Адеп Башаты » Илим-билим » Илим менен Куранды жайылтуу кызматы

Илим менен Куранды жайылтуу кызматы

Илим менен Куран жолунда ийги иштерди жасоо адам баласына көрсөтүлө турган эң маанилүү кызматтардын бири болуп саналат. Дене мүчөнүн жашоосу үчүн заттык азык кандай зарыл болсо, акыреттеги түбөлүк бакытка жетүү үчүн рухий азыктар ошончолук зор мааниге ээ. Бир адамды караңгылыктан жарыкка, ыймандуу жашоого алып чыгып, бузукулуктан куткарып калуу, бүтүндөй адамзатты куткарып калууга тете экени Куранда маалымдалган

Эми, ойлонуп көрөлү, жандүйнөнүн арууланышына себепкер болуу, бир пенденин ыйман жолуна түшүп калышына жардам берүү сыяктуу албан түркүн кызматка Кудай Таалам канча эсе сооп жазат болду экен. Маалым болгондой адампенде бул жалганга түбөлүк калуу үчүн эмес, жандүйнөсүн аруулап, ыроолонгон ырыскыдан азыктанып, ыйманга кубат берип, акыреттеги бейишке даярдануу үчүн жаратылган.
Кудай Тааланын теңдешсиз илим Ээси жана ошондой эле көрүнөөдөгүнү да, көмүскөдөгүнү да Билүүчү экенин даңазалаган көптөгөн көзөл ысым-сыпаттары бар. Пендезат адам деген атка татыктуу болуу үчүн Алла Тааланын илим сыпатынан өз насибин алууга аракет кылышы керек. Анткени илим – бул чоң казына, акылдын азыгы жана күч-кубаты. Ошол себептен шейх Саади: «Кимде-ким билимдүү болсо, ал – кубаттуу!» деген.

Илим бир гана билимдүүгө эмес, башка адамдарга да, жандуу-жансыз заттарга да пайдасы тийет. Анткени ак менен караны, жакшы менен жаманды, туура менен жаңылышты илим-билимдин жарыгы менен так жана даана айырмалоого болот. Андыктан, пайдалуу илим-билим менен алек болуу Алла Тааланын ыраазылыгын табуунун эң мыкты жолу жана улуу ибадат болуп саналат.
Ислам дини караңгылыктын, наадандыктын бардык түрүн четке кагат жана кескин түрдө сынга алат. Анткени түркөйлүктүн, караңгылыктын баарында каапырлыкка, бузукулукка, түркөйлүккө тартып кетүү коркунучу күчтүү.

Азирети Осмон (Алла ага ыраазы болсун) караңгылыкты берегидей тамсилдештирген:
«Караңгылыктын алжыган чобур унаа экенин ушундан билиңиз, мингендин шермендеси чыгат, андан түшпөгөндөр жолдон адашат».
Бардык илимдер Кудай Тааланын ааламга койгон мыйзам-эрежелерин гана иликтейт. Андан тышкары эч кандай ачылыш же жаңылык жасаганга илимдин дарамети жетпесин эстен чыгарбоо кажет. Демек, чыгыны илим – ошол эрежелерден жолго чыгып купуя сырларга умтулуу жана муну менен токтоп калбастан ааламдын купуя сырларынын нагыз башатына жетүү. Ошол себептен Мавлана олуя дүйнөлүк илимдердин дайрасында сүзүп жүргөн мезгилин «чийки экенмин» деп сыпаттаса, жогоруда айтылган аялуу сырлар илиминин казанында кайнап жүргөн мезгилин «быштым» деп, ал эми нагыз башатты тааныган учурун «күйүп баратам» деп сүрөттөгөн.

Демек, адам баласы үчүн эң пайдалуу илим – бүт нерсенин өзөк мазмуну, кашкайган акыйкаттар жана нукура баалуулуктар жазылган Ыйык Куран илими. Анткени Куран чыныгы илимдин Ээси саналган Алла Тааланын Китеби. Куранда айтылгандын баары адамзаадага Кудайды таанытат. Илимдин нагыз башатынын түйүнү мына ушунда жатат.

Алла Таала Өзүнүн Китебинде бизди бул улуу илимди алууга шыктандырат:
«Оо, Жараткан! Илимиме илим кош!» деп айт....» (Таха сүрөсү, 114-аят).
«... Алла Таала араңардагы ыйман келтиргендердин жана илимге эгедер болгондордун даражасын көтөрөт...» (Мужадала сүрөсү, 11-аят).
«Алла Тааладан илимдүү пенделери гана чындап коркот...» (Фатыр сүрөсү, 28-аят).
«Биз бул мисалдарды адамдар үчүн берип жатабыз, бирок муну илимдүүлөр гана түшүнө алат» (Анкабут сүрөсү, 43-аят).
Окуяны Кайс бин Касийр маалымдайт:
«Дамаскта жашаган Абу Дардага куттуу Медина шаарынан бир адам жолугууга келет. Келген коноктун максатын билүү үчүн Абу Дарда (Алла ага ыраазы болсун) андан сурайт:
– Тууган, мындай узак сапарга чыгышыңызга эмне түрткү болду?
– Пайгамбарымдын бир хадиси түрткү болду. Угушума караганда сиз ал хадисти Пайгамбарымдын өз оозунан уккан экенсиз. Ошондуктан алгачкы равинин (хадис айтуучу) өз оозунан угайын деп келдим.
– Келишиңиздин башка максаты бардыр?
– Хадистен башка эч кандай максатым жок.
– Соода-сатык боюнча максатыңыз жопу?
– Андай максатым да жок.
– Демек, бир хадисти жетик үйрөнүү үчүн гана келген турбайсызбы. Мен Азирети Пайгамбарымдын мындай дегенин укканмын: «Кимде-ким илим үйрөнүү үчүн жолго чыккан болсо, Алла Таала ал пендесине бейиштин жолун жеңилдетет. Периштелер илим алуучуларды жакшы көргөндүктөн аларды канаттары менен калкалап турушат. Асман-жердеги жаамы макулуктар, жадагалса суудагы балыктар да аалымдардын кечирилишин Алладан тилейт. Аалым менен жөн гана ибадат этип күн кечирген мусулмандын айырмасы он төрт күндүк толуп турган ай менен жылдыздардын ортосундагы жаркыраган өзгөчөлүккө окшош. Аалымдар пайгамбарлардын мураскери болот. Пайгамбарлар алтын, күмүштөрдү эмес, илимди гана мураска калтырган. Илим мурасына ээлик кылган адам анык таалайдын шагына конгон болуп эсептелет» (Тирмизи, Илим, 19/2682; Абу Давуд, Илим, 1/3641).

Жаратылыш Нуру (саллаллаху алейхи васаллам) илимдин изги артыкчылыгын башка хадисинде мындайча маалымдаган:
«Береги эки сапатка ээлик кылган адамга гана суктанууга болот. Биринчиси: Ыроолонгон мал-мүлктүн баарын Алла Тааланын жолуна сарптаган адам; Экинчиси: Алла Таала ыроологон илимге ылайык адилеттүү чечим чыгарган жана аны башкаларга үйрөткөн адам» (Бухари, Илим 15, Зекет, 5, Ахкам, 3, Ит-исам, 13, Тавхид, 45; Муслим, Мусафирийн 268).

Илим – жихаттын-күрөштүн бир түрү. Анткени жихаттын максаты адамдарга Ислам динин жеткирүү болуп эсептелет. Ачыгын айтканда топуракты канга чылоо үчүн белсенген күрөш эмес. Жерди басып алуу үчүн жүргүзүлгөн согуштар жүзү кара заалымдыкка жатат! Ошол себептен динибизде жихаттын эң маанилүү каражаты илим болуп саналат.

Азирети Пайгамбарыбыз мындай деген:
«Илим алуу үчүн жолго чыккан адам үйүнө кайтканга чейин Алланын жолунда (жихатта) жүрөт» (Тирмизи, Илим, 2/2647).
«Кимде-ким Исламды жандантуу үчүн илим жолунда жүрүп көзү өтүп кетсе, (даражасы өтө бийик көтөрүлгөндүктөн) ал адам менен пайгамбарлардын ортосунда бир гана даража калат» (Дарими, Мукаддима, 32).
Илим жана Куран жаатындагы иш-аракеттерде ак нисеттүүлүк менен ыкластуулук болушу керек. Алла Тааланын ыраазылыгы эске алынбаган Куран жана илим жаатындагы көрсөтүлгөн кызматтар адамга эч кандай пайда алып келбейт. Мындай кызматтар айрыкча, кызмат ээсинин такыбаалыгын талап кылат. Муну Сүйүктүү Пайгамбарыбыз өз сөзүндө тастыктап кеткен:
«Кимде-ким Алланын ыраазылыгын эске албастан, байлык жыйноо үчүн гана илим алса, акыретте бейиштин жытына зар болот» (Абу Давуд, Илим, 12/3664).

Илимдеги максат «илм-и наафи-пайдалуу илим» болушу керек. Пайдасыз, адамдардын ыйманына сокку ура турган маалыматтар менен шугулдануу – бул илим эмес. Мындай нерселер менен алектенгендер илимпоз эмес, ахлакты, ишенимди бузуучулар, акыретте тозоко отун болуучу адистер. Чыныгы илим өз ээсин Аллага моюн сунууга, изги амалдарга жана коомго кызмат кылууга шыктандырышы керек. Жараткан Алла илимдүүлөргө аныктама берүү менен бирге мындайча буйруган:
«Ал (каапырлар) – Аллага моюн сунуп, түн ичинде сажда кылган жана тик турган абалда (намаз окуп), акыреттен коркуп, Эгесинин ырайымынан үмүт кылган адам сыяктуу боло алмак беле? (Эй, Мухаммад!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?» деп айт. Чындыгында акыл ээлери гана (Курандан) насаат ала алышат» (Зумар сүрөсү, 9-аят).

Жараткан Эгебиз бул аят аркылуу төмөнкүдөй аалымдарды мактоого алат:
– Түн жарымда тик туруп, саждага баш коюп чын ыкластан намаз окуган,
– Алла Тааланын акыреттеги сурагынан жана жазасынан корккон, акыреттин камын көргөн,
– Чексиз Мээримдүү Алла Тааланын ырайымына тушугууну үмүт кылган жана ошого жараша мээнет кылган пенделер.
Аятта айтылган деңгээлге жетүү үчүн кайратты эркке бүлөп, анан да чындилден дуба кылуу зарылдыгы бар. Ансыз деле кемелине жеткен жандүйнөлөр такай дуба-тилек менен жашашат.

Илимдин пайда алып келиши, ылайыктуу, туруктуу амалга байланыштуу. Жүзөгө ашырылбаган билим, колдонулбаган маалымат ачылбаган китептерде калып кетет же кумга жазылган ариптердей акыл-эстен өчөт, унутулат.
Язид бин Салама (Алла ага ыраазы болсун) Алла Элчисинен өтүнөт:
– Пайгамбарым! Мен сизден көптөгөн хадистерди угуп, жаттап жүрөм. Улам жаттай берип, мурункуларды унутуп каламбы деп коркуп турам. Ошондуктан эсимден түк чыкпагыдай баарына тең келе турган бир сөз айтсаңыз.

Азирети Пайгамбарыбыз сахабасына берегидей нуска кеп айтат:
«– Билгендигиң үчүн Алла Тааладан корк (коркуу сезими ар дайым жүрөгүңдө жандуу болсун. Билимиңе жараша амал кыл, ошондо жаңы айтылгандарды унутпайсың)!» (Тирмизи, Илим, 19/2683).

Ыйык Куран бардык илимдердин булагы жана казынасы. Ошол себептен Куранды үйрөнүү жана анда айтылгандарды жүзөгө ашыруу эң шарапаттуу амал болуп эсептелет. Азирети Пайгамбарыбыз мындай деген:
«Куран-и Карим – ар түркүн каргашадан адамды аман алып чыккан Кудайдын сөзү. Анда силерден мурунку коомдордун кабары, кийинкилердин абалы, коомчулукта жараян эте турган окуялардын өкүмдөрү маалымдалган. Ал ак менен караны как жарган, пайдасыз эмес пайдалуу Китеп.
Андан баш тарткан азоону Кудай Таала азаптайт. Андан башка Жолду издеген пенделерди Ак Таала адаштырат. Ал Алланын кубаттуу жиби, зикири-хакими жана эң туура жолу. Ага баш байлаган адам эч убакта бузук жолго баспайт, аны сүйлөгөн тилдер жаңылбайт. Окуган аалым ага түк тойбойт. Көп ирет кайталангандыктан нукурлыгын эч убакта жоготпойт.

Адампендени таң калтырган мужизалык өзгөчөлүктөрү эч түгөнбөйт. Аны уккан жиндер:
«… Биз чынында таң калтырган Куранды уктук » дегенге аргасыз болгон. Ага таянып сүйлөгөн жандар жалаң туура сүйлөшөт. Куранга таянып өкүм чыгаргандар адилеттүү иш алып барат. Аны жүзөгө ашыргандар баар табат. Курандагы акыл-насааттарга, буйрук-өкүмдөргө моюн сунууга чыкырылгандар Туура Жолду табышат» (Тирмизи, Фадаилул-Куран, 14; Дарими, Фадаилул-Куран, 1).
Хасан Басрий мындай деген:
«Алла Таала пенделерине жүз төрт (104) китеп түшүргөн. Жүз төртүндө маалымдалган илимдерди Тооратка, Инжилге, Забурга жана Куранга камтыган. Эң аягында үч чоң китептеги илимдерди Куранга жыйнактаган» .
Таалими таза, жүрөгү пакиза Азирети Мухаммадка түшүрүлгөн жана анын турмушу аркылуу тафсир кылынган Куран-и Каримди элге жеткирүүгө кызмат кылуу – Пайгамбар ахлагынан үлүш алуунун эң мыкты жолу. «Силердин эң жакшыңар Куранды үйрөткөн жана үйрөнгөнүңөр» деген Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) Куран менен жашоонун айныгыс үлгүсүн үммөтүнө көрсөтүп кеткен. Ошол себептен Куран таалимин алуу ар бир мусулмандын эң башкы вазийпасы жана милдети. Ыйык Куранга бапестелген сүйүү жана өтөлгөн кызмат момун мусулмандыктын эн белгиси.

Жамаатты жана шакирттерди-окуучуларды сезимталдыкка жана акыл жүгүртүүгө жетелөө үчүн иралды илим менен Куранга кызмат кыла турган жарандардын жүрөгү Аллага бапестелген сүйүүгө ташкындап турушу керек. Анткени: «– Куран окуу үчүн кандай үн, кандай ыргак жакшы?» деген суроого Азирети Пайгамбарыбыз:
«–Куран окулган кезде Алла Тааладан коркууну кимден сезсең, ошол адамдын үнү жана кырааты эң жакшы» деп жооп берген (Дарими, Фадаилул Куран, 34).
Керисинче, тилден жүрөккө акпаган кыраат менен илим адамды Ыйык Курандын чексиз ой мухитине да, терең сезимталдыкка да тарта албайт.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны