Адеп Башаты » Ислам » Ислам тууралуу » АБДУЛЛАХ БИН АМР БИН АЛЬ-АС (Алла ага ыраазы болсун

АБДУЛЛАХ БИН АМР БИН АЛЬ-АС (Алла ага ыраазы болсун

АБДУЛЛАХ БИН АМР БИН АЛЬ-АС (Алла ага ыраазы болсун
АБДУЛЛАХ БИН АМР БИН АЛ-ВАККАС
(Алла ага ыраазы болсун)

Сахабалардын алдыңкы фыкыхчыларынан жана Абадилардан болгон сахаба. Абу Мухаммад, же Абу Абдуррахман аты менен таанылган Абдуллах Амр бин Астын уулу эле. Энеси Райта (Рейта) бинти Мунаббих болгон. Абдуллах атасы Амр бин ал-Астан мурун мусулман болгон жана аны менен бирге хижрий 7-жылында Мадинага көчкөн. Абдуллах бин Амр дайыма Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) мажлистерине катышып турган. Анын негизги өзгөчөлүгү Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) ар бир сөзүн жаттап, эсине сактап жазып алгандыгында эле. Абдуллахтын Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) айткан ар бир сөзүн жазганын көргөн сахабалар, анын мындай жазуудан баш тартуусун каалашып, мындай дешет: «Сен Расулаллахтан уккан бардык нерсени жазып жүрөсүң. Алла Расулу ачууланганда да, капа болгондо да бирдемкелерди айтып атат». Мындан улам, арсар абалда калган Абдуллах абалды Пайгамбарыбызга (с.а.в.) айтат. Расулаллах (с.а.в.) аны уккандан кийин ага карап: «Жаз, жаза бер, Анткени, жанымды кудурет колунда кармаган Аллага ант ичем оозумдан акыйкаттан башка нерсе чыкпайт»,- деп буюрат (Ахмад бин Ханбал, Муснад, II, 158).

АБДУЛЛАХ БИН АМР БИН АЛ-ВАККАС
(Алла ага ыраазы болсун)

Сахабалардын алдыңкы фыкыхчыларынан жана Абадилардан болгон сахаба. Абу Мухаммад, же Абу Абдуррахман аты менен таанылган Абдуллах Амр бин Астын уулу эле. Энеси Райта (Рейта) бинти Мунаббих болгон. Абдуллах атасы Амр бин ал-Астан мурун мусулман болгон жана аны менен бирге хижрий 7-жылында Мадинага көчкөн. Абдуллах бин Амр дайыма Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) мажлистерине катышып турган. Анын негизги өзгөчөлүгү Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) ар бир сөзүн жаттап, эсине сактап жазып алгандыгында эле. Абдуллахтын Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) айткан ар бир сөзүн жазганын көргөн сахабалар, анын мындай жазуудан баш тартуусун каалашып, мындай дешет: «Сен Расулаллахтан уккан бардык нерсени жазып жүрөсүң. Алла Расулу ачууланганда да, капа болгондо да бирдемкелерди айтып атат». Мындан улам, арсар абалда калган Абдуллах абалды Пайгамбарыбызга (с.а.в.) айтат. Расулаллах (с.а.в.) аны уккандан кийин ага карап: «Жаз, жаза бер, Анткени, жанымды кудурет колунда кармаган Аллага ант ичем оозумдан акыйкаттан башка нерсе чыкпайт»,- деп буюрат (Ахмад бин Ханбал, Муснад, II, 158).
Абдуллах бин Амр күндүзү да, түнү да Алла жолуна кайрымдуулук кылган сахабалардан эле. Бардык убактысын орозо кармоого, намаз окууга арнаган. Абдуллах өзү жөнүндө мындай деген: «Атам мени Абдуллах бин Аббастын кызы Умра менен үйлөндүрдү. Бирок, мен дайыма намаз жана орозо менен убакыт өткөргөнүм себептүү аялым менен байланыша албадым. Бир күн атам келинине зыяратка келди. Мен жөнүндө аялымдан сурады эле ал мындай деди: «Күйөөм эркектердин эң намыстууларынан, бирок, бизди эч сурап койбойт…» Атам аялымдын айткандарына капа болуп, мага мындай деди: «Уулум сага Курайштын эң абройлуу кыздарынан үйлөндүрдүм. Сен болсо, андай кылдың, мындай кылдың…» Көп өтпөй Расулаллахка барып мен жөнүндө арзданыптыр. Расулаллах атамдын айткандарын уккандан кийин мени чакырды. Дароо Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) алдына бардым. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Сен күндүзү орозо тутасыңбы?”, “Ооба, Йа Расулаллах!”, “Түнкүсүн намаз окуйсуңбу?”. “Ооба, Я Расулаллах!” Мындан улам, Расулаллах мындай деди: “Мен орозо да тутам, тамак аш да жейм, намаз да окуйм, уктайм дагы ж.о.э. аялдарым менен да байланышам. Менин сүннөтүм ушундай. Менин сүннөтүмдөн айрылган ал менден эмес». Расулаллах мага: «Сен Куранды бир айда бир жолу хатым кыл (баштан аягына чейин оку)»,- деди. Мен: «Бирок, мен өзүмдү дагы да күчтүү сезем»,- дедим. Анда үч күндө бир жолу хатым кыл,- деди. Андан кийин орозого токтолгон Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Бир айда үч күн орозо карма»,- деди. Мен: «Дагы көбүрөөк тутайын деп сурандым. Акырында Алла Расулу: «Орозонун эң пазилеттүүсү бир тууганым Давуд пайгамбардын орозосу. Ал бир күн туткан бир күн туткан эмес». Сөзүн улантып: «Ар бир ибадат кылгандын ибадат үчүн умтулган мезгилдери бар. Бирок, аны бир мезгил эрчип алат. Ошондо, инсан же сүннөткө карай барат, же бидатка (кийинчерээк пайда кылынган жаман адаттар) карай барат. Сүннөткө, хидаятка (туура жол) барган болот. Башка жолго кеткен адашат, акыры жок болот» (Бухарий, Сыям, 55, Никах, 89, Тахажжуд, 20: Муслим, Сыям, 192: Насаий, Сыям, 76: Ибн Ханбал, II, 194-198). Аталган хадисти риваят кылгандар айтышат: “Абдуллах бин Амр жашоосун ушул хадистин айланасында амал кылуу менен өткөрөт. Улгайган мезгилинде да уланткан».
Абдуллах бин Амр Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) доорунда көптөгөн согуштарга катышкан. Өтө жоомарт, берешен болгондуктан колунда бар нерсесин таратып, баарын ыраазы кылат эле. Анын дин үчүн согушка катышканын көрсөткөн хадистер абдан көп жана анын согушка жоокерлерди даярдоо милдетин аткарганын байкоого болот. Өзүнүн бир эскерүүсүндө мындай деген: «Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бир күн төөлөргө аскерлерди миндирип, бир тарапка алып баруумду буюрду. Төөлөрдүн саны аскерлерге жетпей турганын байкадым. Расулаллахка барып кээ бир аскерлердин жөө калганын айттым. Ошондо, Расулаллах мага карап мындай деди: «Саадакаларга келген эркек төөлөрдүн баасына үчтөн сатып алып бардык аскерлерди улоо менен камсыз кылдым. Андан кийин, Расулаллах Саадакаларга таандык төөлөрдүн наркын төлөдү».
Аср-ы Саадаттан кийин Абдуллах бин Амр катышкан эң маанилүү согуш Ярмук болуп эсептелет. Абдуллахтын атасы Амр бин ал-Ас аталган согушта аскер башчы эле. Абдуллах бул согушта өтө көп пайда алып келген (Ибул-Ясир, Усдул-Гааба, III, 234). Амр бин ал-Аска жардам берип ага өбөк болгон. Бирок, Абдуллахтын атасынын жанында болуусу Муавияны колдогон деген мааниге келбейт. Анткени, ал акыр-аягына чейин Акыйкаттан жазбаган улуулардан эле. Өзү атасы менен бирге Муавиянын тарабында болгонуна карабастан Сыффында согушка катышкан эмес. Эч бир мусулмандын канын төккөн эмес жана бир да мусулманга каршы курал көтөргөн эмес. Сыффында Аммар бин Ясирдин шейит богону тууралуу Азирети Абдуллах айткан төмөнкү риваят бардыгын аныктап турат: «Ханзала бин Хувайлид мындай деди: «Муавиянын жанында элем. Аммардын кесилген башы үчүн талашкан эки адам келди. Алар бири-бири менен талашып Аммарды мен өлтүрдүм»,- деп талашып атышты. Абдуллах аларга карап мындай деди: «Араңардан ким аны өлтүргөн болсо өкүнсүн. Анткени, Расулаллах: «Аммарды адашкан бир коом өлтүрөт» - деп буюрган» (Ибн Саад, Табакат, III, 152).
Абдуллахтын бул хадисти риваят кылганы Муавияны тынчсыздандырган жана ал Абдулахка мындай деген: «Андай болсо, сен эмне үчүн биз менен биргесиң? Абдуллах: Атам бир күн мен үчүн Расулаллахка арзданды. Расулаллах мага мындай деген: “Атаң тирүү кезинде ага итаат кыл жана ага кулак сал. Мына ошол үчүн сиз менен чогуумун. Бирок, эч качан согушка катышпайм” (Ахмад бин Ханбал, II, 166). Ошол эле окуяны Абдуллах бин Харис да риваят кылган: «Мен Абдуллах бин Амр жана Муавия менен бараткам. Абдуллах атасы Амр бин ал-Аска карап: «Расулаллахтын айткандарын уктум: “Аммарды адашкан бир коом өлтүрөт…» Мындан улам, Амр бин ал-Ас Муавияга карап: «Уктуңбу эмне деп айтканын?»,- деди. Муавия дароо өзүн актоо үчүн: «Аммарды биз өлтүрдүкпү? Аны бул жерге алып келгендер өлтүрдү»,- деди (Ибн Саад, Табакат, III, 311). Аталган сахих риваяттардан түшүнүктүү болгондой, Абдуллах бин Амр фитнага жамандыкка аралашып, мусулмандын канын төккөн эмес. Жадагалса, мусулмандардын арасындагы келишпестикке бири-бири менен урушуусуна абдан капа болгон жана бул абалды эч жакшы көргөн эмес (Ибнул-Асир, III, 234). Аталган эки окуя Абдуллахтын жалгыз бир мажлисте эмес, көптөгөн коомдорго билген нерсесин айтууда эч тартынбаганын көрсөтүп турат.
Бир күн Абдуллах менен Абу Саид ал-Худри жана Азирети Хусейн Набавий Мечитинде олтурушканда Сыффын окуясы эскерилип сөз болот. Абу Саид Абдуллахтан Сыффын согушунда Шамдыктар менен болгондугу кандай сырга таянганын сурайт. Ошондо, Абдуллах төмөнкүчө жооп берет: «Мен Сыффын согушуна катышкан эмесмин. Анткени, андай согушка катышуу биздин Алланын Расулунан алган тарбияга жана туура жолго туура келбейт. Бирок, Расулаллах мага: «Атаңа итаат кыл», деп буюрган. Ошон үчүн атамдын жанынан айрыла албадым. Бирок, эч качан согушка катышкан эмесмин жана бир да мусулманга кылыч көтөрбөдүм».
Абдуллах бин Амр хижраттын 65-жылында 72 жашында Египеттин Фустат шаарында дүйнөдөн кайтат жана ошол жерге көмүлөт. Ал сахабалардын арасында илими жана фазилети менен таанылган. Арапча менен бирге еврей жана сирия тилин билген. Мына ошентип, Тавратты жана Инжилди окуп, текшерүү, талдоого алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Азирети Абу Хурайра Абдуллахты эскергенде анын өтө көп хадис билгенин, ошо менен бирге анын дайыма хадистерди жазып жүргөнүн айткан (Бухарий, Илим, 39). Абдуллах Расулаллахдан (с.а.в.) уккан хадистерин жазып топтоп китеп абалына келтирет. Ал китеп «ас-Сахифетус-Саадака» деп аталган. Суроо беришкенде ошол китепке карап жооп берген. Абу Кубайр ал жөнүндө мындай деген: «Кайсыл шаар алгач басылып алынат? Стамбулбу же Римби?...» Абдуллах суроону уккандан кийин жанына бир сандык алып келди. Ичинен бир китеп алып чыгып, ага карап мындай деп жооп берди: «Бир күн Расулаллахдын (с.а.в.) айланасында отуруп жазуу жазып атканбыз. Ошол мезгилде Расулаллахка (с.а.в.) суроо берилди: Ушул эки шаардын кайсынысы биринчи өткөрүлүп алынат. Стамбулбу же Римби?...» Алла Расулу мындай деп жооп берди: «Алгач Стамбул шаары басылып алынат» (Ахмад бин Ханбал, Муснад, II, 176).
Абдуллах бин Амр Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) жети жүз жыйырма эки хадис риваят кылган. Алардан он жетисин Бухарий менен Муслим кеңешип жазышкан. Көп хадис риваят кылгандыктан Муксирундардан болуп эсептелет. Абдуллах бин Амр өзү Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) угуп хадис риваят кылгандай Азирети Умардан, Абдуррахман бин Авфдан, Муаз бин Жабалдан, Абу Дарда сыяктуу көптөгөн сахабалардан да хадис риваят кылган. Абдуллахтан болсо, Анас бин Малик, Абу Умама, Сахл бин Ханиф, Абдуррахман бин Харисб Навфал, Масрук бин Ажда, Саид бин ал-Мусавваб, Жубайрр бин Нуфайр, Сабит бин Йад ал-Ахнаф, Кайсама бин Абдуррахман ал-Жафи, Хумайд бин Абдуррахман бин Авф, Зир бин Хубайс, өзүнүн уулу Мухаммад, Тавус, Салих бин Кайсан, Амр бин Сурахил, Саби, Ибн Аби Мулайка, Урва бин Зубайр, Абдуррахман бин Жубайрр Икрима, Абу Салама бин Абдуррахман, Абу Зурра бин Амр бин Жарир, Абуз-Зубейр ал-Макки, Али бин Динар Хасан-ы Басры жана башка көптөгөн аалымдар хадис риваят кылышкан.
Абдуллах өтө көп жерлерде көп элге сабак берген. Хадис илимин алууну каалагандар алыскы жерлерден келишип андан сабак алышкан. Наха аалымдарынан бирөө: «Илия мечитине барып жамаат менен эки ирекет намаз окудум. Ошол мезгилде бир киши мага жакын туруп намаз окуду. Баары ошол кишинин жанына турууга шашылды. Көрсө ал Абдуллах бин Амр ал-Ас экен. Ал намаздан кийин отуруп сабак өтүүнү каалады. Бирок, Муавиянын уулу Язиддин элчиси келип аны чакырды. Мындан улам, Абдуллах жамаатка карап: «Бул адам (Язид) менин сиздерге Алланын Расулунун хадистерин үйрөтүүмдү каалабайт. Анын атасы да каалачу эмес. Бирок, мен Алланын Расулунан уктум: «Йа Рабби! Ушул төрт жагдайдан сага пааналанам. Пайда бербеген илимден тынччылыкты каалабаган жүрөктөн, тойбогон напсиден жана кабыл болбогон дубадан…»,- деп эскерет (Насаий, Истиазе, XVIII, 21, Тирмизий, Даават, 68: Ибн Мажа, Дуа, II, Ахмад бин Ханбел II, 167-198-340).
Абдуллахтын шакирттери аны абдан сүйүшкөн, айланасына топтолуп сабак алып атышканда бирөөнүн келип сабакты бузуусун каалашкан эмес. Бир күн бирөө Абдуллахты көрүүнү каалайт. Ал үчүн намазга тургандарды жарып алдыга өтүүсү керек эле. Шакирттери ал кишини токтотууну каалашканда, Абдуллах: «Жөн койгула, мага келсин»,- дейт. Ал киши намаз тургандарды аралап өтүп Азирети Абдуллахтын жанына барып: «Мага Расулаллахтын угуп жаттап алган сөздөрүңдөн бирөөнү айт»,- дейт. Абдуллах бин Амр ал кишиге карап мындай дейт: «Расулаллахдын (с.а.в.) мындай деп буюрганын өз оозунан уктум: “Мусулман мусулмандардын анын тилинен жана колунан ишенимдүү жана Алланын тыюу салган бардык нерседен алыс болгон киши эсептелет».
Абдуллах эң көп сабак берген шаар Басра эле. Басрада баарынан мурда ал жердин акимдери анын сабагына катышууга шашылышкан.
Абдуллах бин Амр ал-Астан риваят кылынган хадистер:
1. Бул дүйнөдө адилеттүүлүккө маани бергендер, кыямат күнү бул мамилелеринин сыйлыгы катарында өтө назик минбарлардын үстүндө турушат.
2. Кайрымдуулук кылгандарга Алла ырайымын аябайт. Жер бетиндегилерге боор ооругула, силерге да асмандагылар боор оорусун.
3. Жебреил мага кошунанын акысын кароону ушунчалык көп кеңеш берди, Мындан улам, кошунанын кошунага мурасчы болорун ойлодум.
4. Алла, илимди инсандардан тартып албайт. Илимди аалымдардын өлүмү менен алат. Адамдар арасында аалымдар калбаса, сабатсыздар башчылык кылат. Суроолорго туура эмес жооп беришет. Өздөрү да адашат, башкаларды да адаштырышат.
5. Үммөтүмдүн заалымдан коркконун жана ага сен заалымсың, деп айтуудан тартынганын көрсөңүз анда эч кандай кайырдуулук калбаган болот.
6. Жүрөгүндө бир хардал даанасындай (кыпындай) текеберчилик болгон жаннатка кире алыбайт.
7. Пара берген менен алган дартка чалдыгат жана жаман сөзгө ылайыктуу.
8. Намаз окууну уланткандардын намазы кыямат күнү аларга нур, далил жана азаптан кутулуусуна себепкер болот. Намаз окууну улантпагандар кыямат күнү нурсуз, далилсиз калышат жана азаптан кутула алышпайт.
9. Пайгамбарыбыздан суралды: «Амалдардын кайсынысы кайырдуу?» Пайгамбарыбыз жооп берди: «Тамак-аш берүү, тааныган жана тааныбаган кишиге салам берүү».
10. Мечитке жамаат менен намаз окууга баргандын таштаган ар бир кадамы сайын бирден күнөөсү кечирилип, бирден жакшылык иштин сообу амал дептерине жазылат.
11. Расулаллах мындайча дуба кылган: «Йа Рабби! Карыз жеңишинен, душман жеңишинен, душман сүйүнүчүнөн сага пааналанам”.
12. Аллага жана акыретке ыйман келтирген коногун сыйласын. Аллага жана акиретке ыйман келтирген кошунасын урматтасын. Аллага жана акиретке ыйман келтирген же кайырдуулукту айтсын же эч нерсе айтпасын.
13. Расулаллахтан сурашты: «Жаннатка алып барган амал кайсы?». Алланын элчиси жооп берди: «Тууралык! Инсан туура болсо итааттуу болот. Итааттуу болсо момун болот. Момун болсо Жаннатка кирет». Расулаллахтан кайра сурашты: «Жаханнам (Тозок) амалы кандай?». Расулаллах айтты: «Жалган! Инсан жалган сүйлөсө Акыйкаттан адашат. Акыйкаттан адашса каапыр болот. Капыр болсо Жаханнамга (Тозокко) кетет».
14. Бир күн Расулаллахтын жанында элем. «Карыптар, бечаралар кандай бактылуу!...»,- деди. «Алар кимдер?»,- деп сурадык. Расулаллах айтты: «Алар топ-топ болгон жаман адамдардын арасындагы бир канча жакшы адамдар. Алардын айткандарын укпагандар, уккандардан бир канча көп».
15. Төрт сыпатка ээ болгонуңдан кийин бул дүйнөдө башка нерседен пайда табалганыңа маани бербе. Булар: Аманатты сактоо, туура сүйлөө, кооз мүнөз жана ар-намыс.
16. Кийиңиз, ичиңиз, Садага бериң, ысрапкерчиликсиз жана текеберленбей кийиниңиз. Алла ниметтеринин кулдарынын үстүндө көрүнүүсүн каалайт.
17. Бизге каршы курал ташыган бизден эмес.
18. Кичүүлөргө боор оорубаган, улууларга урмат көрсөтпөгөн бизден эмес.
19. Силерге силердин кыямат күнү мага эң жакыныңардан жана эң сүйүктүүңөрдөн кабар берейинби? Эң жакшы мүнөздүү болгонуңар.
20. Коопсуздукту камсыз кылгандардан бирөөнү өлтүргөн жаннаттын жытын алалбайт. Жаннаттын жыты болсо кырк жылдык жолдон сезилет.
21. Расулаллах мага буюрду: «Сенин күндүзү орозо менен түнкүсүн намаз менен убакыт өткөргөнүңдөн кабардар болдум. Андай кылба. Анткени, денеңдин, көздөрүңдүн жана аялыңдын сенден акысы бар. Бир айда үч күн орозо тут, жеткиликтүү болот.
22. Бир киши Алла Расулуна келип, ага: «Сага убада берүү үчүн келдим. Артымда ата-энемди ыйлатып таштадым»,- деди. Расулаллах буюурду: «Артка кайт, аларды ыйлатканың сыяктуу күлдүр».
23. Бир адам Расулаллахка келип, андан дин үчүн согушууга мүмкүнчүлүк сурайт. Расулаллах сурады: «Сенин ата-энең тирүүбү?» Ал адам: «Ооба»,- деди. Расулаллах буюурду: «Барып ошолго жардам бер, бак…»
24. Бир күн Алла Расулу жамааттан сурады: «Муслим деп кимди айтышат билесиңерби?». “Алла жана анын Расулу жакшы билет”,- дешти. «Муслим мусулмандардын колунан жана тилинен ишенимдүү болгондор эсептелет». Момун деп кимди айтышат билесиңерби?”. “Алла жана анын элчиси дагы да жакшы билет”,- дешти. «Момун, момундардын мал-мүлктөрүнөн жана жандарынан ишенимдүү болгондор эсептелет. Мухажирлер жамандыктан баш тарткандар.»
25. Шейит болгондун бардык күнөөлөрү кечирилет. Карыздан сырткары…
26. Бир күн Алла Расулу Азирети Сааддын абдес алып атканын көрдү жана ага мындай деди: «Саад бул эмне деген ысрапкерчилик.» Азирети Саад: «Эй Расулаллах абдесте дагы ысрапкерчиликтен сактанабызбы?»,- деди. Расулаллах буюурду: «Агып аткан бир дарыянын боюнда болсоңор дагы сууну ысрап кылуудан сактангыла».
27. Бир күн түшүмө манжамдын бирөөндө май, бирөөндө бал көрдүм. Экөөнү тең жалап аттым. Эрте менен туруп түшүмдү Алланын элчисине айттым. Ал буюурду: «Сен эки китепти, тактап айтканда, Куранды да Тавратты да окуйсуң. Мен кийин аталган эки китепти тең окудум».
28. Алла Расулунан сурашты: «Хижрат, жашыруун жана ачык айкын бардык жамандыкты таштоо, намаз окуу жана зекет берүү болуп эсептелет. Ушундай кылсаңар кайсыл жерде болсоңор да Мухажирлерден болосуңар» (Ахмад бин Ханбал, Муснад, II, 158-226: арасында орун алган Абдуллах бин Амр бин Ал-Астын Муснады).
Печаттоо

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны