Адеп Башаты » Ислам » Ислам тууралуу » УМАР ИБН АЛЬ-ХАТТАБ (Аллах андан ыраазы болсун)

УМАР ИБН АЛЬ-ХАТТАБ (Аллах андан ыраазы болсун)

УМАР ИБН АЛЬ-ХАТТАБ (Аллах  андан ыраазы болсун)

Азирети Умар экинчи улуу халифа болгон. Ислам динин дүйнө жүзүнө жайылтуу үчүн пайгамбарыбыз (с.а.в.) көптөгөн согуштарга дуушар болгон. Ал согуштарда пайгамбарыбыздын (с.а.в.) эң жакындарынан бири азирети Умар эле.

УМАР ИБН АЛЬ-ХАТТАБ
(Аллах ага ыраазы болсун)

Азирети Умар экинчи улуу халифа болгон. Ислам динин дүйнө жүзүнө жайылтуу үчүн пайгамбарыбыз (с.а.в.) көптөгөн согуштарга дуушар болгон. Ал согуштарда пайгамбарыбыздын (с.а.в.) эң жакындарынан бири азирети Умар эле. Азирети Умар Пил окуясынан 13 жылдан кийин Меккеде төрөлгөн. Өзүнүн айтканы боюнча Улуу Фижар согушунан төрт жылдан кийин дүйнөгө келген. Атасы Хаттаб бин Нуфайлдин ата теги Каабга барып, пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен биригет. Энеси Хантана курайштын адий уруусуна таандык Абу Жахилдин бир тууганы, же атасынын бир тууганынын кызы болгон. Тарыхый булактарда азирети Умардын мусулман болгонго чейинки мезгили жөнүндө кеңири маалымат жок. Бирок, жаш кезинде атасынын коюн кайтарып, кийинчерээк соодагерликке өткөндүгү айтылат. Ал Сирия жакка каттаган кербенчилер менен байланышып турган. Жахилия доорунда Меккенин кадыр барктуу аксакалдарынын арасынан орун алып, Мекке шаарынын элчилик иши анын колунда болгон. Эгер бир жерде согуш чыга турган болсо, ал жакка Умарды жиберишип, кайра келгенде анын айтуусу боюнча иш жасашчу. Айрыкча, уруулар арасында чыккан келишпестикти чечүүдө негизги ролду ойноп, анын чыгарган чечими негизги чечим болуп эсептелген.
Алгач азирети Умар өтө катуу мүнөзгө ээ болуп, Исламга каршы чыккандардын арасында эле. Акырында ал ата-бабаларынын динине каршы чыгып, сыйынышкан буттарын жок кылууга жана алардан баш тартууга чакырган пайгамбарыбызды (с.а.в.) өлтүрүүгө убада берген. Кылычын курчанып пайгам-барыбызды (с.а.в.) өлтүрүүгө аракеттенет. Бирок, акырында ал мусулмандардын катарына кошулган. Тарыхчылар бири-бири менен кеңешип жазып калтырышкан маалыматтарга караганда, азирети Умардын мусулман болуусу төмөнкүчө болгон: “Азирети Умар, пайгамбарыбызды (с.а.в.) өлтүрүү үчүн аттанып жолго чыкканда жолдо Нуайм бин Абдуллах менен жолугат. Нуайм: «Мынчалык оолугуп кайда баратасың?», - деп сураганда, ал пайгамбарыбызды (с.а.в.) өлтүрүү үчүн барат-канын айтат. Бул кабарды уккан Нуайм: «Эй, Умар, сенин эжең менен жездең жаңы динге кирген, сен алгач аларды тыйып албайсыңбы?»,- дейт. Аны уккан азирети Умар ачуусу келип, жездесинин үйүнө бет алат. Ал жездесинин үйүнө келгенде үйдүн ичинде Куран окулуп жаткан болот. Эшикти ачканда үйдүн ичиндегилер Куран окууну токтотушуп, окуп атышкан Куран аяттары жазылган барактарын жашырып калышат. Үйдүн ичине кирген азирети Умар жездесин сабай баштайт. Арага түшкөн эжесин да уруп жиберет. Эжеси мурду кан жалай жерге кулап түшөт. Бирок, ага карабастан эжеси: «Сен эмне кылсаң ошо кыл, биз динибизден кайтпайбыз!», - дейт. Эжесинин мындай канга боёлгон абалда тике карап жооп беришинен азирети Умар аябай таасирленет. Ошол мезгилде эмнегедир азирети Умарга мээримдүүлүк сезими келип, окуган Куран аяттарын көрсөтүүлөрүн суранат. Ага берилген Куран аяттарын окуп, жүрөгү элжиреп, дароо ыйман келтирет да,Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) кайда экенин сурайт. Ошол учурда мусулмандар Сафаа дөңсөсүнүн жанында Аркам аттуу сахабанын үйүндө жашыруун ибадат кылып жатышкан эле. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) Аркамдын үйүндө экенин уккан азирети Умар дароо ошол тарапка бет алат. Ал жерге барып эшикти какканда азирети Умардын келгенин билген сахабалар тынчсыздана башташат. Анткени, азирети Умар кылычын курчанып келген эле. Азирети Хамза: «Келе тургандын көрөрү бар. Тим койгула келсин», - деп эшикти ачтырат. Ошондо, пайгамбарыбыз (с.а.в.) азирети Умарга: «Эй, Хаттабдын уулу, мусулман бол! Аллахым ага хидаят (Туура жол) бер» - дегенде, азирети Умар дароо күбөлүк келимесин айтып ыйман келтирет”.
Кээ бир риваяттарга караганда, азирети Умардын мусулман болушу пайгамбарыбыздын (с.а.в.): «Оо, Аллахым! Исламды Умар бин Хаттаб, же Амр бин Хишам (Абу Жахил) менен жогорулат», - деген дубасы менен жүзөгө ашкан. Азирети Умар пайгамбарыбыз (с.а.в.) Ислам динин жайылта баштагандан 6 жылдан кийин мусулман болгон. Ал мусулман болгон мезгилде мусулмандардын саны 30-40 киши эле.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны