Адеп Башаты » Ислам » Ислам тууралуу » АБДУЛЛАХ БИН УМАР БИН АЛ-ХАТТАБ (Алла ага ыраазы болсун)

АБДУЛЛАХ БИН УМАР БИН АЛ-ХАТТАБ (Алла ага ыраазы болсун)

АБДУЛЛАХ БИН УМАР БИН АЛ-ХАТТАБ (Алла ага ыраазы болсун)
АБДУЛЛАХ БИН УМАР БИН АЛ-ХАТТАБ
(Алла ага ыраазы болсун)


Абдуллах бин Умар экинчи халифа Азирети Умардын уулу жана момундардын энеси Азирети Хафсанын (бир ата бир энеден) бир тууганы. Фыкыхчы жана хадисчи сахабалардын бири. Абу Абдурахман деген ысмы таанылган. Энеси Зейнеб бинт Мазун ал-Жумайх. Бир риваятта Абдуллах бин Умар исламдын үчүнчү жылы туулган, экинчи риваятта андан бир жыл мурун төрөлгөн (Ибнул-Гааба, Каир, 1286, III, 230).

Атасы менен бирге Исламга кирген ж.о.э. Мадинага бирге көчкөн. Толугу менен Ислам коомунда тарбияланып, жетилген. Өтө жаш болгондуктан Бадир жана Ухуд согуштарына катышууга Пайгамбарыбыз (с.а.в.) тарабынан мүмкүнчүлүк берилген эмес (Бухарий, Магази, 6). Бирок, 18 жашында Хандак согушуна жана Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) доорундагы бардык согуштарг: Меккени өткөрүп алууга, Мута согушуна, Табук жортуулуна жана коштошуу ажылыгына катышкан. Абдуллах бин Умар Ислам мамлекетинин түптөлүшүндө пайда болгон келишпестиктерге кошулган эмес жана мамлекеттик башкаруу органдарына милдеттндирилген эмес. Анткени, халифалыкка уулун алууга сунуштаган сахабаларга Азирети Умар: «Бир үйдөн бир курмандык жетишет»,- деп жооп берген. Атасынан кийин халифа тандоодо кеңешчи катары катышкан. Азирети Умар бул кеңешмеге уулуна талапкер эмес кеңешчи катарында катышуусун керээз кылып айткан (Ибнул-Асир, ал-Каамил фит-Тарих, III, 65).
Азирети Осмон заманында Ибн Умар мамлекеттик иштерге кийгилишкен эмес. Бир күн Азирети Осмон Ибн Умардын казы болуусун, мусулмандар арасындагы укуктук келишпестиктерди чечүүсүн сунуш кылганда, кечирим сурап казылык вазыйпаны кабыл кылбай, Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) бир сөзүн эстетет: “Казылар ар түрдүү болот. Биринчиси, жахилдер, алардын жайы тозок. Экинчиси, аалымдар, бирок, булар дүнүйөлүк нерселергди сүйүшөт. Алардын амалдары менен илимдери бир эмес. Аларда тозокко барышат. Үчүнчүсү болсо, аалымдагы, бул дүнүйөгө болгон сүйүлөрү да жок. Алар илимдүү, ошо менен бирге бул дүйнөлүк нерселерди сүйүшпөйт (Аби Даавуд, Акдия, 2).
Азирети Осмон ибн Умарга кайрылып мындай дейт: «Бирок, сенин атаң Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) заманында казылык иштери менен алектенди». Ибн Умар: «Ооба туура, бирок, атам бир маселеге туш болгондо дароо Пайгамбарыбызга (с.а.в.) кайрылган, проблемаларын чечүүдө кыйналбайт эле. Анткени, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дагы кыйын бир маселеге туш болгондо анын да проблемасын Алладан түшкөн вахий чечет эле. Азыр эми проблемаларыбыз менен кайрылууга Пайгамбарыбыз (с.а.в.) жок. Эми Алла таала биздин жардамчыбыз болсун»,- дейт. Азирети Осмон бул жагдайда көп такыктаган эмес. Азирети Ибн Умар мамлекеттик иштерден алыс болгонуна карабастан акыйкат жолдо жихатка чыгып Ислам мамлекетинин каратып алууларына катышкан. Акыйкатта, Хижраттын 27-жылында Африка, Тунис, Жазайир, Маракеш жортуулдарына катышкан. Ошондой эле хижраттын 30-жылында Хорасан жана Табаристан жортуулдарына катышып, анын Табаристанды каратып алууда Дихканды өлтүргөндүгү белгилүү. Бирок, укуктук жана мамлекеттик иштерине кийгилишүүдө өтө этият мамиле кылып, дайыма алыс болууну каалаган. Азирети Осмондон кийин илимдүү, баатыр жана мужахид болгон Азирети Умардын уулу халифалыкка каалашсаларда макул болгон эмес. Ал Азирети Алинин тарабында болгон. Ички иштерге кийгилишкен эмес. Сыффын окуясынан кийин халифалык сунуштарды кабыл кылган эмес.
Азирети Муавия заманында 669-жылы Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) милдетин орундатып, туу көтөрүп жүргөн Халид бин Зейд Абу Аййуб ал-Ансари менен Стамбул чебине чейин келип, Стамбулдун алгачкы курчалуусуна катышкан. Анын мамлекетин ичиндеги, Ислам коомундагы ар кандай маселелерде этият мамиледе болгондугун көрүүгө болот. Бирок, Сыффында Азирети Алиге каршы чыккандарга жана Абдуллах бин Зубейрди Каабада курчоого алып шейит кылгандарга каршы согуша албай калганына абдан өкүнгөнүн өзү айткан (Ибн Абдил-Барр, ал-Истиаб, II, 345). Хажжажга каршы согуша албаса да анын зулумдугунан тартынбай, Исламдын мыйзамын жок кылуусуна каршы, тайманбастан катуу, серт бир абалда эскерткен. Жадагалса, анын мындай катуу эскертмелерине ачуусу келген Хажжаж бин Юсуф, Абдуллах бин Умарды өлтүрүүнүн жолун издеген. Акырында Хижраттын 74-жылында Абдуллах бин Умар 84 же 85 жашында дүйнөдөн кайтат (Ибн Саад, Табакат, IV, 187), башка бир риваятта анын 86 жашында өлгөндүгү айтылган (Ибнул-Асир, Усдул-Гааба, IV, 230-231).
Ажылык мезгилинде бир адам учу зыяндуу бир найза менен Абдуллах бин Умарды бутунан жаралаган. Денеси ууланып, бул уулануу өлүмүнө себеп болот. Башка бир риваятка караганда, жогоруда айтылгандай бул жаралоо Хажжаж бин Юсуфтун амалы эле. Ибнул-Асирдин жазганына караганда, Хажжаж бин Юсуф минбарда кутба окуп аткан. Кутбада Абдуллах ибн Зубейрге катуу азар берүүчү сөздөрдү айтып, күнөөлөйт. Анын Куранды булдурак окуганын айтат. Ибн Умар ойлонбостон тартынбай Хажжажга кыйкырып: «Жалган айтып атасың, муну Зубейр андай кылган эмес, сенин да бул ишти айтканга акың жок!...»,- дейт. Ибн Умардын эл чогулган жерде мындай катуу кыйкыруусу Хажжажды жаман абалга алып келет. Хажжаж ага кек сактап, абдан ачууланат. Көз көрүнө ага эч нерсе кылалбасын билип, жашыруун жана кыянаттык менен өч алууну ойлойт (Ибн Халликан, Вафаятул Аян, II, 242). Бирок, Ибнул-Асир Хажжаждын кутба маселесин башкачарак баяндаган. Анын жазганы боюнча Хажжаж кутбанын убактысын аябай узартат. Ушунчалык көп окугандыктан убакыт асыр намазына жакындап калат. Ошондо, Ибн Умар: «Күн сени күтө албайт»,- деп эскертет. Экинчи бир риваятка караганда Ибн Умар аны күтпөй, сыйлабагына Хажжаждын мүнөзү жаман болгондуктан ачуусу келет. Бирок, Эмевий өкүмдары Абдулмалик бин Марвадан корккондугунан Ибн Умарга каршы чыга албайт эле.
Бул маселенин ички сыры ушундай болгон. Болбосо мүмкүнчүлүгү болгондо Хажжаж көп өтпөй Ибн Умарды жок кылуудан кайра тартпайт эле (Ибнул-Асир, Усдул-Гааба, III, 230). Ажылык мезгилинде көп эл топтолгон. Абдуллах бин Умарды ким жаралаган болсо, алып келүүгө буйрук берип, Хажжаж бул окуяны тартипке келтиргенге аракет кылган киши болуп көрүнөт. Жадагалса, Ибн Умар ооруп жатканда Хажжаж зыяратка барат. Күнөөкөрдү тутуп жазалоодон сөз кылат. Ибн Умар ошондо, Хажжажга: «Сен курал-жарак менен Харам мечитине келүүгө мүмкүнчүлүк бергениң үчүн ушундай окуя болду. Харам мечитине курал-жарак менен кирүү туура эмес экенин билет элең. Бул маселени орундатканыңда бул окуя болбойт эле»,- дейт, Хажжаж ага эч нерсе айта албайт (Ибн Саад, Табакат, VI, 187). Ибн Умар Мадинада өлүүнү самаган. Анткени, акыркы күндөрүндө Меккеде абалынын жакшы болбогонун сезет. Алла таалага дуба кылат: «Аллахым, мени Меккеде өлтүрбө»,- деп жалбарат. Мен Меккеде өлсөм мени Харам мечитинин жанына көмгүлө деген керээздерин айтат. Ибн Умар бул айткан керээзинен бир канча күндөн кийин дүйнөдөн кайтат. Өлүмүндө өтө көп киши топтолот. Хажжаж да өзүнүн күнөөсүн жашыруу үчүн жаназа намазына катышат. Жадагалса, жаназа намазы Хажжаж тарабынан окулганы айтылып келген (Ибн Саад, Табакат, ошол эле беттер).
Ал өлгөндө артында он бир эркек жалпы он беш баласы болгон. Айлана чөйрөсү жана үй-бүлөөдө толугу менен Ислам тарбиясы менен чоңойгондуктан, Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) чогулуштарына, маектерине дайым катышкандыктан, өзү кызмат кылуу менен сыймыктануусунан өтө жогорку кулк мүнөз ээси болгондуктан, өз доорунун бардык илмдеринин чеберчилигине, устаттыгына жетишкен. Ар бир темада көңүл коюууну, изилдөөнү, аныктоону жакшы көргөн. Сахабалардын арасынан бул дүйнөгө маани бербегендиги менен үлгү болгон. Арам жана күмөндүү темаларда өтө сергек мамиледе болгон. Курандын тафсири жагдайында да сахабалардан эң алдыңкылардан эле. Бир күн Пайгамбарыбыз (с.а.в.) сахабаларынан Ибрахим сүрөөсүнүн 24-аятында айтылган «дарактын» кандай дарак экенин сурайт. Эч ким жооп бере албайт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) анын курма дарагы болгонун аныктап ал жердегилер тарала баштаганда Абдуллах бин Умар жолдо баратып атасына: «Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дарактын кандай дарак экенин айтпастан мурун курма дарагы экени жүрөгүм сезди»,- дегенде, атасы уулуна: «Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) алдында Абубакир менен Сен турганда менин айтканым туура эмес деп ойлодум»,- дейт (Ибн Хажар, Фатхул-Баарий Шарх Сахихил-Буарий, Египет, 1959, IX, 449). Анын бул абалы Алладан келген аяттарды канчалык деңгээлде түшүнө алганын көрсөтүп турат.
Абдуллах бин Умар арам жана адалга байланыштуу хадистерди эң көп риваят кылгандардан. Көбүнчө уккан хадистерин унутпоо жаңылбоо үчүн дайыма жазып жүргөн. Керек болбогон жерде хадис риваят кылган эмес. Ибн Умар тафсир илиминде белгилүү болгондой хадис илиминде да алдыда келгендерден жана хадис хафызлардын арасында таанылган сахабалардан. Колубуздагы эң керектүү хадис китептеринде Ибн Умардан эки миң алты жүз отуз хадис риваят кылынган. Бухарийде сексен бир, Муслимде отуз бир. Ахмад бин Ханбалдин «Муснад» аттуу китебинде миң он тогуз хадис өзүнчө жазылган. Ибн Умар Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) сөздөрүнө, кыймыл аракетине ынта коюп, кызыгып карап, көңүл бурган. Көбүнчө Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жанында кызмат кылган. Эгер Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) сөзүн укпай, жанында болбой калса, уккандардан сурап, изилдеген. Кээ бир маселелерде күмөн санаса же жакшы түшүнбөй калса дароо Пайгамбарыбызга (с.а.в.) барып сураган. Мына ушундай абалда ал Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) сөзүнө жана кыймыл аракетине байланыштуу хадистерди топтоп сактаган.
Хадистердин үммөттөрдүн арасына таралуусуна жана үйрөтүлүүсүндө Ибн Умар өтө чөң кызмат кылган. Ал хадистерди өтө жакшы билген, жакшы изилдегендерден эле. Билген нерсенин үйрөтүүнү аябай жакшы көргөн. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дүйнөдөн кайткандан кийин 50 жыл жашаган. Өмүр бою Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) хадистерин үммөттүн арасына жайылтуу менен алектенген. Акыйкатта, колубуздагы риваят кылынган хадистердин тизмегинин көпчүлүгү Абдуллах бин Умарга таянат. Ибн Умар Мадинада сабак айлампасы уюуштуруп хадис үйрөткөн. Ошондой эле, ажылык мезгилинде Ислам дүйнөсүнүн туш тарабынан ажылыкка келгендерге Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) хадистерин үйрөтүүдө болгон күчүн жумшаган.
Абдуллах бин Умардан Кафи жана Имам Малик бин Анастын риваяттары менен келген хадистер өтө туруктуу так хадистер катарында бааланат жана бул риваят тизмегине, чынжырына «Алтын чынжыр» аты берилген. Абдуллах бин Умардан хадис илимин алгандардан Абдуллах бин Аббас башта болуу менен, Жабир бин Абдуллах, Саид бин ал-Мусаяб, Саид бин Жубейр, Абдуллах бин Кайсан, Хасан-ы Басры, Нафи, Мужахид, Тавус, Анас бин Ширин сыяктуу хадисчитер жана уулдарынан Хамза, Билал, Абдуллах жана Убайдуллах бар. Ибн Умар бул хадис илиминен улам өтө көп хадис риваят кылган, «Муксирин» сахабалар арасында орун алган. О.э. Абдуллахтын фыкыхчы бир сахаба болгондугу да белгилүү. Ибн Умар өмүрүн Мадинада өткөрүп фыкых илиминин үстүндө да иштеген. Мадинанын фыкых аалымдары фатваларда Ибн Умардын кеңешин, билимин пайдаланышкан.
Ахли-сүннөттүн 4-алымынын бири болгон Имам Маликтин фыкхы Ибн Умардын фыкхы менен толтура. Эгер Ибн Умардын фыкхы топтолсо чоң бир чыгармалар жыйнагы пайда болот. Имам Маалик айткандай Ибн Умар фыкых аалымдарынын эң алдыңкыларынан эле. Акыйкатта,, Египеттик аалым М. Раввас Калажи «Мавсуати фыкхи Абдуллах бин Умар» (Абдуллах бин Умардын фыкыхтык энциклопедиясы) деген бир чыгарма жазган (М. Реввас Калажи, Мавсуати фыкхи Абдуллах бин Умар, Бейрут, 1986). Ислам фыкых уламарынын эң алдыда келгендеринин айткандарына караганда, Исламдын маселеринде ибн Умардын айткандары менен амал кылуу жетиштүү. Абдуллах бин Умар көп жашагандыктан Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) кийин алтымыш жылга чейин фатва берүүдө орун алган. Бирок, фатва берүүдө өтө этияттык менен мамиле жасаган.
Жеке өзгөчөлүгү жагынан алып караганда: жакшылык кылууну, Саадака жана кайрымдуулук кылууну, кулду азаттыкка чыгарууну абдан сүйгөн. Туруктуу, жакшы мүнөздүү, бардыгына бирдей жакшы мамиле кылган, жамандыктардан дайыма качкан. Ар бир жасаган ишин Алланын ыраазылыгы үчүн жасаган. Өзүнүн шакек ташына: «Алла таалага, Алла үчүн чын жүрөктөн ибадат кылды», деп жазылган эле. Бул дүйнөлүк мал-мүлккө, кооздуктарга көңүл бурган эмес. Сахабалардан Жабир бин Абдуллах: «Умардын уулу Абдуллахтан башка арабызда бул дүйнөгө кызыкпаган эч ким жок»,- деген.
Илимдүү, хадисчи, табииндердин улуулурынан болгон Нафи, Абдуллах бин Умардын шакирти болгон. Ал өзү кул болгон. Ибн Умар аны он миң дирхемге сатып алып: «Сени Алла ыраазычылыгы үчүн азаттыкка чыгардым»,- деп, кулдуктан бошотот. Кулдардын арасынан ибадат кылгандарды көрсө сөзсүз азаттыкка чыгарган.
«Ибадат кылган болуп, ибадаттын сүрөтүн көрсөткөндөр болсо, эмне кыласыз»,- деп сурашканда, Абдуллах ибн Умар: «Кайрымдуулук үчүн алдангандан жакшыраак нерсе барбы?»,- деп жооп бергени эл арасына белгилүү болгон. Имам Нафи Абдуллах үчүн: «Дайыма дубаларына белгилегендей эле миң кулду азаттыкка чыгаргандан кийин дүйнөдөн кайтты»,- деген. Көпчүлүк учурда сыртындагы кийимин чечип кембагалдарга берген. Абдуллах ибн Умардын үйүнөн эч коноктор үзүлгөн эмес. Кечки тамагын жалгыз жегени өтө аз кездешкен. Сөзсүз коногу болгон, жок болсо таап келген. Өзү да досторунун үйүндө үч күндөн ашык конок болбойт эле. Үйүнө эң керектүү буюмдарды гана койгон. Жумадан мурун сөзсүз жуунуп, абдес алып жакшы жыттуу мисктерди себинген. Ар бир намаз үчүн даарат алып, кечинде көп намаз окуган.
Абдуллахтын уулу Халид азаттыкка чыгарган Абу Талиб мындайча түшүндүргөн: «Абдуллах бин Умар Меккеге келгенде бизге конок болчу. Түнкүсүн тахажуд намазын окуйт эле. Бир жолу эрте мененки намазга жакындап калганда мага келип: «Туруп намаз окубайсыңбы?». Эч болбосо Курандын үчтөн бирин окусаң да жетет»,- деди. Багымдат намазына аз калды, кыска убакытта Курандын үчтөн бирин окуп жетише албайм,- дедим. Мага карап: «Ихлас сүрөсү Курандын үчтөн бирине барабар»,- деди. Имам Нафинин жазып калтырганына караганда Абдуллах ибн Умар музыканы сүйгөн эмес. Теганни жана саз (комуз сыяктуу музыкалык аспап) үндөрүнө кулак салган.
Бир күн бирөө жанына келип: «Абдуллах, Алла үчүн мен сени абдан сүйөм»,- дейт. Абдуллах ага кайрылып: «Мен да Алла ыраазычылыгы үчүн сени эч сүйбөйм. Анткени, сен азанды ырдап аткан сыяктуу айтасың»,- дейт. Алладан башка эч кимден коркпойт эле. Жамандыкка дайыма жакшылык менен жооп берген. Азирети Зейд бин Аслам ушундай бар окуяны айтат: «Жолдо бир киши Абдуллах бин Умарды тилдей баштады. Абдуллах үйүнүн эшигине барганга чейин сабырдуулук менен угуп, анан ага карап: «Мен жана бир тууганым Асым эч кимди тилдебейбиз»,- деди. Өтө аз тамак ичкен. Ошондой эле, курсагы ачканга чейин эч тамак жеген эмес. Бир күн досторунан бирөө тамакты сиңирүүнү жеңилдеткен бир даарыны берүүнү каалайт. Ал досуна мындай дейт: «Мен эч бир тамактан тойгончо жебедим. Тамак сиңирүүнү жеңилдеткен даарыга муктаж эмесмин».
Ушунчалык канаат кылган, байлыкка сук арткан эмес, эч кимден эч нерсе үмүт кылган эмес. Баары ага кызмат кылууну каалаган, бирок, ал кабыл кылган эмес. Бир жолу Абдулазиз бин Харун ага кабар берип эмне муктаждыгы бар экенин билгиси келет. Ибн Умар анын мындай мамилесине жооп катары мындай дейт: «Сиз, муктаждыктары сизге тиешелүү болгон кишилердин муктаждыктарын камсыз кылсаңыз жакшы болот» (Ибн Саад, Табакат, IV, 174). Бирок, ибн Умар өзүнө берилген белекти кайтарып берген эмес. Акыйкатта, Мухтар мал-мүлкүнүн көпчүлүгүн Ибн Умарга белек берип турган: «Бизге белек кылынган нерселерди биз да Алла жолуна таратабыз»,- деген. Өзүнө берилген белектерди муктаж болгондорго таратат. Бир жолу Ибн Умардын энеси Рамле ага эки жүз динар алтын акча жөнөтөт. Амир Муавия болсо бир жолу ага үч жүз миң динар жөнөтөт. Муавия ал акчаны жөнөтүп атып Ибн Умардын Язидке убада берүүнү да ойлонуп ага кайрылат. Ибн Умар аларды кабыл кылып менин ыйманым сиздин акчаңызга караганда баалуу,- деп жооп берет (Ибн Саад ошол эле жер).
Абдуллах бин Умардын жеке жашоосу ар түрдүү кооздуктан, эл көрсүн дегенден алыс эле. Бир отурганда миңдеген дирхам акча тараткан заттын бардык үй буюмдары бир килем жана көрпө төшөктөн турган. Алардын баары жүз дирхамды да түзгөн эмес. Абдуллах бай болгону менен өтө жөнөкөй жашаган. Жума күндөн башка күнү миск колдонгон эмес. Бир гана жума күнү жакшы кийимдерин кийген. Жумадан кийин жолго чыгуусу керек болгон кийимдерин үйүнө барып алмаштырып анан жолго чыккан.
Ибн Умардын сырткы түзүлүшү атасына абдан окшош болгон. Узун бойлуу жана кара тору эле. Сакалы агаргандан кийин коюу сары түскө боёп жүргөн. Анткени, сакалыны негизинен түсү коюу сары эле.
Абдуллах бин Умардын пайгаамбарыбыздан өзү угуп жазып калтырган кээ бир хадистер:
1. Адам баласы Алладан башка эч нерседен коркпой турган болсо, Алла таала аны эч нерсе менен тажатпайт, балакет жибербейт.
2. Насыят катарында өлүм жетиштүү.
3. Каалаганыңды жеп-ич, каалаган кийимди кий. (Бирок, ысрапкерчиликтен сактан). Инсанды жаман жолго алып барчу нерсе бул ысырапкерчилик жана текеберчилик.
4. Ден-соолугуң чын мезгилде оорубоо үчүн (чара көргөнүңдөй), жашооңдо өлүм үчүн чара көр.
5. Абдуллах ибн Умар буйруган: «Эй инсандар денең менен бул дүйнөдө бол, жүрөгүң менен акиретти тап».
6. Хикматтын он түрү бар: тогузу сүкүт, бирөө аз сүйлөө.
7. Харамдан качпасаң ибадатың кабыл болбойт.
8. Абу Салама бин Абдуллах мындай дейт: «Абдуллах бин Умар дүйнөдөн кайтты. Ал фазилеттүүлүгү жагынан атасына абдан окшош эле. Азирети Умар өзүнө окшогондор көп болгон заманда жашаган. Бирок, Азирети Абдуллах ибн Умар өзүнө окшогондор жок мезгилде жашаган».
Печаттоо

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны