Адеп Башаты » Ислам » Намаз » Келгиле,ишти намаздан баштайлы!

Келгиле,ишти намаздан баштайлы!

Адам баласынын Раббиси менен болгон байланышында намаз – бул, эң башкы негиз.Ошон үчүн мындай делет:
قَدْ أَفْلَحَ الْمُؤْمِنُونَ {1} الَّذِينَ هُمْ فِي صَلَاتِهِمْ خَاشِعُونَ {2}«Кад афлахаль муминуун. Аллязиина хум фи салатихим ххашиуун» «Момундар кутулду.Алар ар убак намаздарында хушуу ичинде.»

«Хум йусаллуун» «Алар намаз окушат» деген жери жок. Туруктуулукту, улантуучулукту билдирген бир форма колдонулууда. Т.а., кутулгандар – булар, качан гана болбосун, намазда Алладан корккондор, намазда хушуу издегендер.
Кишинин бир гана намазына карап, анын намазда хушуу издеген киши экенин биз аныктай албайбыз. Бул кишинин жан дүйнөсү менен Алланын ортосунда. Андыктан биз өзүбүздү хусну зан кылууга аракет кылабыз. Бирок кээ бир кишилер намаздарында, орозолорунда ушундай этиятсыз мамиле кылышат жана ар намыстары боюнча эл көп болгон жерде ушундай иш кылышкандыктан, киши кааласа да, каалабаса да, көргөн нерсеси тууралуу жакшы ойдо кала албайт. Мисалы, дароо такбир алып, сен али фатиханын жартысына келе электе эле, ал рукууга ийилет. Бул жерде өзүңдү канчалык кыйнасаң да, аны намаз окуду дей албайсың. Мисалы, рукууда сөздөрдү так айтып, кээ бир факихтердин пикири боюнча, бир жолу «Субхана Раббиял азиим» деп айтыш керек. Муну абдан бат айтса, эч кандай мааниси жок. Кээ бир факихчилер боюнча, муну кеминде 3 жолу айтыш керек. Ошон үчүн рукууда жана саждада кеминде 3 жолу шашпастан, сөздөрдү даана жана так айтып, бул тасбихти айтышыбыз керек. Үчтөн азыраак айткан болсок, башкаларды хусну зан кылууга зордогон болуп калабыз.
Көп кишилер тарабынан намазда ылдам ылдам окулган сүрөөлөр Куран окуу эрежесине туура келбей, Ушинтип шашылыш түрдө окулган намаз өзүнүн манисин жоготот. Бир демде шашылыш, ылдам окулган Куран аркылуу кыраат парзы аткарылган болбойт. Сөздөр – маанилердин калыбы, бирок калып мааниге төп келиши керек. Басты заман болушу мүмкүн, ал башка маселе.
Намазда хушуу.
Бул хушуу жана худуу менен байланыштуу. Хушуу менен худуу – намаздын мазмунуна байланыштуу маселени көтөрүү. Ыйман менен намаз – эгиз бир тууган, бир айырма: ыйман намаздан мурдараак туулган. Мухйиддиини Арабии «Футухаты Меккийеде» намаздын маанисине байланыштуу нерселерди айткан. Шах Валиййуллах Дахлавии намазга тиешелүү кээ бир нерселерди айтып, анын канчалык маанилүү экенине назарларды тартууда.

Мындан тышкары, «фавайлун лил мусаллиинде» баяндалган бир гана сахв маселеси эмес. Намазга тиешелүү ушунчалык көп өксүгүбүз бар. Мисалы, "و إذا قاموا إلى الصلاة قاموا كسالى"«ва изаа комуу илассалати комуу кусаалаа» «Намазга турарда ыңгыранып (жалкоолоно, эптеп септеп) турушат.» булардын бири. Хадистерде кишинин мындай намазы адамдык жүрүм турумдар катары кабыл кылынбайт. Намаз – бул, адамдык жүрүм турум. Мисалы, имамдан мурун рукууга ийилген киши үчүн «Каалайсыңарбы, Алла рукуудан туруп жатканыңарда жүзүңөрдү эшектин жүзүнө айлантсын!» деп айтылууда. Демек, имамдан мурун иш кылуу маселеси кулчулук алкактан чыгуу дегенди билдирет. «Кимде ким саждага жыгыла турган болсо, короз данды чокугандай кылбагыла!» деп айтылууда. Чекесин жерге ылдам ылдам тийгизүү чындап эле короздун дан чокуганына окшош, андыктан бул айбандын кыймылы. Алла Таала ибадат кылууда бизди адамдык жүрүм турумга чакырууда. «Колдорун итке окшоп жерге койбосун.» деп айтылууда. Отуруудан саждага, саждадан рукууга, рукуудан кыямга чейин бардык кыймылдардын айбандын кыймылынан башкача болууга көңүлдөрдү бурууда. Алла Элчиси (саллаллоху алейхи васаллам) бул мубарек сөздөрү менен бизди адамдык жүрүм турумдарга чакырууда. Ооба, хушуу жана худуу бир гана ошол калыптар менен баяндалат. «Мен хушуу жана худуу ичиндемин.» дегенде, айбандык калыптарды ашууң керек.

Намаздын руху дароо эле ачылбашы мүмкүн. Өзүндө намаздын руху ачылган киши эң бир жагымдуу бир иш менен алек болуп жатса да турган ордунан атып туруп, намаз окугусу келет жана бул киши окуган намазынан лаззат алат. Ар дайым болбосо да көп жолу мындай дейт: «Атаганат, дүйнө такыр бүтпөсө жана мен дайыма ушинтип намазда тура берсем.» Бирок мунун ачылышы үчүн жыйырма, кээде отуз, кээде кырк жыл талап кылынат. Кырк жыл кемербестен убудийет (кул экениңди билдире кол куушуруп) ошол эшиктин алдында турасың жана намаз ошондо гана ачылат. Намаздын ички жүзү ачылса, эмне болот: сен ошол убакка чейин дайыма бир алтын намаз жолун издөө үчүн үстү башың чаң боло аракет кылдың, бирок баш тарткан жоксуң. Бул жол аркылуу барууга болот дедиң. Бул жол – ошол жол дедиң жана бир күнү ошол жол аркылуу казына таптың. Эми, ошол убакка чейин кылган аракеттериңдин бардыгы алтынга айланабы, же айланбайбы?
Аятта: (وَاذْكُرِ اسْمَ رَبِّكَ وَتَبَتَّلْ إِلَيْهِ تَبْتِيلاً)[المزمل: 8]«Ватабатталь илейхи табтиила» деп айтылууда. Бул зордоону билдирип, башта Азирети Пайгамбарыбызга ушул түрдө кайрылууда. Бирок Пайгамбарыбыз акырындап ушундай абалга келгендиктен, «Силер жеп ичүү жана жыныстык катнашты кандай кааласаңар, мен да намазды ошондой каалайм.» дейт. Так эле ушул сыяктуу, бул боюнча татыктуу түрдө сабыр кылсаң, намаздын рухунун ачылышын күтсөң, анан, акырында сага: «Бейиште дасторкондор даярдалып калыптыр, жүрү.» дешсе, сен: «Намазымды окуюн, андан кийин. Намазымды алмаша албайм.» дей турган абалга келесиң. Азрайил алейхиссалам келип: «Уруксат кылсаң, убактысы кирген намазымды окуюн, убактысы чыгып кетпесин. Андан кийин эмне кылсаң, өзүң бил.» дейсиң. Ушундай бир рухий абалга ээ болосуң: өлө турган болсоң да, намазыңды таштабоого аракет кыласың. Намаздашып каласың. Азирети Хубайбдын шейит кылынардан мурун бардык сунуштарды четке кагып, бир гана намаз окугусу келгенин ушул мааниде түшүнсөк болот, анткени намаз анын рухуна сиңишип кеткен.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны