Адеп Башаты » Ислам » Ислам тууралуу » АБДУЛЛАХ ИБН РАВАХА (Алла ага ыраазы болсун)

АБДУЛЛАХ ИБН РАВАХА (Алла ага ыраазы болсун)

АБДУЛЛАХ ИБН РАВАХА  (Алла ага ыраазы болсун)
АБДУЛЛАХ ИБН РАВАХА
(Алла ага ыраазы болсун)


Акаба күнүндө Исламга кирген акын сахаба. Ата-теги, Абдуллах бин Раваха бин Салаба бин Имриул-Кайс бин Амр. Негизинен аты Абу Мухаммед болуп, Расулаллахтын акыны деген ат менен белгилүү болгон. Атасы Раваха энеси Кабила болгон. Сахабалардын улууларынан Ансардын алдыңкыларынан болгон Абдуллах Мадинада төрөлгөн. Хажраж уруусуна таандык болуп, кайсыл жылы туулганы аныкталган эмес. Экинчи Акаба күнүндө мусулман болуп, уруусуна күбөлүк берүү менен Пайгамбарыбызга убада берет. Хижрат күнү Пайгамбарыбызга (с.а.в.) конок болот. Мухажирлерден Микдад бин Асвадды бир тууган кылат. Ошондой эле, Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) катчыларынан болгон. Бадир, Ухуд, Хандак жана Хайбар согуштарына атышкан. Худайбия келишиминде Умратул-Каза жортуулдарында Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жанында болгон. Бадир согушунун жеңишин Азирети Зейд бин Хариса менен бирге Мадинага сүйүнчүлөп барган. Бадрул Мавид согушунда Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) буйругу менен мамлекет башчынын атынан иш жүргүзүү үчүн Мадинада калган. Хижраттын 6-жылында (627) үч кишилик делегацыянын башчысы катарында Хайбарга барат.

Ал жерде Жөөттөрдин башчысы катарында Усейр бин Заримин Жөөттөр менен биргеликте Готафан уруусун мусулмандарга каршы тукурганын көрөт. Хайбариде үч күн турат. Кайтып келгенден кийин көргөн-билгендерин Пайгамбарыбызга (с.а.в.) айтат. Ошол эле жылдын Шавван айында Хайбарга элчи катарында жиберилген. Жанына отуз кишини алып Хайбарга барган. Усейр бин Зарим менен жолугат. Алланын элчиси аны Хайбарга аким кылып дайындай турганын билдирет. Ошондой эле, Мадинага келүүсүн ага сыйлык берилээрин да айтат. Усейр бул сунушка ыраазы болуп акимчиликке даярданган. Ал жанына отуз кишини алып Мадинага карай жолго чыгат. Жолдо баратып сахабалардан Абдуллах бин Унайстын кылычына кол сунуп аны өлтүрүүнү каалашат. Абдуллах ага убадага туура келберин айтат. Экинчи жолу кайра Абдуллахтын кылычына кол сунат. Мындан улам, Жөөттөрден жыйырма тогуз киши өлтүрүлөт. Бир киши качып кутулат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Басра өкүмдарына жиберилген элчинин Шам акими Шурахбил тарабынан өлтүрүлгөндүгүнө байланыштуу Хижраттын 8-жылында аскер даярдаган. Ал аскерге кайрылып Пайгамбарыбыз (с.а.в.) төмөнкүдөй аныктамаларга токтолгон: «Дин үчүн согушка чыгуучу инсандарга Зейд бин Харисаны башчы кылып дайындадым. Зейд бин Хариса шейит боло турган болсо Жафар. Бин Аби Талиб өтсүн. Жафар бин Аби Талиб шейит болсо, анын ордуна Абдуллах бин Раваха өтсүн. Абдуллах бин Раваха шейит боло турган болсо, араңардан бирөөнү тандагыла, өзүңөргө башчы шайлагыла”. Мусулмандар бир канча убакытка жүрүшкөндөн кийин душмандын аскер күчү жана саны мусулмандарды күмөнгө салган. Азирети Зейд бин Хариса эмне кылуу керектигин аскери менен кеңешет. Мусулмандар Мутага келишип согуша башташат. Азирети Зейд бин Хариса денеси найза менен калбырдай тешилгенге чейин согушат жана шейит болот. Анын колунан туусун Жафар алат. Алда согушуп атып курман болот. Жафардин колунан тууну Абдуллах бин Раваха алат. Абдуллахка да бир жаанын огу тийип жараланып шейит болот (629). Азирети Айшанын билдиргенине караганда, Мута шейиттери ибн Хариса, Жафар жана ибн Равахадан кабар келгенде Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мечитте намаз окуп аткан эле. Жүзүнөн капаланганы, кайгырганы көрүнүп турган. Ошол мезгилде бирөө келип Пайгамбарыбызга (с.а.в.): «Жафардин аялдары ыйлап атышат»,- дейт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ага аялдардын ызу-чуусун токтоотуусун айтат. Ал киши барып аялдарга айтат. Бирок, аялдар ага кулак салышпайт. Кайтып келип алардын дагы эле ызычуу болуп атышкандарын айтат. Үчүнчү жолу ал кишини жөнөтүп атып Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Ал аялдардын ооздоруна, жүздөрүнө топурак чач»,- деп буюурат. Азирети Абдуллах бин Ревах Мутага жөнөгөндө үйлөнгөн. Бирок, балалуу боло элек эле. Абдуллах оозунан көөрү төгүлгөн сөз чебери жана акын болгон. Пайгамбарыбызга ыр менен жамактатып тийишкен, капырларга каршы аны коргогон, ырларды жазган. Ибн Раваха, Каб бин Малик жана Хасан бин Сабит мусулмандардын акындары эле. Алгачкы Исламга байланыштуу ырларды алар жазган. Алар жөнүндө Шуара сүрөөсүндө мындай деп буюрулат: “Акындарга Туура Жолдон азгандар ээрчишет. Алардын (сөз өрөөндөрүнөн) ар өрөөндө каңгып жүрүүлөрүн (тактап айтканда, өздөрүнө жагып калган эң төмөн кишини же нерселерди да көккө көкөлөтө мактап, жактырбагандарын таптакыр каралап, жөөлүп жүргөндөрүн) жана өздөрү кылбай турган нерселерди айтууларын көрбөдүнбү? Бирок, ыйман келтирген жана жакшы иштерди кылган Ошондой эле, Алланы дайым көңүлүндө туткан жана (мурда) мазлум-жабыр тартуучу болушкандан кийин (Ислам дини чыкканда) үстөм болгон кишилер (тактап айтканда, акындар жолдон азгыруучу эмес). Заалим кимселер болсо жакында кандай акыбет-жыйынтыкка карап бара жатышкандарын билип алышат” (Шуара сүрөсү 26/224-227-аяттар).
Алланы көп зикир кылган, жогоруда айтылган хиживчи (тамсил жазган) үч сахаба болгон. Абдуллах мушриктердин жаман сөздөрүнө ыр түрүндө жооп берген. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) анын ырына байланыштуу: «Курайш мушриктерине анын ырлары ок жаадыргандан да таасирдүү»,- деп буюрат. Абдуллах Мута согушуна жөнөгөндө ыйлайт, себебин сурашканда: «Менин бул дүйнөгө болгон арзуум жок. Бирок, мен Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) Мариям сүрөсүнүн жетимиш төртүнчү: «Араңардан эч ким калбай баарыңар тозокко барасыңар»,- деген аятты уккан элем. Аятта айтылгандай, тозокко барсам менин абалым эмне болорун ойлоп ыйлап атам»,- деп жооп берет. Аны узаткандар сооротуп: «Алла таала силерди сактасын, душмандын жамандыгынан алыс кылып тынч-аман кайра келүүңөрдү насип кылсын»,- дешет. Ошондо, Абдуллах төмөнкүдөй ыр саптарын айтат:
Күнөөкөрмүн бирок, мен,
Кечирим сурайм Раббимден
Же кан төгүп бир согуш каалайм
Кылыч же найза менен тешилсин көөдөнүм
Мени алыстан көргөндөр ак ниеттүү дешсин.
Ошондой эле, Мутада аскер башчылыгына өткөндө төмөнкү саптарды ырдайт:
Напсим, бир каалоосуздук бар сенде,
Согушасың кааласаңда каалабасаңда,
Сенде мурда жок эле өлүмдүн жыты,
Жафардин кандай сонун келип турат Жаннаттагы жыты.
Хижраттын 7-жылында Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Умра үчүн Меккеге келгенде жанында Абдуллах бин Раваха да чогуу барат жана мындай ыр саптарын айтат:
Качкыла каапырлар Набинин жолунан бүгүн,
Болбосо, мойнуңарга урабыз, бизге силерден өткөн кун,
Ушунчалык катуу урулат, бөлүнөт денеден баш
Эстетпейт инсанга досту дагы бир тууганды дагы.
Мындан улам, Азирети Умар ага: «Эй Абдуллах, Харамда Расулаллахтын жанында аларга урушууга үгүттөгөн ырларды ырдайсыңбы?»,- дейт. Расулаллах: «Эмне кыласың Эй Умар, айта берсин. Абдуллахтын ырлары бул капырларга ок жарасынан катуураак таасир этет»,- дейт. Расулаллах Ибн Раваха үчүн: «Бир тууганыңар күмөнсүз жаман сөз айтпайт»,- деп буюрган.
Печаттоо

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны