Адеп Башаты » Ислам » Ислам тууралуу » Пайгамбарыбыз (САВ) орозонун маңызы жөнүндө:

Пайгамбарыбыз (САВ) орозонун маңызы жөнүндө:

Пайгамбарыбыз (САВ) орозонун маңызы жөнүндө:


Ислам беш нерсенин үстүнө курулган: Аллахтан башка кудай жок, Мухаммед (САВ) Аллахтын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк айтуу, намазды толук окуу, зекет берүү, рамазанда орозо тутуу жана мумкүнчүлүгү болгондор үчүн Аллахтын үйүнө ажылыкка баруу.
(Бухари, Иман,1; Муслим, Иман, 20; Тирмизи, Иман,2;)


Абу Хурайра (р.а.) пайгамбарыбыз мындай дегендигин баяндаган: «Алла Талаа айтат: «Адам баласынын ар бир амалы өзү үчүн болот. Тек Гана орозо мындай эмес. Анын кайрымын өзүм гана берем. Себеби жеп-ичээрин жана көңүл каалоолорун ал мен үчүн гана таштап койгон». Орозолуу үчүн эки кубанычтуу учур бар: биринчиси ооз ачаар малы, экинчиси Алла Талаага жолуккан учурунда. Орозолуунун оозунун жыты Алла Талаанын алдында жыпар жытынан да жакшы.
(Бузари, Саум, 2; Муслим, Сыям, 152; Тирмизи, Саум, 54; Несам, Сыям, 41; Ибни Мажа, Сыям, 1.)

·Ар бир нерсенин зекети бар, дененин зекети бул – орозо кармоо. Орозо кармоо бул-сабырдын жарымы.
(Ибн Мажа, Сыям,44.)


·Орозо-сабырдын жарымы, тазалык ыймандын жарымы.
(Тирмизи, Даават, 85; Ибн Мажа, Сыям, 44; Дааримий, Вуду, 2; Ахмад бин Ханбал, Муснад, 4-том, 260-бет.)


·Абу Умаама (р.а) айтат: “Мен пайгамбарыбыздан (САВ) аткаррум керек болгон бир (жакшы) ишти айтып берүүсүн сурандым эле, ал (САВ): «Орозо карма, ага тең келээри жок!» деп кайталады. Мен үчүнчү жолу суранганымда, пайгамбар дагы: «Орозо карам ага тең келээри жок!» деп жооп берди”.
(Несан, Сыям, 43.)


·Орозо напси каалаган жеп-ичээрден бирөөнү калтырган болсо, Алла Талаа ал адамга бейиштин жемиштеринен жегизип, бейиштин булактарынан сугарат.
(Али Муттака, Канзул Умман, 3-том, 328-бет.)


·Бейиште райян деп аталган бир эшик бар, андан орозо кармагандар гана кире алат.
(Ибн Мажа, Сыям, 1.)

·Орозо кармаган Адам ырыскысын халалдан эле каржылаган болсо, акыретте эсепке тартылбайт.
(Али Муттака, Канзул Умман, 3-том, 328-бет.)

·Орозо кармаган адамдын уйкусу ибадат, унчукпай турушу да тасбих болуп саналат, жакшылык жана ибадаттарына кабаттап сооп берилет. Дуба-тилеги Алла Талаа тарабынан кабыл алынып, күнөөлөрү кечирилет.
(Али Муттака, Канзул Умман, 3-том, 327-бет.)

·Орозо кыямат күнү орозо кармаган адам үчүн шапаат кылат. Жаратканга жалбарып: «Оо, Жаратканым! Мен аны күндүздөрү жеп-ичкендиктен жана жыргалчылыктан куру койдум, ошондуктан шапаатыңды кабыл кыла көр!»-дейт, ошондо. Алла Талаа орозонун бул суранычын кабылдап, кармаган адамга шапаат кылууга уруксат берет.
(Мунгир, Таргиб, 2-том, 84.)

·Саарлыкта береке бар, бир ууртам суу ичип болсо дагы аны калтыра көрбөгүлө. Анткени, Алла Таала жана периштелер саарлыкка тургандар үчүн дуба кылат.
(Ахмад бин Ханбал, Муснад, 3-том, 12,32,44,99.)

·Ооз ачууга шашылып, саарлыкты артка жылдырса эле үммөтүм жакшылыкта.
(Абу Дауд, Саум, 21; Тирмизи, Саум, 10; Ибн Мажа, Сыям, 25; Дааримий, Саум, 12.)

·Дубалары токтооосуз кабыл болуучу үч түрдүү адам бар: Орозолуунун ооз ачаар маалындагы дубасы, адилеттүү башчынын дубасы жана зулумга учураган адамдын дубасы.
( Тирмизи, Даават, 130.)

·Орозо мусулман үчүн бир калкан өңдүү. Ошондуктан бирөөңөр
Орозо кармаган болсоңор жаман сөз сүйлөбөсүн, жарашыксыз аракет жасабасын; эгерде бирөөлөр аны тилдесе же урушмакчы болсо жөн гана: «мен орозолуумун!» десин.
(Бухари, Саум, 8; Абу Дауд, Саум, 25; Тирмизи, Саум, 16; Ибн Мажа, СЫям, 21.)

·Канчалаган орозо кармоочулар бар, өзүнүн орозосунан суусап-чаңкоодон жана ачкалыктан башка бир пайдага жетпейт. Канчалаган түндөлөрү туруп нафил ибадат кылгандар бар, бул туруудан, уйкусуздуктан башка бир пайдага жетпейт.
(Ибн Мажа, Сыям, 21.)

·Алланын элчиси адамдардын эң жоомарты эле, рамазанда Жабрейил менен жолуккан мезгилде, ченемсиз жоомарт болчу. Ал (САВ) рамазандын түн сайын Жабрейил менен жолугуп, Куранды өз ара өткөрүшчү эле. Пайгамбарыбыз (САВ) жакшылыктарда, берешендикте соккон желдей шыдыр эле.
(Бухари, Бадул-вахи, 5,6, Саум, 7, Манакиб, 23; Муслим, Фазаил, 48,50.)

·Бир адам эч кандай себеби жана оорусу жок туруп, рамазандын бир эле күнүн орозосуз өткөрсө, рамазандын сыртында бүткүл өмүрүн орозо кармап өткөрсө да, кармабай калган орозонун ордун толтура албайт.
(Кандехливий, Фадаил Аамал, 335.)


Улуулар орозо жөнүндө:

·Жети нерседе жакшылык жок: Жан-дили менен бериле окулбаган намазда, керексиз нерселерди тандалбастан кармалган орозодо; туура окулбай, шашыла окулган Куранда, күнөөлөргө тоскоол болбогон ибадатта, берешендиги жок мал-мүлктө; опаасыз достукта жана ыкылассыз дубада.
( Али бин Абуталиб (р.а))

·Өмүр бою орозо кармасам, уктабастан, түндөрдү ибадат менен өткөрсөм, мал-мүлкүмдү бөлүп-бөлүп Аллахтын жолунда сарптасам, бирок көңүлүмдө Алла Таала га моюн сунгандарга карата сүйүү-жактырууну, моюн сунбагандарга жийиркенүүнү сезбесем, ал жасагандарымдын эч пайдасы болмок эмес.
(Абдуллах бин Умар)

·Намаз сени жолдун ортосуна жеткирет. Орозо Жараткан Эгеңдин босогосуна алып келет. Саадака болсо адамды Жараткандын алдына чейин алып барат.
(Умар бин Абдулазиз)

·Орозодо адамдын дене мүчөлөрүнүн баары күнөөдөн коргонуусу керек болот. Орозосуз,бирок орозо кармаган адам бар, ал жеп-ичет, бирок дене-мүчөлөрүн күнөөлөрдөн сактайт; орозо кармаган, бирок орозосуз адам бар, бирок дене мүчөлөрүн күнөөлөрдөн коргобойт.
(Имам Газали)

·Ибадаттар куш болгонунда, анын эки канаты сөзсүз орозо менен намаз болмок.
(Яхя бин Муаз.)

Улуу руханияттын, береке-жакшылыктардын айы экенин ылайыктуу деңгээлде түшүнүп, баа-баркына жетип өткөрө алдык беле?!
Ал эми пайгамбарыбыздын (САВ) жоро-жолдоштору (сахабалар) болсо, рамазан айына алты ай мурун камына баштап, рамазан айы чыккан соң, дагы алты ай бою коштошчу экен. Ошондо алар бир жылда он эки айды рамазан катары өткөрүшкөн дешет.
Алла Таала га чексиз шүгүрлөр болсун! Биз бул айда Алла Таала нын мээримине, кечиримине арзып, тозоктон кутулууга үмүттөндүк ары шыктандык.
Жолдо кароосуз калган карыпка, ачка калган бечарага, кедей-кембагалдарга кам көрүп, алар жөнүндө жүрөк ооруттук бул айда. Жетимдин башын сылап, абалын сурап, зекет бердик. Фитир саадака тараттык, көптөгөн садакалар бердик, Алла Таала кабыл кылаар деген үмүт менен, ар бир адам сүйүнсүн деп, бетине күлкү жүгүрбөгөн адам калбасын, кубаныч-шаттык аралабаган бир да үй-бүлө калбасын деп…Элибиздин ичиндеги, рухубуздагы алсыз жактарыбыз менен көйгөйлөрүбүздүн чечилишин тилеп, Алла Таалага ыйлап жалбара дуба кылдык бул айда. Эл-жерге аманчылык тиледик, береке, ынтымакчылык, токтук тиледик, жалпыга бекем ыйман жана ыкылас тиледик, дуба-тилектерибиз тоскоолдон токтобой өтүп кабыл болду бекен? Кабыл болду деген гана жакшы үмүттө болдук бул касиеттүү айда. Анткени бул айда бейиштин эшиктери кеңири ачылып, тозоктун эшиктери толук жабылган эле. Тообо-истигфарга, дуба-тилекке тоскоолдор жоюлган болучу. Ошондуктан орозо айындагы ыкыласыбызга жараша ченемсиз үмүттөр менен шыктарга кенелип турабыз айттын алдында.
Ар бир адамдын ушул куттуу кербенге кошулуусун Алла Тааладан суранып дуба кылдык. Кыскасы ушундай керемет бир майрам күнүн күтүп алдык дейсиң, достук жана боорукердик гүлдөрү ачылып, элибиз эң көркөм көк жээктерди карай ишеним менен бет алды. Улуу-кичүү баарынын жүздөрүнө күлкү үйрүлүп, ыйман нуру чар тарапка чачырап…
Орозо айт

Пайгамбарыбыз (САВ) Мадинага көчүп келген кезинде, Мадиналыктардын эки майрамы бар экенин көргөн болчу. Бул майрам күндөрү түрдүү оюндар ойнолуп, Мадиналыктар шаңга толуптурчу. Бул абалды түшүнгөн соң Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген:
«Алла Таала бул эки майрамдын ордуна андан жакшыларын – орозо айт менен курман айт күндөрүн белгилеген»
Ошентип Пайгамбарыбыздын (САВ) куттуу кылымынан бери карай бүткүл Ислам дүйнөсү бир жылда эки жолу диний майрам өткөзүп келүүдө.
Мусулмандар майрамдардын көңүлдүү таңында ал куттуу күндөрдүн өзгөчө маанилүү атмосферасын чогуу сезишип, бактылуу маанайга чөмүлүшөт.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны