Адеп Башаты » Ислам » Ислам тууралуу » АББАС ИБН АБДУЛМУТТАЛИБ (Алла ага ыраазы болсун)

АББАС ИБН АБДУЛМУТТАЛИБ (Алла ага ыраазы болсун)

АББАС ИБН АБДУЛМУТТАЛИБ (Алла ага ыраазы болсун)
АББАС ИБН АБДУЛМУТТАЛИБ (Алла ага ыраазы болсун)
Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) атасынын бир тууганы. Негизинен аты Абдул-Фазл. Атасы Абдулмутталиб, энеси Нутайла. Азирети Аббас Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) бир-эки жаш улуу болгон. Ал жаш кезинде жоголуп кеткен. Энеси аны кайра тапканда кубанганынан, сүйүнчүсүнө Каабанын сыртын жибек кездеме менен жаңылаган. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) жаш мезгилинде энеси өлүп, чоң атасы Абдулмутталибдин колуна өткөндөн кийин Азирети Аббас менен балалык чагы чогуу өткөн. Жаш мезгилинен баштап соодагерчилик менен алектенген. Азирети Аббас өтө бай болгон. Араптарда Каабага кызмат кылуу өтө сыймык эле. Каабага кызмат кылуу иши Курайш уруусунун кадыр-барктуу адамдарына бөлүштүрүлгөн. Ажылык күндөрүндө Азирети Аббас менен бир туугандары Зам-зам кудугунан суу алып таратышкан. Азирети Аббас суу таратуу милдетин Исламдан кийин да уланткан.

Азирети Аббас Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Исламды жайылтуу ишин баштаганда аны колдогон эмес. Ыйман келтирген да эмес, каршы чыккан да эмес. Жадагалса, мусулмандар Исламга кызмат кылуу үчүн Пайгамбарыбызга (с.а.в.) биат кылышканда ал да ошол жерде эле. Биат кылып жатышканда Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) колунан кармап, мадиналыктар менен болгон келишимдин түзүлүшүнө өтө манилүү ролду ойногон. Азирети Аббас мусулман болбосо да соодагерчилик жана башкаруучулук жөндөмдүүлүгү менен Пайгамбарыбызга (с.а.в.) өтө чоң пайдасы тийген. Бирок, аялы Уммул Фазл, алгачкы мусулмандардан эле. Мушриктер Бадир согушунда Азирети Аббасты да зордон алып барышат. Азирети Аббас каалоосуз бул согушка катышкандыктан Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Аббаска ким туш келе турган болсо, эч өлтүрбөсүн, ал мушриктердин зордоосу менен келген»,- деген. Бирок, Азирети Аббас Бадир согушунда туткунга түшүп Пайгамбарыбыз (с.а.в.) андан өзү, бир туугандары жана жардамчысы Утба ибн Амр үчүн кун сурайт. Ошондо, Азирети Аббас өзү жана Акил үчүн жети миң дирхам алтын берген. Башкалар да өздөрүнүн мал-мүлкүнөн кун беришип кутулушкан. Азирети Аббас кундарды бергенден кийин мындай дейт: «Мени Курайштын кембагалы деп айта турган абалга алып келдиң. Өмүр бою ар кимге алакан жайып сурана турган абалга алып келдиң». Пайгамбарыбыз (с.а.в.) андан: «Уммул-Фазлга аманат кылып таштаган мал-мүлкүң эмне болду? Бул жерге келбестен мурун «Эгер каза болсом мына ушуларды балдарым Фазл, Абдуллах жана Кусем үчүн сакта, сени өзүмдөн кийин бай абалда таштайм»,- деп айткан алтындарыңа эмне дейсиң?»,- деп сурайт. Ошондо, Азирети Аббас таң калып: «Сенин Алланын элчиси болгонуңа күбөлүк берем. Бул нерсени Уммул-Фазл экөөбүздөн башка эч ким билбейт эле»,- дейт да ошол жерде дароо ыйман келтирет. Андан кийин Азирети Аббас Меккеге келет. Өзүнүн мусулман болгонун эч кимге айтпай жашырып, Меккедеги мусулмандарды коргоого алган. Мекке жана мушриктер жөнүндөгү кабарларды Пайгамбарыбызга (с.а.в.) билдирип турган. Азирети Аббас Меккенин мусулмандарга өтүүсүнөн бир аз мурда Мадинага көчүп барат. Жадагалса, жолдо Меккени өткөрүп алуу үчүн келаткан Пайгамбарыбызга (с.а.в.) жолугат жана Расулаллах ага: «Мен пайгамбардын эң акыркысымын, сен да мухажирлердин акыркысы болдуң»,- деген.
Азирети Аббас Мекке мусулмандарга өткөндөн кийин дайыма Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жанында болгон. Хунайн согушунда мусулман жоокерлер дүрбөлөңгө түшүп бытырай баштаганда, Азирети Аббас Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) атынын тизгинин кармап, мусулмандарды артка чакырып, кайрадан топтоп, жеңишке жетүүгө себеп болгон. Мына ошентип, бул согушта анын коңур, жоон үнү менен чоң бир кыйроонун алды алынган.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) коштошуу кутбасында, сүткордуктун бардык түрү бутунун астында калып жок болгонун жана эң алгач Азирети Аббастын сүткордугуна тыюу салган. Азирети Аббас өтө бай эле. Башкача айтканда, сүткордук менен иштеген. Бирок, сүткордукка тыюу салынгандан кийин бирда жолу сүткордук кылган эмес. Византия императорлугуна каршы жортуулга чыккан мусулман аскерлерин курал-жарак, мал-мүлк менен Азирети Аббас камсыз кылган.
Азирети Аббас Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дүйнөдөн кайткандан кийин, халифалыктын Хашим уулдарына калуусун каалаган. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ооруп атканда Азирети Аббас Азирети Алиге: «Карачы? Расулаллахтын өлүмүнө аз калды. Мен Абдулмутталиб уулдарынын өлөрүндө жүздөрү кандай абалга келерин билем. Андан көрө Расулаллахтын жанына барып, халифалыкты кимге таштарын сурайлы. Бизге таштаса аны билели. Бизден башкасына таштай турган болсо, өзү менен бир сүйлөшөлү. Бизге керек болгон кеңешин айтсын»,- дейт. Азирети Али анын өтүнүчүн четке кагып: «Алланын элчисинен муну сурасак туура болбойт, ал бизге капа болот. Ошондуктан мен муну сурай албайм»,- дейт.
Азирети Айшанын риваятына караганда, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ооруп атканда мурдуна дары тамчылатылат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) эсине келгенден кийин: «Аббастан башка ар бириңердин мурдуңарга бул дары тамчылатылат»,- дейт. Анткени, Азирети Аббас дары тамчылатып атканда даяр эмес эле. Башка бир риваятта: Азирети Аббас Пайгамбарыбызга (с.а.в.) дары берет. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) эсине келгенден кийин: «Бул дарыны ким берди?»,- деп сурайт. Азирети Аббас экени айтылганда, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Эфиопия тарапты көрсөтүп: «Бул дарыны аялдар ушул жактан алып келишкен эле, эмне үчүн муну тамчылаттыңар?»,- деп сурайт. Азирети Аббас: «Биз сени өпкө оорусуна душар болгон го деп корктук»,- дейт. Ошондо, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мындай дейт: «Алла таала мени бул ооруу менен жазалабайт. Азирети Аббастан башка ушул үйдө тургандарынын баарына бул дары тамчылатылат».
Азирети Аббас үч халифанын доорунда жашаган. Хижраттын 32-жылында дүйнөдөн кайткан. Жаназа намазын Азирети Осмон окуткан. 653-жылы, дүйнөдөн кайтканда, артында он эркек бала жана бир нече кыз калган. Азирети Аббастын урпактары кийинчерээк Аббасилер мамлекетин курушат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) аталаш агасы Азирети Аббасты мактаган сөздөрдү айтчу: «Аббас мага, мен да ага ыраазымын». Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Абдулмутталибдин уулу Аббас, Курайштын эң жоомарты жана эң урматтуусу»,- дейт. Азирети Аббас кулду азаттыкка чыгарганды абдан жакшы көргөн.
Мамлекеттик иштерде халифалар анын пикирин сурашкан. Дурус, түшүнүгү өтө терең, колу ачык берешен, жардам берүүнү жакшы көргөн сахаба болгон. Урпактары абдан көбөйгөн. Бухарийде жана Муслимде андан отуз беш хадис риваят кылынган. Азирети Аббас Мадинада Ал-Баакы мүрзөсүнө көмүлгөн.
Печаттоо

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны