Адеп Башаты » Ислам » Исламдагы саламдашуу адеби.

Исламдагы саламдашуу адеби.

Исламдагы саламдашуу адеби.
Исламдагы саламдашуу адеби.

Салам адамдарды бири-бирине жакындаткан, жанаштырган достуктун белгиси. Салам берүү сүннѳт, ал эми кабыл алуу ваажиб. Бир хадисте: "Силер толук ыйман келтирмейинче бейишке кире албайсыңар. Бири-бириңерди жакшы кѳрмѳйүүнчѳ ыйман келтирген болуп эсептелбейсиңер. Силер аны кайдан табабыздеп сурай турган болcонор араңарда саламдашууну жайгыла." деп белгилеген.

Саламдашуу адебин тизмектейли.


1.Топтошуп тургандардын арасына барганда сүйлѳѳрдѳн мурун *Ассламу алейкум* деп салам берилет.
2. Эчким жок жерге киргенде *Ас- саламу алайна ва ала ибадиллахис солихин*.
3. Жолукканда салам берилгендей эле коштошуп жатканда да салам берилсе болот. Анткени Пайгамбарыбыз(саллаллаху алейху алейхи васаллам) *Топтун арасына киргениңерде салам бергениңердей эле, ал жерден кетээрде да салам бергиле* деп айткан.
4. Кичүүсү улууга, азы кѳбүнѳ, ат минип тургандар жердегилерге, басып бараткандар отургандарга, арт тараптан келгендер алдыдагыларга салам берүүсү керек.
5. Эгерде топтошкондорго салам берилгенде ичинен бирѳѳ *Ва алеейкум саалам* деп жооп берсе ал жердегилердин бардыгынан салам берүү милдети тушуп калат, эгерде эч ким жооп бербесе бардыгынын милдетине айланат.
6. Саламды алик албаган болбойт.

Саламдашууга оңтойсуз учурлар:

1. Салам жараткандын аты болгондуктан аны таза эмес жерлерде айтууга болбойт.
2. Арам иш кылганга салам берилбейт.
3. Куран окуган, хадис риваят кылган жана илим талкуусун жүргүзүп жаткандарга тоскоол болбоо үчүн салам берилбейт. Бул сооптуу иш аягына келгенде гана салам берилет.
4. Азан чакырып жаткан, намаз окуп жаткан, коомат айтып жаткандарга салам берилбейт.
5.Саламды алик ала албагандарга салам берүү макрух болуп саналат.
6. Саламдашуу достуктун белгиси, бирок саламдашып жатканда ийилүү макрух.
7.Саламдашууда кол алышуу да сүннѳт, Пайгамбарыбыз кол алышуу саламдашууну толуктап турарын белгилеген. Дагы башка хадисте эки мусулман жолугуп кол алышкандан кийин Алла Тааладан бири-бирине күнѳѳлѳрү кечирилүүсүн каалашкан болсо Алла алар коштошо электе күнѳѳлѳрү кечиреле тургандыгы айтылат.(Абу Давуд Адеп)
Печаттоо
 
 Статусу:
24 октябрь 2014 18:27
Жорум #1


Тайпасы: Меймандар
Катталганы: --
Жорумдары: 0
Макалалары: 0
кыздарга башкача айтканда эркек балдар салам бергенде биз алик алсак болобу?
 
 
 Статусу:
1 декабрь 2014 21:04
Жорум #2


Тайпасы: Меймандар
Катталганы: --
Жорумдары: 0
Макалалары: 0
nargiza,
Наргиза эже, сиздин суроонузга жооп берип койоюн. Эгер сизге чоочун эле балдар мусулман болсо да салам берсе, сиз аларга жооп бербесеңиз болот (мусулмандык милдетимди аткарбай калдым деп)кабатыр болбонүз.

себеби шариятта мындай : Эркектер чоочун(махрам эмес, махрам-бул нике жүрбөй турган.) кыз кишиге салам берүү туура эмес(не желательно), егер ошол кыз жаш болуп,өзүнө тарта турган деңгээлде болсо. Эгер салам берилген учурда да кыз жооп бербеш керек. Ал эми кыздын өзү да чоочун балага салам берүүсү болбойт. Фитнадан сактаныш үчүн.
Эгер жамааттын арасында болуп калсаңыз, мисалы аудиторияда агай жээ башка сырттан кирип келип салам берсе анда алик алсаңыз болот.
 
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны