Адеп Башаты » Ислам » Ислам ар дайым орто жолду тандайт

Ислам ар дайым орто жолду тандайт

 Ислам ар дайым орто жолду тандайт

Ислам дининин максаты – адамдагы напсилик жана руханий сезимдерди көзгө тутуу менен напсинин терс арзуу-талаптарын басып, ошондой эле руханий сезимдерден бүрдөгөн адамдык улуу сапаттарды туу чокуга чыгаруу. Бирок, тилекке каршы тарых барактары жогоруда айтылып өткөн беш негизги укуктарда (дин, мал-мүлк, жан, муун, акыл) адамдар аша чаап, туура эмес жолго түшүп кеткендери тууралуу окуяларга толтура.



Аша чабуу эки тарапта тең, чектен ашуу жана чектен төмөн түшүүдө да болгон. Курани Каримде жыйырма жети пайгамбардын келгендиги жана алардын адамзатка эң сонун үлгү көрсөтүп жакшылыкка чакыргандыгын баяндайт. Ошого карабастан адам баласы тең салмактуулукту сактоодо кыйналган жагдайларды төмөндөгү эки категорияда көрсөтсөк болот:


а) Дин жана ишеним боюнча жагдайларда: Жаратуучуну кабыл алуу жана ага ишенүү адамдын табиятында болгон сезим. Адамдар канчалык кудайга ишенбегендигин кайталаса да, башына жамандык келери менен коргоочу жана жардамчы болгон кандайдыр бир “күч”тү таап алышат. Ошондуктан Жаратуучуну бир тутууда жана Ага ортомчу кошпоодо адамдардын аша чабуулары көп кездешет.


Аллахтан башка кудай жок, ал жалгыз. Анын ортомчусу жок жана Ага эч ким теңдеш эмес.


Адамдарды туура эмес жолго жана аша чабууларга багыттагандар көпчүлүк учурларда “дин адамдары” болгон. Айрым учурларда өтө эле аша чаап кеткендиктин натыйжасында пайгамбарларды кудайга айландырып жибергендер да бар. “Аллах Таала силерге периштелерди жана пайгамбарларды өзүңөргө кудай кылып алууга буюрбайт” Адам баласы өз алдынча акыйкат жолун табууда алсыздык кылып, азгырык-адашууларга түшүп, ак жол менен терс жолду бири-биринен таасын айрый албагандыктан, Аллах Таалааларга жардам жана кошумча күч катары өзүнөн пайгамбарларын жөнөтүп турган. Пайгамбарлар да өздөрүнүн Аллах тарабынан келгендигин коомдорго эскертип турушчу.


Ислам дини – адам баласын Жаратуучуга каршы жоопкерчиликтүү кылат. Ортодо эч кандай арачы болбойт. Диндин ыйман шарттары Аллах тарабынан Аз. Пайгамбарга билдирилген. Баардыгыбызга маалым болгондой алар алты бөлүктөн турат. Булардын үчүнчү жана төртүнчү бөлүгү: китептерге (Аллах жиберген оригинал түрүнө) жана пайгамбарларга (айрымалабастан) ыйман келтирүү. Айрыкча адам менен Жаратуучун арасына кирип, Аллах атына сөз сүйлөп жана иш жүргүзгөн “дин адамдары” сыяктуу атайын өзүнчө бөлүк жок. Мына ушундай түшүнүктүн натыйжасында Европада дин жана мазхабтар арасында көптөгөн кагылышуулар болуп өткөндүгү тууралуу тарых барактарында жазылуу. Ал эми Ислам дини терроризм мындай турсун, жаман нерсени ойлоого да уруксаат бербейт жана бербей келүүдө.


б) Дүйнөдөгү жагдайлар: “Силер Аллахка ыйман келтирген, жакшылыкка үндөгөн, жамандыктан тыйган, (жалпы) адамзат үчүн жиберилген жакшы коом болдуңар.” , “Силер (башка) адамдарга күбө болууңар жана пайгамбар (Мухаммад) силерге күбө болуусу үчүн Биз силерди орточо (адилеттү, мыкты) үммөт кылдык”. Бул аяттагы “орточо” деген сөз аша чабуудан же төмөн түшүп кетүүдөн алыс, адилеттүү жана мыкты коом маанисине келет. Мусулмандар кимдир бирөөнөн кордук көрүүнү да, башка бирөөгө зордук көрсөтүүнү да каалабайт. Ислам баардык аша чабууларды жана төмөн түшүп кетүүлөрдү четке кагып, ар дайым тынчтык аркылуу баардык жагдайда орто жолду карманганга үндөйт.


Ислам дининде адилеттүүлүк адамдар жана коомдор арасындагы мамилелерде негизги принцип болуп саналат. Зулумдук жана акыйкатсыз ыпылас иштерге кирет. “Чындыгында Аллах – адилеттүүлүктү, жакшылыкты жана тууган-урукка кайрымдуу болууну буюуруп, уятсыздыктан, каапырлыктан жана чектен ашуудан тыят.” . Каржоодо жана коротууда да аша чабуудан узак болуп, ысырып кылбоону талап кылат.


Адамдарга физикалык зордук-зомбулуктар тыюу салынганы сыяктуу психикалык зордук-зомбулуктар жана опузалар да тыюу салынган. Адамдардын абройуна, абийирине, намысына тийген шылдыңдоолор жана кадыр-баркын түшүргөн мамилелер кылмыш болуп эсептелет. “Эй, ыймандуулар! Бир эл экинчи элди (башка) бир элди шылдыңдабасын: (анткени) балким, алар (шылдың болгон эл) тигилерден (шылдың кылган элден) мыктыраактыр; ... бири-бириңерди жемелебегиле! Бири-бириңди жакпаган аттар менен атабагыла! ...”


Ислам дини согуштарда дагы аша чабууну кабыл кылган эмес. Согуш өзү эле жамандык болуп эсептелет. Мажбурлук болмоюнча согушка киришпейт. Аз. Пайгамбардын учурундагы көпчүлүк согуштар коргонуу согуштары болгон. Ислам укукчуларынын көпчүлүгүнө караганда согуштун себептери төмөндөгүлөр:

 

1. Коргонуу: “Силерге согуш ачкандар менен Аллах жолунда согушкула жана чектен чыкпагыла. Чындыгында, Аллах чектен чыккандарды жакшы көрбөйт.” , “Силерге каршы чыгып согушпагандарга тийбегиле, кыянаттык жана талоончулук кылбагыла, душманыңар болсо дагы зулумдук кылып, кыйнабагыла, картаңдарга жана аялдарга тийбегиле, бак жана бакчаларды өрттөп, кыйратпагыла, ибаадат кылган адамдарга тийбегиле” .


2. Абалы начар мусулман коомдун жардам суроосу


3. Убадалашкандан кийин душман тарабынан анттын бузулуусу

Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны