Адеп Башаты » Ислам » Ислам тууралуу » Ислам дини деген эмне?

Ислам дини деген эмне?

Ислам дини деген эмне?

Ислам деген сөз ˝тынчтык,амандык, бейпилдик, баш ийүү˝маанисиндеги ˝силм,селам˝ деген арабча сөздөн бутактап чыгып, кеңири мааниде «Алла Таалага баш ийүү, Анын буйруктарына моюн сунуу, тынчтык жолуна түшүп, бейпил жашоого карай аттануу, ар бир адамга, кала берсе, ар бир нерсеге бекем ыйман менен мамиле жасоо жана колунан-тилинен эч бирөөгө залал тийгизбөө» деген маанилерди билдирет.

Ислам – Алла Тааланын аяндарына негизделген, Пайгамбарыбыз Мухаммед ( саллаллаху алейхи васаллам) аркылуу бизге жеткирип, Пайгамбарыбыз өрнөктүү өмүрү менен жашап көрсөткөн Ааламдык ыйык диндин аты.
Ислам дини жалпысынан ишенимдик, турмуштук жана ахлактык өкүмдөрдү өз ичине камтыйт. Ошондуктан Исламдын бардык өкүмдөрү, жол-жоболору, майда-баратына дейре толук турмушка ашырылуусун Дин деп айтабыз. Демек, динди тек гана жеке ишеним же руханият маселеси деп түшүнүү чоң жаңылыштык болуп эсептелет.
Исламдын түпкү өзөгү ыйман жана бекем ишеним. Башкача айтканда, Алла Таалага байланыштуу ыйык акыйкаттарга кынтыксыз түрдө бекем ишенип, толук баш ийүү. Исламдын туу чокусу болсо – киши өз жоопкерчиликтерин Алла Тааланы көрүп тургандай жана Алла Таала да аны көрүп тургандай кылдат жана толук, аң сезимдүүлүк менен аткара билүү (Ихсан), ошондой эле жасаган, жасай турган ар бир нерсени, ар бир ишти Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн жүзөгө ашырууга аракеттенүү (Ихлас) болуп саналат.
Мусулман деген эмне?
Мусулман же муслим: Ислам дининин жол-жоболоруна баш ийген, тынчтыкты, бейпилдикти өмүр өрнөгү катары иш жүзүндө көрсөтө билген адам. Бул ысымды Алла Таала Курани Каримде Өзү ыйгарган:
هو سمَاكم المسلمين من قبل و في هذا..
« Мындан мурун да, ушул Куранда да, Ал силерди «Мусулман» деп атаган»
Ошондуктан мусулман адамды «исламист», «динаятчы», же «исламчыл» деп атоо тап-такыр туура эмес.
Момун деген эмне?
Момун же муъмин : ишенимдүү, жарамдуу, Алла Талага ишенип, чын жүрөгүнөн терең моюн сунган адам. Жеке мааниде Пайгамбарыбыздын ( саллаллаху алейхи васаллам) жолго койгон динине ишенип, бул динди бекем тутунган адам. Момун жана мусулман деген терминдердин ортосунда бир аз айырма бар болсо да, демейде маанилеш сөз катары биринин ордуна бири колдонула берет. Бул жерде айта кетүүгө тийиш болгон бир нерсе , Кыргыз тилибиздеги “жоош, элге зыяны жок адам” деген маанини туюндурган “момун” деген сөз түпкүлүгүндө арабча “муъмин” деген сөздөн келип чыккан болсо да, Кыргызча Момун деген сөздүн мусулман маанисиндеги Момун сөзү менен мааниси бип-бирдей эмес.
Журөгүнөн ишенбей туруп дин жоболорун аткаруу – мунафыктык (эки жүздүүлүк), ал эми, ишеними бар болсо да дин жоболорун аткарбоо же жаман иштерди жасоо – бузукулук (фасыктык) болуп саналат. Бузукулукка жакын адамдын ыйман ишеними бар эле болсо, Алла Таалага Тооба кылуу, кечирим тилөө жолу менен дин жолуна түшүү мүмкүнчүлүгү бар болгондуктан, аны эч качан каапыр (динсиз) деш туура болбойт. Ошондой эле, дин жоболорун толук аткарбаган адам аларды төмөн көрбөгөн же жокко чыгарбаган эле болсо, ал адамга каапыр өкүм берүү туура эмес.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны