Адеп Башаты » Ислам » Ажылык » Ыйык Кааба

Ыйык Кааба

КаабаКааба

Ыйык Кааба момун-мусулмандардын кыбыласы болуп саналат. Бул Жараткан Алланын: «Саждага жыгыл, жакында!» (Алак, 19) -деген буйругуна негизделген. Асыресе, Кааба Ислам дүйнөсүнүн кут булагы катары кабылданат. Жер бетиндеги ыйык Кааба менен адамдын жүрөгү Кудай Таала назар салган өзгөчө жай болуп саналат. Мындайча айтканда, Кааба ааламдын жүрөгү сыңары. Ажылык, мына ошондуктан, Каабанын зоболсун аңдап-сезип, таза, тунук жүрөк менен орундала турган ибадат



Кааба Адам Атанын (алейхис салам) доорунан бери сыйынуучу ыйык жай. Каржылык мүмкүнчүлүгү барлар үчүн ажыга баруу парз экендиги төмөнкү аятта билдирилген:


«… Албетте, Меккедеги (Кааба) ааламдарга хидаят жана берекенин булагы катары адамдар үчүн курулган эң алгачкы (сыйынуучу) үй. Ал жайда Ибрахимдин орду жана ага кирген адам ар кандай коркунучтан аман болуусу сыяктуу ачык аят-белгилер бар. Ошондой эле жолго чамасы жеткен кишилердин мойнунда Алла үчүн мына ошол үйгө зыярат кылуу милдети бар. Тангандар (каапырлар) билип коюшсун, Алла бүткүл ааламдагыларга муктаж эмес» (Али Имран, 96-97).
Каабада Макамы Ибрахимдин, Алланын досу Ибрахимдин оруну бар. Алла Таала анын аяк изи калган ошол ыйык жайда басуу жана анын орунунун артында туруп таваф намазын окууну ажылык жана умра насип кылынган мусулмандарга милдеттендирген.


Каабада салам айтылып, урмат-сый менен өбүлө турган «Хажарул Асвад» (кара таш)-Алла Таалага кулчулук кылууга жана Анын жолунан тайбоого убада берүүнү чагылдырган ыйык таш. Ага салам айтуу ошол эле учурда бардык напсилик азгырыктардан жана шайтандын шыбырынан биротоло кол үзгөндүгүн тастыктап, мурункудай күнөөкөрлүккө кайра кайтпоого сөз берүү дегенди туюнтат.


Хажарул Асвад - тооп кылуунун башталышын жана бүтүшүн белгилөөчү нерсе. Мезгил оошуп, оңдоо иштери жүргүзүлгүндө Каабадагы бардык таштар алмаштырылган. Бирок биз сөз кылып жаткан кара таш ошол боюнча сакталып, өзгөртүлгөн эмес. Тээ баштан бери ал кара ташты нечендеген нары куттуу нары пакиза эриндер өөп, нечелеген жүздөр жана колдор тийип келген. Ал демейде жөнөкөй эле кара таш көрүнөт. Бирок ээлик кылган бийик руханий абалы менен жандүйнөлөрүбүзгө бир башкача таасир калтырып, бир башкача сүйүүнү пайда кылып келет.


Жыйынтыктап айтканда. Кааба, турган турпаты менен кудум Теңирий Арыштын жер жүзүндөгү көлөкөсү, мээрим жана берекесинин булагы сыңары. Кыскасы, Кудай Тааланын мээрим жана кечиримдүүлүк сыпаттары чагылышкан керемет күзгү. Миллиондогон жандүйнөлөр арзып жүргөн, миллиондогон жан дүйнөлөрдү нурга толтурган ажайып күн мисалы.


Каабанын курулушу тууралуу баяндамаларга караганда, Азирети Адам Ата (алейхис салам) менен Обо Эне бейиштен чыгарылгандан кийин жерге түшүрүлөт. Арафатта жолуккандан кийин батышка карай жол тартышат. Жол жүрүп олтуруп азыркы Кааба турган жерге келишет. Адам Ата (алейхис салам) ушундай жолугушууну насип кылган Алла Таалага шүгүрчүлүгүн билдирүү ниети менен ибадат кылгысы келет. Бейиште жүргөндө нурдан жаратылган устунга карап ибадат кылып жүргөндүктөн, ошол устунду кайрадан өзүнө берилишин суранат. Дубасы кабылданат да, тилеги заматта орундалат. Адам Ата (алейхис салам) болсо аны кыбыла катары тутунуп ибадатын улантып, ошол жерди байырлап өмүр сүрүп калат.


Нурдан жаратылган устун Азирети Шиттин (алейхис салам) пайгамбарлык доорунда көздөн кайым болот, бирок ордунда кара таш калат. Азирети Шит (алейхис салам) аны да жоготуп алуудан корккондуктанбы, төрт чарчы жерге бийик дубал тургузуп, жанакы кара ташты ошол бөлмөнүн бир бурчуна коюп койот. Каабадагы азыркы Хажарул Асвад деген аталыштагы кара таш-ошол таш.


Андан кийин сапырылып дагы далай доорлор өтөт. Азирети Нухтун пайгамбарылык мезгилиндеги топон-суу алааматында кара таш кумдун астында калып, бары-жогу билинбей кетет. Андан да далай кылымдардан кийин Азирети Ибрахим (алейхис салам) уулу Исмаил (алейхис салам) менен Ажар энени дал ошол жерге жайгаштырып кетет. Арадан бир топ жылдар өтүп, уулу Исмаил (алейхис салам) эрезеге жетип, каруу күчкө толуп калганда Кудай Тааланын буйругу менен азыркы Кааба турган жерди казып, Шит пайгамбар (алейхис салам) тарабынан курулган имараттын пайдубалын табат да, ошонун үстүнө Каабаны курат. Кааба курулуп бүткөн соң Алла Таалага минтип жалбарып дуба кылат:


«... Оо, Раббим! Бул аймакты бейпил шаар кылгын! Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтирген шаар калкын түрдүү мөмө-жемиштер менен ырыскыландыр!…» (Бакара, 126).


Ибрахим пайгамбардын дубасынын берекеси менен Меккеде ыймандан алынган лаззат менен тилдин таткан даамы бирдей десек болот.
Кааба баш-аягы болуп он бир жолу курулуп, оңдолгон:


Биринчиси периштелер тарабынан, экинчиси Адам Ата (алейхис салам), үчүнчүсү Шит (алейхис салам), төртүнчүсү Ибрахим, Бешинчиси Амалика уруусу, алтынчысы Журхумилер, жетинчиси Кусай, сегизинчиси Курайш уруусу, тогузунчусу таабинден Абдуллах бин Зубайр, онунчусу Хажжажы-Заалим, он биринчиси болсо Осмон мамлекетинин султаны IV Мурат Хан тарабынан жүзөгө ашырылган.


Осмон мамлекетинин Каабага көрсөткөн урмат-сыйы өтө бийик болгон. Муну Каабаны оңдоо иштеринен аңдоого болот:


IV Мурат Хандын падышалык доорунда бир сел жүрөт да Каабанын бир ыптасы урап калат. Падыша ыйык үйдү оңдоо үчүн атагы алыска кеткен дасыккан уста Мимарбашы Рыдван Аганы Меккеге жөнөтөт. Керектүү камылганы көргөн устабашы Каабанын ураган жерлерин айтууда «урап калыптыр, чөгүп кетиптир» деген сөздөрдү колдонууну адепке туура көрбөй, Каабага болгон таазими себептүү:


«Каабанын мына ушул бөлүктөрү семти-сужутка (саждага баш койгон таризде кынтайып) баратыптыр» деген экен.
Курулуш жүрүп жатканда курулушка керектүү нерселерди ташыган унаалар, ал куттуу жайды булгап койбосун деген жакшы ниет менен зарыл чараларды да көргөнү көңүл чордонун өзүнө бурбай койбойт.

Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны