шартты жакшыртуу керек. Көз ооруну аныктоочу аппаратуралардын дээрлик бардыгынын эскилиги жеткен.
Ар кандай оорунун алдын алуу ар бир жарандын өзүнүн милдети. Булардын баары ар бир адамдын маданий деңгээли жана жеке гигиенаны сактоодон көз каранды. Көпчүлүк илдеттер туура эмес тамактануудан да келип чыгат. Маселен, 40 жаштан өткөндөн кийин глаукома деген оору пайда болот. Мында көз басымы жогорулайт. Бул оору эч качан толук айыгып кетүүгө мүмкүн эмес. Сокурдукка чейин алып келет. Бирок, бардык эрежелерди сактап сокурдукка жеткирбей, көрүү мүмкүнчүлүгүн жаратса болот. Ушул курактан кийин карылыктын белгилери пайда боло баштайт. Бул курактан жогору болгондор мүмкүн болушунча көз айнек пайдаланышы керек. Мезгил-мезгили менен көз дарыгерине кайрылып, көз басымын текшертип турушу керек. Оорунун алгачкы белгилери башталар замат дарыгерге барса, көпчүлүк өнөкөт илдеттердин жолун бууган болот.
Биздин негизги милдетибиз ооруга чалдыккан бейтап дарыгерлерге кайрылып, ал жерден амбулатордук текшерүүдөн өтүп, бирок, дарыланып бүткөндөн кийин да айыкпаган учурда аларды эмгекке жарайбы, жарабайбы аныктап беребиз. Айрыкча пенсиялык куракка чейинки ишке жарамдуу жарандар эрте эле эмгекке жараксыз болуп калууда. Булар оорунун деңгээли боюнча категорияга бөлүнөт. Үчүнчү даражады майыпка эмгектенүүсү чектелүү болот. Бардык жумушка эмес, кайсы бир белгиленген жумушка жарашы мүмкүн. Биринчи группадагы майып кимдир бирөөнүн жардамына, көзөмөлүнө муктаж болуп калат. Экинчи группадагы майып болсо, эмгекке жарамсыз болот.
________________________________________




Буларды эч качан эсиңизден чыгарбаңыз
- Телевизор көргөндө телевизор көз менен бирдей
деңгээлде болушу керек;
- Эч качан жатып алып телевизор көрбөңүз;
- Жай мезгилдеринде күндөн калкалоочу көз
айнектердин да сөзсүз түрдө жашыл түстүүсүн тагыныңыз;
- Компьютерде иштегенде ар эки саатта эс алып туруңуз;
- Иштеген компьютериңиздин алдында кадимки
кактус гүлү турса да ашыктык кылбайт;
- Столго тийген жарык тиешелүү деңгээлде болушу
керек;
- Китеп окуган учурда көз менен китептин аралыгы
30-35 сантиметр болушу шарт;
- Автоунаада баратканда эч качан китеп, журнал
окубаңыз. Бул учурда көз менен китептин аралыгы
сакталбай, көзгө күч келтирет;
- Телевизор көрүп жаткан учурда эч качан
жарыкты өчүрбөңүз;
- Телевизор менен көрүүчүнүн аралыгы эки
метрден алыс болушу керек.

Көзгө жасалуучу көнүгүүлөр
Көзгө көп күч келүүчү жумушту аркаласаңыз кечинде көзүңүз кызарып, сайгылашып ооруп чыгаары анык. Өзгөчө мындай абал компьютерде иштегендерде кездешет. Төмөндөгү көнүгүүлөрдү кылдаттык менен аткарсаңыз көзүңүздүн ооруганы жеңилдейт.

1. Көзүңүздү 10 мүнөт жумуп туруңуз, андан соң гана 10-20 жолу бат-баттан ачып-жумуңуз. Көзүңүздү ачаарда чоң-чоң ачыңыз.
2. Көзүңүздү жумуп туруп, сөөмөйүңүздүн учу менен жумшак ушалап туруңуз, бул көнүгүүнү 30 секунд кайталоо керек.
3. Терезеге барып (бакты, үйдү ж.б.) бир обьектини 5 секунд, ал эми мурдуңуздун учун 3 секунд карап турсаңыз сизге оң натыйжа берет.
________________________________________



Оору деле өзүңүзгө байланыштуу
Адам баласындагы көптөгөн оорулар анын мүнөзүнө, жүрүм-турумуна да байланыштуу болорун көп жылдар бою изилдөөдөн кийин чет элдик дарыгер-илимпоздор чыгарган. Сынык жана жугуштуу ооруларды эске албаганда, көпчүлүк илдеттерди өзүбүзгө өзүбүз чакырат экенбиз. Андыктан мүнөзүбүздү оңдоо менен көптөн бери кыйнаган дарттан арылам десеңиз, төмөнкү материалга көз жүгүртүңүз.

Алысты көрө албасаңыз (близорукость) сиз эртеңки күнүңүзгө көп ишене бербейсиз, т.а. эртеңки күнүңүздү ойлоодон коркосуз, же күнүмдүк жашоо менен жашайсыз. Илимпоздордун айтымында, эгер өзүңүзгө ишенип, "Мениңизди" таба билсеңиз көзүңүз деле жакшы көрөт экен.
Жакынды жакшы көрө албагандар болсо, өзүнүн айланасындагыларды көрсө да көргүсү келбейт, көрүүдөн коркот. Алар көп учурда башка түшкөн проблемадан чыгуу кыйын, же чыга албайм деп ойлошот, б.а. "чымындан төө жасаган" адамдар. Алар өздөрүн токтоо жана сабырдуу алып жүрүүлөрү керек.
Тамак ооруга көбүнчө өтө каардуу адамдар чалдыгат экен. Эгер алар айланасындагы жана тааныштарына демейдегиден жумшагыраак мамиле кылса, бул оорудан арылат дешет илимпоздор.
Сынды көтөрө албаган, деги эле өзү жөнүндө сынды уккусу келбеген адамдардын кулагы ооруйт экен. Эгер угуунун маданиятын үйрөнсөңүз эле баары жеңил-желпи өтөт.
Жыныстык жактан ооругандардын дээрлиги стресстик абалга көп кабылат. Жашоо образын, жумушун, ал тургай хоббисин алмаштыруу да буга өбөлгө болот.
Башы көп ооругандардын жини чукул деп кое бериңиз. Алардын дээрлик көпчүлүгү бир жумушун бүтө элек жатып, экинчисине аракет кылган, бирок бирөөнү да жакшылап бүтүрө албаган адамдар. Эгер ар бир күнүңүздү өз иретинде пайдалана алсаңыз, баш оорудан оңой эле арылчудайсыз.
Бутуңуз ооруса, башка бирөөлөрдүн жакшы сапаттарын көрө билгенге жана өз алдынча болууга үйрөнүңүз. Ар дайым күмөн саноо менен жашоо бут ооруга алып келет.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны