Адеп Башаты » Ислам » Намаз » Уюлдарда намаз убактылары

Уюлдарда намаз убактылары

Уюлдарда намаз убактылары
Убакыт - намаздын бир шарты болгондой эле парз болуусунун да себеби. Андыктан, бир жерде намаз убактыларынын бири же экөө жок болгон абалда ошол убактагы намаздар ошол жердин калкына парз эмес. Намаздардын парз болуушунун себеби, намаздардын убактары деп айтылса да, түпкүлүгүндө чыныгы себеп Алла Тааланын буйругу болуп эсептелет.Жогоруда айтылгандай, намаздын убактары толук болбогон жерлерде башка убактарда ошол намаздардын казасын этияттык үчүн окуу абзел.

Мисалы, уюл жактардагы кээ бир жерлерде жылдын белгилүү бир мезгилинде батакан күндүн шафагы (шооласы) жоголбой туруп таңдын экинчи шооласы атып, тан намазынын убагы кирип келет. Мындай жерде куптан намазы окулбайт. Анткени түн убактысы – куптан намазынын парз болушунун негизги себеби. Булл маселе даарат мүчөлөрүнүн бири же экөөсү жок болгондой адамда ( мисалы колу же буту) ал мүчөсүн жууш милдети болбогону сыяктуу өкүмгө ээ. (Х.Дөндүрен,Илмихал, 201,) Ал эми уюлга жакын чөлкөмдөрдө белгилүү бир намаз убактысы такыр жоголбосо да, убакыттар тартиби өзгөчө болгон жерлерде намаз убактары ошол жерге эң жакын аймактардын, же Меккенин жергиликтүү убакыты боюнча айларды, жумаларды 24 саатык күндөргө бөлүп эсептеп намаздар окулат. Намаздан башка орозо сыяктуу ибадаттар да ушундай өлчөм менен аткарылыт.(Ибадаттын пайдалары, 64-б).
Буга Алланын элчисинин (С.А.В) элдер динден кайткан кезде Дажжалдын чыгаарын баяндаган хадиси далил: *Ал чыгыштан чыгып дүйнөнү бүт кыдырат, анын бир күнү силердин бир жылыңар, дагы бир күнү бар – бул силердин айынар, бир күнү бар – ал силердин бир жумаңар, калаган күндөрү силердикиндей эле* дейт. Сахабалар: *Өлчөмү бир жыл болгон ошол күндө бир күндүк намаз жетиштүү болобу? Деп сураганда,пайгамбарыбыз (с.а.в) *Жок, чамалап эсептейсинер* деп жооп берген.(Муслим Фитан, 102 Ахмад бин Ханбал , Муснад 4 \181).
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны