Адеп Башаты » Ислам » Ислам тууралуу » Минбар

Минбар

Минбар
Минбар

Тарыхчылар «минбар» деген сөз кайсы тилден келип чыкканы жөнүндө эки анжы ойду айтышат. Биринчи көз караш боюнча кээ бир булактарда ал эфиопия тилиндеги «винбар» деген сөздөн келип чыккан. Анын мааниси отургуч же такты. Анан «в» тамгасы «м» га өзгөрүп минбар деп айтылып калган.
Экинчи көз караштагылардын ою боюнча ал араптын «набара» - көтөрдү деген сөзүнөн алынган. Азыркы учурда элге кайрылуу жасаган трибуна же кафедра деп түшүнсөк да болот.


Ислам тарыхындагы алгачкы минбар
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) жума кутпасын курма жыгачынан жасалган түркүктү таянып алып айтчу. Ал түркүк мечиттин кыбыла тарабында эле. Бул абал хижраттын жетинчи жылына чейин ушундайча уланды.
Алгачкы минбар жыгачтан жасалгандыгы тууралуу тарыхчылар бир пикирде. Ал Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) үчүн сегизинчи жылы жасалган. Алгачкы минбарда эки тепкич жана үчүнчүсүндө отура турган жайы бар болчу.
Кээ бир эки жүздүү адамдар минбарды арабдарда мурда болгон эмес деп сынга алышканда Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) «Минба колдонгон болсом аны атам Ибрахим да колдонгон. Таякты колдонсом, аны атам Ибрахим да колдонгон» деп жооп берген. (Табарани, Алмуъжам аль-кабийр)
Алланын элчисинин (с.а.в) минбары
Пайгамбарыбыздын (с.а.в) минбары тууралуу көптөгөн хадистер бар. Алла Элчиси (с.а.в) минбары ислам доорунун алгачкы кол өнөрчүлүгүнүн өкүлү болуп саналат. Ал Адамдарды акыйкатка жана туура жолго чакыруучу жай эле.
Абу Хурайра жана Сахл бин Сааддын (р.а) баяндоосу боюнча, уста минбарды жасагандан кийин Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Менин минбарым бейиш эшиктеринин бири», «Үйүм менин минбарымдын ортосу бейиш бакчаларынан бир бакча жана минбарым жаузумун үстүндө», - деп айткан.
Ислам тарыхында мечитке жасалган экинчи минбарды Амр бин Аас азыркы Каир шаарында жасаган.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны