Адеп Башаты » Ислам » Намаз

Намаздын түрлөрү

Намаздын түрлөрү

Намаз үчкө бөлүнөт:
1. парз намаздар
2. важип намаздар
3. нафил намаздар
Ханафийлерден башка жамааттагылар «важип өкүмү» дегенди кабыл албайт. Алар намазды парз жана нафил деп экиге бөлөт. Важип менен парзды бир деп эсептешет.
Толугу менен

Уюлдарда намаз убактылары

Уюлдарда намаз убактылары
Убакыт - намаздын бир шарты болгондой эле парз болуусунун да себеби. Андыктан, бир жерде намаз убактыларынын бири же экөө жок болгон абалда ошол убактагы намаздар ошол жердин калкына парз эмес. Намаздардын парз болуушунун себеби, намаздардын убактары деп айтылса да, түпкүлүгүндө чыныгы себеп Алла Тааланын буйругу болуп эсептелет.Жогоруда айтылгандай, намаздын убактары толук болбогон жерлерде башка убактарда ошол намаздардын казасын этияттык үчүн окуу абзел.
Толугу менен

Намаздан эмне үчүн тажабайбыз?

Намаздан эмне үчүн тажабайбыз?
Акылы башында болгон адам пайдалуу жана кызыктуу бир иштен тажайбы? Бул иш кирешелүү, кызыктуу жана биз муктаж болгон иш болсочу? Канчалык көп кайталанса да мындай бир иш адамды тажатпайт.
- Азыр айтылып өткөндөй күндө үч жолу тамак жештен тажаганыңар барбы?
Толугу менен

Таадили аркаан

Таадили аркаан
Таадили аркаан ар бир парзды ийине жеткире, шашылбай толуктап аткаруу. Намазда, рукууда турганда, саждада, эки сажда арасындагы отурууда эки кыймылдын арасын анык ажыратып, токтоолук менен алып баруу. Мисалы: рукуудан кыямга турганда денени тик алып, бир аз токтоп кем дегенде бир ирет *Субхаанааллахил азиим*(Улуу Аллах бүткүл кемчиликтерден таза) деп айтканчалык убакыт туруп анан сажда кылуу керек. Эки сажданын арасында да ушундай.
Толугу менен

Келгиле,ишти намаздан баштайлы!

Адам баласынын Раббиси менен болгон байланышында намаз – бул, эң башкы негиз.Ошон үчүн мындай делет:
قَدْ أَفْلَحَ الْمُؤْمِنُونَ {1} الَّذِينَ هُمْ فِي صَلَاتِهِمْ خَاشِعُونَ {2}«Кад афлахаль муминуун. Аллязиина хум фи салатихим ххашиуун» «Момундар кутулду.Алар ар убак намаздарында хушуу ичинде.»
Толугу менен

Умар жана намаз

Отпарас, ирандык бир кул Азирети Умарды намаз окуп жатканда далысына канжар сайган эле. Намазын толуктоо үчүн белин түздөөгө аракет кылды. Жанындагылар: «Сен намаз окуй албайсың.» ‑ деген сайын, ал «Намаз!» ‑ деп, Раббисине «Намаз!» ‑ деп бара жатты. Өзүн жогото баштаган эле. Комага түшүп, аны ойготконго аракет кылгандардын аракети текке кетти.
Толугу менен

Намаз тууралуу хадистер

* Азирети Абу Хурайра (Алла ага ыраазы болсун) баяндайт: «Азирети Пайгамбардын (алейхиссалату вассалам) мындай дегенин уктум: «Силердин бирөөңөрдүн эшигинин алдынан суу агып, бул сууда күнүгө беш жолу жуунса, үстүндө кир калабы, кандай дейсиңер?» «Анын эч бир кири калбайт!» дешти. Пайгамбарыбыз: «Мына бул беш убак намаздын мисалы. Алла Таала ал аркылуу бардык каталарды өчүрөт.» деди.»
Толугу менен

Намаз тууралу аяттар

Ниса/103. «Намазды бүтүргөндөн кийин да туруп, отуруп жана жатканда (дайыма) Алланы эстегиле. Бейкуттукка жеткенде да намазды туптуура окугула, анткени намаз – момундарга убактылары белгилүү бир парз.»
Толугу менен
←  аркага 1 2 алдыга →

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны