Адеп Башаты » Ислам » Ислам дининин адамдарга койгон бүткүл ааламдык максаттары

Ислам дининин адамдарга койгон бүткүл ааламдык максаттары

Ислам дининин адамдарга койгон бүткүл ааламдык максаттары

Адам баласы табигый жаратылышы жагынан жеке жана коомдук укуктарга ээ. Тарыхый барактарга көз жүгүртсөк, айрым доорлордо адам баласынын табигый укуктарынын тебеленип келгендигин көрөбүз. Натыйжада адамдардын жеке жашоосунда жана коом ичинде кыйынчылыктар, айрым учурларда тартипсиздик, мыйзамсыздык өкүм сүрүп келген. Ал эми диндердин жана пайгамбарлардын келүүсү жана максаты, хаостон адамдарды куткарып, бактылуулукту, тынчтыкты, коопсуздукту орнотууну болуп саналат. Ислам дини адамдардын табигый укуктарын төмөндөгү беш максаттын ичине топтогон:



Адам баласы табигый жаратылышы жагынан жеке жана коомдук укуктарга ээ. Тарыхый барактарга көз жүгүртсөк, айрым доорлордо адам баласынын табигый укуктарынын тебеленип келгендигин көрөбүз. Натыйжада адамдардын жеке жашоосунда жана коом ичинде кыйынчылыктар, айрым учурларда тартипсиздик, мыйзамсыздык өкүм сүрүп келген. Ал эми диндердин жана пайгамбарлардын келүүсү жана максаты, хаостон адамдарды куткарып, бактылуулукту, тынчтыкты, коопсуздукту орнотууну болуп саналат. Ислам дини адамдардын табигый укуктарын төмөндөгү беш максаттын ичине топтогон:

а) Мал-мүлктү коргоо
Адам баласы материалдык муктаждыктарын толуктоо үчүн заманга жана коомдук шарттарга жараша эмгектенүүсү, өндүрүүсү керек. Курани Каримде: “Адамдардын арасынан кээ бирөө: “Оо, Эгем! Бизге үлүшүбүздү дүйнөдө бер!”, - деп айтат. Ал акыретте үлүштөн кур калат. Алардан бирөө: “Оо, Эгем! Бизге дүйнөдө да жакшылык бер, акыретте да жакшылык бер, бизди тозок азабынан куткар!”, - деп айтат.” деп айтылат. Адам баласы өз карамагындагы ар кандай экономикалык же социалдык баалуулуктарын коргоочу жандык. Адамзат жашоосуна терс таасирин тийгизген паракордук, уурулук, ысырапчылык, кумар ж.б.у.с. тетири жол менен киреше табууга Ислам дини катуу тыюу салган.
“Алар өздөрүнө тыюу салынганына карабастан сүткордук кылышканы себептүү, акысы жок болсо да адамдардын мал-мүлкүн жегендиктери үчүн Биз алардын арасынан чыккан каапырларга оорутуучу азапты даярдадык.” “Ортоңордогу мал-мүлк, байлыкты (бири-бириңердин акыңарды пара берип, пара алып, арамдан жебегиле) өз ара арам жолдор менен жебегиле жана күнөө экенин билип туруп адамдардын байлыгынын бир бөлүгүн жеш үчүн (пара берип маселе чечиш үчүн) акимдерге (башчылар, жетекчилер сыяктууларга) алып барбагыла.”
Үстүбүздөгү кылымда технологиялык күчтөр жана экономикалык жарыштын эң маанилүү негизи болгон кен байлыктар (булардын ичинен эң көрүнүктүүсү нефть) өткөн замандарга салыштырмалуу талаш-тартышты өтө көп санда жаратууда. Учурдагы саясий, аскердик жана экономикалык жаатташуулардын эң негизги себекерлер мына ушулар. Баардыгыбызга маалым болгондой терроризм, жакырчылык, билимсиздик, кылмыштуулук өңдүү оорчундуу проблемаларга белчесинен баткан өлкөлөр, кен байлыктарга бай болгон өлкөлөр болуп эсептелет. Дүйнөдөгү күчтүү өлкөлөр баалуу кен байлыктарга ээ болуу үчүн бул өлкөлөрдүн ичинде терроризмди анын артынан жакырчылыкты жаратууда. Тилекке каршы бүгүнкү күндө технология жана экономика абдан өнүккөнүнө карабастан, ачкачылыктан өлүп жаткан адамдар миңдеп саналат. Курани Карим булардын себебин мындайча баяндайт: “Жок! Балким силер өзүңөр жетимге кам көрбөй жатасыңар, жардыларга даам берүүгө үгүттөбөйсүңөр, мураска калган мүлктөрдү (кыянаттык менен) сугунуп, жеп жатасыңар. Байлыкты абдан эле жакшы көрөсүңөр.”

б) Жанды коргоо
Адам баласынын өмүрү Ислам дини үчүн ыйык жана куттуу болуп эсептелет. Өмүргө кол салуу (адам өлтүрүү) ширк, куфр сыяктуу чоң күнөөлөргө кирет. Ислам дининде бир адамды өлтүрүү, баардык адамдарды өлтүргөн кылмышка тете, эгерде кимдир бирөөнүн өмүрүн сактаса, баардык адамдардын өмүрүн сактаганга тете. Адам өлтүрүү - эң оор кылмыш. Курани Карим адам өлтүрүүнүн оор кылмыш экендигин төмөндөгүдөй баяндайт: “... Ким акысыз адам өлтүрүп, же жер жүзүнө бузукулук таратса, анда ал баардык адамдарды өлтүргөнгө тете. Ал эми кимде-ким адам өмүрүн сактаса, ал баардык адамдардын өмүрүн сактап калганга тете” Бул нерсе адамдын өмүрүнө болгон сый-урмат жана ыйыктуулуктун эң ачык далили. Башка аяттарда да адам өлтүрүүнүн арамдыгын мындайча баяндайт: “Эгер ким мусулманды атайлап өлтүрсө, анын жазасы – тозок. Тозокто түбөлүк калат. Ага Аллахтын ачуусу келип, Анын каргышына калат. Ага улуу азап даярдап койот.” , “Аллах тыюу салган эч бир жанды укуксуз түрдө өлтүрбөгүлө” , “Айт: “Келгиле, мен силерге Эгеңердин арам кылганын окуйун: “Ага шерик кошпогула ... Аллах (өлтүрүүнү) тыюу салган жанды өлтүрбөгүлө! Силер ойлонууңар үчүн, ал силерге мына ушуларды насаат кылат”.
Дүйнө жүзүндөгү эч бир дин өмүргө кол салууга уруксаат бербеши шексиз. Бирок 19–кылымдын ортосунан баштап, жаңы кейип кийген дүйнө жүзүндө өтүп кеткен кылымдардан да көп адамдардын өлтүрүлүүсүн эмне менен түшүндүрөбүз? Тарых бул кылымдарды адамдар Исламдын чегинен чыгып, Жаратуучуга баш ийбеген жана мал-мүлк үчүн бири-бирин талап-тоногон кылым катары эскерип калаары бышык.
Ислам дини зулумдук жана канкордук мындай турсун, атүгүл, булардын тамашасына да тыюу салган. Мындай тыюу салуулар бир гана адамдын өмүрүнө эмес, анын мал-мүлкүнө, намысына жана абийирине да тиешелүү болгон баардык зулумдуктар кирет. Аз. Мухаммад (с.а.в.) хадисинде мындай дейт: “Араңардан эч кимиңер бири-бириңерге курал такабагыла. Анткени, араңарга шайтан кийлигишип, кокустан күнөөсүз адамды жарадар кылып же өлтүрүп алып, тозоктун түбүнө түшүп калбагыла. Куран адамдардын бул сыяктуу кемчиликтерин мындайча айтат: “Аныгы – инсан катуу адашат, чектен ашат. (Анын чектен ашышы) өзүнүн байыганын көргөн кезде болот. Акыйкатта, (эй, инсан) өз Эгеңе кайтып баруу бар.”

в) Акылды коргоо
Баардыгыбызга белгилүү болгондой адамды айбандан айырмалап турган касиет бул – акыл. Адам баласы акыл ээси болгондукан ага жоопкерчилик жүктөлүп, жашоо түрүн тандоодо эркин укук берилген. Коркунуч, зордук-зомбулуктар адамдын акылына терс таасирин тийгизери шексиз. Акылдын таза өөрчүп өсүшү үчүн тарбия жана билим алуу өтө маанилүү болуп саналат.
Курани Каримде “акыл” сөзү туундулары менен биргеликте кырк тогуз жерде кездешет. Куранда адамзат жашоосунда пайдалуу жакка колдонуусу үчүн микро жана макро ааламдан үлгүлөр берилген. Айрыкча адамзат тарыхынан айрым окуяларды баяндайт. Теорияга таянбастан ар дайым реалдуу нерселерди сунат. Анткени Куран ар дайым адегенде адамдарды илимий далилдер менен ынандырып, андан кийин акылдары менен калчап, өздөрүнө тиешелүү сабактарды чыгарып алууларын көздөйт. Берилген үлгүлөрдү пайдаланып, алдыга жылууну каалайт. Ошондуктан Куранда кандайдыр бир окуяны баяндагандан соң, акылды колдонууну, ойлонууну кайталайт. Маселен, “... Так ушунда ойлонгон коом үчүн белгилер бар.” , “... Аллах силерге (ушундайча) насыят берет. Балким түшүнөөрсүңөр.” , “... бирок муну акыл жүгүрткөндөр гана эске алышат.” , “... Акыл калчагандар насаат алышсын!”
Ошондой эле наркотикалык жана алкоголдук сыяктуу акылдын функциясына залакасы тие турган нерселер арам болуп саналат. Ал эми терроризмдин финансылык булагы наркосоода экендиги баардыгыбызга белгилүү болгон чындык.
Ойлонуу жана абийир эркиндиги, өмүр коопсуздугу жана материалдык муктаждыктар өңдүү нерселердин жетишсиздиги адамдын туура ойлонуусуна тоскоолдук кылат. Терроризм оту жалпысынан өнүкпөгөн өлкөлөрдө жана адилеттүлүк болбогон жерлерде тутанууда. Террордук кылмыштар болгон жерлерде жумушсуздук жана жакырдык байкалат.

г) Муунду коргоо
Өзүнөн кийинки муунду корго адам баласынын эң негизги (материалдык жана моралдык жактан) укуктарынын бири. Муундун улануусу жана таза болуусу үй-бүлөнүн таза болушу дегендик. Ал эми үй-бүлө болсо, коомдун пайдубалы болуп эсептелет. Ислам дини үй-бүлөлүк түзүлүштү, тынчтыкты жана бактылуулукту талколоочу бардык жаман көрүнүштөргө тыюу салат. Уллу Аллах Таала мындай дейт: “Ал узаган соң, жер бетинде бузукулук кылуу үчүн эгиндерди, төлдөрдү (адамдарды жана айбанаттарды) кыйратууга аракет кылат. Аллах бузукулукту жакшы көрбөйт.”
Ислам дини адеп-ахлак баалуулуктары катары абийирдүүлүктү, ар-намыстуулукту, улууларга урмат жана кичүүлөргө ызаат, ата-энеге сый-урмат; үй-бүлөлүк баалуулуктар катары аял укуктарынын сакталышы, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бирине болгон милдеттери, зинанын тыюу салынышы сыяктуу негиздер аркылуу муунду коргоону ар дайым алгачкы планга койот.
Адам баласынын тарбия алып жаткандагы эң маанилүү азыгы - “сүйүү, боорукердик жана мээримдүүлүк”. “Ага байыр алууңар үчүн өзүңөрдөн жубай жаратып, ортоңорго махабат жана мээримдүүлүк берип койгону да – Анын белгилеринден. Чындыгында, ой жүгүрткөн эл үчүн ушуларда белгилер бар.”
Терроризмдин максаты коркутуу же зордук-зомбулук, ал эми муундун саламаттыгынын эң негизги элементи болсо, сүйүү, боорукердик жана мээримдүүлүк болуп эсептелет. Учурдагы жыргалчылык ичинде жашап жаткан коомдордо да, жогорудагы баалуулуктарды көрүү кыйын.

д) Динди коргоо
Ишенүү – адам баласынын жаратылышындагы табигый сезими жана жашоосунун эң маанилүү элементи. Адам да, адамзат да ар дайым динге муктаж. Анткени дин анын руханий өзөгү. Өзөгү жок дарак кулап калгандай эле, дини жок адамдын да руханий таянычы болбойт. Пайгамбарлар бул жагдайды төмөндөгү эки негизде сакташкан:
1. Аллах Таала тарабынан жиберилген диндин оригиналдуулугун сактоо үчүн Жаратуучуга эч кандай ортомчу кошпоолору боюнча тынымсыз басым жасашкан. Тагыраак айтканда Алланын бардыгына жана бирдигине бекем ынанууга чакырышкан. Мындай ишеним “тавхид” ишениминин бузулбастан улануусуна өбөлгө болот. Бул маселе боюнча Курани Каримде мындайча айтылат: “Ал (Аллах) силерге периштелерди жана пайгамбарларды өзүңөргө кудай кылып алууга буюрбайт. Силерди мусулман болгонуңардан кийин (Аллахтын жалгыздыгын таанып, Ага толук моюн сунуп) кайра каапырлыкка буюрмак беле?!” “... Жалгыз Аллахка кулдук кылалы, Ага эч нерсени шерик кылбайлы. Ошондой эле, Аллахтан башканы – бири-бирибизди кудай кылып албайлы ...”
2. Кандайдыр бир динге кирүүсү үчүн коркутуу, зордоо сыяктуу кылмыштар тыюу салынган. Адам баласына жакшы-жаман жол, экөөсү тең бирдей көрсөтүлгөн. Эркин каалоосу менен көңүлүнө жакканын тандап алууга укуктуу. Кылган жакшы-жаман иштери үчүн бир гана өзү жооптуу. Курани Каримде бул жагдай минтип баса белгиленет: “Динде зордоо жок. Чындыгында тууралык менен азгырыктын ажырымы айкын болду.” Алгач, Аз. Пайгамбар Мухаммад Мекке жана Мадина доорунда, ошондой эле тарых боюнча мусулмандар бул принциптин алкагынан чыкпастан, башка диндердин мүчөлөрү менен дайыма тынчтыкта жашашкан. Атүгүл, дини башка адамдарды мыйзамдык жактан да коргошкон. Мунун далили катары мечит, чиркөө жана синагогдордун бири-бирине жакын аралыкта курулгандыгынан байкасак болот. Ал эми Орто кылым Европа маданиятындагы жана тарыхындагы колониялаштыруу же миссионердик кыймылдарды бири-бирине же болбосо башка өлкөлөргө жүргүзүүсү негизги адам укуктарын коргоо болуп саналаар бекен? Учурда алар кылган коркунучтуу, ыпылас иштерди көрбөгөн, же болбосо көрмөксөнгө салган батыш жазуучулары жана алардын Ислам дүйнөсүндөгү аң-сезими жок туурагычтары чындыкты кантип чагылдырмакчы?
Бул жерде баса белигилеп кетүүчү нерсе, Ислам дини башка диндердин мүчөлөрүн Исламга кирүүсү үчүн материалдык же моралдык басым жасоого катуу тыюу салган. Ислам боюнча ишеним негиздерин орундатууда ар бир адам эркин. Ислам – бул бүткүл дүйнөлүк тынчтык принциби менен келип, акылга, рухка, абийирге кайрылган, душмандарын ынандыруу жолу аркылуу жеңген, теңдеши жок система. Бул системанын өкүлдөрү болгон мусулмандар жан дили менен сүйгөн Куран жана сүннөттүн нуру астында ааламды «боордоштун бешиги» катары эсептеп, бардыгы менен диалог түзгөнгө аракет кылган.
“Асрга ант! Албетте, инсан коромжуда. Бирок, ыйман келтиргендер, жакшы амалдарды жасагандар жана актык менен сабырдуулукка бири-бирин насаат кылгандар коромжуда эмес.”

Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны