Адеп Башаты » Ислам » Ажылык » Ажылык

Ажылык

Ажылык деген эмне?
Ажылыктын сөздүк мааниси – улуу нерсеге карай аттануу. Шарият боюнча ажылык бул – Кааба жана анын айланасындагы куттуу деп эсептелген белгилүү жерлерге белгиленген учурда барып, усул-эрежелерине ылайык зарыл ибадаттарды аткаруу болуп эсептелет. Ажылык учурунда аткарыла турган ажылыкка байланыштуу ибадаттар "манаасик” деп аталат.
Ислам динибиздин негизги беш парзынын бирөө болуп саналган ажылык ибадаты хижранын 9-жылы парз болгон. Ажылыктын парздыгы Курани Карим жана хадистер аркылуу айкын белгиленген. 



Курани Каримде Алла Таала мындай деп белгилеген:

«Барууга чамасы жеткен бардык адамга Алла Таала үчүн Кааба үйдү зыярат кылып ажылык  милдетин аткаруу парз». (Аали-Имран сүрөсү, 3/92).1


Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өзүнүн бир хадисинде айтат: «Алла Таала силерге ажылыкты парз кылды, ажылык ибадатын аткаргыла».2

Дагы бир хадисте ал мындай деген: «Ислам беш негиздин үстүнө курулган: Аллахдан башка Кудай жок экендигине жана Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Аллхдын элчиси экендигине күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, орозо кармоо жана ажылыкка баруу».3

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ажылыктын парз экенин сахабаларына түшүндүрүп жатканда, алардан бирөө: «Ажылык ар жыл сайынбы?» деп сураганда Пайгамбарыбыз унчукпайт. Бул суроо үч ирет кайталанганда: «Эгерде ооба деп айткан болсом ажылык силерге ар жыл сайын парз болуп калмак. Буга чамаңар жетмек эмес» деген.4
Корутундулап айтканда, ден соолугу бар жана жол каражатын камсыз кылууга толук чамасы жеткен ар бир мусулмандын өмүрүндө бир жолу ажылык милдетин аткаруусу парз болуп саналат. 
Мусулманга мүмкүнчүлүк болору менен ажылык ибадатын дароо аткаруу керек болот.   Өз өмүрүндө бир ирет ажылык кылган адам бул парзды аткарган болуп саналат. Ажылыктын мүмкүнчүлүк табылары менен кечеңдетилбей дароо аткарылуусуна ажылык жөнүндөгү аяттар жана мына бул хадис далил: «Ажылыкка барууга шашылгыла, анткени эч кимиңер өзүңөргө өлүмдүн качан келерин билбейсиңер».6
 
Ажылыктын пайда-сооптору жана маңызы

Ажылык ибадаты эң оболу Алла Тааланын буйругунун негизинде эң сооптуу парз ибадат катары ыкыластуулук менен аткарылышы шарт. Ошону менен бирге эле, бул маанилүү ибадаттын жеке адамга жана жалпы коомго келтире турган пайдалары да көп. Анын негизгилерин айта турган болсок:
Ажылык  кылуу аркылуу мусулман адам өмүрдөгү ката-күнөөлөрүнөн арылып, жан дүйнөсү тазарат. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өзүнүн бир хадисинде мындай дейт: «Кимде ким Алланын ыраазычылыгы үчүн ажылык кылып, адепсиз сөз-аракеттерден сактанса жана жамандыкка жолобосо, энесинен төрөлгөн күндөгүдөй күнөөлөрдөн тазарып кайтат».1
Дагы бир хадисинде айтат: «Кабыл болгонх ажылыктын сообу үчүн тек гана бейиш бар», «Умра да дагы бир умрага чейинки күнөөлөрдү жууйт».2
«Иштердин кайсынысы эң сооптуу?» деп суралган  бир суроого жооп катары Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): «Аллах жана Анын пайгамбарына ыйман келтирүү» деп айткан. «Андан кийин кайсынысы» деп суралганда: «Аллахтын жолунда күрөшүү» деп жооп берет. «Андан кийинчи?» деп үчүнчү ирет суралганда, ал: «Кабыл болгон ажылык» деп жооп берген.3
Ажылык кылган мусулмандардын Алла Тааланын алдындагы кадыр-баркы, даражасы жогору болот. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай дейт: «Ажылык жана умра ибадатын аткаргандар Аллахтын меймандары, дуба кылса Аллах алардын дубаларын кабыл кылат. Кечирим тилесе, аларды кечирет».4
 Демек, ажылыктын маани-маңызын мына бул өңүттөртон көрсө болот:
1. Оболу, хаж менен умра ибадаттары, касиеттүү ибадат жай болгон Каабанын, ар жыл сайын Аллага ибадат кылуунун шаңдуу маанайына бөлөнүүсүнө себепчи болууда.
2. Ажылык-инсандын жан дүйнөсүн күнөөлөрдөн тазартып, таптаза абалга келтирет жана аны ыкластуу өмүр сүруүгө  багыттап, жапжаңы бир жашоонун эшигин ачат. Адамдын руханий ааламын Кубаттандырып, Алла Тааланын мээримине жана кечиримине карай ишенимди арттырат.
3. Ажылык ыйманды күчөтөт, Алла Таалага берилген ишеним убаданы жаңылоого жардам берет. Демейде адам жете албаган чыныгы маанидеги тооба кылууга жол ачып, тазарган жан дүйнөнүн аруу сезимдерин канааттандырат.
4. Ажылык мусулмандарга Ислам дининин шаңдуу, маанилуү өтмүшүн эстетет. Баа жеткис көркөм адеп-ахлагы менен бүт дүйнөгө нур тараткан сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам), анын ар тараптан жетик сахабаларынын жана аларды өрнөк тутуп арттарынан ээрчиген куттуу инсандардын жасаган улуу иштери менен каармандыктарын кайра баштан эске салат. 
5. Дагы бир өңүттөн караганда, ажылык ибадатын аткаруу учурундагы кыйынчылыктар адамды сабырдуулукка, кайраттуулукка үйрөтүп, буйруктарды тартип менен өз ыраатында аткара билүүгө көндүрөт.
6. Ажылык ибадаты аркылуу адам Жараткан Аллага жакшылап шүгүрчүлүк келтирет. Алла Таала берген мал-мүлк, ден соолук жана тынчтык сыяктуу чоң сыйларга чын пейилинен шүгүрчүлүк келтирүүнүн жолун табат.
7. Коомдук-социалдык маңыздуулугунан караганыбызда, ажылык мезгилинде адамдардын түсү, тили, жашаган чөйрөсү, маданияттары, орун-мартабалары жана байлыктары сыяктуу ар кандай айырмачылыктары таптакыр унутулуп, бир тилек, бир максаттагы миллиондогон мусулмандар бир чөлкөмгө чогулуп, мусулмандардын арасындагы теңдик, ынтымактуулук жана боордоштуктун идеал даражадагы жандуу көрүнүшү даана  жүзөгө ашканына күбө болобуз. Бай-кедейи, күчтүү-алсызы айырмаланбастан, ажылык учурунда бүткүл ажылар бирдей кийим кийинишип, бир тартипке уюп, бирдей кыйынчылыктарды баштан кечирип, бирдей жагдайда аракеттенүү аркылуу бир түрдүү гармониялык теңдик-боордоштук тарбиясынан өтүүдө. 
8. Байлыгы ашып-ташыган бай адам менен күнүмдүк тиричилигин эптеп камдаган бир адамды, бирдей ихрам кийими ичинде Арафат тоосунда жанаша туруп, Жаратканга кол жайып дуба кылдырып жаткан жана Каабанын айланасында камыр-жумур аралашып тооп кылдырып жаткан ажылык ибадаты, адамдарга орун-мартаба, акча-байлыкка көөп башкаларга бой көтөрбөөнү, башка мусулмандар менен ич ара жар-жөлөктө болууну үйрөтөт.
9. Ажылык ибадаты мусулмандардын оюнан өмүр бою өчпөс, маанилүү эскерүүлөрдү калтырат.
Ажылыктын аркасында дүйнөнүн жер-жерлеринен келген мусулмандар бири-биринен эң сонун таасир алышат.
10. Ажылык ибадаты адамды акыреттеги  улуу Эсеп күнүнө окшоп кеткен бир көрүнүшкө күбө кылат. Бул дүйнөнүн келип-кетер бир коногу экенин адамга эскертет.
11. Ажылык түбөлүккө айланган касиеттүү эстеликтердин руханий музейи. Жалгыз өзү бир үммөт болуп саналган Азрети Ибрахим (а.с.) менен анын уулу Азрети Исмаилдын (а.с.) өрнөктүү өмүрлөрүн, бүткүл адамзаттын сыймыгы болгон акыркы пайгамбар Мухаммеддин (саллаллаху алейхи васаллам) асмандарга туташкан куттуу өмүрүнүн үлгүлөрүн, ушул касиеттүү топуракта жашап өткөн алгачкы үлгүлүү мусулман сахабалардын ишеним-ыйман жолунда чеккен азаптарын ажылык ибадаты көз алдыбызга элестетип, ааламдын акыйкат нугун жандуу сүрөттөй көз алдыбызга тартат. Алла Тааланын ыраазычылыгы жолунда эч нерсеге буйдалбастан наристесин кучактап сапарга чыккан үй-бүлөнү, Алла Таала үчүн кара жанын курмандыкка чалуудан аянбаган азаматтарды жана өз уулун Алла Тааланын буйругуна баш ийип курмандыкка чалууга даяр руху бийик жандарды ажылык ибадаты тарыхый куттуу жерлер аркылуу мусулмандарга кайрадан эскертип айтып турган сыяктуу болот. 

Ажылыктын шарттары
Бир адамга ажылык ибадатынын парз болушу үчүн:
1. Мусулман болуусу,
2. Акыл-эси ордунда болуусу,
3. Балакат жашына толгон болуусу,
4. Эркиндиктеги адам болуусу,
5. Ажылык милдетин аткаруу үчүн материалдык жактан мүмкүнчүлүгү бар болуусу,
      6. Ден соолугу бар болуусу,
7. Жол коопсуздугу жана утурумдук тоскоолдор болбоосу шарт.
8. Аялдар  үчүн алыс сапарга жалгыз чыкпоо маселеси негизинде, күйөөсү же  жакын тууганы менен бирге ажылыкга баруусу шарт кылынган.

Ажылытын  түрлөрү

А) Исламдык өкүмдөргө ылайык ажылык түрлөрү: 
1. Парз
2. Важип
3. Нафил болуп үч түргө бөлүнөт. Ажылыктын  бардык шарттарына ылайык келген адамдын өмүрүндө бир жолу ажылык кылуусу парз. Ал эми ажылык кылуусу парз болбогон же парз ажылыкты аткарып бүткөн бир адамдын атайылап арнап, Аллах жолуна назыр кылган ажылыгын аткаруусу важип. Ошондой эле ажылык башталган соң белгилүү себептерден улам ортодон бузулса, анын казасын аткаруу да важип болуп эсептелет. 
Парз жана важиптен башка аткарылган ажылык нафил болуп эсептелет. Мисалы: ажылыкка барууга милдеттүү эмес жаш балдардын кылган ажылыгы жана бирден көп ирет аткарылган ажылыктын биринчи жолкусунан кийинкилери аткарган адам өзү үчүн ниет кылса нафил ажылык болуп эсептелет.

Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны