Адеп Башаты » Ислам » Ажылык » Ихрам деген эмне?

Ихрам деген эмне?

Ажылыктын башталышындагы шарт катары, ихрам ажылыктын эң биринчи парзы болуп саналат.
Ихрам деген сөз лексикалык жактан: «Бир нерседен тыйылуу, же болбосо, ыйык убакыт жана орундардын урматын сактоо» дегендей маанилерди билдирет.



Ажылыктын башталышындагы шарт катары, ихрам ажылыктын эң биринчи парзы болуп саналат.
Ихрам деген сөз лексикалык жактан: «Бир нерседен тыйылуу, же болбосо, ыйык убакыт жана орундардын урматын сактоо» дегендей маанилерди билдирет.
Ал эми ажылык ибадатынын бир термини катары «Ихрам – ажылыкты, умраны же болбосо экөөнү тең аткаруу ниети менен башка убакыттарда жасалуусуна уруксат берилген кээ бир иш-аракеттерди ажылык, умра учурунда өзүнө харам кылуу» дегендикти билдирет.
Башка убакыттарда халал болуп саналган кээ бир иш-аракеттерден ихрамга кирген адам таптакыр тыйылуусу керек болот. Адамдын жүрүм-турумуна, жубайлардын жыныстык байланышына жана аң уулоо сыяктууларга байланыштуу болгон бул тыйымдар бузулса, булардын түрү менен бузулуу абалына жараша ар кандай айып-жазаларды аткарууга туура келет. Бул айып-жазалар – курмандык чалуу, садака берүү же орозо кармоо аркылуу аткарылышы мүмкүн.



Ихрамдын негиздери

 

 

Ниет кылуу жана талбия айтуу ихрамга кирүүнүн эки негизи болуп саналат. Булардан бирөөнү жасабаган адам ихрамга кирген болуп эсептелбейт.

Ниет – аткарылчу ажылыктын түрүнө же умрага карата максатын белгилеп, бир чечимге келүү дегендик. Ниет жүрөктө болот. Бирок ичтен ниет кылуу менен бирге тил менен да кошо айтуу мустахаб. Мисалы, аткарылчу ажылык таматту ажылык болсо оболу умра үчүн мындайча ниет кылса болот: «Оо,Аллахым! Сенин ыраазычылыгың үчүн умра кылууну ниет кылдым, муну мага жеңилдетип, менден кабыл кыла көр». Умраны аткарып бүткөн соң ихрамдан убактылуу чыгып туруп, андан кийин ажылык үчүн дагы дал ушундай ажылыкты атап өзүнчө ниет кылынат.

Алгачкы ниеттен соң талбия айтылаары менен ихрамга кирилген болуп эсептелет.

Талбия – ихрамдын эки негизинин бири катары ихрамга кирердин алдында айтылуусу важип болгон жана ихрамдуу мезгил ичинде көп кайталанып айтылуусу сүннөт болуп саналган дуба. Ал мындайча окулат:

 

لَبَّيْكَ اللَّهُمَّ لَبَّيْك،   لَبَّيْكَ لا شَرِيكَ لَكَ لَبَّيْك،

إِنَّ الْحَمْدَ وَ النِّعْمَةَ لَكَ وَ الْمُلْك، لا شَرِيْكَ لَك.

 

Окулушу:

«Лаббайкаллахумма лаббайк, лаббайка лаа шариика лака лаббайк, инналхамда ванниимата лака валмулк, лаа шариика лак».

Кыргызча мааниси:

«Аллахым! Мен Сенин буйругуңду аткарууга келдим! Сенин буйругуңа даярмын! Аллахым Сенин шеригиң жок! Буйругуңду аткарууга даярмын! Чынында бардык мактоо-даңазалар Өзүңө тиешелүү, сый-жакшылыктар Сеники, бийлик-мүлк да Сеники! Сенин эч кандай шеригиң жок!».

Демек, ихрамга кирерде бир ирет талбия дубасын айтуу важип. Ал эми ихрамдуу мезгилде ар убакыт үндүү талбия айта жүрүү сүннөт. Аялдар талбия жана башка дуба-зикирлерди, тасбихтерди төмөнүрөөк үн менен айтканы оң.

Ихрамдын сүннөттөрү


 

1.Ихрамга кирүүдөн мурда гусул-даарат алып, толук жуунуу;

2.Ихрамга кирүүдөн мурда тырмактарды алып, чач түзөө жана колтук менен уяттуу жерлердин түктөрүн тазалоо;

3.Эркектер жөрөлгөлүү тикме кийимдерин чечип, Изар жана Рида деп аталган эки барча таза кездемегеоронуу. Изар менен киндиктен ылдый оронуп, Рида менен дененин жогорку бөлүгүоролот. Баш кийим кийилбейт. Бутка сүйрөмө кепич кийилет. Ихрамга кирген аялдар демейдеги кийимдери менен эле жүрө беришет. Баштары жабык, бирок беттери ачык болуусу керек.

4.Денени толук жууп гусул алып, же даарат алгандан кийин ихрамга кирүүдөн мурда эки ирекет намаз окуу сүннөт. Бул намаздын биринчи ирекетинде «Каафируун» сүрөсүн, экинчи ирекетинде «Ихлас» сүрөсүн окуу да сүннөт;

5. Ихрамдуу мезгилдердин ичинде парз намаздардан кийин тобу менен жүрүшкөн башка ажыларга жолуккан сайын, адырлуу жолдордо жогору же төмөн түшүп-чыккан учурларда жана таң саар убакыттарында, жалпысынан мүмкүн болгон ар бир жер жана убакыттарда көтөрүңкү добуш менен талбия айтуу мустахаб;

6.Талбиядан соң көбүрөөк салават айтып, артынан дуба-тилек кылуу;

7.Ихрамга кирүүдөн мурун денеге жыпар жыттуу нерселердиколдонуп, атырлоо сүннөт. Бирок ихрамга кирип болгон соң жыпар жыт колдонууга болбойт;


Ихрам тыйымдары

 

Ихрамга кирген адам үчүн тыюу салынган нерселер "ихрам тыйымдары” деп аталат. Бул тыйымдарды түрү боюнча төмөнкүчө топторго бөлүшүбүз мүмкүн:

 

1. Ихрамдуу адамдын дене-боюна байланыштуу тыйылган нерселер:

·  Чач-сакалын, мурутун алуу же кыркуу;

·   Денесинин ар кандай жериндеги түктөрдү жулуу же кыркуу;

·    Тырмак алуу;

·   Жасануу үчүн чач-сакал, муруттарды боёоже аларга май сыйпоо. Чач майлоо;

·   Денеге же ихрамдык кийимге атыр сыяктуу жыпар жыттуу нерселердисүртүү, атыр самын колдонуу;

·  Аялдардын боёнуулары, ар кандай косметикалык каражаттарды колдонуулары;

      

Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны