Адеп Башаты » Ислам » Ислам тууралуу » Шейх Мухаммед Ша'ровийдин айтканы.

Шейх Мухаммед Ша'ровийдин айтканы.

Шейх Мухаммед Ша'ровийдин айтканы.

Ислам аалымдарынын бири шейх Мухаммед Ша'ровий баштан кечирген бир окуяны минтип эскерет: «Мен бир радикалдуу жаш бала менен маектешип калдым. Ага:
- Мусулман өлкөдөгү түнкү клубду жардырганга болобу? -деген суроо берсем, ал айтат:
- Албетте, болот жана аларды өлтүрсөң да болот.
Мен ага:
- Эгер, сен аларды Кудайга баш ийбей жүргөндө өлтүрсөң, анда алар Акыретте кайсы жакта болушат?

Ал:
- Албетте, тозокто.
Мен ага:
- Шайтанга мунун эмне кереги бар?
Ал:
- Тозокко түшүрүш үчүн керек.
Мен:
- Демек, сени менен шайтандын максаты адамдарды отко салуу турбайбы!
Пайгамбарыбыз алейхи саламдын тарыхынан бир окуяны эстегим келип турат. Күндөрдүн бир күнүндө бир жөөттү акыркы сапарга узатып жатканын көргөн Пайгамбар ыйлап жиберет. Муну көргөн сахабалар: «Сиздин ыйлаганыңызга эмне себеп болду?»-дешет. Сүйүктүү Элчи (саллаЛлаху алейхи ва саллам): -Ал ким болсо да, жан эмеспи? –дейт. Алла Элчиси (саллаЛлаху алейхи ва саллам) менен силердеги айырманы карагыла. Ал адамдарды туура жолго баштаганга, тозок отунан сактаганга кандай гана аракет кылган?!"
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны