Адеп Башаты » Ислам » Тазалык жана анын мазмуну

Тазалык жана анын мазмуну

Тазалык жана анын мазмуну

Ислам динибизде тазалык өзгөчө маанилүү орунду ээлейт. Улуу Алла Тааланын алдында туруп ибадат кылуу үчүн дене, кийим жана намаз окуучу жерлер, асыресе жүрөктүн таза болушу баса белгиленет. Куранда тазалыкка айрыкча маани бергендер Алла Таалага жагымдуу иш экени эскертилген:
إِنَّ اللهَ يُحِبُّ التَّوَّابِينَ وَيُحِبُّ الْمُتَطَهِّرِينَ
«Чынында Аллах тобо кылуучуларды жана тазалангандарды жакшы көрөт».

Сырткы тазалыкка салыштырмалуу ички тазалык, же жүрөк тазалыгы өзгөчө маанилүү. Себеби сырты жалтырап турганы менен жан дүйнөсү кир бойдон калган адам эч качан чыныгы ыймандуулукка жете албайт. Алла Таала жазадан кутулуп, түбөлүк бакытка кол берүүчүлөрдүн башкы сыпаты тазалык экенин баяндаган:
قَدْ أَفْلَحَ مَنْ تَزَكَّى، وَذَكَرَ اسْمَ رَبِّهِ فَصَلَّى.
«Толук тазарган жана Аллахтын атын эске алып намаз окуган адам, эңсегенине жетет».

Ошондой эле Куранда кийим менен ибадат жайлардын тазалыгына маани берүү керектиги эскертилген.
Пайгамбарыбыз (САВ) тазалыктын маңыздуулугу жөнүндө мындай деген:
«Тазалык – ыймандын жарымы».
«Аллах таза, тазалыкты жактырат».

Жогорудагы аят жана хадистерден тек гана шаркырата суу куюнуп, самындап дененин сыртын жууп-тазалап, ошол эле учурда дененин ичиндеги руханий дүйнөнүн моралдык кирлерине көңүл бурбай таштап коюу туура экенин түшүнүүгө мүмкүн эмес. Ушундан улам ислам аалымдары тазалыкты төмөнкүдөй төрт түрго бөлүп чечмелеген:
1. Дененин, кийимдин жана намаз окуучу жайдын таза болушу. Дааратсыздыктын суу же таяммум менен кетирилиши, ушул түргө кирет.
2. Дене мүчөлөрүн ушак-айың, арам жеш, кыянаттык кылуу, калп айтуу сыяктуу күнөөлөрдөн таза сактоо. Бул такыба адамдардын ыйманын арттыруу аркылуу тазалануу түрү болуп саналат.
3. Ички дүйнөнүн ичи тарлык, менменсинүү, көйрөщдүк, ачкөздүк, кекчилдик ж.б.у.с. моралдык-психикалык дарттардан тазарышы. Алардын ордун кичи пейилдик, тобо, сабырдуулук, дилгирлик, үмүттүүлүк, сүйүү сыяктуу асыл сапаттар менен толтуруу. Бул - такыба адамдардын ыйман даражасы.
4. Ички дүйнөнүн Алла Тааладан башка бардык нерселерден тазаланышы. Бул «Лаа илааха иллаллох» (Аллахтан башка кудай жок) деген тавхид сөзүнөн журоктөн толук орун алышын көрсөтөт.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны