Адеп Башаты » Ислам » Ислам тууралуу » Абдуррахман ибн Авф (Алла ага ыраазы болсун)

Абдуррахман ибн Авф (Алла ага ыраазы болсун)

Абдуррахман ибн Авф (Алла ага ыраазы болсун)
Абдуррахман ибн Авф
(Алла ага ыраазы болсун)


Расулаллах (с.а.в.) тирүү кезинде жаннат менен сүйүнчүлөнгөн он сахабанын бирөө жана алгачкы мусулмандардан. Курайш уруусунун Зухра уулдарынан Харисин уулу болуп жахилия доорунда негизинен аты Абдул Кааба же Абду Амр болгон.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Аркамдын үйүндө өзүнчө топ түзүп динди жайылтуу ишин баштаган мезгилде Исламга кирген. Абдуррахман атын Расулаллах (с.а.в.) берген. Абу Мухаммед аты менен таанылган Абдуррахмандын энеси Шифа бинти Авф бин Адил-Харис бин Зура бин Килаб эле. Кээ бир риваяттарга караганда Абдуррахман Пил окуясынан орто эсеп менен жыйырма жылдан кийин төрөлгөн. Абдуррахман бин Авф алгачкы мусулмандардан болгондуктан курайштын залымдыгынан улам, азап чеккен сахабалар менен бирге Хабашистанга болгон эки көчкө тең катышкан. Акырында Пайгамбарыбыз (с.а.в.) сахабаларды Мадинага көчүүгө буйрук бергенден кийин, алда башка сахабалар менен бирге хижратка катышкан. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Мадинада ансар менен мухажирлер арасында бир туугандыкты жарыя кылганда Абдуррахман бин Авф менен ансарлардан Саад бин Рабини бир тууган кылат. Ансардын кадыр барктуу адамдарынан болгон Саад бин Рабин ага мындай деген: “Менин бир аз мал-мүлкүм бар, анын жарымын сага берем. Ошондой эле, эки аялым бар анын да бирөсүн өзүмдүн никемден ажыратып иддети бүткөндөн кийин өзүңө никелейсиң”. Анын мындай жогорку адеп ахлагына, жакшылык кылууну сүйгөнүнө карап Абдуррахман бин Авф: «Алла таала мал-мүлкүңө береке жана үй-бүлөңө тынччылык берсин. Сенин мындай мамилеңе карата Алла таала сага сыйлык берсин. Сен мага бир гана соода сатыктын жолун көрсөт, мен үчүн ошол жетиштүү»,- дейт. Абдуррахман бин Авф соода-саттыктын жолун абдан жакшы билген Курайштыктардын арасында чоңойгондуктан бул иштин адиси катарында, Мадина базарында кыска убакытта көптөгөн мал-мүлк, байлык топтоого жетишет. Абдуррахман бин Авф бул соодагерчилик жашоосун төмөнкүчө эскерген: «Алла таала мага ушунчалык көп нимет берди»

.
Абдуррахман бин Авф Пайгамбарыбыз (с.а.в.) өзү башкарган согуштарга жана алгачкы Ислам дини үчүн болгон согуштардын баарына катышкан. Сахабалардан Мугра бин Шубадан риваят кылынганына караганда Пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен чогуу чыккан бир согушта, Абдуррахман бин Авф сахабалар олтурган жерден бир аз алыстап, абдес алганы кетет. Ал сахабалардын жанына келгенде Пайгамбарыбыз да (с.а.в.) келип сахабалардын баары ибн Авфтын артында туруп намаз окушат. Мугра дароо барып, Абдуррахманга Расулаллахдын (с.а.в.) келгенин айтайын дегенде, Расулаллах (с.а.в.) ага тоскоол болуп, Абдуррахмандын артында сахабалар менен кошо намазга турат. Ошентип, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) биринчи жолу Абдуррахмандын артында туруп намаз окуйт. Андан кийин баарына белгилүү болгондой Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ооруп аткан учурунда Азирети Абубукирдин артында намаз окуган. Ибн Саад Табакатул-Кубра аттуу эмгегине бул жортуулдун Табук жортуулу болгонун жазган (Ибн Саад, Табакат, III, 129).
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Абдуррахман бин Авфты сахабалардан жети жүз кишилик бир аскер күчүн даярдап Хижрат 6-жылында (Милади 628) Шабан айында Думатул-Жандалга жиберет. Абдуррахман християндар жашаган аймактарга келип инсандарды Исламга үндөйт. Көп инсандар анын айткандарын кабыл кылышпайт. Бирок, ал уруунун башчысы ал-Асбаг бин Амр ал-Калби християн дининен баш тартып, Исламды кабыл кылат. Абдуррахман ал-Асбагдын кызы Тумазар менен үйлөнүп, андан уулу Абу Салама дүйнөгө келген.
Ибн Сааддын айтканына караганда сахабалардын арасында Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бир гана Абдуррахманга жибек кийимдерди кийүүгө мүмкүнчүлүк берген. Анткени, Абдуррахмандын денесинде бир кашынты деген оорусу бар эле.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дүйнөдөн кайткандан кийин Мадинада бир толкундануу жана тынчсыздануу пайда болгон. Ошол учурда Азирети Айшага Абдуррахман бин Авфтын кербени шаарга жакындаганын айтканда Азирети Айша: «Расулаллах (с.а.в.) мындай деп буйруган: Абдуррахман сыраттан өткөндө кулайтургандай болду, Бирок, кулабады», - дейт. Абдуррахмандын беш жүз төөсү болгондугу айтылган. Ал кербенинин үстүндөгү жүктөрүн баарын Алланын ыраазычылыгына жумшаган. Төөлөрдүн үстүндөгү мал-мүлкү төөлөрдөн дагы баалуу болгондугу жазылган. Сахабалардын эң жоомарттарынан болгондугу белгиленген. Абдуррахман бин Авф көптөгөн согуштарда, өзгөчө Табук жортуулунда Алла жолунда мал-мүлкүн сарптаганы белгилүү болгон. Айрыкча, Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) өлүмүнөн кийин Надир уулдары жашаган жердеги жерин сатып Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) аялдарына тараткан. Азирети Айшага ал акчанын ага бөлүнгөн үлүшүн алып барышканда кимдин жибергенин сурайт. Абдуррахман бин Авфтын жибергенин айтышканда, Азирети Айша: «Пайгамбарыбыз (с.а.в.): Менден кийин Алланын сабырдуу кулдары сизге боорукер мамиле жасашат. Алла таала Абдуррахман бин Авфка жаннаттагы булактардан ичүүсүн насип кылсын», деп буйруган,- дейт. Азирети Абубакир дүйнөдөн кайтканда халифалыкка Азирети Умарды тандоодо Абдуррахмандан оюн айтуусун сурашканда, ал: «Умар сен ойлогондон да жакшы. Бирок, кадыр-баркы абдан жогору», - деп жооп берген. Азирети Абубакир ага: «Умардын катуу мүнөзү иштерди өз мойнуна алгандан кийин жоголот. Бир күн бир кишиге мен абдан ачуум келген эле. Умар болсо абдан жумшак мамиле жасады. Мен жумшак мамиле кылсам ал катуу мамиле кыла баштайт»,- дейт. Азирети Умар доорунда өтө кең аймакка ээ болгон Ислам мамлекетинде иштердин жеңил чечилүүсү үчүн жасалган мамлекеттик чогулуштарда Абдуррахман бин Авфтын өтө маанилүү рол ойногонун көрө алабыз.
Азирети Умар шейит болгондо бүтпөй жарым калган намазын толукталуусу үчүн Абдуррахман милдеттендирилген. Акырында Азирети Умардын айыгуусу өтө оор болгону жана ажалы жакындап калганы байкалганда жаңы тандала турган халифанын тандоо үчүн уюшулган кеңешмеде Абдуррахманда орун алган. Кеңешмеде Зубейр бин Аввам, Талха бин Убайдуллах жана Саад бин Абу Ваккас халифалыктан баш тартышкандан кийин талапкерлерден үч киши калган. Алар Азирети Али, Азирети Осмон жана Азирети Абдуррахман бин Авф эле. Андан кийин Абдуррахманда баш тарткандан кийин талапкерлер аталган экөө калышат.
Абдуррахман бул жагдайда сахабалардын кадыр-барктуулары менен өтө көп убакытка чогулуш өткөрүп Азирети Алиден жана Азирети Осмондон чечимге баш үйүүлөрү жөнүндө ачык айкын убадаларын алгандан кийин бул темада Азирети Осмондун убадасы пайдалуу болорун ойлошуп, Азирети Осмонду халифалыкка шайлашат. Абдуррахман бин Авф өтө көп жашап Азирети Осмон доорунда Хижраттын 32-жылында Мадинада дүйнөдөн кайткан. Жаназасын Азирети Осмон имам болуп окулуп кабырга алып баратышканда Азирети Али мындай дейт: «Эй Авфтын уулу! Кайыр кош, түбөлүктүү жашоого кеттиң. Сен бул ажалдуу жашоонун эң сонун күндөрүн баштап өткөрдүң. Бул кооз жашоо кирдей электе акиретке жөнөп кеттиң». Саад бин Абу Ваккас да анын жаназасында Абдуррахмандын кооз адеп-ахлагын жана убадасында бекем турганын эскерген. Эл арасындагы аңыз кептерде Сиирт менен Первари аймактарына жакын жердеги мазардын ага таандык деп айтылып келет. Бирок, так маалыматтарга карганда Мадинада дүйнөдөн кайткан жана ал-Бакиге көмүлгөн.
Абдуррахман бин Авф Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) өтө көп хадис уккан, Бирок, өтө сезимталдыгынан улам алардын баарын риваят кылуудан тартынган. Хадис китептеринде андан алтымыш бешке жакын хадис жазылган. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дүйнөдөн кайткандан кийин мурасынын мурасчыларга берилбей тургандыгы туралуу хадисти Азирети Абубакир риваят кылган да, Абдуррахман да аны кубаттан ошол хадисти кайталаган. Ошондой эле, Сирия тарапта пайда болгон “веба” деп аталган оору менен байланыштуу алдын алуу керектиги туралуу хадисти да Абдуррахман риваят кылган: “Кайсыл жерде веба ооруусу пайда болгонун уксаңар ал жерге барбагыла. Веба сиз жашаган жерде пайда болсо андан качуу үчүн ал жерден башка жерге кетпегиле” (Бухарий, Тып, 3, Муслим, Салам, 92-93-98-100).
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны