Адеп Башаты » Ислам » Ислам дини

Ислам дини

Ислам дини

Ислам деген сөз «тынчтык, амандык, баш ийүү» маанисиндеги «Силм, Салам» деген арабча сөздүн уңгусунан чыгып, «Алла Таалага баш ийүү, Анын буйруктарына моюн сунуу, тынчтык жолуна кирип бейпил өмүргө аттануу, ар бир адамга, кала берсе, ар бир нерсеге бекем ишеним менен мамиле жасоо жана колунан-тилинен бирөөгө жамандык жетпөө» деген маанилерди билдирет.

«Дин» деген термин кыргыз тилибизге араб тилинен кирген болуп, лексикалык жактан «акыбет, жаза, эсеп, өкүм, саясат, баш ийүү, сыйлык, коом, шарият» сыяктуу бир топ мааниде келет. Ислам аалымдары динге мындайча аныктама берип баяндашат: «Дин – адамдарды өз каалоо-эрктери менен жакшылыкка баштоочу Алла Тааланын мыйзамдарынын жыйнагы». 




Бул мыйзамдар жыйнагы Алла Таала жөнөткөн өзгөчө жөндөмдүү адамдар – Пайгамбарлар аркылуу жүзөгө ашырылып, адамзатка жеткирилген. 

Ислам – Алла Тааланын аяндарына негизделген, Пайгамбарыбыз аркылуу бизге жеткирилип, иш жүзүндө өмүр чындыгы катары жашап, ары жашатылган Ааламдык диндин аты.

Ислам дини жалпысынан ишенимдик, турмуштук жана Ахлактык өкүмдөрдү өз ичине камтыган. Ошондуктан Исламдын бардык өкүмдөрү, жол-жоболору, эң майда деталдары менен кошо турмушка ашырылуусун дин деп атайбыз. Демек, динди тек гана «ички ишеним» маселеси деп түшүнүү чоң жаңылуу болуп саналат.
Исламдын түпкү өзөгү ыйман жана бекем ишеним. Башкача айтканда, Алла Таалага байланыштуу ыйык акыйкаттарга кынтыксыз түрдө бекем ишенип, жүрөгүн Алла Таалага арноо. Исламдын туу чокусу болсо – өз жоопкерчиликтерин Алла Тааланы көрүп тургандай жана Алла Таала да көрүп тургандай толук, бийик аң-сезим менен аткара билүү (Ихсан) жана жасаган-жасай турган ар бир нерсени, ишти Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн жүзөгө ашырууга аракеттенүү (Ихлас) болуп саналат.
Мусулман же муслим: Ислам дининин жол-жобоолоруна баш ийген, тынчтыкты, бейпилдикти өмүр өрнөгү катары көрсөтө билген адам. Бул атты Алла Таала Курани Каримде өзү берген: 

هُوَ سَمّاَكُم الْمُسْلِمِينَ مِنْ قَبْلُ وَفِى هَذَا



«Мындан илгери да, ушул Куранда да, Ал силерге «мусулман» деген атты койгон». Ошондуктан мусулман адамды «Исламист» деп атоо таптакыр туура эмес.
Момун: ишенимдүү, жарамдуу, Алла Таалага ишенип, чын жүрөгүнөн терең моюн сунган адам. Жеке мааниде Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жолго койгон динине ишенип, бул динди бекем тутунган адам. Момун жана мусулман деген терминдердин ортосунда бир аз айырма бар болсо да, демейде маанилеш (синоним) сөз катары биринин ордуна бири алмаштырылып колдонула берет.
Жүрөгүнөн ишенбей туруп дин жобоолорун көрүнүштө гана аткаруу – мунафыктык (эки жүздүүлүк), ал эми, ишеними бар болсо да дин жобоолорун аткарбоо же жаман иштерди жасоо – фасыктык (бузукулук) болуп саналат. Бузукулукка жакын адамдын ыйман-ишеними бар болсо эле, тообо кылып, кечирим тилөө жолу менен дин жолуна түшүү мүмкүнчүлүгү бар болгондуктан; ал эми дин жоболорун толук аткарбаган адам аларды көзгө илбей же жокко чыгарбай турган болсо эле, мындай адамдарга каапыр (дин душманы) деп өкүм берүүгө болбойт.


ИСЛАМ ДИНИ – ААЛАМ ДИНИ

Ислам дини – ыйык диндердин эң акыркысы. Ошондой эле өзүнүн оргиналдуулугун сактап турган бирден бир дин. Ислам динин өз өмүрүнө өрнөк кылып бизге жеткирген Мухаммед Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) да Пайгамбарлардын эң акыркысы. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ыйык диндердин эң соңку тыянагын чыгарган. Анын Пайгамбарлыгы кандайдыр белгилүү бир коом же улут үчүн эмес, бүткүл адамзат дүйнөсү үчүн белгиленген. Андан мурунку Пайгамбарлар тек гана өздөрү жөнөтүлгөн коомчулукка кайрылып: «Оо, коомум, оо, элим!» дешкени белгилүү. Ал эми Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Курани Каримдин бир топ жеринде көрсөтүлгөндөй, «Оо, адамзат!» деген ыкмада бүткүл адам баласына кайрылган.
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) менен анын милдеттенмесинин ааламдык өзгөчөлүгүн көрсөткөн көптөгөн аят-Хадистер бар. Мисалы, мына бул аяттарда Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) мезгил-мейкиндиктен ашкан милдеттенмеси, элчилиги өтө ачык туюнтулган:

وَمَا اَرْسَلْنَاكَ اِلاَّ رَحْمَةً لِلْعَالَمِينَ



«Биз сени бүт ааламга камкорчу кылып жөнөттүк». 

قُلْ يَآ اَيُّهَا النَّاسُ اِنِّى رسُولُ اللَّهِ اِلَيْكُمْ جَمِيعًا



«Айт: Оо, адамзат! Мен силердин баарыңарга Аллах жактан жөнөтүлгөн элчимин». 
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Куранда өзү жөнүндө айтылган мындай өзгөчөлүктү көптөгөн Хадистеринде да баяндап өткөн: «Ар бир Пайгамбар өз коомуна жөнөтүлгөн. А мен болсом бүткүл адамзатка жөнөтүлдүм...». 
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) жеткирген Ислам дининин өкүмдөрү, жол-жоболору эч кемтиксиз, толукшуган системаны түзүп турат. Андыктан ал түрдүү заман, түрдүү жерлерде жашоочу бардык улуттардын жана коомчулуктардын көйгөйлөрүн чечүүгө, муктаждыктарын камсыз кылууга жеткиликтүү, терең, бай көрөңгөнү камтыган. Ислам дини өзүнөн мурун жөнөтүлгөн бардык Пайгамбарларды жана аларга берилген бардык ыйык китептерди моюндайт. Курани Карим кыяматка чейин бүткүл инсанияттын керегине жарап, издегенин колуна берип туруучу эң соңку, эң толук, кемтиксиз китеп. Ал баягыда жаңы түшкөн оригиналдуулугун, тазалыгын сактап тура берчү жападан жалгыз ыйык китеп. Демек, Курани Каримге ишенген адамдар анын дүйнөлүк, ааламдык өзгөчөлүктөрүнө ылайык ааламдык масштабда Алла Тааланын улуу динин жаюусу, асыресе өмүрүнө өрнөк кылып жашай билүүсү керек.


Ислам дининин жашоо көз карашы

Адамдар бул дүйнөгө сыноо үчүн жаралат. Адамдын өмүрү бир түрдүү сыноо. Бул өтө маанилүү тема Курани Каримде ачык-айкын түрдө баяндалган:

اَلَّذِى خَلَقَ المَوْتَ وَالحَيَوةَ لِيَبْلُوَكُمْ اَيُّكُمْ اَحْسَنُ عَمَلًا وَهُوَالْعَزِيزُالْغَفُورُ



«Ал силердин кайсыңардын жакшы иш жасаарыңарды сыноо үчүн өлүмдү жана тирүүлүктү жараткан. Ал эң кудуреттүү да, кечиримдүү». 
Бул дүйнө, жер бетиндеги жашоо убактылуу гана турак-жай болгондуктан, адамдар бир мезгилге чейин бул жерде турган соң түбөлүктүү дүйнөгө кетишет. Бул дүйнө акыреттин утурумдук дайындык мекени. Адамдар бул мекенде Алла Таала арнаган материалдык жана моралдык нарктар менен сыналат. Адамдын өмүрү – анын дасмиясы. Ошондой эле адамдын денеси, акылы, берилген мүмкүнчүлүк жана өзгөчөлүктөрдүн ар бири адам үчүн сыноо каражаттары болуп саналат. Алла Таала адамга багыштаган ушунча сонун сыйларды бейиш жайга ээ болуу үчүн кайрадан өзүнө сатылуусун сунуш кылган:

اِنَّ اللَّهَ اشْتَرَى مِنَ المُؤْمِنِينَ اَنْفُسَهُمْ وَاَمْوَالَهُمْ بِاَنَّ لَهُمُ الْجَنَّة



«Аллах ыймандуулардын жандарын, байлыктарын аларга бейишти берип айырбаштап алды». 
Алла Тааланын чексиз мээрим-боорукерлигине ой жүгүртүп көрөлү: Ал өзү адам баласына сыйга арнаган жанын, байлыгын, тирүүлүк-жашоосун кайра өзү бейишке айырбаштап сатып алууну каалайт. Аларды түпкүлүгүндө өзү берген эле да?! Адам баласы өз өмүрүн Алла Тааланы кубанткыдай баалуу мазмунга ээ кыла алса, анда бул дүйнөдө да, акыретте да бакыт-таалайга жеткени. Эң оболу, Алла Таала адам баласына берген эң чоң белек – бул ыйман келтирүү. Ыйман – бейиштин үрөнү сыяктуу. Ыйманга толгон жана дайыма Алла Таала менен тыгыз байланышта өткөн бир куттуу өмүр чыныгы бейкуттуктун, бак-таалайдын кайнары.
Адамзат Алла Таала буюргандай ибадат (кулчулук) кылып, арам жана күнөөлөрдөн сактанып, өзүнө берилген мүмкүнчүлүктөрдү пайдалуу соодага колдоно алат. Байлыгынын, артыкчылыгынын, жөндөмүнүн зекетин, садакасын берүү аркылуу бул пайдалуу сооданын жолун табат. Дегинкиси, адам баласы Алла Таала өзүнө берген ар бир жакшылык-сыйды Алла Тааланын ыраазычылыгына ээ болу жолунда гана колдонуп, ушул жолдо дайыма жүрө алса, ага бейиштин жолу ачык. Адамды Алла Тааланын ыраазычылыгына жеткирүүчү жол – Ислам жолу болуп саналат.

Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны