Адеп Башаты » Ислам » Ажылык » Каабанын курулушу

Каабанын курулушу

Каабанын курулушу

Кааба – жер бетинде тургузулган эң биринчи ибадат жай. Адам атанын жер бетине түшүрүлгөнүнөн кийинки эң алгачкы жумушу периштелердин көмөгү менен ушул Каабаны куруу болгон. Далай кылымдар артта калып, убакыт аккан дайрадай атырылып алга жылган Сайын эскирип бузулган жерлери далай ирет кайра өз калыбына келтирилип, улам жаңыланып сакталып келген бул ыйык курулуш, жер бетин топон суу каптаган Нух пайгамбардын дооруна чейин адамзат ааламындагы эң оболку ибадат жай болуу милдетин аткарып келген эле.



Ал эми бир өкүнүчтүү жери, ошол топон суу селинен кийин бул касиеттүү ибадат жайдын куру дегенде урап бүткөн уңгулуу изи да кайсы жерде калганы билинбей адамзатка белгисиз бойдон кала берген узак замандарды да баштан кечирди.


Бирок жер бетиндеги кургак бөлүктөрдүн чордону катарындагы жер шарындагы алгачкы ибадат жайды Алла Таала кийинки кездердеги өзүнө сыйынган мусулман кулдарына беймаалым бойдон калтырган жок. Бул касиеттүү жер киндигиндей ибадат жайды мусулмандарга кыбыла катары кайрадан оңдоп куруп чыгуу милдетин Азрети Ибрахим пайгамбар менен анын уулу Исмаилге тапшырды.


Ибрахим (а.с.) менен уулу Исмаилдин (а.с.) күнү бүгүнкү касиеттүү Каабаны кайрадан тургузуу окуясы мындайча болгон:
Исмаил (а.с.) замзам булагынын жанында өсүп турган дарактын астында көлөкөлөп, жебенин огун жонуп отурган эле. Бир маалда тигиндейден өзүн көздөй келаткан атасы Ибрахимди (а.с.) көргөндө ал ордунан атып туруп, атасынын алдынан кубана чуркап чыкты. Көрүшпөгөндөрүнө көп болгон ата-баланын кучактары айкалыша кетти. Баласынын чачтарынан сылап, маңдайынан жыттап, сагыныч моокумун баскан ата менен, ата мээримине чаңкаган бала арасында ошондон кийин төмөнкүчө маек уланды:


- Балам, Алла Таала мага чоң бир милдет жүктөдү. 
- Ата, ал кандай милдет экен? Алла Таала жүктөгөн болсо, тезирээк аткарганыныз жакшы да.
- Бирок ал милдетке сенин да жардамың керек, балам.
- Ата, мен ар дайым сизге кол кабыш кылууга даярмын. Андай баалуу жумуштан мага да үлүш насип болгону Алла Тааланын мага жасаган кайрымдуулугу деп билем, - деди Исмаил ичиндеги кубанычын жашырбастан.


Ата да өз баласынан ушул жоопту күткөнсүп:


- Анда эмесе, дал мына бул тушка Алла Тааланын буйругун аткарып ибадат жай салалы, - деди, - ушул күнүбүздөгү бүткүл жер бетиндеги мусулмандардын ибадат жайы жана кыбыласы болуп турган касиеттүү Каабанын ордун нускап.


Ошентип, Алла Таала өздөрүнө белгилеп көрсөткөн жерине Каабанын кайра куруп чыгуу жумушун башташты. Исмаил (а.с.) таштарды ташып, атасы Ибрахим (а.с.) касиетүү үйдү дубалдарын кура баштады. Жумуштары оңго басып, курулуш улам бийиктеген Сайын Ибрахим (а.с.) үчүн курууда кыйынчылык туулуп жатты. Экөө акылдашып, Исмаил (а.с.) атасынын таманы астына шаты тариздүү бийигирээк чарчы ташты алып келип коюп берди.


Ибрахимдин (а.с.) бутунун баткан изи түшкөн бул таш азыркы кезде «маками Ибрахим» (Ибрахимдин турагы) деп аталып, жандуу тарыхый эстелик катары Каабанын жанында сакталуу бойдон турууда. Ажылыкта ошол тушта атайылап намаз окулуп, өзгөчө эскерилүүдө.


Мусулмандар үчүн жер бетинде Каабадан да касиеттүү экинчи бир орун жок. Анткени бул касиеттүү ибадат жай улуу Жаратуучубуздун буйругу менен Жебреилдин (а.с.) кадимки өз нугун тактап көрсөтүүсү менен курулган эң байыркы ыйык үй. Ошондуктан Пайгамбарыбыз (а.с.) жер бетиндеги атайылап ат арытып зыярат кылууга тийиштүү үч ыйык ибадат жайдын биринчиси ушул Кааба жайгашкан Харам мечити экендигин баса белгилеген.


Ошентип, Каабанын 4 дубалы курулуп, кезек бүгүнкү «хажарул асвад» деп аталган касиеттүү кара таш турган бурчка жеткенде, Ибрахим (а.с.) уулу Исмаилга (а.с.) таваф кылуунун башталаар ордун билдирчү белги катары бир таш алып келүүсүн буюрат. Исмаил (а.с.) атасынын тапшырмасын орундоо үчүн ылайыктуу таш издеп тоого кеткенде, Жебреил периште Ибрахимге (а.с.) бейиштен таш алып келип, Каабанын бурчуна ошол ташты коюусу керектигин жеткизди. Пайгамбарыбыздын (Саллаллаху алейхи васаллам) айтканы боюнча бул касиеттүү таш мурунку жаңы түшүрүлгөн кезинде кардай аппак түстө карагандын көз жоосун алган таш экен. Бирок кийин убакыттардын өтүүсү менен адамдардын күнөөкөр колдору көп тийип кара ташка айланган.


Касиеттүү кара ташты Каабанын бурчуна орноштуруу менен Каабанын курулушу толук аяктап, Ибрахим (а.с.) менен уулу Исмаил (а.с.) Жаратканга кол жайып мындайча дуба кылып, тилек тилешти:
.

.
رَبَّنَا تَقَبَّلْ مِنَّا اِنَّكَ اَنْتَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ، رَبَّنَا وَاجْعَلْنَا مُسْلِمَيْنِ لَكَ وَمِنْ ذُرِّيَّتِنَا اُمَّةً مُسْلِمَةً لَكَ

وَأَرِنَا مَنَاسِكَنَا وَتُبْ عَلَيْنَا اِنَّكَ اَنْتَ التَّوَّابُ الرَّحِيمُ. رَبَّنَا وَابْعَثْ فِيهِمْ رَسُولًا مِنْهُمْ يَتْلُو عَلَيْهِمْ آيَاتِكَ
وَيُعَلِّمُهُمُ الْكِتَابَ وَالْحِكْمَةَ وَيُزَكِّيهِمْ اِنَّكَ اَنْتَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ!


«Оо, жараткан Эгебиз! (Бул ишибизди) бизден кабыл ал! Сен чынында (тилегибизди) толук угуучу, баарын билүүчүсүң. Оо, Жаратканыбыз! Ар экөөбүздү өзүңө баш ийүүчү кыла көр! Урпактарыбыздан да үзүңө баш ийүүчү үммөт чыгара көр! Ары бизге ажылык иш-амалдарыбызды көрсөтүп, тообабызды кабыл ал! Албетте Сен тообаларыбызды толук кабылдоочу жана мээримдүүсүң. Оо, Жаратканыбыз! Урпактарыбыздын ичинен аларга аяттарыңды окуп берип, китебиңди жана даанышман нускоолоруңду үйрөтөөр, аларды тазалаар элчи жөнөтө көр! Сен ченемсиз күчтүүсүң, чексиз даанышмансың!»


Кааба – мусулманчылык тавхид (бир Кудайлуулук) ишениминин жышааны жана белгиси иретинде бүткүл мусулмандардын кыяматка чейинки окулчу намаздарында, дегеле жалпы жакшылык иштеринде жүздөрүн бурчу кыбыласы болуп кала бермек. Ал ажылык жана умрада миллиондогон мусулмандар баш кошуп сыйынчу бирден-бир куттуу конуш. Ушул касиеттүү мекенде мусулмандардын бир ооздон чыккандай «Лаббайка, аллахумма лаббайк!» деген дубасы тоо-ташты жаңыртып, жети кат көккө толкун күүсү жащыра көкөлөп турат. Касиеттүү Каабанын атмосферасы өтө өзгөчө. Аны көргөн көздөн ысык тамчылар эрксизден шурудай кулай чууруп, аны эңсей балкыган жүрөктөр эрекче аруу сезимге магдырай чумкуп, ар-намыс, адамдык асыл-сапаттар кадимкидей уйкусунан ойгоно өр таратып өсө түшөт.

Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны