Адеп Башаты » Илим-билим » Илим билим туурасында айтылган даанышман сөздөр.

Илим билим туурасында айтылган даанышман сөздөр.

Даанышман сөздөр.
Бул туурасында жүздөгөн сөздөр бар, бирок биз бул жерде пикир берүүсү үчүн биразын гана үлгү катары келтиребиз.
1) Аз Али(р.а) Кумайлга ушундай дейт. Эй Кумайл илим малдан дүйнөдөн жакшы илим сени коргойт, сен болсо дүйнөңдү коргойсун. Илим башчы болот, дүйнө болсо башкарылат. Дүйнөнү берсең азаят, илим болсо берген сайын көбөйөт.

2) Башка бир сөзүндө Аз Али(р.а) жаңы бир нерсе үйрөнбөстөн өткөзгөн, мен үчүн ал күндүн чыгуусунда пайда жок. Пайда, бала чака, мал көбөйтүүдө эмес, илимиңди арттырууда.
3) Илим менен кубатталбаган бийлик кулоого мажбур болот.
4) Зубайр бин Абу Бакр айтат: Иракта жүргөн кезимде атам мага жазган катында ушундай деп эскертиптир: Өзүңдү илимге бер эгер муктаж болсоң ал сага байлык болот. Эч нерсеге муктаждыгын болбосо анда ал сенин кадыр баркың болот.
5) Ибнул Мукаффа “Илим - ээси үчүн, бай кезинде кооздук, (зыйнат) башына мүшкүл иш түшкөндө куткаруучу болот” деген экен.
6) Абдуллах бин Мубарактан сурашат: Кечинде өлөсүз деп кабар беришсе анда эмне кылат элеңиз?-Туруп илим (бир нерсе) үйрөнгөнгө аракет кылат элем.
7) Наадандык – достордун эң жаманы, а билим – жолдоштордун эң ишенимдүүсү.
8) Качан ачуулануу түркөйгө келсе, ал кыйкырат, жер тепкилейт, ал эми билгенге келсе, ал дароо кандай чара көрүү керектигин ойлонот.
9) Аккан булакка таянбаган билим, эртели-кеч соолуйт.
Мухйиддин-и Араби билимден куру калуунун аны (Аллахты) танууга жол ача тургандыгын айткан. Ал эми Хаккы Бурсави мындай деген: “Илим - сабатсыздыкты жаап турган көшөгө. Жаман деп эсептелген сабатсыздык менен жакшы деп эсептелген билимдүүлүк бир жерге келип, бирикпейт.” Ниязи Мысри болсо, “Жүрөктүн азыгы – билим. Акыйкат илимин билүү – баарынан жогору турат. Себеби, акыйкат тууралуу билим... Аллахтын сырларына жетет. Жаш кезинде билим алууну четке каккан адам – жашоосунун акырында сөзсүз өкүнөт. Муну ишке ашырууга далалат кылат, бирок өмүрү жетпейт. Адам эң кымбат деп эсептелген жашоодогу байлыгын илимге жумшашы керек. Аалым илими менен, сабатсыз байлыгы менен...сыймыктанат.” деген.
Бул сөздөр аркылуу билим алууну ар бир момун мусулмандын парзы деп эсептеген, илим-билим алуу үчүн жолго чыккан адамга бейишти убада кылган Ислам дининин илимдин эң чоң жактоочусу болгондугу ачык байкалып турат.
Имам Газалинин илим менен байланыштуу айткан сөздөрүнө көңүл буралы: "Жарык дүйнөдөгү жана өлүмдөн кийинки бакыттын булагы – бул илим. Себеби, Аллахка болгон ишенимдин жоопкерчилиги акыл аркылуу кабыл кылынат жана кайрадан эле акыл аркылуу адам Аллахка жакын болууну көздөйт"
"Сел тоонун боорун кыйраткан сыяктуу эле, илим өзүн жакшы көрүп, бой көтөргөн адамдын текебердигин жок кылат"
"Ырайымдуулук жана чыдамкайлык – илимдин вазири, сылыктык жана кайрымдуулук – атасы, токтоолук жана жөнөкөйлүк - кийими" (14).
"Аалым киши билими менен башкаларды колдонгонду билген сыяктуу эле, анын билиминен башкалардын пайдалануусу керек экендигин да билет" (15).
"Адам билим алууга муктаждыгы болгон мезгилде аалым болот. Бардык илимдерге ээ болгондугун түшүнгөн мезгилден тартып, сабатсыздыкка түшөт."
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны