Адеп Башаты » Ислам » Ислам тууралуу » Абдуллах ибн Масуд (Алла ага ыраазы болсун)

Абдуллах ибн Масуд (Алла ага ыраазы болсун)

Абдуллах ибн Масуд (Алла ага ыраазы болсун)
Абдуллах ибн Масуд
(Алла ага ыраазы болсун)

Алгачкы мусулмандардан. Хадисчи, фыкыхчы жана муфассир сахабалардан. Аты Абдуллах, негизги аты Абдурахман. Атасы Масуд, энесинин аты Умму Абд. Атасы жөнүндө кеңири маалымат жок. Анын Зухра уулдарынан Абд бин Харистин тобунан экендиги белгилүү. Абдуллах фыкыхчы үй-бүлөөлөрүнө таандык. Жаш мезгилинде Укба бин Муайттын койлорун кайтарып чабан болгон. Абдуллах бин Масуд Пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен алгач жолугуусун мындайча баяндаган: “Мен Укба бин Муайттын койлорун кайтарат элем. Бир күн Пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен Азирети Абубакир жанымдан өтүп калышты. Расулаллах (с.а.в.) менден сүт сурады. Мен ага чабан болгонумду жана бул койлордун мага аманат болгонун айттым. Мындан улам, Расулаллах (с.а.в.): «Кысыр калган, сүт бербеген койуң барбы? Мага көрсөтөсүңбү?»,- деди. Мен куут болбогон бир кой көрсөттүм. Расулаллах (с.а.в.) ал койдун эмчегинен кармап саай баштады. Чындыгында, кысыр калган, сүт бербеген ал койдон сүт саап Азирети Абубакирге берди. Азирети Абубакир ичти. Андан кийин ийдишти Расулаллах (с.а.в.) алып ичти (Ибн Саад, Табакат, III, 151). Мына ошол күндөн баштап Ибн Масуд Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жанынан айрылган эмес. Ал Исламды кабыл кылган алгачкы мусулмандардын алтынчысы эле. Ал мусулман болгон кезде Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Аркамдын үйүнө көчө элек болгон. Мусулман болгондон кийин дайыма Куранды жаттаган. Өзү айткандай жаттаган жетимиш сүрөнү Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) алдында окуган. Сахабалардан эч ким бул темада андан талаша алган эмес. Кийинчерээк Куранды толугу менен жаттаган.

Ибн Масуд мусулман болгон кезде мусулмандар Пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен көз көрүнөө ибадат кылышкан эмес жана каалаган жерде Куранды үнүн чыгарып окуй алышкан эмес. Мусулмандардын жахилия сезимдерин жок кылып, аларды мушриктерге каршы катуу, канкор сыяктуу басмырлоого алып келген. Мындан улам, мусулмандар мындай кыйынчылыктардан сактанууну каалашып, мушриктерди кубаттаган, азгырган аракеттерден качышкан. Мына ушундай оор күндөрдө Абдуллах ибн Масуд каабада олтуруп Куран окууну каалаган.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) жана сахабалар Каабада олтуруп Куран окууну өтө оор деп ойлошкон. Өзгөчө Меккеде аны коргогон чоң бир үй-бүлөөнүн жок экенин айтышат. Бирок, Ибн Масуд ыйманынын кубаттуулугу менен бул кыйынчылыктардын баарын өткөрүп өтөт. «Мени алардан Алла таала сактайт»,- деп, Каабага барат. Ошол мезгилде Курайштин улуу адамдары Каабага топтолушуп бир маселени сүйлөшүп атышкан эле. Алар өз араларында сүйлөшүп атышканда, катуу кооз үн менен “бисмиллах” айтылып Курандан рахман сүрөсү окула баштайт. Баары таң калып, бул кайраттуу, тайманбаган адам ким болду экен деп келишкенде, ибн Масуд экенин көрүшөт. Курайштыктер ачууланып анын бул абалын өтө оор жаза менен жазалоону каалашат. Ибн Масудду кызыган кумга жаткырып Исламдан баш тарттырууга аракеттенишет. Бирок, Ибн Масуд бул жазаларга кыпындай да маани берген эмес. Мушриктер аны жазалоонун эч кандай пайдасы жок экенин билишип коё беришет. Абдуллах ибн Масуд Курейтиттердин андай чыккынчылык мамилелеринен улам катуу ооруга душар болот. Бирок, ичиндеги ыйман оту кыпындай да өчкөн эмес жана руханий дүйнөсү эч качан чагылган эмес. Ибн Масуд алгачкы мүмкүнчүлүктө ошол эле аракетин кайталап, Курайштыктардын топтолгон жерине келип катуу кооз үн менен Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) кийин эң алгач Каабада Куран окуп мушриктерди Исламга чакырган (Ибнул-Асир, Усдул-Гааба, III, 256-257).
Абдуллах ибн Масуддун мындай ыйман жана кайраты мушриктердин ага душман болууларына себеп болгон. Курайштыктардын мындай душман болууларынан улам Ибн Масуд Меккени таштап Хабашистанга көчүүгө аргасыз болот жана учу-кыйыры билинбеген кумдуу чөлдөр менен жолго чыгат. Кийинчерээк Хабашистандан Мадинага көчүп келип Муаз бин Жабалге конок болот. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Мадинага келгенден кийин ага бир жер көрсөтүп ошол жерге жайгашат. Ибн Масуд бардык чоң согуштарга катышат жана бардыгында өтө маанилүү кайраттуулугун көрсөткөн. Бадир согушунда эки жигит ибн Масудка келип Абу Жахилди көрсөтүүсүн каалашат, андан кийин душмандардын, “күпүр”, б.а., жамандыктын, зулумдуктун башын тазалашат. Ибн Масуд Ухуд, Хандак, Худайбия, Хайбар согуштарында жана Меккени өткөрүп алууда Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жанында болот.
Хунайн салгылашуусунда чачылып таралуу мезгилинде Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жанынан эч айрылган эмес. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) анын мындай чын дилден согушканына абдан ыраазы болгон. Абдуллах ибн Масуд ар бир согушта Алла таала үчүн шейит болуу үмүтү, кайраты менен согушкан сахабалардан эле. Андагы ыйман кубаттуулугу аны дайыма алдыга умтултуп, качан мусулмандар жеңишке жетип, мушриктер жеңилгенде анан жайбаракат болот эле. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дүйнөдөн кайткандан кийин бир топко чейин эч кимге кошулбай жалгыз жүргөн. Бирок, Азирети Умар заманында кайрадан каратып алуулар башталганда толкундануусу кайрадан жанданган ибн Масуд Сирия тарапка барган. Азирети Умар хижраттын 20-жылында ибн Масудду Куфа казылыгына дайындаган. Казылык милдети менен бирге мамлекеттик казынаны сактоо менен алектенген жана элдин диний таалим тарбиясына да маани берген. Азирети Умар ушуга байланыштуу Куфа казылыгына жиберген катында мындай деген: «Сиздерге Аммар бин Ясирди башчы, ибн Масудду үйрөтүүчү катарында жибердим. Бул экөөбү тең Бадир устаттарынан. Алардын сөзүн угуп итаат кылгыла. Ибн Масудду жанымда алып жүрүүнү каалар элем, Бирок, сиздерге жибердим».
Ибн Масуд өз мойнуна алган бул милдетти өтө ылайыктуу жана жетиштүү орундаткан. Куфа өтө берекелүү, жеринин кенендиги менен таанылган борбор эле. Ошондуктан, бул жердин «Байтулмалы» “мамлекеттик казына” маанилүү болгон. Анткени, ал жер миңдеген мужахиддин айлык акысын камсыз кылган. Хорасан, Түркстан ж.б.у.с. жерлерде, дин үчүн согушка катышкан мусулмандар, өтө алыс тараптагы аскерлер курал жарак менен жабдылган. Бул абал Ибн Масуд тарабынан жүргүзүлгөн вазыйпанын канчалык оор экенин көрсөтүүгө жетиштүү болсо керек. Ибн Масуд мынчалык оор, маанилүү ишти өз мойнуна алуусу анын канчалык жөндөмдүү экенин көрсөтүп турат. Абдуллах ибн Масуд ошол эле мезгилде дүйнөлүк кооздуктардан баш тарткан, арамдан күнөө иштерден качкан өтө такыбаа эле. Дүйнөлүк бир да таам анын көңүлүн бурган эмес.
Мындан улам, ишенимдүү колуна берилген бардык милдеттерди туура так орундаткан. Байтулмалдын бардык нерсесин коргоп, жалгыз өз ордуна, акысы барларга гана берилген. Бул жагдайда өтө ынтаалуу тырышчаактык менен мамиле кылган. Бир жолу Саад ибн Абу Ваккас экөөнүн арасында бир келишпестик пайда болот. Саад Байтул малдан бир аз карыз акча алат. Кайра берүү убагы келгенде, өз убагында Баралбай калгандыктан Ибн Масуд ага катуу сөздөрдү айтып көңүлүн оорутат.
Ибн Масуд 60 жашында орууга чалдыгат. Бир түндө түшүндө Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ды көрөт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) аны чакырат. Ибн Масуддун өлүмү жакындап калганда Азирети Зубейр менен уулу Абдуллах жанына келет. Хижраттын 30-жылында дүйнөдөн кайтат. Аны Азирети Зубейр уулу Абдуллах камсыз кылып кепиндешет. Сахих риваяттарга караганда анын жаназа намазын Азирети Осмон өзү окуйт. Азирети Осмон бин Мазун кабырга коёт.
Ибн Масуд Исламга кирген күндөрдөн баштап илим менен алектенип таанылган. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) андан илимге болгон кызыгууну, аракетти сезип: «Сен мугалим боло турган жигитсиң»,- дейт. Чындыгында, Ибн Масуд ар убактысын билим алуу менен өткөргөн. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) деңиз сыяктуу илиминден пайдалануу мүмкүнчүлүгүн олжо катарында эсептеген. Ибн Масуд Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) өзгөчө, сырдаш досторунан жана адамдарынан эле. Ал Пайгамбарыбызга (с.а.в.) кызмат кылуу менен макталган. Кээ бирде Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) мисфактарын ташып сунуштаган. Ушул сыяктуу көптөгөн жумуштарын аткарган. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) эң жакыны, сырдашы болгондуктан мажлисине уруксатсыз кирип аны менен сүйлөшүп, буйруктарын угуп, бардык талаптарын орундаткан (Ибн Саад, Табакат, II, 153). Ибн Масуд Алла тааладан келген вахийды кабыл алган жана айткан Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) өзүнөн угат. Ошондуктан, ал Куранды өтө жакшы билгендерден жана өтө кемчидиксиз жаттагандардан эле. Баары анын бул жагдайдагы түшүнүгүн жана жөндөмдүүлүгүн ыйык деп сезишип, сахабалардын баары анын Куранды мыкты билгендигин, билимдүү болгонун кабыл кылышат эле (Бухарий, Фадааилу Асхаабин-Наби, 37). Абу Ахвас мындай деген: «Бир күн Абу Мусал-Ешаринин үйүнө олтурганбыз. Арабызда ибн Масуддун кээ бир достору да бар эле. Куранга карап жатышты. Абдуллах ордунан туруп ибн Масуд жөнүндө мындай деди: «Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Алладан келген вахийды Ибн Масуддан дагы жакшыраак билген бирөөнү таштабады». Абу Муса бул сөздөрдү уккандан кийин: «Биз Пайгамбарыбызды (с.а.в.) көрбөгөндө ал көрөт эле, биз баралбаганда ал Пайгамбарыбыздын алдына бара алат эле»,- деди».
Амр бин Астын уулу Абдуллахтын мажлисинде Месрук мындай дейт: «Абдуллах бин Амрга барып маектешет элек. Бир күн Абдуллах бин Масуд жөнүндө сөз болуп, Абдуллах мындай деди: «Ушул кишинен сөз кылып атасыңар, мен аны аябай сүйөм. Анткени, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ал жөнүндө мындай деген: «Куранды төрт кишиден үйрөнгүлө: Ибн Масуддан, Муаз бин Жабелден, Убай бин Каабдан жана Абухузайфанын кожоюну Салимден». Расулаллах (с.а.в.) бул аныктамасына Ибн Масуддан сөз кылып баштаган» (Бухарий, Фазааилул Куран, 8). Ибн Масуд Курандын таралуусунда аны Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) алган формасында үйрөтүүгө аракеттенген. Ошо менен бирге, тафсир илиминде өтө маанилүү кызмат өтөгөн. Ибн Масуд мындай деген: «Хабашистанга хижрат кылбастан мурун, Меккеде болгон мезгилде Пайгамбарыбыз (с.а.в.) намаз окуп жатканда салам берет элек». Ал да саламыбызды алек алат эле. Хабашистандан кайтып келгенден кийин салам бердик, бирок, алик албады. Намаз окуп бүткөндөн кийин себебин сурадым: «Алла таала намазда сүйлөшүүгө тыюу салды»,- деп буюрду (Ибн Ханбел, Муснад, I, 377).
Ибн Масуд сөзүн улап: «Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) суралды: «Эң чоң күнөөлөрдөн төмөнкүлөрдүн кайсынысы: Аллага шерик кошуу, өзүнүн баласын өлтүрүү, кошунасынын аялы менен зына кылуу». Ошол мезгилде Расулаллахга (с.а.в.) төмөнкүдөй аят түштү: “Алар Алла менен бирге башка бирер кудайга дуба кылып-жалбарышпайт жана Алла (өлтүрүүнүн арам кылган) бир да жанды жазыксыз өлтүрүшпөйт жана зына кылышпайт. (Никесиз бузук ишке барышпайт). Ким мына ушул (күнөөлөрдөн бирин) кылса, азап кыйноого дуушар болот” (Фуркан сүрөсү 25/68-аят).
Ибн Масуд өзүнүн көз карашы жана пикири менен Куранды тафсир кылуу жагдайында өтө этият мамиледе болгон. Өзү бул нерсени айтып атып: «Мен мечитте элем. Ал жерде Куранды өзүнүн пикири менен тафсир кылган бир кишини көрдүм жана дароо ал жерден кетип калдым. Ал киши: “Демек, (Эй Мухаммад), сен асман ачык (тактап айтканда, бардыгына көрүнө турган) түтүндү келтире турган күнгө көз туткун. Ал (түтүн бардык) адамдарды чулгап алат. Бул жан чыдагыс азап (болот)” (ад-Духан сүрөсү 44/10-11) деген маанидеги аяттарды тафсир кылып жатып, кыямат күнү баарынын демин кыскан тумоого душар кылуучу бир тумандан сөз кылып атты. Бир инсандын билбеген нерсесин Алла билет деп айтуусу анын илиминин начар экенин көрсөтөбү? Аталган аят Курайштыктардын Пайгамбарыбызга (с.а.в.) өтө катуу каршы турушкан мезгилде түшкөн эле.
Ибн Месут Куранды Расулаллахдын (с.а.в.) өзүнөн үйрөнгөн. Ошондуктан ал кыраат менен өзгөчө кемчилдиксиз окуган. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) анын кыраатынан сөз кылып аны мактайт эле. Бир күн ибн Масуд мечитте кооз үн менен Ниса сүрөсүн окуп жатты. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Азирети Абубакир менен келип аны ынта коюп угуп анан ага кайрылып: «Ибн Масуд! Кандай сөз айтылса да сен татыктуусуң»,- дейт. Азирети Абубакирден кийин Азирети Умар келип Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) уккандарын ибн Масудга сүйүнчүлөгүсү келгенде ал: «Абубакр сенден мурун келип айтты»,- дейт. Азирети Умар: «Алла таала Азирети Абубакирден ыраазы болсун. Анын менден мурун келип айтканын билбедим эле»,- дейт (Ибн Ханбал, Муснад, I, 454). Чындыгында, ибн Масуддун кырааты өтө кооз эле. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ага Куранды үйрөткөндөн кийин аны уккусу келет эле. Ибн Масуд бир күн Пайгамбарыбызга (с.а.в.): «Биз Куранды сизден үйрөнбөдүк беле?»,- дейт. Расулаллах ага мындай деп буюрат: «Ооба, бирок, мен Куранды башкалардан уккум келет».
Ибн Масуд айтат: «Бир күн мечитте Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) алдында Ниса сүрөсүнүн бир бөлүмүн окуп аттым. “(Эй Мухаммад), Биз ар бир үммөттөн (ошол үммөттүн пайгамбарын) күбө келтиргенибизде жана сени аларга каршы күбө кылганыбызда алардын абалы кандай болор экен?!.” (ан-Ниса сүрөсү, 4/41) аятын окуганымда, Расулаллахтын көзүнөн жаш кылгырды». Ибн Масуд Пайгамбарыбызга (с.а.в.) жакындыгынан улам өтө кеңири түшүнүккө ээ эле. «Анын ал доорго таандык билбеген нерсеси жок эле»,- деп айта турган болсок, жаңылыштык болбойт. Ошо менен бирге ал Аср-ы саадатка (бактылуулук кылымына) таандык риваяттарда өтө этият мамиле жасаган. Амр бин Маймун мындай дейт: «Абдуллах менен толук бир жыл бирге болдум. Ошол убакыт ичинде бир да жолу «Расулаллах буюрган»,- деп айтканын укпадым. Эгер андай сөз айта турган болсо денеси титиреп, чекесинен тер агып кетер эле» (Ибн Саад, Табакат, III, 156).
Ибн Масуддун шакирттерине айткан эң манилүү насыяты, керээзи, Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) хадистерин риваят кылууда өтө кылдат мамиле жасагыла деп айтканы эле. Ал шакирттерине: «Расулаллахтан бир сөз риваят кыла турган болсоңор ал сөздүн анын пайгамбарлык зоболосуна өтө ылайыктуу, үммөтүнүн хидаятына (туура жолго түшүүсүнө) өтө пайдалуу жана такыбалыкка өтө ыңгайлуу болуусун көздөгүлө» (Ибн Ханбел, Муснад, I, 385). Ибн Масуддун өтө этият мамиле кылганына жана шакирттерине да хадис риваят кылуу темасына көп эскертүү жасаганына карабастан андан өтө көп хадис риваят кылынган. Ошондой эле, ал өтө көп хадис риваят кылуу менен таанылган Муксирун деп аталган сахабалардан. Ага карабастан Ибн Масуд жөнөкөй хадис риваят кылбай, анын риваяттары көбүнчө Расулаллахтан үйрөнгөн парздарды аныктаган жана диний буйруктарды жеңил, түшүнүктүү болуусуна жардам берген көрсөтмөлөрүнөн болуп эсептелет. Сахих хадис китептерде андан риваят кылынган хадистердин саны сегиз жүз кырк сегиз (848). Алардын алтымышын Бухарий жана Муслим биргеликте риваят кылышкан. Айрыкча, жыйырма бирин Бухарий отуз сегизин Муслим жазган. Тактап айтканда, Бухарий ибн Масуддан жалпы сексен беш Муслим жалпы токсон тогуз хадис риваят кылышкан.
Ибн Масуд фыкых илимин курушкан фыкыхчы сахабалардан. Ал өзгөчө ханефи фыкыхынын негизги пайдубалы. Жогоруда белгиленгендей, ал Куфа жергесинин казысы болгон. Мындан улам, ал элге фыкых маселелерин үйрөтүп, бардык өтүнүчтөрдү жана проблемаларды чечип берген. Ирак жергесиндеги бардык аалымдар, Ибн Масудду жол көрсөткүч катарында таанышкан. Анткени, фыкыхта эң белгилүү зат эле. Азирети Ибн Масуддун башкы шакиттеринен болгон Алкама бин Кайс менен Асвад бин Йазид, өзгөчө фыкых илиминдеги тереңдиктери менен белгилүү болушкан. Алардан кийин Ибрахим ан-Нахаи, Куфа фыкыхын өнүктүрүп, “Ирак фыкыхы” деген наам алган. Ибрахим ан-Нахаинин бардык таянычы ибн Масуддун түшүнүктөрү эле. Ибн Масуддун мындай илим казынасы ан-Нахаиден Хаммид бин Сулайманга өткөн. Андан Имам-ы Азам Абу Ханифага өткөн. Имам Аазам аларды өнүктүрүп илим түшүнүгү менен тараткан. Мына ошентип, Ислам дүйнөсүнүн маанилүү бир бөлүгү, аталгандардын илиминен пайдаланган.
Абдуллах ибн Масуд доордошторунун көптөгөн проблемаларын чечкен. Диний эрежелердин отурукташуусуна өтө чоң кызмат өтөгөн ж.о.э. “усул-у фыкых”, “фыкых усулу” илминин пайда болушуна жашыруун маани-маңыздын жыйынтыкталышына, кубатталуусуна өз үлүшүн кошкон. Ибн Масуд салыштыруунун эң маанилүү фыкыхтык көз карашы жана түшүнүктөрү Египеттик аалым Мухаммад Раввас Калажы тарабынан «Мавсуати фыкхи Абдуллах ибн Масуд», деген эмгегинде: “Абдуллах ибн Масуддун фыкых боюнча доордоштору андан көптөгөн маселелерде пайдаланышкан Имам Мухаммад бин Хасан аш-Шайбани, сахабалардын арасында фыкых илиминде тереңдик ээ болгондор Азирети Али, Убай бин Каб, Абу Муса ал-Ашари, Азирети Умар, Азирети Зейд бин Сабит жана Абдуллах бин Масуд бар”,- деп белгилеген. Имам Саби, Азирети Умар, Азирети Зейд бин Сабит жана Абдуллах бин Масуд фыкыхтык маселелерди чечкендигин эскерет. Ошол доордун баардык аалымдары Абдуллах бин Масудду улуу фыкых аалымы катарында баалашкан. Азирети Умар аны көргөндө күлүмсүрөп: «Бул илим менен толтура зат»,- дер эле. Ибн Аббас да Ибн Масуд жөнүндө: «Курандын эң улуу котормочусу»,- деген. Ибн Масуддун алдыңкы катардагы шакирттеринен бири Алкама бин Кайс болгон. Алкама уккулуктуу үнү, маалыматынын көптүгү менен тандалган. Ибн Масуд Куфада бардык шакирттерине Куран, Хадис, жана фыкыхтан сабак берген. Анын сабагына катышкандардын арасында өтө белгилүү адамдар болгон. Алкама Мешрук, Асвад, Абиде, Кады Шурайх Абувайл алардын арасында болгон. Ар бири улуу аалымдар болгон, булардын арасында өзгөчө Алкама дайыма ибн Масудду эстеткен. Ибн Масуд жолго чыкканда шакирттеринин көпчүлүгү аны менен чогуу жолго чыгып ага жолдош болгон.
Бир күн Хаббаб бин Ерет, ибн Масуддун өтө көп киши катышкан сабагына келип, ал жердеги илимге далалаттанган жаш жигиттердин көптүгүнө ыраазы болуп Ибн Масуддун ага эң ылайыктуу шакиртини сурайт. Ибн Масуд Алкаманы көрсөтөт. Азирети Хаббаб Алкама менен жолугуп анын маалыматынын көптүгүнө абдан ыраазы болот.
Анын шакирттери сабакта өтө ынтаа коюп угушуп, анын сабагын абдан сүйүшөт эле. Башкы шакирттеринен болгон Шахик: «Мечитте ибн Масудду күтүп, анын сабакка келген жолун карайт элек. Бир күн барыбыз адаттагыдай күтүп атканыбызда Йазид бин Муавия ан-Нахаи келип: «Кааласаңар үйүнө барып кабар алып келейин, үйүндө болсо чакырып келейин»,- деп кетти. Бир мезгилде Ибн Масуд келип: «Мен силерди тажатуу үчүн келбедим. Расулаллах бизге имамдык касиеттерин ашыкчасы менен берген. Анткени, бизди тажатууну каалабайт эле”,- деди.
Ибн Масуд сүннөт-и санийиге (ыйык, улуу сүннөт) ылайыктуу, дал келген адеп-ахлак ээси эле. Ал адеп-ахлак жана жашоо тарзын Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) өзүнөн үйрөнгөн. Анткени, ал Расулаллахтын эң жакын досторунан эле. Дайыма Расулаллахтын жанына барып, кызматын кылып, бут кийимдерин тазалап, жубуна турган болсо ага парда тосуп далдалап турчу. Расулаллах ага: «Мен жолтоо болбогон убактан башка бардык мезгилде мага келсең болот»,- деген (Ибн Саад, Табакат, III, 153-154).
Ибн Масуд Куфадан кеткенден кийин көп убакка эл арасында айтылып жүргөн. Баары анын илимин, зээндүүлүгүн, такыбалыгын, намыстуулугун, жакшы мүнөзүн, кайрымдуулугун жана мактоого татыктуу адеп-ахлагын сөз кылууну улантышкан. Азирети Али Куфага барып ибн Масуддун мактоого татыктуу өзгөчөлүгүн сөз кылышканын укканда, анын Куранды абдан жакшы билгенин адал арамды жакшы ажыратканын, динде факых жана сүннөттө аалым экенин айтып толуктайт.
Абдуллах бин Масуд Абу Умейр аттуу досун зыярат кылуу үчүн жолго чыгат, бирок, үйүнөн таба албай үй-бүлөсү аркылуу салам жөнөтөт да суу берүүлөрүн каалайт. Досунун аялы үйүндөгү кызматчы аялды кошунасынын үйүнө суу алып келүүгө жиберет. Кызматчы аял кеткенден кийин досунун аялы кызматчы аялдын артынан жаман сөздөрдү айтат. Аны уккан Ибн Масуд үйдөн чыгат, ошол мезгилде досу Абу Умейр келип калат. Абу Умейр: «Я Абу Абдуррахман! Сен аялдар кызгана турган бир адам экенсиң, эмне үчүн тууганыңдын аялына салам берип үйдө суу ичип олтурбадың?»,- дейт. Ибн Масуд: «Кызматчы аял кечикти эле аялың артынан жаман сөздөрдү айтты. Мен Расулаллахтан уктум: «Жаман сөз кимге айтылса ошого кетет. Ага барып тийгиси келет. Эгер ага жол табалбаса: Я Рабби, мени түкүнчөгө жөнөттү бардым ага тийүү үчүн жол таба албадым. Эми эмне кылайын?»,- дейт. Алла таала ага: «Кайдан келсең ошол жака кайра кайт»,- дейт. Ошондуктан кызматчынын бир орундуу себеби болгонун ойлодум жана жаман сөздүн кайтып келеринен корктум. Ага себепкер болгум келбеди»,- деп жооп берет.
Бир жолу бирөө дүйнөдөн кайтат жана эч кандай кайырдуу иши жок экени айтылат. Ибн Масуд аны угуп колунда бар нерсесин Садага берет. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) сахабаларынын көпчүлүгү сүннөттү кармануу менен бийик зоболого жетишкен. Бирок, Абдуллах ибн Масуд эч дүйнөлүк нерселерди каалаган эмес. Ал дайыма акиретти көздөгөн. Ибн Масуд өтө меймандос эле. Куфада жашаган мезгилинде үйү эч коноксуз калбайт эле. Ибн Масуд намаз окууга өтө көңүл бурган. Бир жолу Вали Валид бин Укба Куфа мажлисинде элди бир топко күттүрөт. Ошондо, ибн Масуд элди тургузуп намаз окутат. Аким аны угуп, капа болуп, эмнеге андай кылганын сурайт: «Момундардын бирөөнөн буйрук алдыңбы? Же болбосо зулумдук кылганыңбы?,- дейт. Ибн Масуд ага: «Мен момундардан бир буйрук албаганымдай эле, зулумдук да кылган жокмун. Бирок, сенин ишиң бар экен деп биздин намазды кечиктиргенибизге Алла ыраазы болбойт»,- дейт.
Ибн Масуд рамазан айынан башка күндөрдүн көпчүлүгүндө орозо туткан. Айрыкча, Ашура күндөрүндө кармаган. Абдурахман бин Зейд: «Ибн Масуд көп күндөрүн орозо менен өткөрөт. Орозо кармоодон, намаз окуудан өзгөчө ырахат алат»,- деген.
Ибн Масуд өтө кыйынчылыксыз жашоо өткөргөн. Өтө жөнөкөй тамак аш менен тамактанган. Кыйынчылыксыз жана жөнөкөй жашоонун принцибин билет эле. Шакирти Алкама бул жагдайда ибн Масуддун Пайгамбарыбызга (с.а.в.) абдан окшош болгонун айткан. Ибн Масуд көп жыл Байтул малды башкарган. Бир күн, бир саат болсо да адилеттүүлүктөн, ынсаптан айрылган эмес.
Печаттоо

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны