Адеп Башаты » Ислам » Ислам тууралуу

АББАС ИБН АБДУЛМУТТАЛИБ (Алла ага ыраазы болсун)

АББАС ИБН АБДУЛМУТТАЛИБ (Алла ага ыраазы болсун)
АББАС ИБН АБДУЛМУТТАЛИБ (Алла ага ыраазы болсун)
Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) атасынын бир тууганы. Негизинен аты Абдул-Фазл. Атасы Абдулмутталиб, энеси Нутайла. Азирети Аббас Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) бир-эки жаш улуу болгон. Ал жаш кезинде жоголуп кеткен. Энеси аны кайра тапканда кубанганынан, сүйүнчүсүнө Каабанын сыртын жибек кездеме менен жаңылаган. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) жаш мезгилинде энеси өлүп, чоң атасы Абдулмутталибдин колуна өткөндөн кийин Азирети Аббас менен балалык чагы чогуу өткөн. Жаш мезгилинен баштап соодагерчилик менен алектенген. Азирети Аббас өтө бай болгон. Араптарда Каабага кызмат кылуу өтө сыймык эле. Каабага кызмат кылуу иши Курайш уруусунун кадыр-барктуу адамдарына бөлүштүрүлгөн. Ажылык күндөрүндө Азирети Аббас менен бир туугандары Зам-зам кудугунан суу алып таратышкан. Азирети Аббас суу таратуу милдетин Исламдан кийин да уланткан.
Толугу менен

АЛЛА ТААЛАНЫН ЫСЫМДАРЫ ЖАНА СЫПАТТАРЫ

АЛЛА ТААЛАНЫН ЫСЫМДАРЫ ЖАНА СЫПАТТАРЫ
АЛЛА ТААЛАНЫН ЫСЫМДАРЫ ЖАНА СЫПАТТАРЫ


Алла Тааланын ысымдары:
Эгерде биздин демейки аттарыбызды ата-энелерибиз койбостон кийинчерээк биз чоңойгондо үйрөнүп колдонгон кесип-өнөрлөрүбүзгө жараша атыбыз коюлар болсо кээ бирөөбүз «мергенчи», кээ бирөөбүз «уста» болуп, ар түркүн өнөрүбүзгө жана жөндөмүбүзгө байланыштуу ысымдар менен аталып кетмекпиз. А бирок биздин аттарыбыз кийинчерээк тутунган жөндөмдөрүбүзгө ылайык коюлбастан, негизинен ата-энелерибиздин эңсөөлөрүнө жараша коюлган болот. Кала берсе, кээде бизге эч кандай жарашпаган же болбосо бизге эч бир байланышы жок аттар да коюлуп калган болот. Бул окшотуу бир караганга орой, жагымсыз көрүнүүсү мүмкүн. Ошентсе да нукура акыйкаттарды түшүндүрүү үчүн кадимтен ушундай ыкмалар колдонулуп жеңилдетип баяндоого аргасыздык туулуп келген.
Толугу менен

Ааламдын дини - ислам

Ааламдын дини – ислам

Ислам дини – ыйык диндердин эң акыркысы болуп саналат. Ошондой эле ал өзүнүн оригиналдуулугун, түпкүлүктүү нугун туура сактап турган бирден бир дин.
Толугу менен

Ислам дини деген эмне?

Ислам дини деген эмне?

Ислам деген сөз ˝тынчтык,амандык, бейпилдик, баш ийүү˝маанисиндеги ˝силм,селам˝ деген арабча сөздөн бутактап чыгып, кеңири мааниде «Алла Таалага баш ийүү, Анын буйруктарына моюн сунуу, тынчтык жолуна түшүп, бейпил жашоого карай аттануу, ар бир адамга, кала берсе, ар бир нерсеге бекем ыйман менен мамиле жасоо жана колунан-тилинен эч бирөөгө залал тийгизбөө» деген маанилерди билдирет.
Толугу менен

Абу Бакр Ас-Сыддык

Абу Бакр Ас-Сыддык
Абу Бакр Ас-сыддык

Пайгамбарлардан кийин, Сахабалардын жана адамдардын эң үстүнкүсү. Чын аты Абдуллах бин Абу Кухафа бин Амир бин Амр бин Ка`б бин Са`д бин Тайм бин Мурра.
Толугу менен

Пайгамбарыбыз (САВ) орозонун маңызы жөнүндө:

Пайгамбарыбыз (САВ) орозонун маңызы жөнүндө:


Ислам беш нерсенин үстүнө курулган: Аллахтан башка кудай жок, Мухаммед (САВ) Аллахтын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк айтуу, намазды толук окуу, зекет берүү, рамазанда орозо тутуу жана мумкүнчүлүгү болгондор үчүн Аллахтын үйүнө ажылыкка баруу.
(Бухари, Иман,1; Муслим, Иман, 20; Тирмизи, Иман,2;)
Толугу менен

Ыкластуулук

Ыкластуулук


Ыклас – жасалган бардык нерсени Алла Таала үчүн кылуу жана тыюу салынган нерсени да Алла Таала үчүн кылбоо. Пайгамбарлар адеп башынан эле ушундай чыныгы ыкыласка жетишкен болот.
Толугу менен

АБУБАКИР АС-СЫДДЫК (Алла андан ыраазы болсун)

АБУБАКИР АС-СЫДДЫК  (Алла андан ыраазы болсун)

Азирети Абубакир, Мухаммед (с.а.в.) Ислам динин жайылтуу ишин баштагандан кийин эң алгач ыйман келтирген эрктүү кишилердин, рашит халифалардын жана ашара-и мубашшаранын алгачкыларынан болгон.
Куранда «ас-Сыддык», «ал-Атик» лакаптары менен белгилүү болгон улуу сахаба.
Толугу менен

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны