Адеп Башаты » Ислам » Ислам тууралуу » АМР БИН АЛЬ-АС (Алла ага ыраазы болсун)

АМР БИН АЛЬ-АС (Алла ага ыраазы болсун)

АМР БИН АЛЬ-АС (Алла ага ыраазы болсун)
АМР БИН АЛ-АС
(Алла ага ыраазы болсун)


Худайбия келишиминен кийин мусулман болгон сахаба. Анын ата-теги: Амр бин ал-Ас бин Ваил бин Хишам бин Саид бин Салхам бин Амр бин Кусай бин Каб бин Луай.
Амр мушриктердин зулумдугунан алыстоо үчүн Хабашистанга көчүп барышкан мусулмандарды кайра Меккеге кайтаруу максатында Нажашиге жиберилген топтун жетекчиси эле. Бирок, мусулмандарды артка кайра кайтара албай аларга каршы душмандай мамиле жасаган. Бадир, Ухуд, Хандак согуштарында мушриктер менен Исламга каршы согушкан. Курайш уруусунун улгайган адамдары өлүп азая баштаганда мусулмандарга болгон кек сактоо бара-бара азайган. Амр Хандак согушунан кийин мушриктердин аракеттери жыйынтыксыз болорун, мусулмандардын жеңишке жетерин билген. Ошондон кийин Исламга болгон сүйүү пайда болгон. Акырында мушриктер менен байланышын токтотуп, Худайбия келишимине катышпай, Исламга көңүл бура баштаганы байкалган. Амр Хижраттын 8-жылында (629) Мадинага келген. Азирети Халид бин Валид менен бирге экөө бир күнгө Расулаллахга (с.а.в.) убада беришкен. Мекке өткөрүлүп алынбастан мурун Жузам, Лахм, Кудаа, Амила, Балий жана Узра урууларынын биргелешип Мадинаны курчоого ала тургандарын Пайгамбарыбызга (с.а.в.) жеткен. Ошондо, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Ансар жана Мухажирлерден турган үч жүз кишилик аскер тобун даярдаган. Аталган аскер тобуна Амр башчы болуп шайланган. Ага Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Балий жана Узра урууларында туугандарын жардамга чакыруусун буйруган. Балий уруусу Азирети Амрдын чоң атасы Валиддин тайкелери эле. Амр жүзамдыктардын журтуна барганда алардын даярдыктарын, топтолушканын көрөт. Мындан улам, Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) жардам сурайт. Ага жардам катарында эки жүз кишилик күч жиберилет.
Мушриктер мусулмандарга туруштук бере алышпай туш тарапка чачылышат. Амр аскери менен Мадинага кайтат. Азирети Амр Меккени өткөрүп алышканда Пайгамбарыбыз (с.а.в.) тарабынан Суба аттуу бутту талкалоого милдеттендирилет. Көп өтпөй Умман өкүмдарына Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) катын алып барат. Умман өкүмдары жана калкы мусулман болгондон кийин ошол жерге акимчиликке дайындалат. Зекеттердин жана Садагалардын топтолуп таратылуусунда Умман өкүмдары жардам берет. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дүйнөдөн кайтканга чейин ошол жерде иштейт.

Азирети Абубакир доорунда Садага берүүдөн качкандар менен согушуп аларды баш ийдирген. Бул окуядан кийин Сирияда башталган Ислам дин үчүн согушууга Шамга барууну каалагандыгын Азирети Абубукирге билдирген. Азирети Абубакир анын каалоосуна тоскоол болууну каалаган эмес. Византия аскеринин Сириядан чыгарылып, Исламды аталган аймакка тараткан жана Ажнадин, Шам жана Йармук согуштарында милдеттендирилген. Ошондой эле, Палестинаны каратып алууга чоң салым кошкон. Кудус да Ислам мамлекетине каратылгандан кийин, ал шаар Азирети Умар тарабынан жасалган тынчтык келишими менен мусулмандарга өткөн. Биринин артынан бири жүзөгө ашырылган бул жеңиштер Амрдын алга карай умтулуусуна түрткү болгон. Амр кыймылы бат, ишкер болгон. Көпкө ойлонгон эмес. Чечим чыгарууда өтө тез ойлонуп, кыска убакытта чечим чыгарган. Чыгарган чечимин дароо жүзөгө ашырууга аракет кылган. Мындан улам, ал Египетти Ислам мамлекетине өткөрүү керектигин халифа Азирети Умарга билдирген. Умар мусулмандардын согушунан чарчаганын, күч-кубаттары азайганын билдирген. Эч нерсеге карабастан Амр халифаны ынандырып Египетке карай бет алган. Азирети Умар Зубейр бин Аввам башчылык кылган бир аскер тобун даярдап кошумча күч катарында Амрга жиберген. Амр башчылык кылган аскер бөлүгү Бабилион, Ариш жана Фустатты (Каир) өткөрүп өтүп Египетти мусулмандардын аймактарына кошкон. Андан кийин, Амр халифадан уруксат алып Македония тарапка бет алган. Көпкө созулган оор курчоодон кийин Мукафкис менен келишим түзүп Киптилерден жардам сурайт. Акырында Александреянын өткөрүлүүсү да ишке ашат.
Амр, андан кийин жолдун ачылганын көрүп Марка жана Зувайла тарапка бет алат. Аталган эки шаардын калкы садага жана зекет берүүгө макул болушат. Ошондой эле, жер ортолук деңизинин жээги жана түндүк Африканын эң маанилүү борбору болгон Траблусгарб эки айга созулган курчоодон кийин басылып алынган. Аталган каратып алуулардын жүзөгө ашырылуусу жана түндүк Африкага Исламды толук жеткирүү максатында Амр, Азирети Умардын буйругу менен Египеттин акимчилигине дайындалган. Азирети Умар дүйнөдөн кайткандан кийин Византиянын Александрея акими Исламга каршы көтөрүлгөн. Аталган аким Византиянын борбору эле. Византия императору Александреянын колдон кеткенине аябай кайгырган. Египеттин жергиликтүү калкы Киптилер келишимди бузушкан эмес. Алар Азирети Осмондун буйругу менен Амрга жардамга барышкан. Бул кагылуушуда Византия аскер башчысы Манул өлтүрүлгөн. Мусулмандар кайрадан жеңишке ээ болушкан. Амр Азирети Осмон заманында Египеттин акимчилигинен бошотулган. Бул окуя Амр менен Азирети Осмондун бири-бирине болгон жакшы мамиленин бузулуусуна себеп болгон.
Азирети Умар заманында Амр бин ал-Ас жөнүндө арздануулар келе баштаган. Ошондо, Азирети Умар Амрга кат жазган. Бул арздануулар Азирети Осмон заманында да кайталанган. Салык топтоо маселесинде Абдуллах бин Саадка кийлигишпегендиги жана көбүрөөк карыз алгандыгы аныкталган. Мына ушундай арздануулардан улам, Амр жумушунан бошотулган. Бул окуядан кийин Амр саясаттан алыстаган. Азирети Осмонго таарынганына карабастан ага ачык каршы болгон эмес. Бир канча убакка чейин Палестина да калган. Азирети Осмон шейит болгон күнү ал Палестинада эле.
Амр, Азирети Али менен Муавиянын келишпестиктери ачык айкын билингенден кийин жана Жамал окуясынан кийин жаңыдан саясатка аралашкан. Алгач Азирети Алинин Пайгамбарыбызга (с.а.в.) туугандык себебинен халифалыкка дагы да ылайыктуу эле деген пикирди колдогон болсо, кийинчерээк Муавия тарапта болгон. Амрдын Муавияга тарапта болуусунун негизги себеби, Удба бин Суфян аркылуу ага Египеттин акимчилиги бериле тургандыгы тууралуу убада берилгендиги айтылып келген. Муавия менен Амр Азирети Осмонду канкор дешип элди дүрбөтүшкөн. Азирети Алини да канкорду коргойт деп күнөөлөшкөн. Муавиянын өтө көп суммадагы айлык акы жана акчалай жардам бергенине алданышып сараңдык кылышкан аскерлери анын айланасында топтолушкан. Шам жергесиндеги аскерлерге Амр башчылык кылган. Шам аскерлери жеңилүүгө дуушар болгон. Муну менен Амр Куранды сыйлаган болуп ынтымакка келүүнү ойлогон. Бирок, Азирети Али анын алдоо максатын билген жана аскерлерине анын жаман оюн кабыл кылдырган эмес. Амр бин ал-Ас менен Муавия мурдатан эле өтө айлакер, куу, саясий маселелерди чечүүдө ишмер адамдар сыяктуу таанылган. Аталган окуяда Амр ошол эле журум-туруму менен белгилүү болгон.
Амр менен Абу Муса ал-Ашари арасында төмөнкүдөй маектешүүлөр болгон: «Сен Осмондун өзүнө өзү зулумдук кылганын жана канкор деп эсептелгенин билесиң». Абу Муса: «Ооба, шек-күмөнсүз». Амр: «Албетте, сен Муавиянын жана анын үй-бүлөсүнүн Азирети Осмонго тараптар болгонун да билесиң.» Абу Муса: «Бул да туура». Амр: Куранда, «Алла (өлтүрүүнү) арам кылган жанды (тактап айтканда өлтүрүүгө ылайык кылмышкер болбогон жанды жазыксыз өлтүрбөгүлө, Бирок,) чыныгы (шарият мыйзам) менен өлтүрүшүңөр гана мүмкүн. Кимде-ким зулумдук менен (тактап айтканда, жазыксыз) өлтүрүлсө, биз анын ээси-мураскору үчүн (касас алууга) бийлик укук бергенбиз. Анан ал (киши өлтүрүүчүнү) өлтүрүүдө чектен ашпасын (тактап айтканда, киши өлтүрүүчүнүн ордуна башка бирөөнү өлтүрбөсүн же бир кишинин ордуна эки кишини өлтүрбөсүн же киши өлтүрүүүчүнү өлтүрүүдө анын кулак-мурдун кеспесин). Анткени,, шексиз аны (Алланын) өзү колдойт», деп айтылган (ал-Исра сүрөөсү, 17/33-аят). Муавия Курайш урусунан алгачкы мусулмандардан эмес. Бирок, ага кандай тоскоолдук бар эле? Анда көптөгөн кемчилдиксиз өзгөчөлүктөр бар. Өзүнө өзү зулумдук кылган халифа аны коргойт эле. Жакшы чара табууда жана саясатта жалгыз адам болгон. Уммул Мууминин Азирети Хабибанын бир тууганы ж.о.э. Алладан түшкөн вахийлерди жазган катчы сахабалардан эле.
Абу Муса: «Амр Алладан корк. Атап өткөн кемчилдиксиз өзгөчөлүктөрдүн бирөө да Муавия да жок эле. Жаш болгондуктан, халифалыкка ылайыктуу эмес эле. Эгер халифалык жалаң гана шарапат туугандык менен болгондо Али бул ишке көбүрөөк акылуу болот эле. Халифалык такыба жана фазилет ээлерин акысы. Намыстуулук жана илим албетте, Алиде да бар. Осмондун күнөөсүз шейит болуусу бир далил эмес. Муавиянын мени ыраазы кылганы, же мага көбүрөөк жакындоосу да маанилүү маселе эмес. Булардын эч кандай пайдасы жок. Алла үчүн жасалган иштерде пара берилбейт. Абдуллах ибн Умардын да ысмын атасаң болмок». Амр: «Сен Ибн Умардан ыраазы болсоң, менин уулум да бар. Сенда анын өзгөчөлүктөрүн билесиң». Абу Муса: «Сенин уулуң мындай милдетти (мансапты) каалоону, же каалабоону дагы да жакшы билет». Амр: «Халифа, өзүнүн ишин башкара билсин жана ошондой эле, эл аны кааласын». Абу Муса: «Мусулмандар бул согуштан кийин бул ишти чечүүнү бизге калтырышты. Алла көрсөтпөсүн, дагы бир жолу мындай башаламандык пайда болбосун».
Көпкө созулган бул маектин акырында күбөлөр Азирети Али менен Муавияны жумуштан бошотуп, ордуларына башка халифа шайлоого чечим чыгарышкан. Эки тарап Думатул-Жандалда топтолушкандан кийин, Амр Абу Мусанын уулу болгондуктан сөз кезегин ага берген. Абу Муса туруп: «Алини да, Муавияны да халифалыктан бошоттум»,- дейт. Анын артынан Амр туруп: «Абу Муса Алини халифалыктан бошоткон болсо, мен Муавияны бошоткон жокмун аны кайра халифалыкка дайындадым». Куфалыктар Абу Мусанын алардан пара алып, алар тарапка өткөн деп ойлошуп, ага чабуул жасоону каалашат. Бирок, Шам эли Абу Мусаны коргоп качырып жиберишет. Амр Азирети Алиге ачык каршы чыгат. Египеттеги Азирети Али тарабынан дайындалган аким Мухаммед бин Абубакирди кандуу бир согуштан кийин жеңип, өлтүргөн жана кайрадан Египетти колго алган.
Ошол мезгилде Харижилер болуп аткан бардык фитналарды Муавия, Амр жана Азирети Али тарабынан болуп атат деп ойлошкон. Алар аталган үчөөнү өлтүрүү керек деп чечим чыгарышат. Ошентип, Азирети Али шейит болот. Муавия жараланып кутулат. Амр болсо айлакердик кылып ошол күнү ооруп мечитке келбей калат. Анын ордуна имамдык кылган Харижа шейит болот. Муавия Амрга шейиттердин алдында бир баракка кол койдуруп, дайыма итаат кылуу шарты менен Египетке аким болот. Египетте бир канча убакытка чейин аким болгон Амр Хижраттын 43-жылында, башка бир риваятка караганда 51-жылында ооруп төшөктө жатып калат. Жасаган иштерине абдан кайгырат. Абдуллах Ибн Аббас ага зияратка барганда, анын абалын сурайт. Ал: «Эмнени сурайсың Ибн Аббас, бул дүйнөнү жакшы, кайырдуу кылбадык, динди абдан кирдеттик, ойрон кылдык»,- дейт.
Ибн Шаммаса ал өлүм төшөгүндө жатканда зияратка барып, ага өзүнүн жаннат менен сүйүнчүлөнгөнүн эстеткенде, ал: «Мени жубаткан, соороткон нерсе «Ла илааха иллаллах Мухаммадуррасулаллах» келимеси. Мен Исламга чейин өтө чоң кемчилдиктерди жана күнөөлөрдү жасадым. Эгер мен мусулман болуп, Расулаллахтын кечиримине жетпегенимде, сөзсүз тозоктук болот элем. Аллага чексиз мактоолор болсун, мусулман болуу сыймыгына жетиштим. Пайгамбарыбызга (с.а.в.) убада берүү менен бул дүйнөмдү жана акыретимди уттум. Расулаллах (с.а.в.): «Менден эмне каалайсың?- деп сураганда: «Өткөн кемчилдиктеримди кечирүүңүздү суранам»,- дедим. Ал да: «Исламда өткөн күнөөлөрүңдөн жоопкер эмессиң»,- деп буйруду: Бирок, бир нерсеге бушайман болдум, ал да Расулаллах (с.а.в.) мага көбүрөөк махабат көрсөтбөдү»,- деп арыз-муңун айтат. Амр Азирети Алиге жасаган мамилесине бушайман болуп дүйнөдөн кайтат. (43/663) Мукатам мазарына көмүлөт. Абдуллах жана Мухаммед аттуу балдары болгон.
Амр бин ал-Ас ыкчам, бат кыймылдаган мүнөзгө ээ эле. Аскер болгондуктан өмүрү согуш майданында жүрүп өткөн. Илимге кызыгуусу жок эле. Көбүнчө саясий окуялардын арасында жүргөн. Амр Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) отуз хадис риваят кылган. Кээ бир маселелерде өтө алсыз салыштырууларды жасаган. Мисалы абдес албастан таямум алып намаз окулушуна байланыштуу Затус-Саласил сариййасында бир фатва берген. Амр орто бойлуу, семиз, кара сакалдуу эле. Токсон үч жыл жашаган.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны