Адеп Башаты » Ислам » Намаз » Намаздан эмне үчүн тажабайбыз?

Намаздан эмне үчүн тажабайбыз?

Намаздан эмне үчүн тажабайбыз?
Акылы башында болгон адам пайдалуу жана кызыктуу бир иштен тажайбы? Бул иш кирешелүү, кызыктуу жана биз муктаж болгон иш болсочу? Канчалык көп кайталанса да мындай бир иш адамды тажатпайт.
- Азыр айтылып өткөндөй күндө үч жолу тамак жештен тажаганыңар барбы?

- Күнүгө кечинде телевизор көрүүдөн тажаганыңар барбы?
Демек, адам баласы жакшы көргөн нерсесинен тажабайт дагы зерикпейт дагы.
Андай болсо намаздан ырахат алуу жана тажабаш үчүн оболу анын маанисин түшүнүш керек. Намаз – бул Кудай бизден талап кылган көп кырдуу, мааниси абдан кеңири жана терең болгон бир ибаадат.
1. Намаз – бул рухубуз дем алган, жүрөгүбүз рухий түрдө күчтөнгөн жана сезимдерибиз байыган бир ибаадат. Рухубуздун негизги азыгы болгону үчүн рухий жашообуздун соолугу үчүн намазга муктажбыз.

2. Намаз – адамды күнүгө беш жолу Кудайдын алдына алып келгендиги үчүн жамандыктардан жана күнөөлөрдөн коргоочу таасирге ээ. Киши чынында намаз менен улук Жаратуучунун алдында турганына ишенсе, кантип жамандык кыла алат? Күнүгө 5 жолу Кудайдын алдында колуңду куушуруп намаз
кыласың, ошондой эле ал тыюу салган иштерди камаарабастан кыласың? Бул мүмкүн болбогон нерсе.
Эгер киши намаз окуса, ошондой эле Кудай тыюу салган жамандыктарды кылса, анда ал – намаздын чыныгы маанисинен алыс. Анткени, Курани Каримде де Алла Таала: «Намаз адамды ар кандай жамандыктардан жана күнөөлөрдөн сактайт» дейт. Демек, намаз – бул кишини жана ошону менен коомдук жашоону жаман, ыпылас иштерден коргогон ибадат.

3.Намаз – бул ыйманды коргогон, күчтөндүргөн бир ибаадат. Жүрөгүбүздөгү ыйман нуру намаз менен корголот, керек болсо дагы да жаркырайт. Намаз – бул ыймандан кийинки бейишке өткөзүүчү эң маанилүү кулдук карыз. Намаз – бул сооп сандыкчасы. Жайнамаз – бул күндө 5 убак рухий кирешелер менен байыган бир ибаадат сандыгы.

4.Намаз башка ибаадаттардан кымбатыраак. Анткени, намазда башка бардык ибаадаттардын өзөгү жана мазмуну бар. Намазда ыйманыбызды билдирген сүрө жана дубалар окулат. Алла Тааланы эң сонун түрдө эскерген, ага шүгүрчүлүк кылган, дуба кылган сөздөрдү намазда айтабыз. Пайгамбарыбызды эң сонун түрдө эстөө жана бардык момундарга дуба кылуу дагы намаздын ичинде.
Намазда желбейт, ичилбейт. Андыктан намаз кылып жатканда орозо туткан болобуз.
Намаз – бул денебиздин жана жашообуздун зекети, ден-соолукту жана биз жашаган өмүрдү бизге насип кылган Алла Таалага эң сонун шүгүрчүлүк.
Намазда Каабага бурулабыз. Ушундайча ажылык ибадаатынын ыйык жерине бурулган болобуз.
Ушундайча намаз бардык ибаадаттардын бир кичинекей мисалын ичине камтыган эң кенен, эң терең бир ибаадат болот.

5.Намаз башка жандуулардын бардык ибаадат шекилдерин ичине камтыган тереңдикке ээ. Мисалы, дарактардын, өсүмдүктөрдүн жана эки буттуу жаныбарлардын Кудайга болгон ибаадаттары бутта тик туруу аркылуу жүзөгө ашат. Төрт буттуулар ийилген абалда, сойлоп жүрүүчүлөр жана кээ бир өсүмдүктөр да кудум саждага барып аткансып Жаратуучуга ибаадатын кылышат. Анткени, Курандын сөзү боюнча:
«Жерде жана асманда Алла Тааланы эстебеген эч бир нерсе жок» - дейт.

Адам баласы бардык нерселердин жекече абалдары менен кылган ибаадаттардын бардыгын намазда бириктирет. Анткени, намазда кыям (бутта туруу) бар, рүкүү (ийилүү) бар, сажда (башты жерге коюу) бар. Периштелер болсо жалгыз гана бир шекил менен Алла Таалага ибаадат кылышат.
Демек, намазда адам бардык нерселердин ибаадаттарын камтыйт. Ушундайча ар бир нерсенин ибаадат боюнча Кудайдын алдында өкүлү болуп эсептелет. Намаз кылбаган киши бул урматтуу жана улук өкүлдүк милдетин кылбоодо.

6. Намаз кылган киши күнүмдүк жашоосун тартипке салат. Белгилүү учурларда даарат алып, Алла Тааланын алдына чыга турган киши ишин жана убактысын пландоого жана бош нерселиктен кутулууга мажбур. Бир күндүк жашоосун бешке бөлгөн адам убакыттын өтүп баратканын билет. Таңда, бешимде, дигерде, шамда, куптанда жашап жатканын билет. Андыктан бул учурлардын кадырын жакшы билет.

Ар бир убакыттын бөлүмү менен келген намаз адамга сонун эскертүүлөрдү берет. Мисалы, таңкы намаз мындай дейт: «Эй мусулман, байкагын! Күнүң башталды. Эрте Кудайдын алдына чыгып, алакан жайып, анын буйруктарына баш ийүүгө ниет кыл. Жакшылыктарды кылууга, жамандыктардан качууга чечкиндүү бол. Кудайга ибаадат менен баштаган бул күнүң аны ыраазы кыла турган иштер менен аракеттерге толсун. Кана, күнүң берекелүү болсун!»
Бешим намазы адамды эскертет: «Карачы, күнүңдүн жартысы өттү. Таңда сөз берген жакшылыктарыңды кылдыңбы? Жамандыктардан качтыңбы? Турган сөзүңдү аткара баштасаң азаматсың, уланта бер соопторду табууга. Бирок, таңдагы жакшы башталгычты уланта албаган болсоң, жакшы эмес. Эч болбосо күндүн экинчи жарымын жакшы өткөр».
Дигер намазы болсо күндүн бүтүп баратканын эскертет: «Кана, кыймылда, күнүң бүтүп баратат. Кемчиликтериңди түгөлдө. Күндүн ишин түнгө калтырба» дейт.
Шам намазы менен бирге күн бүтөт. «Бир күндүн аягындасың. Эсептеп көрчү, пайда таптыңбы же зыянга учурадыңбы? Эгер адамга жарашкан жакшылыктарың көп болсо, куттуктайм. Бирок, күнөөлөр оордук кылып аткан болсо, жакшы эмес, уят. Анткени, Кудайдын алдына беш убакыт чыккан адам кайсы бет менен күнөө иштей алат? Бир күнү кабыр эшигин кагаарыңды жана тиги дүйнөдө күнөөлөрүңдүн караңгылыгында жазаңды тарта турганыңды ойлобойсуңбу? Күндүз кыла албагандыгың үчүн эч болбосо түнүңдү сооптуу иштер менен өткөр».
Куптан намазы акыркы эскертүүнү берет:
«Мына, бир күнүң да бүттү. 24 сааттын эсебин чыгарчы, көрөлү. Бир күн менен бир түндө күнөөң көп болдубу, же сообуңбу? Сообуң көп болсо, эртең мындан да көбүрөөгүн табууга аракеттен. Күнөөң көп болсо эртеңки күнгө тообо кылып, күнөөңө өкүнүп чык».
Ушундайча беш убак намаз адамга өзүн контролдоо мүмкүнчүлүгун берет. Киши кылган нерселери үчүн өзүн өзү эсепке тартат.

7. Рухий түрдө бизди жууп-тазалаган, жүрөгүбүздү, рухубузду, ичибизди нурландырган намаз адамды Бейишке ылайык бир абалга алып келет.
8. Намаз кылган кишинин башка бардык иштери менен кыймыл-аракеттери да ибаадатка айланат. өмүрүн өткөрүш үчүн иштеген иши ибаадат болот. Мисалы, дурус бир дүкөнчүнүн сатыктагы нерсесин таразага тартышы, аны сатышы, дүкөнүн тазалоосу сыяктуу бардык жекече иштери ибаадатка айланып, ага сооп таптырат.
Демек, намазын окуган киши бардык өмүрүн сооптуу ибаадатка айлантат. Албетте, кылган башка иштери дагы Кудайдын буйруктарына туура келиши шарт.

9. Ибаадаттар жана биринчи планда намаз ыйманыбызды күчтөндүрөт. Намаз жана башка ибаадаттар менен куралданбаган ыйман күчүн жоготуп, алдан таят.

10. Ибаадаттар жана намаз жалгыз Алла Тааланын ыраазылын табуу максатында болуу керек. Намаздын руху – бул ыкылас. Тактап айтканда, аны жалгыз Алла Тааланын ыраазылыгы үчүн кылуу. Башка бир себеп, же пайда үчүн кылынса, сообу азаят. Бирок, намаздын бир топ материалдык пайдасы жана ден-соолук үчүн пайдалуу болгону да кашкайган чындык.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны