Адеп Башаты » Ислам » Ислам тууралуу » АБДУЛЛАХ ИБН АББАС (Алла ага ыраазы болсун)

АБДУЛЛАХ ИБН АББАС (Алла ага ыраазы болсун)

АБДУЛЛАХ  ИБН  АББАС (Алла ага ыраазы болсун)
АБДУЛЛАХ ИБН АББАС (Алла ага ыраазы болсун)
Азирети Мухаммеддин (с.а.в.) атасынын бир тууганы, агасы Азирети Аббастын уулу. Анын туулган жылы боюнча так маалымат жок. Ошондой болсо да Хижраттан үч жыл мурун туулгандыгы айтылган. Энеси Уммул-Фадыл Лубаба бинти ал-Харис болуп Момундардын энеси Маймунанын бир тууганы болгон. Уммул-Фадыл аялдар арасында Азирети Хатижадан кийин Исламга киргендерден.

Азирети Мухаммеддин (с.а.в.) атасынын бир тууганы, агасы Азирети Аббастын уулу. Анын туулган жылы боюнча так маалымат жок. Ошондой болсо да Хижраттан үч жыл мурун туулгандыгы айтылган. Энеси Уммул-Фадыл Лубаба бинти ал-Харис болуп Момундардын энеси Маймунанын бир тууганы болгон. Уммул-Фадыл аялдар арасында Азирети Хатижадан кийин Исламга киргендерден.
Атасы Азирети Аббас Абдуллах төрөлгөндөн кийин дароо Пайгамбарыбызга (с.а.в.) алып барат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) аны кучагына алып: «Аллахым! Аны динде фыкыхчы кыл (башкача айтканда, шарият илимин терең үйрөнүшүн насип кыл). Китепти түшүндүрүүнү ага үйрөт»,- деп дуба кылат. Ислам дини таралган жана ээ болгон Мадина элинде чоңойгон Абдуллах толук Ислам тарбиясын алган. Абдес алууну, намаз окууну Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) өзүнөн үйрөнгөн. Жаш мезгилинде да Пайгамбарыбыз (с.а.в.) тарабынан бир канча жолу башы сыланып: «Аллахым! Бардык илим жана сырларды ушул башка бер. Тавил жана тафсирди үйрөт. Аллахым! Адам баласына берген ар бир илим жана сырды, хикматты ушунун көөдөнүнө топто”, деп дуба кылган (Бухарий, Вуду, 10: Муслим, Фадаилус-Сахаба, 138). Абдуллах дайыма Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жанында болгон жана андан көп нерселерди үйрөнүп, кеңири маалымат алган. Азирети Абдуллах хижраттын 8-жылына чейин үй-бүлөсү менен бирге Меккеде жашаган. Меккенин өткөрүлүп алынган күнүндө, Хунайн жана Таиф согуштарында жана Коштошуу Ажылыгында Расулаллах (с.а.в.) менен бирге болгон. Мекке өткөрүлүп алынгандан кийин ал да үй-бүлөсү менен Мадинага хижрат кылат. Биринчи Халифа Азирети Абубакирдин жана андан кийин Азирети Умардын маектеринде болуп, көптөгөн сахабалардан сабак жана кеңири түшүнүк алган. Үчүнчү халифа Азирети Осмонго өтө жакын болуп, анын доорунда мамлекеттик баскычтарда кызмат өтөгөн. Абдуллах ибн Абис-Серх менен бирге Африка жортуулуна жана андан кийин чыгышта Табаристанды каратып алууга катышкан. Хижраттын 35-жылында Ажылык буйругунда милдеттендилген.
Азирети Осмон кайтыш болбостон мурун үйүнүн айланасында топтолгон, кезек күткөн улуу сахабалардын балдары менен бирге болуп халифалыкка арздангандарга каршы туруп аны коруган. Андан кийин Азирети Алинин халифалыгынын тушунда ошол эле расмий маанилүү кызматтарда турган. Жамал жана Сыффын согуштарында Азирети Алинин жанында болгон Ибн Аббас Хакам окуясында Абу Муса ал-Ашари менен бирге Азирети Алини колдогон. Азирети Али аны бир канча жолу элчи катарында милдеттендирген. Ошол аймактагы көтөрүлүшкө чыккан Харижилердин көтөрүлүшүн токтотуп, коопсуздукту камсыз кылган. Басрада аким болуп турганда ага карата айтылган жалган ушак айыңга туруштук бере албай, жумушунан айрылып Меккеге келип, өмүрүнүн акырына чейин ошол жерде илим менен алектенет. Азирети Муавиянын өлүмүнөн кийин Азирети Али жана уулу Азирети Хусайн тараптарлары тарабынан Куфага чакырылат. Ал жакка барууну каалабаган Абдуллах, Хусейндин чыкырыгына макул болбойт. Азирети Хусейн Куфага баруу үчүн жолго чыгып Карбалада шейит болгондугу Азирети Аббасты кайгыга салат. Бул капалануунун айынан көзүнөн да айрылат. Акырында 686/687 жылында Таифте жетимиш жашында дүйнөдөн кайтат.
Абдуллах бин Аббас Ислам тарыхында көбүрөөк илими жана кубаттуу өзгөчөлүгү менен таанылган. Аср-ы Саадатте жаш болгонунан улам, Расулаллахдын (с.а.в.) үйүнө жана өзгөчө таежеси болгон Азирети Маймунанын чакан бөлмө жайбаракат кирип чыгып, башка сахабалардын билбеген жана алгач үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк табалбаган темаларды үйрөнгөн. Мындан улам, ал риваят кылган хадистер, тафсир жана фыкых илимине кызыгуусу менен таанылган. Куран, тафсир, фыкых менен бирге арап адабияты жагынан да өтө кеңири түшүнүккө ээ эле. Абдуллах бин Масуд аны: «Ал Курандын котормочусу, таасир берүүчүлөрдүн султаны»,- деп эскерген. Өтө терең илимге ээ болгондуктан өз доорунда ал, «Үммөттүн аалымы, илим дарыясы» деген лакаптар менен аталган. Абдуллах бин Умар өзүнүн суроо берилгенде билбей калса, Ибн Аббастан суралуусун жана анын жооп берүүсүн каалаган. Ал көпчүлүк маселелерге фатва чыгаргандыктан жана суроолорго жооп бергендиктен аны баары жакшы көрүшкөн.
Абдуллах бин Аббастын чогулуштарда сахабалар сүйлөшүп, бир темада пикир бербестен мурун ал эч качан сүйлөгөн эмес жана сөз кезегин талашууну каалаган эмес. Азирети Умар бир күн аны чакырып, Наср сүрөсүнүн тафсири боюнча кандай ойлогонун сурайт. Абдуллах өтө жаш болгондуктан, өзүнөн улуу сахабалардан сурайт. Эч кимден жооп келбегенден кийин, ал Насыр сүрөсүндө Расулаллахдын (с.а.в.) ажалы жакындаганынан белги берген баяндамалар болгонун айтат жана Азирети Умар анын мындай акылдуулугуна ыраазы болуп, мактайт. Аны сахабалардын арасында өзүн жаш экенин сезип, тартынып жүргөнүн сезген Азирети Умар ага карап: «Сенин жашың сенин эл алдында өз оюңду айтууңа тоскоол болбосун”,- дейт. Мына ошол күндөн баштап Абдуллах ибн Аббас улгайган жана кадыр барктуу сахабалар менен дайыма чогуу болуп, алардан көп нерсе үйрөнөт.
Абдуллах ибн Аббастан бир нерсе суралса, ал алгач Куранга караган, андан жооп таба албаса, Расулаллахтын айткандарынан изилдеген. Андан кийин Азирети Абубукир менен Азирети Умардын айткандарын карап, алардын айткандарын негиз алып, эң акырында өзүнүн пикирин айткан. Ибн Аббас Пайгамбарыбыздан (с.а.в.), сахабалардан жана өзүнүн түшүнүктөрүн топтоп тафсир түшүнүктөрүн бир китеп абалына келтирген эмес. Ибн Аббаска таандык деп айтылып бизге чейин сакталып келген «Танвирул-Микбас мин Тафсир Ибн Аббас» аттуу тафсир китептин ага таандык экени изилдөөгө алына турган темалардан болуп келүүдө. Абдуллах ибн Аббастын тафсирге байланыштуу риваяттары белгилүү илимпоз Фирузабади тарабынан терилип топтолгон жана жогоруда айтылган ат менен жарыяланган. Ибн Аббастын өтө тыкан, ирет, тартип менен иштөө системасы болгон. Ар бир ишине көңүл коюу менен белгилүү бир план менен уюштурган. Ал уюштурган планына алгач өзү баш ийип, ар жуманын белгиленген күндөрүндө айланасындагылар менен чогулуш өткөрүп турган. Эл менен өткөрүлгөн бул чогулуштарда диний илимдердин тышында арап тили, поэзиясы жана адабияты жөнүндө сөз болгон.
Абдуллах Ибн Аббас Азирети Осмондун доорунда илимий иш-аракеттер менен мамлекеттик саясий маанилүү иштерге да катышкан. Ал Африка жортуулунда Ислам аскерлери менен бирге барып элчилик милдетти аткарган. Византия акими Георгиос жана анын адамдары менен илимий талкууларды уюштурган. Георгиос жана анын жанындагы адамдар Ибн Аббастын акылдуулугуна, зээндүүлүгүнө, ой жүгүртүү күчүнө, билимдүүлүгүнө маани беришип: «Бул адам араптардын терең илимге ээ болгон аалымы»,- деп баа беришкен. Аскер башчысы, элчилик, акимчилик, сыяктуу мамлекеттик маанилүү жумуштарда иштеген илимдүү сахабалар Азирети Умар жана Азирети Осмон тарабынан колго алынган. Ибн Аббас алардын колдоосунда болсо да өтө жөнөкөй эле. Абдан көп макталган учурларда жөнөкөйлүгүн жоготпой: «Мага бул ниметтерди берген Алла таала. Расулаллах (с.а.в.) мен үчүн дуба кылып Алла тааладан илим жана хикмат сураган»,- деп айткан.
Ислам тарыхында арап тилинде түшкөн Курандагы арапча эмес, башка тилдерден алынган сөздөр жөнүндөгү түшүндүрмөлөр, алар жөнүндөгү эң сахих хадистердин риваяттары ибн Аббаска таянат. «Мүшкилүл Куран» (Курандын терең маанисин ачып берүү, чечмелөө жана жеңилдетүү) темасын дагы алгач колго алган Ибн Аббас эле. Ал Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) 1660 хадис риваят кылган. Ал фыкых илиминин пайдубалын түзгөндөрдөн. Анын китептери, фатвалары, фыкых илиминин эң кубаттуу негиздеринен. Меккедеги көптөгөн фыкыхчылар ал аркылуу илимдүү болушкан. Мындан улам, « Ибн Аббас Мекке Тафсир мектебинин куруучусу»,- дешкен. Абу Салих: «Ибн Аббастын мажлиси, бардык курайш уруусу сыймыктана тургандай баага арзыйт»,- деп айткан. Ал тафсир, хадис, фыкых, оозеки сөз чеберчилиги, поэзия, адабият сыяктуу темаларда баарын канаттандыраарлык жоопторду берген. Анын мындай өзгөчөлүгү башка өлкөлөргө да жеткен.
Ибн Аббастын шакирттеринин арасынан көптөгөн хадистерди риваят кылган аалымдар чыккан. Аларды токтоло турган болсок башында өзүнүн балдары: Мухаммед бин Абдуллах, Али бин Абдуллах, жээни Абдуллах бин Убайдуллах, Абдуллах ибн Мабад, Абдуллах бин Умар, Шаба бин Хакам, Марвад бин Махрама, Абуд Туфайл, Абу Имама бин Сахл, Саид бин ал-Мусаййаб жана башка. Өзү да Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) атасы Азирети Аббастан, энеси Лубабадан, Азирети Абубакирден, Азирети Умардан, Азирети Осмондон, Азирети Алиден, Азирети Абдуррахман бин Авфтан, Азирети Муаз бин Жабалдан, Азирети Абузарр ал-Гифариден угуп хадис риваят килган. Риваяттары Кутубу Ситтеде орун алган.
Азирети Адуллах ибн Аббастан риваят кылынган кээ бир хадистер:
1. Куранды урматтоо «Бисмиллахир-рахманир-рахийм», “Мээримдүү, Боорукер Алланын ысмы менен” деп баштоо менен болот. Курандын ачкычы «Бисмиллахир-рахманир-рахийм».
2. Үйрөткүлө, сүйүнчүлөгүлө, оорлотпогула.
3. Алла тааланын силерге берген чексиз ниметтери үчүн аны сүйгүлө. Мени да Алланы сүйгөнүңөр үчүн сүйлө.
4. Үммөттөрүмдүн эки түрү туура болсо, бардык инсандар туура болот. Алар бузулса бардык инсандар бузулат. Аталган эки түр буйрук берүүчүлөр (башчылар) жана аалымдар (билимдүү адамдар).
5. Куранды өзүнүн ою боюнча тафсир кылгандар тозоктогу жайына даярдансын.
6. Тооба кылууну жана кечирим суроону уланткандарга Алла таала ар бир кыйынчылыктан кутулуу мүмкүнчүлүгүн, тарчылыктан кеңдикти жана түтүүсүздөн ырыскыны берет.
7. Уксуз балды бузгандай эле, жаман адеп-ахлак да амалды бузат.
8. Ачууң келгенде сүкүт тарт.
9. Угуу, көрүү сыяктуу эмес.
10. Адам баласы эки өрөөнгө толгудай алтыны болсо да, үчүнчүсүн каалайт. Негизинен адам баласынын курсагын бир ууч топрак тойгузат. Алла таала тооба кылгандардын тообасын кабыл кылат.
11. Өлгөн инсандардын кабырдагы абалы деңизге түшүп, «жардам»-деп кыйкырган инсандын абалына окшош. Деңизге чөгүп бараткан инсан өзүн куткара турган бирөөнү күткөндөй, өлгөн инсан да ата-энесинен, бир туугандарынан, досторунан келе турган дубаны күтөт. Ага бир дуба барган болсо, бардык дүйнө ага берилгенден да катуу сүйүнөт. Алла таала тирүүлөрдүн дубаларын улам, өлгөндөргө өтө көп рахмат кылат. Тирүүлөрдүн өлгөндөргө белеги, алар үчүн дуба кылуулары жана кечирим суроолору.
12. Абдуллах Ибн Аббас: «Куран окугандар ката кетирсе, «лахин» (айтылышында катачылык) жасаган болсо да же арап болбосо да, периште ал кыраатты кандай алып келген болсо Ошондой жазат.
13. Балдарыңардын алгачкы сөзү: «Ла илааха иллаллах», “Бир Алладан башка кудай жок” деген келиме болсун. Өлөрүндө да «Ла илааха иллаллах» келимесин айтууга үйрөткүлө. Эгер аталгандай болсо миң жыл жашаса да Алла андан бир да күнөөсүн сурабайт.
14. Ар бир имараттын бир пайдубалы бар. Ислам имаратынын пайдубалы да кооз адеп-ахлак.
15. Күн менен түн бирден улоо болуп эсептелет. Акыретке утуу үчүн ушул улоолорго мингиле. (Өмүрүңөрдү, убактыңарды пайдалуу өткөргүлө). Эч качан тооба кылууну кечиктирбегиле. Тообаны кечиктирүүдөн сактангыла.
16. Жашыруун Саадака берүү Жаратуучунун каарын, ачуусун өчүрөт. Ага-ини туугандардын кемчиликтерин кечирип аларды зыярат кылып туруу өмүрдү узартат. Кайрымдуулук кылган жаман өлүмдөн кутулат. «Ла илааха иллаллах» сөзү токсон тогуз балээни жок кылат. Алардын эң төмөнкүсү гам, кайгы капа.
17. Бир кишинин бир тууганына айткан жакшы сөзү дагы, бир жагдайда жардам берүүсү дагы Саадака болуп эсептелет. Ичирген бир урттам суу да Садага. Жолдо жаткан зыян нерсени алып таштоо да Садага.
18. Кооз адеп-ахлак каталарды, кемчиликтерди эритет, жок кылат. Суу музду ээриткендей.
19. Ичимдик сойкуларды туудурат. Бул күнөөлөрдүн эң чоңу.
20. Бир кулдун териси, Алладан коркуп титиреп, түктөрү тик турса, ал кулдун күнөөлөрү куураган дарактын жалбырактары төгүлгөн сыяктуу төгүлөт, кечирилет.
21. Силер сүннөт бакчасына туш болгонуңарда пайдалангыла. Айтышты: «Эй Расулаллах! Жаннат бакчалары кандай?» Расулаллах айтты: «Илим мажлистери».
22. Сага акыйкатты алып келгендин акыйкатын кабыл кыл. Кичинекей, чоң же көңүлүңө туура келбеген бирөөнөн болсо да, ж. О. Э. Акыйкатсыздыкты четке как, кабыл кылба, кичине, чоң, же көңүлүңө туура келбеген бирөөнөн болсо да.
23. Алла бир кулун сүйгөндө мечитке баруусун насип кылат. Сүйбөсө мончого кызматчы кылат.
24. Алла таала зекетти мал-мүлкүңөрдүн калганын кооз, жакшы жана таза болуусу үчүн парз кылды. Мурасты да силерден кийинкилер үчүн.
25. Мени ук, сага кабар берейин эң жакшы казына салих, таза, билимдүү, адептүү аял. Күйөсү жүзүнө караганда, ичи ачылып, бир нерсеге буйруганда аткарып жана күйөөсү жокто анын артынан намысын жана мал-мүлкүн сактайт.
26. Сөздүн ичинде маанилүү сөздөр бар. Ырлардын ичинде да хикмат, сыр бар.
27. Дуба рахматтын ачкычы. Абдес намаздын ачкычы. Намаз жаннаттын ачкычы.
28. Алла таала ыйманды кечиримдүүлүк менен уяттуулуктун арасында, ичинде жараткан. Куфурду (сөгүнүү, жаман сөз айтуу) сараңдык менен амалдын ичинде жараткан.
29. Өзү тоюп, кошунасы ач олтурган инсан момун эмес.
30. Улама менен отуруу ибадат.
31. Кимдир бирөө үммөтүмө бир сүннөтүмдү жеткирсе же бидатты (динге киргизилген туура эмес түшүнүктөр) жок кылуу үчүн бир хадис жеткирсе анын мартабасы жаннатта.
32. Кимдир бирөө бир тууганынын жазуусуна уруксатсыз караса, отко баткан сыяктуу болот.
33. Ар бир хадисти ар кимге айта бербе, акылы менен түшүнө ала турган адамга айт.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны